КОМСОМОЛ – ТАКШАЛУУНУН ЧОҢ МЕКТЕБИ БОЛГОН
- 22.05.2025
- 0
Быйыл Кыргызстан Лениндик Коммунисттик жаштар союзунун, кыскача айтканда, Кыргызстан ЛКЖСтин же айтылуу комсомол уюмунун түзүлгөнүнө 100 жыл толот. ВЛКСМдин катарларында турууу биздин муундун өкүлдөрү үчүн бийик урмат-сыйга тунган, жаштардын өтө уникалдуу коомдук уюму болуп саналат. Мында эч талаш жок. Бул тууралуу мамлекеттик жана саясий ишмер, уюштаруу комитетинин төрайымы Бактыгүл Каламбекова Кыргызстан комсомолунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык маарекесине арналган илимий-практикалык конференцияны ачып жатып билдирди.
Белгилей кетсек, “Кыргызстан комсомолу: тарыхы жана сабактары” илимий-практикалык конференциясы Агартуу министрлиги менен Улуттук илимдер академиясынын демилгеси менен уюштурулган. Илимий иш-чарага комсомолдун ардагерлери, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, депутаттар менен саясатчылар. окумуштуулар менен студенттер, эксперттер менен ЖМК өкүлдөрү катышты.
Кылым баскан жаштар уюмунун таржымалы тууралуу илимий баяндама жасаган академик Абылабек Асанкановдун айтымында, элибиздин өткөн тарых-таржымалына абай салбай туруп, азыркы болумушту түкшүмөлдөө, алтургай келечек турмушубузду боолголоо мүмкүн эмес. Акылга жат, накылга карк улуттук нарк, кыргыз журту түптөлгөн 3 мин жылдан ашуун карт тарыхтын нак сабагы ушундай. Ошондуктан, өткөндүн жакшы-жаманын токо электен өткөрүп, жаманын унутта калтырып, ал эми жакшысын алып калып, аларды өз турмушубузда колдонуу менен, өлкөнү андан ары өнүктүрүүгө тийишпиз.
“Кантсе да, Кыргызстан ЛКЖС уюму жаштарыбыз үчүн турмуштук такшалуунун чоң мектеби болгон. Калкыбыздын калың катмарынан суурулуп чыгуу менен, улуу муундун жеңилин жерден, оорун колдон алып, төбөсү жамы журтка тегиз көрүнгөн кадрлардын басымдуу бөлүгү мына ошол түпкүлүктүү мектептен таалим-тарбия алган. Ырас, комсомол уюмдарынын ишинде деле айрым алешемдиктер кеткен. Бирок ал жалаң эле жаштарыбыздын кемчилиги эмес, ага ошол кездеги саясий системанын жалпы мүчүлүштүгү катары баа берсек жаңылбайбыз”, — дейт профессор Абылабек Асанканов.
Улуттук жаштар уюмунун таржымалы өткөн кылымдын 20-жылдарына, тагыраак айтканда, совет мамлекети менен жашташ жаралган уюм деп койсок болот. Албетте, алар РКСМдин жергиликтүү комитеттеринин жетекчилиги менен иш алпарган. Бара-бара Пишпекте, Ошто, Караколдо, Токмокто жаштар бюролору, ал эми 1924-жылдын декабрында округдук комитеттер түзүлгөн. Жаштар уюмунун учкай таржымалы мына ушундай.
Кезинде “Комсомол – карапайым калк менен мамлекеттик бийликтин ишенимдүү таянычы”, “Комсомол – жаштардын такшалуу мектеби”, “Комсомол – болочок кадрларды даярдоо устаканасы” деген сындуу аныктамалар менен ургалдуу чакырыктар бекеринен эмес. Анын кандайдыр бир деңгээлде негизи бар. Совет доорунун 70 жылдан ашуун тарых-таржымалындагы бир дагы өрнөктүү өзгөрүүлөр, ири саясий өнөктүктөр, чарбачылык демилгелер комсомолдун катышуусуз өткөн эмес. Биз муну жакшы билебиз жана туура түшүнөбуз.
Кыргызстан комсомолу түзүлгөндөн бери туура бир кылым мезгил оошуптур. Балким, бул карт тарых үчүн анчалык деле узак мезгил эмес чыгар, бирок башкы жаштар уюму мына ушул мезгил аралыгында өчпөс из калтырганы таасын байкалат. Өз доорунда комсомол уюму жамы журттун, анын ичинде мамлекеттик бийликтин, эл чарба тармагынын негизги таянычы, талыбас да арыбас ургалдуу улуу көчү болгонун жокко чыгара албаспыз. Ырас, азыр жагдай кыйла өзгөрдү, бирок жаштардын өлкө турмушундагы орду өзгөргөн жок, ошо бойдон калды десек да болот.
Маселен, Токтогул ГЭС каскады, “Макмал” алтын кен комбинаты, ордо калаадагы ЖЭБ, Камволдук-нооту комбинаты, Оштогу пахтадан жип ийирүү комбинаты, Кант цемент-шифер комбинаты, Фрунзе-Ош жолу жалпы республикалык маанидеги эпкиндүү курулуштар катары жарыяланып, жалан жаштардын күчү менен курулганын жакшы билебиз. Жаманбы-жакшыбы, алардын көбү азыркыга чейин жалпы кыргыз калкы үчүн иштеп жатат.
Андан тышкары, комсомол уюмдары жергиликтүү чарбаларды колдоо, жаштардын ички-тышкы миграциясын токтотуу, жергиликтүү адистерди даярдоо жаатында кыйла ийгиликтерге жетишкен. Ошондон улам, “16 кыз”, “Эдельвейс”, “Жаштык”, “Манас” өндүү жүздөгөн комсомолдук жаштар бригадалары түзүлүп, катары улам калындап, он миндеген жаштарыбыз бел чечпей эмгектеништи: алды эл баатыры болушту, эл депутаттыгына шайланышты, жооптуу мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүштү, өз кесибинин улуу устаттары аталды.
Азыр заман өзгөрдү. Заманага жараша жаштарга тагылган милдет менен талап дагы өзгөрүүдө. Ушу тапта жаштарды заман талабына жалгаштыруу, заманбап кадрларды даярдоо жана аларды өлкө турмушуна жигердүү тартуу максатында, “Алтын Казык” мамлекеттик программасы ишке киргизилди. Бүтүндөй билим берүү тармагы жаны окуу моделине трансфомацияланууда.
Баш мыйзам талаптарына ылайык, Кыргызстан – эгемен жана социалдык багыттагы мамлекет. Ошондуктан, мамлекет өз калкына, анын ичинде калкыбыздын аялуу катмарына, айрыкча балдар менен жаштардын бакубат келечегине кам көрүүгө тийиш. Биздин башкы максат – мамлекеттик бийлик менен жарандык институттардын ишин бир нукка салып, келечекте билимдүү, нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу аркылуу күч-кубаттуу кыргыз мамлекетин куруу болуп саналат.
Башкы максат өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акыл-эси тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат. Ушу тапта кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер