КИТЕП ОКУУ КЕҢ ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ АЧАТ

  • 28.02.2022
  • 0

Дүйшөмбү күнү 2-класста окуган неберем мектептен сертификат алдым деп сүйүнүп келди. Сертификат-күбөлүк классындагы ар бир окуучуга эмне үчүн берилиптир дебейсизби?

КИТЕП ОКУУ КЕҢ ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ АЧАТ

Неберемдин мектеби менен Чехиянын Злин шаарындагы мектептин 1-6-класстарынын окуучулары 2021-жылдын 1-мартынан үстүбүздөгү жылдын 31-январына чейин 319813 барак китеп окушуптур. 319813 баракты метрге которсок 319, 8 км болот. Эки мектептин башталгыч класстарынын окуучулары былтыр виртуалдык мелдешке аттанышканда 300000 барак китеп окууну мерчем кылышкан экен. Натыйжада окуучулар алдына койгон максатынан 19813 барак көп окушуптур.

Эмне үчүн 300000 барак? Себеби Прага менен Злин шаарлары арасындагы даңгыр жолдун узундугу 300 чакырым.

Праганын Дарика неберем окуган мектеп (ZŠ a MŠ Červený vrch) менен Злиндеги башталгыч мектептин (ZŠ Kvitkovа) окуучулары катышкан долбоор “Китеп окуунун Прага-Злин көпүрөсү” деп аталат. 1-6-класстардын окуучуларын китеп окууга кызыктырган бул долбоордун максаты – эки шаар ортосунда “виртуалдык көпүрө” куруп, ошол виртуалдык көпүрөдө жолугушуп, “жеңишти” чогуу майрамдоо. WhatsApp жана Skype сыяктуу байланыш технологиясы барда мындай виртуалдык майрамды уюштуруу кеп бекен!

Албетте, ар айдын этегинде ар бир мектептин окуучуларына алар жалпысынан канча барак китеп окушканы маалымдалып турган. Мисалы, Червени врх (Červený vrch кыргызчага «кызыл дөң» деп которулат. Мектеп Кызыл дөң деп аталган ушул жайга жуук жайгашкандыктан ушундай аталат) мектебинин 1-6-класстары былтыр 31-октябрга карата 61892 барак, а Злин шаарындагы атаандаштары менен чогуу эсептегенде 239889 барак китеп окушкан. Аларга виртуалдык көпүрөнү куруп бүтүү үчүн дагы 60119 барак окуу керек экени китепканадагы жарыялар илинчү тактада жана ар бир мектептин интернет желесиндеги сайтында маалымдалган. Эсепти долбоордун координаторлору– китепканачылар жүргүзгөн

КИТЕП ОКУУ КЕҢ ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ АЧАТ

Китепканачылар маалыматты жаңылап, кайсы окуучу канча барак окуганын компьютердин жардамы менен эсептеп, жыйынтык чыгаргандан тышкары окуучуларга тийиштүү китептерди тандоого көмөктөшүп турган. Ошондуктан окуучулар Прага-Злин виртуалдык көпүрөсүн куруп бүтчү мөөнөтүн реалдуу убакта билип турушкан, болжолдуу болсо да. Арийне ар бир окуучу үчүн көпүрө куруудагы өз салымын билип туруу, бир жагынан, китепти тез окууга шыктандырса, экинчи жактан, китептеги керемет дүйнө менен кыялында жашоого, кыялданууга түрткү берери талашсыз. Үчүнчүдөн, окуучу өзүнө, демек, болочок жашоосуна пайдалуу нерселер тууралуу маалымат алат; классташтары, курбу-курдаштары, ата-энеси жана бир туугандары менен өз билгендерин бөлүшөт.

Дарика неберем китепканачы ага окууну сунуш кылган “Hustej internet” (“Кудуреттүү интернет”) деген китептин кээ бир сүрөттөрүн мага көрсөтүп, анын мазмунун мага түшүндүрүп да берди. Береги китептин тексти баштан аяк тийиштүү сүрөттөр менен көркөмдөлгөн, коштолгон экен. Алсак, эшиктин кулпусундагы көзөнөктөн ичкери жакта эмне болуп жатканын уурданып көрүүнүн кандай бүтүү ыктымалдыгы; көчөдө дубалдын бетине спрей менен сүрөт тартып жатып полицияга кармалгың келбесе, фейсбуктагы баракчаңа башыңды тобокелге салбай сүрөт тартсаң болору; компьютердеги оюнга азгырылып отуруп кумарпозго айланып кетүүнүн кесепеттери ж.б.у.с.

Окуучулар, айрыкча башталгыч класстагы балдар менен кыздар мектептин китепканасынан өз табитине ылайыктуу китептерди издөөдө кадыресе китепканачынын кеңешин угат. Китепканачы да окуучунун табитин билип, жаш окурмандын китеп дүйнөсүндө өз багытын табуусуна жардамдашат. Мындай кызматташуу китепканачы менен жаш окурманды жакындатары, атүгүл китепканачыны жаш окурмандын ишенимдүү кеңешчисине айлантары кадиксиз.

Буга байланыштуу Прага шаарынын 6-районунун администрациясы февраль айында педагогдор, ата-энелер жана окуучулар арасында мектеп жана анын мугалимдери, кызматкерлери, түрдүү ийримдердин уюштурулушу жана башка маселелер боюнча туюк өткөргөн сурамжылоого учкай токтоло кетейин. Берегидей сурамжылоо акыркы ирет үч жыл мурда болгон. Эскерте кетчү нерсе, on-line режиминде жүргүзүлгөн сурамжылоонун суроолору башталгыч мектептин окуучулары үчүн өтө жөнөкөй жазылгандыктан, ага жооп берүү алар үчүн эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Муну неберемдин тажрыйбасына таянып айтуудамын. Ал “Эң жакшы көргөн мугалимиң ким?” деген суроого китепканачы айым пани Хана Холцованы жазды. Демек, секелек кыз үчүн китепканачы предметтик сабактарды окуткан агай-эжейлеринин бириндей болуп калган экен. Мунун эмнеси жаман? Буга ар бир ата-эне сүйүнүүсү гана керек го…

Жогоруда сөз болгон долбоордун жаралышына 2020-жылы күздө башталган “Прага – Гамбург окурмандар көпүрөсү” (Čtenářský most Praha – Hamburk) деген долбоор түрткү берген. Ошон үчүн китеп окууга эки тараптын ар биринен отуз мектеп жана 1-6-класстарынын окуучулары тартылган. Эсиңиздерде болсун, окуучуларды мынча барак окушу керек деген талап жок. Ошого аларды күн сайын “Канча барак окуп келдиң?” деп эч ким текшербейт да, сурабайт. Ар бир окуучу жөндөмүнө жана кызыгуусуна жараша китеп окуйт. Мен муну сегиз жашар неберемдин кандай китеп окуганын көрүп айтуудамын.

Прага жана Гамбург шаарларынын жууратташ болуусунун 30 жылдыгына арналган саамалыктын демилгечиси – шаар-мамлекет макамы бар немис калаасы десе болот. Федералдык жер (штат) макамына ээ Гамбург берегидей өзгөчө макамга бекеринен ээ эмес. Элинин саны 1,9 миллион чамалуу шаар-мамлекетте китеп окуу мамлекеттик саясат. Антип айтуума толук негиз бар. Себеби, Чехиянын мектеп окуучуларын китеп окуп кызматташууга чакырууну шаар-мамлекеттин өкмөтү астындагы Stiftung Bürgerhaus Wilhelmsburg кору сунуш эткен. Бул кор балдар жана өспүрүмдөрдү китеп окууга шыктандырууга багытталган долбоорлорду 17 жылдан бери уюштуруп келет. Анын өнөктөштөрү Гамбург шаардык парламенти, белгилүү балдар жазуучусу Урзел Шеффлерге таандык «Büchertürme» фонду жана башка уюмдар менен мекемелер. Китептери 30дан ашык тилге которулган Урзел айым «Китеп мунарасы» деген ийгиликтүү долбоордун баштоочусу да. Аталган долбоор 2011-жылдан бери китеп окууну ташбыйкаттап да, жайылтып да жүрөт. Калемгер айым –  Майнц шаарында жайгашкан окуу корунун (Stiftung Lesen) китеп окуу боюнча элчиси! Кана биздин өкмөт да акын-жазуучуларды колдоп, элди кайрадан китеп окуганга кызыктыруу ишине тартса?!

КИТЕП ОКУУ КЕҢ ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ АЧАТ

Праганын Бориславка соода борборундагы китеп дүкөн

Stiftung Lesen фонду бала бакчадагы наристеден тартып, чачын бубак баскан карыяларга чейин китеп окуусу үчүн жагдай түзүүгө умтулат жана китеп окууну ар бир жаран күнүмдүк адатка айлантууда массмедианын ролуна чоң маани берет.

Баса, “Прага – Гамбург окурмандар көпүрөсүнүн” уюштуруучулары кадыресе китептин алты барагы бир метрге барабар деп алышкан. Ошондо 6000 барак бир чакырым, ал эми 600 000 барак 100 чакырым болот. Чехиянын байтакты Прага менен Германиянын Гамбург шаары ортосундагы аралык 500 чакырымга жуук. Андай болгондо жууратташ эки шаардын долбоорго тартылган класстарынын окуучулары 3 000 000га чукул бет китеп окуусу зарыл.

Окуучулар арасында китеп окууда ачык болбосо да, көмүскө атаандаштыктын болушу табигый нерсе. Ошондуктан алар китепти чала-була окуп, окулган бетти көбөйтө берет деп шектенгендер да болушу мүмкүн. Бүгүн окурмандын окуу деңгээлин, китептин мазмунун жана сюжетин кандай билгенин текшерчү атайын тесттер жана программалар бар. Алдагыдай тест жана программаны пайдаланып мугалимдер менен китепканачылар окуучунун калпы-чынын аныктап алат. Муну мен Праганын англис тилдүү мектептеринин биринде 7-класста окуган улуу неберемдин жана 2-класста окуган ортончу неберемдин айтканынан билем.

Компьютер, смартфон сыяктуу акылдуу техника мектеп жашындагы балдар түгүл, андан улуулардын мээсин маң зат тейде кургатып, жетеленме маңкуртка айлантып, кишинин психологиясын жана жүрүм-турумун өзгөртүп жаткан азыркы заманда жаш балдарды башталгыч мектептен китеп окууга кызыктыруунун өзү баа жеткис эмгек.

Анткени Лос Анжелесте катталган абройлуу бейөкмөт уюмдун (The Henry J. Kaiser Family Foundation) соңку изилдөөсүнө караганда, 8-18 жаш курактагы америкалыктар күнүнө орто эсеп менен 7, 5 саат убактысын экран алдында отуруп, түрдүү оюн-зоокторду көрүшөт, ар кандай оюндарды ойношот. Анын ичинен 4, 5 саатты көгүлтүр экрандын алдында өткөрүшөт. Алар ошентип бир жылга эсептегенде 114 күндүк өмүрүн коротушат. Бул цифрага окуучулар сабак окуп жана үй-тапшырмаларды аткарып жатканда компьютерге алаксыган убакыт кирген эмес!

Бул көрүнүш Кыргызстанга да мүнөздүү эмес деп ким ишенимдүү айта алат?

Амирбек Азам уулу,
Прага шаары

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер