«келечекке умтулган бакубат кыргыз дымагы»
- 14.01.2025
- 0
Кечээ эле карт тарыхтын катаал жолуна кыргыз менен үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдер бүгүн дүйнөнүн этносаясий айдыңында жок. Карт тарых барагында алардын аталышы эле калды. Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура, өзүнө гана таандык баалуулуктары, нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы олуттуу омок болду. Улуу “Манас” кыргыз элине дем берди, чачылганды жыйнап, бүлүнгөндү бүтөдү, кубаттуу мамлекет курууга ишеним жаратты. Тарыхый эстутум, даанышмандардын акыл-туюму, накта наркка уюган накыл кептер элибиздин демине дем кошуп, келечекке багыт берген жалпы улуттук уңгужол милдетин аткарды. Кыргыз эли баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечүүдө душман жапырыгынан сактап, кут даарыган мекенин ар дайыма коргоп келди. Миңдеген жылдар мезгил сынынан тайгылбай өткөн улуттук нарк-насил баштаган жазылбаган көөнө мыйзамдары, жамы журт ыйык туткан нукура руханий баалуулуктары, карманган салт-санаасы, эне тили, маданияты баш-аягы белгисиз туңгуюкка түшүп кетүүдөн сактады.
(«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунан)
АЛГЫ СӨЗ ОРДУНА
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакында жарык көргөн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы менен жакындан жакшы тааныш болушуңар керек. Бул документти Кыргызстандын, жамы кыргыз журтунун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан статегиялык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук уңгужолу катары карасак болот. Тагыраак айтканда, Уңгужол дүйнөлүк деңгээлдеги бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жолу деген эле кеп.
Жарандарына туруктуу, коопсуз, бейпил, бакубат, бардар турмуш тартуулай ала турган күчтүү Эгемен Кыргызстанды калыптандырууну жана өнүктүрүү жагын көздөп, алдынала башбагыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун – Улуттук уңгужолду доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыкты. Ал «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу аталды. Буга чейин улуттук идеология жаатында Башмыйзамдан башка мындай мамлекеттик деңгээлдеги документ болгон эмес. Азыр ага Кыргызстандын идеологиялык башкы таянычы катары баа берсек жаңылбайбыз.
УҢГУЖОЛГО КАМЫЛГА
Ошентип биз бүгүн Улуттук уңгужолго ырааттуу даярдыктар, иштиктүү камылгалар менен келдик деп айта алабыз. Мамлекет башчыбыз өз ыйгарым укуктарын жаңыдан аткарууга киришкенде, адеп улуттук нарк жаатындагы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын чыгарганы бекеринен эмес. Президент чаласабат, адепсиз, алабарман, таалим-тарбиясыз, нарк-насилден куржалак, каада-салтты билбеген, улуттук дөөлөттөрдү сыйлабаган, түшүнүгү чакталуу, ой-туюму чектелүү адамдар менен бакубат келечекти куруу мүмкүн эмес экенин тетик билген, жетик түшүнгөн.
Ага улай улуттук наркты калыптандыруу, андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жаатындагы «Кыргыз жараны жөнүндө», «Манас» эпосунун үчилтиги жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө», «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын киргизүү жөнүндө» сындуу жарлыктар топтому жарык көрдү, алардын ишке ашыруу боюнча бир катар программалар менен концепциялар иштелип чыкты.
Андан тышкары, мамлекет башчысынын демилгеси менен «Мамлекеттик тил жөнүндө, «Билим берүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» өңдүү бир топ олуттуу конституциялык мыйзамдардын жаңы редакциясы кабыл алынды.
Эми, мунун баары Президенттин №1 жарлыгынын логикалык уландысы, ал эми азыркы Улуттук уңгужол доктринасына жол чапкан коштооч бөлүгү болуп саналат.
Мына ошентип, мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өзүнүн эң алгачкы жарлыгы аркылуу жарыя кылган демилге башаты акыры келип жалпы улуттук деңгээлде милдеттүү түрдө аткарыла турган мамлекеттик документке айланып отурат.
Ошондон улам, КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгы боюнча учкай маалымат берип коюуну туура таптык.
ӨТҮМҮШКӨ БИР СЕРЕП
Бирде чабылып – кайра жаңырып, бирде чачылып – кайра табылып, кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли нечен кылым камтыган мезгил көчүндөгү тарых-таржымалында катардагы мамлекет эмес, Кыргыз каганатын (Улуу кыргыз дөөлөтүн – академик Василий Бартольд) түптөгөн, 26 тамгадан турган өзүнүн рун жазмасына ээ болгон журт. Тилекке каршы, карт тарыхтын тар жол, тайгак кечүүсүндө, такмаза татаал тагдырдын оош-кыйышында аныбыздан айрылып калыптырбыз. А кыргыздан калган байыркы ташжазмалар азыр деле бүтүндөй Евразия чөлкөмүндө өткөн-кеткен окуяларды эске сала божурап турат.
“Аккан сууда арам жок” дейт. Кыргыз журту мына ошол агын суудай бир бөксөрүп, бир ташып, бирде толуп, бир какшып, тоо койнунан жаралган бир бүкүлү дүйнө экен. Көлкүлдөгөн көлчүккө же балкылдаган балчыкка айланбай турган шар аккан суунун ыйык касиети бар: таштан-ташка урунуп канчалык камчылана аккан сайын улам тазаланып отурат, акыр-түбү жандуу сууга айланат.
Бул ирет да дал ошондой болду окшойт. Кыргыз эли жалаң мал артында конду-көчтү-кетти-жетти көчмөн турмушту туткактап, «Манас» дастаны сындуу көөнөрбөс дөөлөт күтсө дагы, көзгө толумдуу, колго токтомдуу материалдык байлык топтогон эмес. Балким, аны көшөгөлүү көчмөн турмуштун өзү деле анчалык шарттабаган чыгар. Өнөрү сөзгө бүттү – ооздон-оозго көчтү. Тилден өткөнү дилге жалгашып, нарк-насилге айланды. Акыры бизге жетти. Мына ушундай айлампа дүйнө, аттигиң!
Элибиздин руханий баалуулуктары, анын түпкүлүктүү нарк-насили менен эрежелер тутуму, азыркы тил менен айтканда, улуттук идеологиябыз элдик кодекс аркылуу бекитилген. Кылымдар кыйырын кырча басып, муундан-муунга мурасталып келаткан асыл нарктар, каада-салттар элибиздин күндөлүк жашоо-турмушунун байтүп тамырына, дүйнө тааным түркүгүнө, таалим-тарбия таянычына айланган.
Ырас, дүйнөдө тарыхый таржымалы биздикинен да кыйла узак элдер бар, бирок 30 кылым бою «кыргыз» сындуу өзүнүн баштапкы көөнө атын сактап келген калк чанда, жокко эсе десек да болот. Андан бери дүйнөдө канчалаган ири империялар кыйрады, канчалаган элдин мамлекеттүүлүгү жоюлуп, өзүнүн улуттук биримдигин жоготту, эне тили өлүү тилге айланды.
Ооба, азыркы аңкилдек аткан аламдашуу доору алакандай кыргыз сындуу калкынын саны чакталуу элдер үчүн өтө кооптуу. Анын кесепетинен тарыхый жана улуттук эстутум гана сактай алат. Мурда ошондой болгон, азыр деле ошондой, мындан ары деле так ошондой болот. Биз муну эгерим эстен чыгарбашыбыз керек!
БОЛУМУШКА БИР СЕРЕП
Кыргызстан өткөн мезгил аралыгында кылымдап тутунуп келген уңгужолдон саал четтей түшкөнү чын. Ошонун айынан береке качып, ырыскы бөксөрдү, адамдардын санаасы санга бөлүнүп, калк арасына бүлүк түштү, бийликке, мамлекетке, келечекке болгон ишеним азайды. Муну моюнга алышыбыз керек.
Эгемендүүлүктүн берген эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү жалпы элдин эмес, азчылыктын энчисине өтүп кетүү коркунучу жаралды. Илим, билим, маданият, акыл-ой, идея жана аларды жараткан уңгулуу улут билгелери баркталбай, коомдук институттар таасирсиз абалга кептелди. Муну дагы моюнга алышыбыз керек.
Мамлекет куруу жана бийлик жүргүзүү жагынан жыйналган коомдук-саясий тажрыйбаларын өзүнүн тарыхый эс тутумунда сактап келген кыргыз эли маселени жапа тырмак чечүү жолун тандап алып, натыйжада, ыңкылаптар, бийлик алмашуулар элдин эрки жана анын түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылганы да чындык.
Ушу тапта жалпы адамзат баалуулуктарын эске алуу менен, улуттун наркына, демөөр демине таянган улуттук идея башбагыты аныкталып, ырааттуу жүзөгө ашырыла баштамайынча, тарыхый өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшмөйүнчө, өлкөнүн өнүгүшү, калк турмушунун жакшырышы мүмкүн эмес экени түшүнүктүү болду. Буга баарыбыз күбө болуп турабыз.
БОЛОЧОККО БИР СЕРЕП
Кыргызстан – эгемендиги чектелбеген, ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзгөн, эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болгон, конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттик символдоруна ээ, дүйнө өлкөлөрү тарабынан таанылган, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.
Кыргызстандын эң башкы байлыгы – анын эгемендиги. Кыргыз эли мындай коомдук-саясий түзүлүшкө карт тарыхтын далай катаал жана татаал сыноолорунан өтүп, биргелешкен арыбас арыбас аракеттин аркасында жетти. Ал азыр эгемендикке ээ болгон жылдардан берки баскан жолун талдап, тандап, ылгап, ыкчам жана ырааттуу өнүгүү багытына түшүү учурун баштан кечирүүдө.
Негизги таянымдар: Конституцияны, мыйзам актыларын, ошондой эле эл аралык укуктук ченемдерди жетекчиликке алуу; кыргыз элинин мамлекет куруу жана аны башкаруу тажрыйбасы бар эл экенин көңүл борборунда тутуу; кыргыз элинин тилин, тарыхын, маданиятын, нарк-насил баалуулуктарынын жарандар тарабынан эркин колдонулушун, үйрөнүлүшүн, дүйнөгө таанытылышын өлкө эгемендигинин белгиси катары эсептөө; заттык баалуулуктардын маанилүүлүгүн танбай туруп, заттык эмес рухий баалуулуктарга артыкчылык берүү…
Максат, милдет, жыйынтык: Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу. Уңгужол ар бир жарандын жүрүм-туруму менен ой-туюмун аныктоочу ынанымдардын, адеп-актык баалуулуктардын тутумун калыптандыруучу идеологиялык негизге айланат; жарандарда улуттук сыймыкты, мекенчилдикти, жарандык баалуулуктарды, жоопкерчиликти калыптандыруучу жана өнүктүрүүчү туруктуу, институтташтырылган жүрүмдүн башталышына жана ийгиликтүү өнүгүшүнө жол ачат…
Негизги багыттар: кыргыз жарандарынын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом, мамлекеттин үчилтик бийлик бутагы бирдей кам көрүүгө милдеттүү…
Президенттен тапшырык:
- Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу (мындан ары – Уңгужол) тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу сунушталсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жүргүзүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин жетекчиликке алсын;
– бул чөйрөдө колдонулуучу бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди инвентаризациялоо жана аларды Уңгужолго ылайык келтирүү боюнча ишти жүргүзсүн;
– Уңгужолду ишке ашыруу боюнча жобону иштеп чыксын;
– Уңгужолду кеңири түшүндүрүү жана жайылтуу боюнча туруктуу ишти уюштурсун.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Уңгужолдун негизинде аймактык программаларды иштеп чыксын, кабыл алсын жана ишке ашырсын.
- Бул Жарлыктын аткарылышын тескөө милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
- Бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Заман өзгөрүп жатат, заманага жараша элибиз да өз турмушун өзгөрткүсү келет. «Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир» дейт, анысы кандай, биздин билегибиз дагы, тилегибиз дагы бир. Баарыбыз беш манжадай биригип, бир муштумдай түйүлүп, жалпы кыргыз элинин изги тилегине зирек карап, илгери үмүтүнө тирек болуп берет деген ишенимде турабыз. Баарылап Эгемен Кыргызстандын бакубат келечегин камсыз кылууга тийишпиз.
Биздин башкы максатыбыз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекет коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акыл-эси тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат. Мына чыныгы кыргыз дымагы!
Ушу тапта кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Келерки муун өкүлдөрүнүн улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, турмуштун оош-кыйышын көтөрө билген, аргандай кыйынчылыктарга тике караган улан-кыздардан болуп жетилишине чын жүрөктөн тилектешмин.
Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов
Комментарийлер