Билим берүүдөгү жаңы багыттар: Бакудагы эл аралык конгресс тажрыйба алмашуунун жаңы этабы болду

  • 15.05.2026
  • 0

КРнын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун профессордук-окутуучулук курамы 2026-жылдын 10–13-май күндөрү Баку шаарында өткөн эл аралык билим берүү иш-чараларына катышып, тажрыйба алмашуу иш сапарын ишке ашырды. Сапардын негизги максаты — түрк дүйнөсүндөгү билим берүү системаларындагы заманбап ыкмалар менен таанышуу, илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болду.

Билим берүүдөгү жаңы багыттар: Бакудагы эл аралык конгресс тажрыйба алмашуунун жаңы этабы болду

Иш сапардын алкагында делегация эл аралык “Түрк дүйнөсү” жаш академиктеринин конгрессине катышты. Конгрессте түрк тилдүү мамлекеттерден келген жаш окумуштуулар, педагогдор жана изилдөөчүлөр билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Анда санариптик трансформация, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар жана жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары өкүлдөр Хазар университети уюштурган “Өткөндүн мурасы — келечектин курулушу” аттуу эл аралык илимий форумга катышышты. Форумда улуттук баалуулуктарды сактоо менен дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу, маданий мурастын билим берүүдөгү орду жана келечек муундарды тарбиялоодогу руханий негиздер тууралуу кеңири пикир алмашуулар болду.

Билим берүүдөгү жаңы багыттар: Бакудагы эл аралык конгресс тажрыйба алмашуунун жаңы этабы болду

Форумдун жүрүшүндө педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Такабай Абдыбекович Асанакунов Кыргыз-Азербайжан достугунун тарыхы, тили, маданияты жана илим жаатындагы стратегиялык байланыштар тууралуу мазмундуу баяндама жасады.

Ошондой эле делегация Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети менен таанышып, окуу жайдын билим берүү системасы, педагогикалык кадрларды даярдоо тажрыйбасы жана инновациялык окутуу усулдары боюнча маалымат алышты. Эки тараптуу жолугушууларда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар Hadaf Stars Campus борборунда өткөн “STEM билим берүү жана инновациялык технологиялар” программасына да катышышты. Анда STEM билим берүүнүн артыкчылыктары, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана инженердик-технологиялык көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча практикалык тажрыйбалар сунушталды.

Иш-чаралардын жыйынтыгында делегация мүчөлөрүнө Түрк дүйнөсүнүн эл аралык жаш академиктеринин атайын сертификаттары тапшырылды. Бул сыйлыктар алардын эл аралык илимий жана педагогикалык кызматташтыкка кошкон салымын тастыктаган маанилүү белги болду.

Мындай эл аралык тажрыйба алмашуулар педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга, билим берүү системасына жаңы ыкмаларды киргизүүгө жана түрк дүйнөсүндөгү илимий-достук байланыштарды бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Алынган тажрыйбалар өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошору талашсыз.

Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы:

Такабай Абдыбекович Асанакунов

Бөлүшүү

Комментарийлер