КАНТИП ЖЕҢИЛ ОКУП-ҮЙРӨНҮП КЕТСЕ БОЛОТ?

  • 18.02.2022
  • 0

Орозали Сайдилкановдун иш-тажрыйбасы жана юнесконун билим берүү чөйрөсү жөнүндө учкай кеп

Советтер Союзу кыйрап, кайра куруунун илеби ура баштаганда, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы алыскы кичинекей мектепте директор болуп иштеген Орозали Сайдилканов көңүлүндө багып жүргөн ойлорун ишке ашырууга белсенип киришти. Анын орошон ойлору, жасаган аракети өтө зор тоскоолдуктарга учурады. Бирок табиятынан өжөр, салыштырмалуу жаш директор оюнун туура экендигине бекем ынанып, көздөгөн багытынан кайткан жок. Анткени ошол тоталитардык мезгилде балдарга гумандуу билим-тарбия берүү анын жан дүйнөсүн бекем ээлеп алган эле.

Баарынан кызыгы, Орозали Сайдилкановдун чакан жамааты менен ошондон бери практикада ишке ашырып келе жаткан тажрыйбасы азыр да Кыргызстан боюнча жайыла элек. Качан толук ишке ашары азырынча белгисиз.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун ошол кезде эле келечекти көрө билгендигине, көптөгөн тоскоолдуктарга карабай, ошол багыттан тайбай иштеп келе жатканына таазим кылууга болот.

Биринчиден, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов ошол кезде эле баланын тарбиясына, болгондо да гумандуу педагогикага өзгөчө көңүл бурган болсо, Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” аттуу жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” концепциясы 2020-2021-жылдары кабыл алынды. Бул концепциялардын идеялары коомго али толук жайыла элек.

Экинчиден, Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму (ЮНЕСКО) билим берүү чөйрөлөрүн аныктоодо адамдын дене маданияты менен жан дүйнөсүн алдыга алып чыкты. Анда ЮНЕСКОнун билим берүү чөйрөлөрүн Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөлөрү менен салыштырып карап көрөлү.

ЮНЕСКОдо да, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандартында да жетиден билим берүү чөйрөлөрү бар. Таблицадан көрүнгөндөй, Кыргыз Республикасында (азыр ушул кезде) дене маданияты менен искусство эң акыркы орундарга сүрүлүп калса,
ЮНЕСКОдо алар адамдын социалдык-эмоциялык чөйрөсү менен бирдикте сап башындагы орундарды ээлеп турат.

№1 таблица. Кыргыз Республикасынын жана ЮНЕСКОнун билим берүү чөйрөлөрү:

Кыргыз РеспубликасыЮНЕСКО
 Тилдик1.Дене бакубаттыгы
 Социалдык2.Социалдык жана эмоциялык чөйрө
 Математикалык3.Маданият жана искусство
 Табигый илимдер4.Сабаттуулук жана коммуникация
 Технологиялык5.Окуп-үйрөнүү (үйрөнүп кетүү) методдору жана таанып билүү (когнитивдик) ишмердиги
 Искусство6.Эсеп жана математика
 Ден соолук маданияты7.Илим жана технология

Үчүнчүдөн, кийинки кезде окуучунун окуп-үйрөнүп кетүү методдоруна жана бул багытта анын компетенттүүлүгүнүн калыптануусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Көптөгөн алдыңкы мамлекеттердин жана ЮНЕСКОнун документтеринде жогорку таблицада көрсөтүлгөндөй, «Окуп-үйрөнүп кетүү методдору жана таанып билүү (когнитивдик) ишмердиги» деп аталган билим берүү чөйрөсү пайда болду. Маалымат булагы: http://uis.unesco.org/sites/default/files/documents/learning-metrics-task-force-recommendations-universal-learning-brochure-education-2013-ru.pdf.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын документтеринде (билим берүү стандарттары, базистик окуу пландар) мындай билим берүү чөйрөсү азырынча жок. Эгер бирөөнө көп болсо, анда эмне үчүн ЮНЕСКОдо 8 билим берүү чөйрөсү эмес деген суроо дароо жаралат эмеспи. Кыргыз Республикасынын документтериндеги “математикалык” жана “технологиялык” деп аталган эки билим берүү чөйрөсү
ЮНЕСКОнун документинде бириктирилип, “эсеп жана математика” деп аталган (6-билим берүү чөйрөсү). Ал эми «Окуп-үйрөнүп кетүү методдору жана таанып билүү ишмердиги» өзүнчө 5-билим берүү чөйрөсү катары берилген (жогорудагы №1 таблица).

Кийинки кезде педагогика жаатындагы окумуштуулар, адистер арасында ЮНЕСКОнун документиндегидей окуп-үйрөнүп кетүү (мета таанып билүү) жаатындагы билим берүү чөйрөсүн Кыргыз Республикасынын документтерине киргизүү маселеси талкууланууда. Анткени, маалыматтар өтө тездик менен көбөйүп, алган билимдер болжолдуу беш жылда эскирип калып жатканын эске алсак, окуп-үйрөнүп кетүү методдору жана таанып билүү (когнитивдик) ишмердиги өзгөчө баалуу болуп саналат.

Окуп-үйрөнүп кетүү методдору жана таанып билүү ишмердиги (муну келечекте “окуп-үйрөнүп кетүү методдору” деп кыскача атоого болот) боюнча өзүнчө билим берүү чөйрөсүнүн мазмунун төмөнкүдөй предметтер менен толуктоого болот:

— Логика (аны күчөтүү максатында буга шахматты жана менталдык арифметиканы кошууга болот).

— Өзүн таануу сабагы.

— Долбоордук технологияны киргизүү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов ишинде так ушул логикага, б.а. окуп кетүү жөндөмүнө басым жасап жаткандыгы бул адамдын иш тажрыйбасынын илимий жактан да, практикалык жактан да учурдан ат чабым алдыга кеткендигин көрсөтүп турат жана бул иш тажрыйба республика боюнча жайылтууга толук татыктуу.

Алмазбек Токтомаметов,
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, п.и.к.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер