КАЛЕНДАРДЫК-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАН ЖАНА САБАКТЫН ПЛАН-КОНСПЕКТИ ЖӨНҮНДӨ

  • 14.01.2021
  • 0

Кайсы гана документти албайлы, алар кандай кызмат, милдет аткарары көңүл бура турган негизги маселе болушу керек. Андай болсо, календардык-тематикалык план (КТП) жана сабактын план-конспекти (СПК) кандай кызмат аткарат?

КТП тууралуу

Аты айтып тургандай, КТП календардык күндөрдү жана аларга туура келе турган темаларды, тематиканы пландаштырат. Демек, негизги маселе – темаларды сааттарга бөлүштүрүп, календардык күндөргө коюу жана аларды ишке ашыруу. КТПда ушул айтылган пункттар болушу керек. Ал эми, ар бир сабактын максаттары, күтүлүүчү натыйжалар, колдонулуучу каражаттар, калыптандырылуучу компетенттүүлүктөр, баалоонун түрлөрү СПКда берилгени туура болмокчу. Анткени, буларды окуу жылынын башында эле бүтүндөй окуу жылына пландаштырып жаза салуу, биринчиден, оңойго турбайт, мугалимдин өтө көп убактысын алат. Экинчиден, жалган жазууга, жасалмалуулукка жол ачат. Өтө эле көп убакытты жасалмалуулукка, жалган жазууга жумшоо – кечирилгис кылмыш эмеспи.

Эскертүү: эгерде мугалим жыл ичиндеги баардык сааттарымды алдын ала кылдат пландайм, жогоруда көрсөтүлгөндөрдү жазып чыгам десе, ага тыюу салууга болбойт.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 31-декабрындагы №__ буйругу менен бекиген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин 2-тиркемесинде КТПнын төмөндөгүдөй формасы берилди:

Тема-лардын аталышы
Сааттардын саны

План-далган күнӨтүлгөн күнЖаб-дылышыЭскертүү
1.      
2.      
3.      

Дароо эле «Эмне үчүн жогоруда аталган пункттардын баары алынып, жабдылышы кошулуп калды?» деген суроо берилери айкын. Бүгүнкүдөй сабак үчүн жабдуулар тартыш болуп турган чакта жабдуу, колдонулуучу каражаттар тууралуу эртең сабак өтөм дегенде эмес, алдын ала пландаштырып алсак деген ойдо бул пункт киргизилди.

Эскертүү: мугалим КТПда сабактын жабдылышы жана эскертүү тик саптарын толтурбаган болсо, аны олуттуу кемчилик катары кароого болбойт.

СПК тууралуу

Сабактын план-конспекти (СПК) окуучулардын деңгээлин эске алуу менен, сабакты алдын ала пландоо, анын максат-милдеттерин, сабакта калыптана турган компетенттүүлүктөрдү тактоо, баалоо түрлөрүн, колдонулуучу каражаттарды аныктоо ж.б. үчүн зарыл болуп саналат. Кийинки кезде педагогикалык коомчулукта СПКны жазыш керекпи же жокпу деген талаш абдан курч жүрдү. Айрымдары жазуунун таптакыр кереги жок дешсе, бир тобу жөнөкөйлөтүп жазуу зарыл деген пикирди карманышты. Баардык мугалимдер толук түрдө жазышы керек, ансыз баш-аламан болуп кетет дегендер да болду, мындай көз караш чиновниктер, мектеп директорлору, алардын орун басарларынын арасында көбүрөөк болду. «СПК биз көрсөткөн формада гана жазылып, башка формага уруксат берилбеш керек, бизди тигил же бул долбоор окутуп кеткен» дегендер да болду. Бирок, «Бул айтканыңар кайсы ченемдик документ менен бекитилген?» деген суроого алардын эч кимиси жооп бере алган жок. СПК жазылыш керекпи, жазылса кайсы формада жазылыш керек деген маселе эч бир ченемдик документте каралган эмес.

Бул жерде сабакка даярдануу менен аны кагазга жазууну ажыратып караганыбыз туура болчудай.

Мугалим сабакка даярданышы керекпи?

Эгерде балдардын келечеги үчүн жоопкерчиликти алган мугалим сабакка эч кандай даярдыгы жок келсе, сабакты каалагандай, баш-аламан кылып же жарым-жартылай өтсө же өтпөй ар шылтоону айтып, кетип калса, эмне болот? Ал тургай, азыр эле бир класста сабак өтүп, кийинкиси параллель класста болсо да, даярдык сөзсүз керек. Анткени, класска класс окшош болбойт, деңгээлдери башка, өздөрүнө жараша кабыл алуу өзгөчөлүктөрү болот.

Ал эми сабакка даярдыкты татаал формада, окуучуга бериле турган суроолорду, аларга карата болжолдуу жоопторду, саламдашууда эмнени айта турганын ийне-жибине чейин жазып отуруу, албетте, ашыкча. Айрыкча «СПКны компьютерден чыгарып албагыла, кол менен жазгыла» деген талап акылга сыйбайт. Албетте, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган айрым мугалимдер да бар. Бирок, баардык мугалимдерди аларга теңөө, мугалимдерге алдын ала кылмышкер катары кароо туура эмес. Экинчиден, жалаң жазалоо, ашыкча көзөмөл менен билим берүүнүн сапаты көтөрүлбөй турганын билим берүү системасы мыкты өлкөлөр далилдеди.

СПК кандай кызмат аткарышы же ал кандай болушу керек?

СПК сабакты алдын ала түзүлгөн план боюнча өтүүгө, сабакта ырааттуулукту сактоого, пландалган нерселерди калтырып кетпөөгө, сабактын конкреттүү натыйжаларын пландаштырып, аларга жетишүүгө, убакытты туура пайдаланууга ж.б. жардам бериши зарыл. Демек, ал түзүмдүк (структуралык) жактан так жана түшүнүктүү, мугалим сабак учурунда аны колдоно алгандай жазылышы зарыл. Татаал түрдө өтө көп бетке жазылган СПКны пайдалануу абдан эле ыңгайсыз болот. Сабак учурунда мугалим аны кайра-кайра окуй бере албайт, окуучулардын алдында бул абдан ыңгайсыздыкты жаратат. Тескерисинче кыска, так, колдонууга ыңгайлуу жазылган СПК мугалим үчүн пайдалуу болуп саналат.

КР жалпы билим берүүчү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин 1-тиркемесинде: «үч жылдан ашык үзгүлтүксүз иштегендерге сабактын план-конспектин кыс-карган структуралык формада жазууга уруксат берилет, ал эми жаш мугалимдер кеңири формада жазышат» — деп баяндалып, анда СПКнын төмөнкүдөй варианты берилген:

__-КЛАСС

Окуу предмети:

Сабактын темасы:

Сабактын тиби:

Колдонулуучу методдор:

Колдонулуучу каражаттар:

Максаттар: 
1.  
2.  
3.  

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

(убактысы)

Мугалимдин жана

окуучунун ишмердиги

Компетент-түүлүктөрБаалоо (калыптан-дыруучу баалоо техникала-ры),

эскертүү

Негизги

 (НК)

Предметтик (ПК)
1.Уюштуруу:

1.1.Саламдашуу

    
1.2.Шыктандыруу    
2.Үй тапшырманы суроо    
3.Жаңы теманы түшүндүрүү    
4.Практикалык иш    
5.Бышыктоо    
6.Баалоо    
7.Тапшырма берүү    
8.Жыйынтыктоо    

Мында мугалимдер күндө жазып жүргөн кадимки СПКнын түзүмү алынды. Дароо эле төмөнкүдөй суроолордун жаралышы мыйзам ченемдүү:

  1. Кайсы үч максат жазылышы керек?
  2. НК жана ПК дегендер эмне? Компетенттүүлүктөрдү кантип аныктайбыз?
  3. Калыптандыруучу баалоонун техникалары дегенди кандай түшүнсөк болот?

1) Сабактын максаттары бир нече вариантта коюлуп жүрөт, көптөн бери негизинен төмөнкүдөй вариант колдонулат:

  1. Билим берүүчү максат;
  2. өнүктүрүүчү максат;
  3. Тарбиялоочу максат.

Мында бул үч компоненттин биримдиги сакталышы керек.

Көп тилдүүлүк долбоору менен иштегендер тилдик окуу предметтердеги предметтик компетенттүүлүктөргө байланыштырып:

  1. Коммуникациялык;
  2. Кептик;
  3. Социо-маданий деп коюп жүрүшөт.

Окуучулардын өнүгүүсүнө негиздеп, мындан башкачараак формада жазып жаткандар да бар.

«СПК сабакты алдын ала түзүлгөн план боюнча өтүүгө, сабакта ырааттуулукту сактоого, пландалган нерселерди калтырып кетпөөгө, сабактын конкреттүү натыйжаларын пландаштырып, аларга жетишүүгө, убакытты туура пайдаланууга ж.б. жардам бериши керектигин» эске алсак, мугалимге сабактын максаттарын бул варианттардын каалаган түрүндө коюусуна уруксат берүү керек. Эң негизгиси, коюлган конкреттүү натыйжаларга жетүү болуп саналат.

Албетте, сабактын максаттары кандай вариантта жазылса да, ал так, конкреттүү, ченеле турган болуп, SMART критерийлерин эске алуу менен, баланын позициясынан коюлушу керек.

SMART сөзү англис тилинен «акылдуу» деп которулат:

S (Specific) – конкреттүү, спецификалуу;

M (Measurable) – ченеле, өлчөнө турган;

A (Affordable) – жетишиле, ишке ашырыла турган;

R (Realistic) – реалдуу, натыйжага багытталган;

T (Time-bound) – убактысы аныкталган.

Максаттар сабак менен тыгыз байланышта ишке ашат, б.а. сабакты, анын мазмунун толук ачып бериши керек. Максаттар сабактын мазмунунан аз да, көп да болбошу керек. Сабакта колдонулган көнүгүүлөр, ишмердиктер, ыкмалар ж.б. максат менен байланышып турушу
зарыл.

2) Компетенттүүлүктөр. СПКнын чиймесиндеги НК-негизги компетенттүүлүктөр, ПК-предметтик компетенттүүлүктөр. Негизги компетенттүүлүктөр (НК) үчөө, алар КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекиген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында берилген:

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк;
  2. Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк;
  3. өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.

Предметтик компетенттүүлүктөр (ПК) предметтик стандарттарда берилген, алардын саны ар башка, айрым предметтерде үчөө болсо, айрымдарында бешке
чейин.

Кыргызстан компетенттүүлүккө негизделген документти, Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын кабыл алганына жана компетенттүүлүк мамилеге өткөнүн жарыялаганына алты жылдан ашып баратат. Бул багытта республикалык деңгээлде атайын окуулар өткөрүлдү, акыркы адистик чеберчиликти өркүндөтүү курстары компетенттүүлүк мамилеге негизделүүдө.

Мугалимдин сабагын пландаштырууда компетенттүүлүк мамилени эске алуусу жана негизги, предметтик компетенттүүлүктөрдү сабагынын кайсы жеринде калыптандырууну пландоосу абдан маанилүү. Ошондуктан СПКда ушул пункттар киргизилди.

Эскертүү: айрым окуудан өтө элек мугалимдер негизги компетенттүүлүктөрдү, предметтик компетенттүүлүктөрдү, калыптандыруучу баалоонун техникаларын толтура албай жатса, аларга убакыт берүү зарыл.

3) Калыптандыруучу баалоонун техникалары боюнча да атайын окуулар өткөрүлгөн, китептер чыгарылган, адистик чеберчиликти өркүндөтүү курстарында да үйрөтүлөт. Калыптандыруучу баалоонун техникалары боюнча материалдарды интернеттен да кеңири табууга болот.

Тажрыйдалуу мугалимдер түзүмдүк (структуралык) түрдө жазышат, б.а. жогоруда берилген форманын пункттары (айрыкча сабактан жүрүшү боюнча) сакталганы менен, алар зарылчылыгына жараша гана кыскача толтурулат. Мисалы, жаңы теманы түшүндүрүү, практикалык иш, баалоо жана жыйынтыктоо боюнча урунттуу учурларды жазса болот.

Эскертүү: КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 31-декабрындагы №__ буйругу, аны менен бекиген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин тизмеси, алар боюнча формалар жана бул макаланын тексти, түзүмдүк түрдө кыска жазылган жана жаш мугалимдер үчүн кеңири жазылган сабактардын план-конспектилеринин үлгүлөрү, бул темадагы талкуулардын тексттери, жазуулары Кыргыз билим берүү академиясынын (КБА) сайтына жайгаштырылат: kao.kg

Алмазбек Токтомаметов, КБАнын президенти

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер