КӨМҮСКӨДӨ КӨРҮНБӨГӨН КӨЙГӨЙЛӨР

  • 29.04.2026
  • 0

 

 

КӨМҮСКӨДӨ КӨРҮНБӨГӨН КӨЙГӨЙЛӨРАр бир адам өз жашоосунда кимдир бирөөгө пайдасы тийип, өз миссиясын туура колдоно алса бактылуу боло алары бышык экен. Менин бул макаламды жазуумдун максаты 20 жылдык иш тажрыйбамдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөөдөгү көйгөйлөр тууралуу ой бөлүшүү.

Өзүм мугалимдик кесипке ээ болгон учурда ДЦП диагнозу менен кызымды Кыргызстандын ар кайсы жеринде жайгашкан реаблитациялык борборлорунда дарылатып жүрдүм.Үч жашынан баштап тамга таанытып алганыман болсо керек, жети жашка толгондо инклюзивдик окууну жакшы өздөштүрүп кетти. Учурда шашки, шахмат боюнча жыл сайын өтүлүүчү пара олимпиядадан үч жолу 1-орунду жана 1 жолу 3-орунду ээледи.

Мындан сырткары мен көрүнгөн диагноздору менен үч окуучунун үйүнө барып сабак өтүп жүрдүм. Мында мага көп кыйынчылык жаралган жок.

Убакыт өткөн сайын көмүскөдө көрүнбөй турган диагноздорго кездештим. Бул диагноздор “ЗПР”, “Аутизм”  “ЗППР”  “Астигматизм”.

Замандын талабына ылайык өнүгүү бүт жерде  байкалганы менен, өнүгүүнүн зыяндуу жактары да көрүнө баштады. Коомчулукта сабырсыз, негативдүү жана стресске кабылган инсандар көбөйдү.

Мен учурда окутуп жаткан үч окуучума жакшы ниет менен үч башка ат коюп айтып өтүүнү чечтим.

  1. Нурбек- диагнозу Астигматизм. Ошол себептен көз нуру курчусун деп Нурбек деп атадым. Ал кээде шайыр, кээде тунт, кээде буулуп партанын түбүнө кирип кетчү. Энурез ооруусу да байкалып турчу. Ата энеси менен баарлашсам мүнөзү бул генде бар, көрүүсү болсо бир аз эле начар деп айтышты. Бир күнү мектепке оптометристтер мугалимдерге көз айнек сунуштап келишти. Мен Нурбегимди аларга көрсөттум. Алар астигматизм байкаларын айтышты. Мен интернет булактарынан издендим. Көрсө бул ооруу менен жабыркаган балага тамгаларды ийри буйру, кээде эки эселенип көрүнөт экен. Ошондо мен анын көрүп эмес угуп тамгаларды кошо аларын түшүндүм. Ага математика сабагынан чоң чоң сүрөттүү мисал маселелерди бере баштадым. Ата -энесине атайын көрүүсү начар балдардын мектебине алып барып кеңеш алып келүүсүн сунуштадым.
  2. Илимбек- диагнозу ЗПРР жана гиперактивдүү бала. Ал кызыккан сабакка өтө активдүү катышат, өз оюн, түшүнүгүн айтууга аракет кылат. Азыркы күндө анын гиперактивдүүлүүгү азайды. Анын ийгилиги шар окуп, кубикти тез чогултууга жетишти. Эйнштейн жөнүндө да маалымат бере алат.
  3. Акылбек- диагнозу ЗПРР. Алгач Акылбек менен сөз жана анын мааниси боюнча көп иштедик. Мисалы үндүү жана үнсүз тыбышты тааныштыруу үчүн өтө татаал процесс болду. Бир күнү созулма өө тыбышы менен таанышууда сөөлжандын сүрөтүнө көңүл бурдук. Бирок бала сөөлжан эмне экенин билбейт. Баланы короого алып чыгып апасына күрөк берүүсүн сурадым. Апасы таң калып таап берди. Короодон бир нече сөөлжан казып алып, Акылбектин алаканына койдум. Андагы баланын жүзүндөгү таң калууну, кызыгууну сөз менен айтып бере алгыс болчу. Учурда ал окуганды, жазганды, эсеп чыгарууну жана сүрөт тартууну өздөштүрдү. Акыл оюндарынан шашки бурч оюнун жакшы ойнойт.

 

КӨМҮСКӨДӨ КӨРҮНБӨГӨН КӨЙГӨЙЛӨРДемек, мен ошол үч окуучу үчүн терең изденүүнү үйрөндүм. Алардын ата-энелерине да терең ыраазычылык билдирем. Себеби алар дайыма мени менен тыгыз байланышта болушту.

Заманбап 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүдө өзгөчө балдар үчүн жөн эле пандус коюп коюу жетиштүү эмес. 12 жылдык мектепте өзгөчө балдар үчүн сенсордук бөлмөлөр  болуусу керек.  Анткени аутизм спектри бар же гиперактивдүү, балдар үчүн жарык, үн жана тактилдик терапия жүргүзүлүүчү  жайларды даярдоо керек. 12 жылдык окутуунун жогорку баскычында инклюзивдик окуучу үчүн эң башкы  трансформация- бул көз карандысызкка даярдоо.

Жыйынтыктап айтканда трансформациянын өзөгү -баланы системага тууралоо эмес, системаны ар бир баланын талантын жана мүмкүнчүлүгүн ача тургандай кылып ийкемдүү түзүүдө. Ар бир өзгөчө баланы Кыргызстандын өнүгүшүнө жеке салымын кошо аларына ынандыруу келечектеги энелердин, мугалим жана дарыгерлердин колунда.  Замандын талабына ылайык, азыркы күндө өлкөбүздүн бардык мектебиндеги мугалимдерге ноотбук берилген. Ал ноотбук менен квалификацияны жогорулатуу үчүн  РПККЖжКДИнин ар кандай курстарын окуп жатабыз. Курстардын арасынан баса белгилеп кетүүчү курс бул-“Инклюзивдик билим берүүдө мугалимдердин орду” деген курс өтө пайдалуу.

Сөзүмдүн аягында келечектеги энелерге, даарыгерлерге, мугалимдерге да көмүскөдө көрүнбөгөн көйгөйлөрдү алдын алуу боюнча окуу, тарбиялык иштерди татыктуу жүргүзүшүбүз парз дээр элем. Ошондо  гана мындай диагноздогу балдардын келечегин ачып,  аларды таза сактап кала алабыз.                                                      

Миргул ТОПЧИЕВА,

Cузак районуна караштуу №94 Калымбетов Б.ажы атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби мекемесинин башталгыч класс мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер