КӨК ЖАЛ

  • 10.05.2024
  • 0

КӨК ЖАЛ

(Кыргыз элинин улутжандуу, мекенчил уулу Болот Шерниязовдун жаркын элесине арнайм)

I

А.Юсупов жана эки ок

     Бир күнү эле КТР, ЭлТР, НТС, ЖТР, ж.б. баары эле түрмөдө жаткан Юсуповду көрсөтүп калды. Ал тургай Жогорку Кеңеш да Юсупов айткан маселени айтып, ал деген сөздү кайталап, ал демилге кылган комиссия түзүлүп, ошентип парламентте 121-депутат пайда болду. Ысымы – Абдулла Юсупов. Чечендей сүйлөп, көсөмдөй ишендирип, уксаң бечелдей боор ооругуң келет. Анан саясий аренага кабелтең Бокең чыкты. Атайын пресс-конференцияга тимеле Тайсон кайра бокско кайтып келгендей эл жык-жыйма келди.

  • Мобу эки ок,… – деди, үч манжасы менен автоматтын огун көрсөтүп. Кабагы бүркөө. Сыртта да асман тунарык.

Пауза… Зал тыптынч. Зал гана эмес сыртта сагызган шакылдабай, карга какылдабай, депутаттар сүйлөбөй, көчөдө да машинелер зуулдабай калгандай. Боке, үнү мукактанып:

  • Эгер менин “мародер” экенимди далилдесең (ошондогу Өкмөт башчысын айтып жатат) анда ушу ок менен өзүмдү өзүм атам, – дегенде өзү да, өзү менен кошо залдагылар жашый түшкөндөй болду.

…Кайра пауза …Жымжырттык …Үшкүрүк гана угулат. Ошол ок өзүнөн өзү атылып кетчүдөй сезилет. Зал Бокени күтүп калды:

  • Бул экинчи ок. …Муну сага калтырам. Эгер далилдей албасаң, жигит болсоң өзүңө пайдалан, – деди. Пресс-конференция эки сүйлөм менен эле бүттү.

Мындай эпизоддор саясатта эмес, кинодо да сейрек болот.

…Баягы теледен сагызгандай сайраган А.Юсуповдун үстүнө атом бомба түшкөндөй эле болду. Ошону менен Юсупов да, ЖК да, КТР ж.д.у.с. тынчыды.

Ал октун тагдыры эмне болду билбейм. Бирок, Бокенин бул окуясы али да көпчүлүктүн эсинде.

Айтмакчы, ошол эки окко тиешелүү эки саясатчыны кайра элдештирүү үчүн дагы бир саясатчы (азыркы элчилердин бири) келет.

  • Боке, саясатта ушундай боло берет экен, элдешиңиз, – деп суранат.

Боке бопоросун түтөтүп, кийик мээлеп жаткансып, тээ алысты мээлеп ойлонуп, пауза кармап, тигини көпкө угуп, кепти алыстан баштап, олуттуу суроо салат:

  • Уй да, кой да, экөө тең мал да, ээ? – дейт.
  • Ооба, экөө тең мал, – деп жооп айтат.
  • Экөө тең чөп жейби?
  • Ооба, Боке экөө тең чөп жейт.
  • Анда неге уйдуку жалпак, койдун корголу томолок түшөт? – дейт.

Тигил жигит ары-бери ойлонуп:

  • Билбейм, – дейт.

Боке пауза кылып, дагы күтүп, түтүндү мурдунан чыгарып, анан:

  • Ошону билбегенден кийин саясатта “пок” жеп жүрөсүңбү?” – дейт.

…Бокеңе ойлонуп суроо бербесең, сөз менен ушинтип  кыя чаап түшөөр эле.

  КӨК ЖАЛ

II

Жалгыздык

 Арстанбек акындын “Ар кандай балээден сакта, жалган жалаадан сакта” деген кеби, сыягы башка иш түшкөндө билинет экен. “Жалган жалаа” каптап кирген оору сындуу. Андан кутулуу өтө кыйын. 2017-жылы, “Ата Мекен” партиясы, жана анын лидери Ө.Текебаев “Маевскийден бир миллион доллар алды” деген жалаага кабылды. Маевский болсо атагы чыккан эл аралык шылуун экен. Ага кандай калп айтса ошондой жарашат. Бирок, мен кыргыз бийлигине таң калдым ошондо, Маевский Москвадан келсе тимеле ыйык тоодон машаяк түшүп келгендей кабыл алып, тосуп алып, күч министрликтери кайтарып, генералдар коштоп, коноктоп, капырай эй, кыргыз соту кыргыз күбөлөргө ишенбей чет өлкөлүк “аферист” Маевскийге ишенип, башкасы да мейли эле кыргыз парламентинин айрым депутаттары болсо Маевскийдин сөздөрүн Маяковскийдин ырларындай цитата кылып калганын көргөндө жаның кашаят экен! Кыргыз сотунун калпыс чечимин укканда адегенде албетте, Өмүрбек Чиркешовичтин өзүнө, үй-бүлөсүнө катуу тийди. Эң ириде Болот Эсентаевичке катуу тийди. Бокем кабырга сөөгүнө найза тийгендей кадимкидей кайыша түштү. Кудум үйүрүнөн ажырап, анда-мында кыр-кырда жүргөн кулжадай жалгызсырап калды.

“Ата Мекендин” офисине келип, кышкысын мэрия атайын кыянаттык менен жылуулугун өчүрүп салганына карабай, суукта тон кийип алып Боке өжөрлөнүп отурду. Келет, бопорос чегет, балдар менен шахмат ойнойт, балдарга дем берет. Кайра келет, кайра кетет. Айланчыктайт. Кыжаалат болот. Текебаев камалгандан бошогон күнгө чейин Болот Шер бир да той-топурга барбады. Барганды энөө көрдү. Досум зынданда жүрсө мен кантип тойдо жыргап жүрмөк элем деди.

Анан 2010-жылдын 1-майында Бокең 60 жашка чыкмак. Күттүрбөй күүлдөп барып, күтүлбөгөн белек берип, күлкү-ыр тартуулайын дедик.

Таң атпай телефону өчүк. Үйүнө барып таппай калдык. Көрсө, “Өмүке түрмөдө жатса мен кайсы бетим менен 60 жаш мааракемди белгилемек элем” деп чет жакка түндөсү учуп кетиптир.

Бокебиз ошондой доско, шертке, намыска бек көк жал эле! Достук – сөз менен эмес иш жүзүндө бекемделиши ажеп.

…Көп өтпөй ордодо бийлик алмашты. Ордонун кара боору жумшара түшкөндөй болду. Ө.Текебаевди ооруканага убактылуу чыгарышты.

Болот Шер чалып, “Кечте үйгө кире кетчи” деди. Демейдегиден жайдары, “Телефондорду калтырып, тышка чыгып сүйлөшөлү” деди. Маанилүү кеп бар экенин түшүндүм. Бокең, бир кыйла пауза кармап,… “Уктуңбу” деди. …”Жок” дедим. Дагы пауза… “Өйдө жак менен сүйлөшүлдү, ооруканадан түз эле үйүнө чыгат. Оркестр менен тосуп алабыз. Элди штаб чогултат, аскердик оркестрди сүйлөшүп койдум. Силер болсо саясатчыларды апкелгиле” деди.

…Тилекке каршы, Текебаевдин абактагы “командировкасы” дагы бир жылга созулуп, Боке көпчүлүккө көрсөтө турган триумф болбой калды. Аңгыча өзүнүн көзү өтүп кетти, аттигиниң!

КӨК ЖАЛ

 

III

Грузия сапары

Негедир Боке Грузияны көп айтып, мактап, анан бир сапар Грузияга чогуу барып калдык. Көрсө, грузиндер да Бокеме окшош экен: март, дасторконго кенен, достукка бекем, чер жазыша сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Аэропорттон түшөөрү менен эле бир бойлуу грузин “Полот! Полот!” деп ээрчип келди. Бокем укмаксан. Көрсө экөө Сочиден таанышып, экөө жылдызы келишип калган бизнесмен грузин экен. Аңгыча жаш грузин бала чуркап келип, Боке менен өз атасындай жүз көрүшүп:

  • Папа, как поживаете? – деп грузин акценти менен сүйлөп, колунан баштыгын көтөрүшүп, Боке болсо өз баласындай мээрим төгүп тосуп алып:
  • Как учеба, как английский язык? – деп суроо салды.

Өз баласы го десем, эгерим Бокеге окшошпойт. Чоочун го десем, ата-баладай сүйлөшүп баратышат. Көрсө 3 жыл илгери келгенде 13 жашаар томолой жетим грузин бала такси айдап жан багат экен. Ошондо Боке ал баладан эмне кыялың, максатың бар деп сурайт. Томолой жетим “Эки эле кыялым бар” дейт.

Бокең “Айт” дейт. Анда грузин бала:

  • Биринчи атам болсо деп кыялданам, экинчи максатым англисче курска барсам дейм. Бирок, акчам жок дейт.

  Боке ошондо “Мени мындан кийин “папа” деп жүр, мен сага атаң болоюн. Бул акчаны төлөп англис тил курсуна бар деп 3000 доллар карматат.

…Бокең ошондой ээн жерде шамал урганды өз кийимин чечип да болсо амал таап калкаа кылган өтө боорукер, айкөл инсан эле. Ошентип ата кылып алган ондогон кыргыз жигиттерин билем. Кээсин эл таанып калды. Алды шаардык кеңеште депутат, Жогорку Кеңеште жооптуу кызматта иштешет.

Калган иш сапарыбыз эми даана Бокенин “сценарийи” менен кетти. Жаңы Тбилиси менен эски Тбилисинин ортосунда айнек көпүрө бар. Ал көпүрөдө ырдаганга бир гана атактуу грузин ырчыга уруксат экен. Биз барганда “Чито-Маргаритону” боздотуп жатыптыр. Боке бизге “Жанына барып тыңдасаңар, Кыргызстандан келдиңерби деп сурайт” деди. Өзү болсо бопоросун тартканы көпүрөнүн тиги башына кетти. Эми грузиндин ыры укмуш. Кулактан кирип ойду алган, денеге сиңип бойду алган ыр экен. Берилип ырдап жатат, мени көрө калып, ырын шарт токтотуп:

  • Вы, дорогой, из Киргизии? – деди.
  • Так, точно, – деп жооп айттым.
  • А вы Полота знаете? – деди жүзү жадырап.
  • А он с нами. Вон там курит, – десем, гитарасын токтото коюп, фронттон келаткан уулун көргөн атадай сүйүндү.

Экөө аккан достой кучак жайышты. Грузиндин көзүнөн жаш томолонуп, оң колу  менен Бокени кучактап, сол колу менен гитарасын кармап, Кикабидзенин үнү менен:

  • Вот у меня два Полота, с правой стороны друг Полот, а с левой стороны моя гитара, в честь Полота я свою гитару тоже назвал Полот, – деди.

Ырдап аткан ырын таштап, бизди коноктойм деп ресторанга шашылды. Грузиндер деле таластыктарга окшош чачылып төгүлгөн, меймандос эл болот экен.

Эртеси атактуу грузин жазуучусу Н.Думбадзенин небереси, өзү юридика илимдеринин доктору, Бокени кумир тутат экен. Боке болсо кезинде улуу жазуучу менен кезиккен экен. Өз ишин таштап, бизди коштоп, гид болуп жүрдү. Чавчавадзенин музейинде болдук. Вино кантип жасалаарын көрдүк. Боке, түрмөдө жаткан грузин оппозициясынын лидеринин 38 жаштагы өмүрлүк жарын кечте чакырып, коноктоду. Ысык-Көлгө чакырды. Ал айым абдан ыраазы болду. Боке алаарды грузин элинин тарых, адабиятын мыкты билгендиги менен таңгалтты. Эртең кетебиз деген күнү бизди коштоп жүргөн эки грузин “Эми силерди эң авторитеттүү адам менен кезиктиребиз” дешти. Аларга Болот Эсентаевич Кыргызстанда эң авторитеттүү инсан экенин айткан элек.

Кечинде жасалма көлдүн жээгиндеги кымбат ресторанга чакырышты. Авторитеттүү мейман келет дешти. Экөө коляскага сүйрөп, экөө артынан кайтарып, кызыл жүздүү, кымбат кийинген, манжасындагы зор шакеги алыстан көрүнгөн грузин “Гамбарджоба” деп коңур үн салды. Аны көргөн Боке салам бермек түгүл тиги эки грузинди сөктү. Боке сөгүнгөндө эки бети болкулдап, баскан жери солкулдап кетчү эле.

Эмнеге сөгүп жатканын тиги эки грузин адегенде түшүнө бербеди. Көрсө Боке “Мен кызылмын, тиги “Вор в законе” экен, мага кезиккенге болбойт” деп жатыптыр.

Биз Болот Шер эң авторитеттүү инсан десек, грузин достор “эң авторитет” дегенди түз эле “вор в законе” деп түшүнөт экен.

…Бокенин сөгүүсүн уккан соң кайдагы маанай, кайдагы ресторан. Караңгыда там сүзүп алгансып, кайра мейманканага кайттык. Бокең майдаланбай парасаттуу жашады.

КӨК ЖАЛ

IV

Түркия сапары

 Эл Өкүлдөр жыйынынын 12 депутаты, төрага баш болуп, 2004-жылы Түркияга иш сапары менен барып калдык. Президент Эджевит кабыл алды. Бир кыйла жашка барып калыптыр. Төрага экөө төрдө. Биз оң капталда. Сол канатында түрк төбөлдөрү. Бир кезде Президент Эджевит тамеки чегип баштады. Аны көргөн Бокебиз да тамекисин буркуратып баштаса болобу. Эджевит карап калды. Протоколу келип Бокеңе бирдеме деди. Бокең болсо “Урматтуу президент деле тартып атпайбы, ага шерик болоюн” деп, бопоросун түтөттү. Эджевитке тигилер жетип, түшүндүрдү. Ал жылмайды, Бокең жылмайды, биз да жылмайдык. Бокең бизге карап: “Эңкейгенге эңкейгиң, атаңдан калган кул эмес…, деп пауза кылып, – Каныбек, дагы кандай эле деди. Мен да пауза кылдым.

Бизди коштоп Түркия тышкы иштер  министрлигинен бир сары чийкил, жапалдаш бойлуу, орусча так сүйлөгөн жигит жүргөн. Бизди калбай ээрчип жүрдү. Кечте Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолугалы десек, ал жигит да келип алыптыр. Бокең капталдан качырып кирип эле ал жигитке “Сен сексотсуң (сектретный сотрудник), бул иш-чарага катышууга акың жок, бул Кыргызстандын ички иши” деди. …Ал жигит тез эле көздөн кайым болду.

…Боке бул жагынан көрөгөч, тайманбас эле.

 

 

V

Улутжандуулугу

 …Ал саясатта кээде чээнге кирип кеткендей көпкө пауза кармап, анан чукул окуяларда (“Матрешка гейт”, “Түптөгү жумуртка гейт”, “Батукаев кызыл килем үстүндө узатылганда”, …Аксы, Октябрь, Апрель митингттери, Б.Эркинбаевге ок атылганда, Ө.Чиркешович камалганда ж.б.у.с. окуяларда) деги эле Болот Шерсиз элестетүү мүмкүн эмес эле. Күтүлбөгөн окуяларда Боке дүңүнөн аралашып, дыкат иликтеп, таамай сүйлөп, соңунда башкы каарман Болот Шер болуп чыга келчү. Тынч күндөрү Боке адабият, маданият, музыка, искусство чеберлери менен баарлашып аларга дем-күч бергенди жакшы көрчү. “Жетиген” журналы өтө маңыздуу чыгып жаткан эле.

Эркиндик гүлбагында Т.Сыдыкбековго айкел орното турган жерге казыкты Бокең каккан, (кечээ карасам айкелдин артында демилгечи деген жеринде негедир анын аты-жөнү көрүнбөйт) “Б.Сарногоевди акыркы сапарга узатуу, Чыңгыз Айтматов менен коштошуу, А.Масалиевге жазылган коштошуу ырлары, д.у.с., көбү билбеген менен анын артында Болот Шер турган. “Көк Бөрү” оюнунун эрежесин иштеп чыгуунун башында Б.Шер болуп, өз үйүн эл аралык ассоциациянын офисис катары пайдаланган. Ашым Жакыпбековдун “Күндөлүк китебин” Бокенин өтүнүчү менен чыгарган элек, Ш.Дүйшеевдин “Агындыларын” Боке барган-турган жеринде тартуу кылып жүрдү. Канча акындардын китебин чыгарып, обончу, ырчыларга демөөрчү болгонун көпчүлүк жакшы билет. А.Осмоновдун “Ата Журт” ырына обон анын жеке өтүнүчү менен (Ш.Үтөбаев) жазылганына өзүм күбө болгом. Кыргыз поэзиясына кеч келип, тез таанылган Тургунбек Бекболотовдун ысымын мен Бокең аркылуу тааныдым. Алым Токтомушев көз жумганда бүт чыгымын Бокең өзү көтөрдү. Докебизге (Дооронбек Садырбаевге) айкелин орнотобуз деп каражат чогултандардын башында да Бокең турган эле. Бир жолу Кыргыз эл акыны А.Өмүрканов ошондогу ажону сындап курч ыр жазды. Эртеси Бокең чакырып, аэропорт жактагы эс алуу үйүндө алкышын айтып, коюн союп, көкөлөтө көтөрүп, дем берип, “Улуттук намыс” тууралуу кеп козгогону эсимде. Ал кээде сессияга келбей деле койчу. Бирок, чек ара, Баткен маселеси көтөрүлгөндө залдан эле кыргыз жери үчүн дуэлге чыкчудай жаны ачып сүйлөчү. Айрыкча, Баткен маселеси көтөрүлгөндө, Баткенден шайланып келгендей күпүлдөчү. Көрсө Баткенде төрөлүп, киндик каны таамп, Баткендик балдарды үйүндө жашатып, Баткенди сүйгөндү Бокеден үйрөндүк.

…Болот Шер кыргызга күйүп, жүрөгү менен сүйүп жашады.

 

 

VI

Пауза

 …Кээде мага Болот Шер залкар режиссер, а биз болсо ал жазган сценарий боюнча ойноп жаткан актерлордой сезилип кетчү.

…Көп актерлор, артисттер бар. Бирок, эч бири Боке сыяктуу пауза кармай албайт. Боке, сүйлөп баратып эле токтоп, капыстан суроо берип коёт. Өзүн бопоросун тиштеп, түтөтүп унчукпайт. Анан көпкө унчукпасаң өз суроосуна өзү жооп берет. Андан ары кеп уланат.

Мен аны эки-үч жылда барып араң түшүндүм. Башында ал мага омуроолоп, кекетип сүйлөп жаткандай сезилчү. Бара-бара баамдап, өзүнчө эреже  иштеп чыктым. Ал мындай.

А) Боке, өтө олуттуу суроо берсе озунуп жооп бергенге шашылбаңыз. Сабыр кыла турсаңыз, өз суроосуна өзү жооп берип, өзү канагат алып, андан кийинки баарлашуу өз жолунда уланат.

Б) Бокени капыстан таарынтып алсаңыз дагы шашылбаңыз. Бир саамга жетпей Боке баарын унутуп, өзү анан кайра бапырап, ак шурудай чачылып, ак сандыктай ачылып берет.

В) Сиз сүйлөп атканда кокус Боке көзүнүн агы көрүнүп, чачтары “дирт-дирт” этип, бети “бүлк-бүлк” этип, чекеси бырышып, отуз эки тишинин туура отузу көрүнүп туруп “Былжырайт!” десе, кепти ошол жерден тык токтотуңуз.

Демек, Бокеге ал кеп, же ал киши жаккан жок. Перспектива жок!

Г) Эгерде Бокеден бирдеме сурайм, же бир маселеге көндүрөм десеңиз, адегенде кепти алыстан баштап, гезитте, элде, Таласта, парламентте Бокең жөнүндө эмне жакшы кеп болуп жатат, ошондон баштаңыз. Бокеге майдай жагып, көздөрү кылгырып, жүзү тамылжып, бир кезде сүрдүү көрүнгөн Бокең эзилип бышкан Баткендин өрүгүн ысык сууга салгандай көөлгүй түшөт.

Баатырдай кабелтең көрүнгөн менен баладай ишенчээк болчу.

Анан сураганыңды берет. Жообу оң болот.

Д) Кокус Боке менен кер-мур айтыша кетсеңиз, анын болкулдаган жүрөгү жарым күндөн ашык чыдай албайт. Эртеси Бокең эч нерсе болбогондой эле өзү чалат. Кофеге чакырат. Анан эч нерсе болбогондой эле кадыресе кеп уланат.

…Ал сөзүндө дайым пауза кармачу. Эми өмүрдө да пауза кармап, кайдадыр бир закымдарда жүргөн таризде.

 

VII

Соңку кездешүү

 Адаттагыдай Бокең чалып калды “Жумуштан келе жатып кайрылып кет” деп.

…Эшигинин алдында басып жүрүптүр. Көрсө Америкадан кызы Асел “үй-машина” жибериптир (Айтмакчы Бокең, илим-билимге өтө маани берет эле… Эки уул, эки кызы Кытай, Америка, Чехиядагы атактуу окуу жайлардан билим алышты). Бул укмуш үй-машинага төрт-беш киши кенен батчудай. Бүт ыңгайлуу.

  • Жайында эч жакты пландаба, ушул машина менен жайлоо кыдырабыз, – деди.
  • Жарайт, – дедим.

Анан сынай карап туруп,

  • Аюнун этин жеп көрдүң беле? – деди.
  • Жок, – десем.
  • Анда үйгө кир, ушул машинанын муздаткычында кошо келиптир, – деп жука кесилген ак балыктын этиндей карагесеги бир сөөм, майы беш эли этти алып чыкты. Тамшанып жедик. Майы даамсыз, эти даамдуу экен.

Бокең тышка узатып чыгып, дагы бир ирет машинаны айланып, таң бердик.

Мен кеч болуп кеткендиктен машинамды жиберип койгом. Такси чакырдым. Корей улутундагы айдоочу экен. Мен отураарым менен:

  • Добрый вечер! Это Болот да, депутат да, можно я поздороваюсь? – деди эле, бул эпизодду мен да туура пайдаланайын деп, Бокеңе:
  • Боке, сизди таанып, учурашайын деп атат, – дедим.

Жаш баладай сүйүнүп кетти.

Бокенин карааны караңгыда да даана алыстан таанылат. Тик турган чачы, кабелтең сүрү. Жарыкка келип, Бокең экөө сүрөткө түшүп, жай коштоштук.

Эртеси түштөн оой “Болот Шер инсульт болуп ооруканага түшүптүр” деген кабар уктук. Жетип бардык. Кыргыз Эл Баатыры Миталип Мамытов “Үмүт бар, организм өзү күрөшүп атат. Бирок, силерди киргизе албайм” деди. Биз үстүнө кирип баралы дедик, Бокең өтө намыскөй эле, биздин келгенибизди сезсе, туруп кетет го дедик.

…Ал көк жал эле. Кантип эми өлүмгө жеңилсин деп анын көк жал мүнөзүнө ишенип эки күн күттүк. Бирок, жандуунун баарын алып, алдуунун баарын жеңген ажал менен кармашып жатып, мурда үч ирет инсульттан, бир жолу инфаркттан аман калган Бокебизди ажал өзү араңжан болуп атып  акыры жеңиптир. Манасты жана намысты батырган муштумдай жүрөгүнө Болот Шердин алп денесин Таласка алып жөнөшкөндө аргасыздан көздөн жаш тоголонду.

…Анын жансыз денеси менен кошо өзүнчө бир доор биротоло кетип бараткандай сезилди.

***

“Таластын мыкты жигити ким?” десе мага ириде Бокенин элеси көз алдыма тартылат.

  • Улутуңарда улутжандуу уулуңар барбы десе? Мен Болот Шерниязовдун ысымын айтаар элем.
  • Бүгүн эл аралык таанымал “Көк Бөрү” оюнун ким негиздеди эле? – деп сураса,
  • Болот Шер, Болот Шамшиев, Аскар Салымбеков, – деп сыймыктануу менен жооп айтам.

…Кээде азыр деле Көк-Бөрүгө барып калганда Бокең алдыман чыга калчудай сезиле берет.

***

Бокенин кээ бир окуялары эл ичинде лакап болуп айтылып жүрөт. Кайсы бир белгилүү саясатчыга (эркек кишиге) 2009-жылы “Таластык келиндер берип жиберди, ушул жоолукту салынып жүр” деп жибек жоолук салганы саясий памфлетке айланды.

***

2004-жыл. Эл Өкүлдөр жыйыны. Боке обдулуп туруп, губернаторго суроо берди:

  • Эмнеге элди буурчакты эркин саттырбай, областтык губернатордун астындагы департамент аркылуу гана саттырып атасыңар?
  • Конкуренция болсун дедик, – деп губернатор жооп берди эле, анда Бокең:
  • Анда эмне Таласта эшектерди департамент аркылуу саттырбайсыңар, конкуренция болсун да?

…Зал тынч туруп анан күлкү каткырык жаңырды.

***

2011-жыл. Жогорку Кеңештин сессиясы. Кайсы бир саясатчы сүйлөп жатып “Убактылуу Өкмөттүн айрым бир мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда генералдык наам алды” деп, кыйытып Болот Шерге тийишип өттү.

Боке Төрагадан сөз сурап, 30 секундда сөзүн мындай деп баштай элек жатып бүтүрдү:

  • Урматтуу Роза Исаковна, мага ыйгарган генералдык наамды өз указыңыз менен жокко чыгарууңузду өтүнөм, урматтоо менен Болот Шер, – деди да атаандашын бир муш менен нокаутка кетирген боксердой борбордук трибунадан жай басып түшүп баратты.

…Үч төңгөрүштү көргөн байкуш Ак үй мындай шумдукту биринчи көрүп жатканы билинип залда боштук өкүм сүрдү… Ак үй тилден калгандай үн чыгарбай, Бокенин баскан кадамдары гана даана угулуп, залдан чыгып баратты.

…Мага Боке Ак үйдүн ичинде эмес, Ак үйдүн үстү менен тээ бийикте бараткандай сезилди. Генералдык наамды кантип мөөнөтүнөн мурда алганын билбейм. Бирок, Боке ар дайым жигитчиликтин генералы болчу.

***

2005-жыл. Март. Шайлоо. Оппоненттер тарабынан бирөө:

  • Ак ниетимден эле дейсиң, бирок өңүң чылгый кара тору көрүнөт? – деп тийишет.

Анда Бокең дароо эле:

  • Ак уйбу, кара уйбу сүт берсе болду да, – деп жооп кайтарат.

…Зал каткырык күлкүгө толот. Бокең ошондой артынан чаң эмес, шаң калтырган инсан эле.

***

Бокенин өзү ойлоп тапкан туюнтмалары бар эле. Маселен, “Неберем” деген эмнени билдирет? – деп сурайт. Унчукпай койсоң өзү жооп берет:

  • Не берээриңди таппай каласың, небереңди көргөндө, – дейт.

…Же “көралбас” деген сөз. Мындай ичи тар адамды “көр да албайт” деген түшүнүк. Аны жер дагы кучагына алгандан жийиркенет.

***

2005-жыл. Кыш. Талас обладминистрациясынын имаратынын асты. Депутаттыкка талапкер Б.Шерниязовдун “Джип” машинесине Казакстандык атактуу миллионер, Бокенин досу А.Ибрагимовдун өкүлү келип шайлооңо колдоо деп эң ири суммадагы долларды жүктөп баштайт. Имараттан чыгып келе жаткан Б.Шерниязов аны көрүп:

  • Кечиресиз, Таластан эли акчага сатылбайт, – деп көп акчадан баш тартат.

Бул кеп  келиндери дуулдап, жигиттери шуулдап элге тез тарайт. Муну уккан намыска бай, сөзгө бек, сөгүнгөнү так таластык туугандар мына эмесе деп, бир тыйын албай Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлашат. Бокең жүргөн жер өзүнчө бир кинодогудай эле.

…Бул эпизод жасалмабы же чын эле ошончо акча сунушталганын так эч ким билбейт. Бирок, шайлоо учурунда Талас элин “дуу” көтөргөн, шайлоодогу добуш сатмайга каршы эң сонун “пиар жүрүш” эмеспи!

***

Аз өмүрдө көпкө жетишти. Кыска өмүрдө узак сапар арытты. Артында чаң калтырбай шаң калтырды. Саясаттын булганч жолунда атын таза сактады. Кыргыз жана намыс деген ыйык түшүнүктү кыргыздын кызыл туусундай бийик көтөрүп жүрүп өттү.

 

 

Грузияда жазылган ыр

   (Кахетия, Телави)

(Болот Шерниязовдун жаркын элесине арналат)

Жүзүм айдың, жүзүм адыр, жүзүм тоо,

Жүз миң жылдар багынталбай жүз миң жоо,

Жүздү басып, кылыч кармап грузин

Жүзүн сактап келет дайым эсен соо,

Көк асманда булут жылып жай гана,

Көңүлдөр карк, жайдары да, баймана,

Тоолору да шарап ичип алгансып

Чала кызуу болуп турат айлана.

Чавчавадзе жүзүм тигип, өскөн жер,

Шота ырдап, сүйүү ырын төккөн жер,

Кикабидзе атак-даңктап баш тартып

Грузияга атак берген көктөм жер.

Канча тарых, тагдырларды жашырган,

Тоо-токою, адыр түзү жашылдан,

Шамал урса жашаргансып турам дейт

Бир грузин 90 жашты ашырган.

Жүзүм зарлуу көктөм өрөөн Алазан,

Жүз бир түркүн жүзүм өсөт санасаң,

Сен бейишке окшошго деп ойлосом,

Сен бейишсиң таңда туруп карасам.

Жүзүм тигип, баласындай баккан эл,

Бар бактысын жүзүм терип тапкан эл,

Кызыл шире жан дүйнөсүн агартып

Кызып сүйлөп, жан дүйнөсү аппак эл.

Дос келгенде шарап сунуп кош колдой,

Кас келгенде кылыч шилтеп козголбой,

Ким бар экен өлбөстүктү даңктаган

Грузиндер сүйүү ырын созгондой.

К.Иманалиев,

Кыргыз улуттук жазуучулар

 союзунун төрагасы,

коомдук ишмер.

Бөлүшүү

Комментарийлер