КӨЧМӨН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН СӨЗ КУДУРЕТИ – АК БАТА

  • 22.01.2021
  • 0

Көчмөн кыргыз элинин сөз кудурети – ак бата. Кыргыз элинин баалуулуктарынын бири, ата-бабабыздан бери келе жаткан салт – бата берүү, бата алуу. Бата деген сөз араб тилинен келген, кыргызчага которгондо каалоо, тилек дегенди түшүндүрөт. Кыргыз элинде ак батага болгон ишеним, андагы сөз кубаты кылымдардан бери кемибей келе жатат. Адам баласынын өмүрү ак бата менен коштолгондуктан, элибиз “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” деген макал кепти атам замандан бери туу тутуп келет.

Кыргыз – көчмөн эл. Албетте, жер бетинде көчмөн элдер көп болгон. Бирок кыргыз ошол көчмөн элдердин ичинен өзгөчөлөнүп, айырмаланып турат. Кыргыздын өзгөчөлүгү элди эл кылган, журтту журт кылган керемети менен байланышкан. Анан да кыргыздай көчмөн болуш үчүн талаа-түздө, тоо-таштын арасында, куюндай ылдамдык, шамалдай ыкчамдык керек. Ат жалында уктап, жарым жоокердик жашоо образында жашоо оңой эмес. Көчмөн турмуш миң жылдап негизделет, каада-салтка, элдин жашоо образына, улуттун уңгулуу дүйнө таанымына айланат. Кыргыз көчүп-конгондо алтын-күмүш артынып көчкөн эмес, эгер алтындары болсо, аны эски журтуна көмүп коюшкан. Алтын менен күмүштү байлык дебестен, аны өлүү дүйнө деген. Жадагалса, мал бир жуттуку деп, мал жандуу кыргыз бу дуйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок экенин шар эле айтып салган. Ошентип, айкөл кыргыз көчүп-конгондо өзүнө керектүү буюм-тайымдарын: кашык-чөмүчүн, кийизин, көлдөлөңүн гана алып, малын айдап көчкөн. Калган руханий маданиятын, тарых-санжырасын мээсинде, эсинде, жадында сактаган. Ошондуктан, жады маданияты бизде катуу өнүккөн. Кыргыз элинин көчү өтө шаңдуу да, жасалгалуу да, көрктүү да болгон.

Көч алдында аксакалдар жүрүшкөн. Кыргыз элинде аксакалдарды сыйлоо, аларды улук тутуу адаты эң эле күчтүү болгон.

Аксакалдар отурган үйгө уруксатсыз кире алышпаган. Аксакалдын алдында бир ооз сөздү да бийлик кылып айта алышкан эмес. Карыдан бата алса өмүрү узарып, багы ачылат деген ишенимди бек тутушкан. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” деген макал сөздөр байыртан калган сөздөр болгон. Карылардан бата алуу адаты эң күчтүү орун алган. Көчмөн кыргыз элинин сөз кубаты – ак бата болгон.

Кыргызда ак батага болгон ишеним, андагы сөз кубаты кылымдардан бери кемибей келе берген. Кыргыз элинин баалуулуктарынын бири ата-бабабыздан бери келе жаткан салты – бата берүү, бата алуу.

Алгач ”бата” деген сөздүн келип чыгышына токтоло кетүү зарылчылыгы бар. Кыргыз элинин чыгаан уулу, алгачкы тилчи, лексиколог Кусеин Карасаевдин түшүндүрмөсү боюнча бата деген сөз араб тилинен келген. Арабдын “фатиха” деген сөзүнөн келип чыккан, кыргызчага которгондо каалоо, тилек дегенди түшүндүрөт. Академик Абдылдажан Акматалиевдин сөздүгү боюнча бата – курандын бет ачар сүрөөсү деп түшүндүрүлөт. Улуу-кичүү дебей баарыбызга белгилүү куранда фатиха сүрөөсүн көпчүлүгүбүз жатка билебиз жана угуп жүрөбүз (фатиха сүрөөсүн араб тилинде окуп, угуп жүрөбүз).

Ал эми биздин ата-бабалардын канына сиңип калган баталары, басса-турса, ар дайым ооздорунда болгон. Алар: “кудай жалгасын”,“тилегиңди берсин”, “өркүнүң өссүн”, ”кем болбо”, ”өмүрлүү бол”, “кудайым бак айтсын”, “жолуң ачылсын” д.у.с. Доор алмашкан сайын адам баласынын жашоосунда айтылып жүргөн баталар дагы өзгөргөн. Мисалы: учурашуудагы батаны алалы. Кыргыздар бири-бири менен көрүшкөндө жылуу сөз, ак тилек сөздөрдү айтып саламдашкан. Байыртадан ата-бабалар “Арыбагыла” деп салам айтса, “бар болуңуз” деп алик алышкан. “Арыбагыла” деген сөздүн артында азбагыла, тоспогула, оорубагыла, азайбагыла деген тилек айтылат. Бар болуңуз (аман болуңуз). Качан кыргыз эли Ислам динин кабыл алгандан баштап учурашуу өзгөргөн. Ассалому алейкум! Алейким салам! Бул сөздөр араб тилинен алынган. Кыргызчага которгондо сизге, сиздин үй-бүлөңүздө тынччылык каалайм, алейким салам — сизде, сиздин үй-бүлөңүздө дагы тынччылык болсун. Мага жакшылык каалаган сизде дагы тынччылык болсун дегенди түшүндүрөт. Кыргыздардын ак баталарынын тарыхы эң узун. Тээ Эне-Сайдагы таштын бетине чегилген эстеликтердин ичинде баталардын өрнөктөрү калган. “Манас” баштаган оозеки адабиятында баталар жыш кезигет. Ак баталарды кыргыздын көсөмдөрү, акылмандары, ырчылары, төкмөлөрү, «оозунда алтын шилекейи бар» нарк-салтты тутунуп жүргөн адамдар айтышкан.

Улуу ойчулдардын, акылмандардын, даанышмандардын элге берип жүргөн баталарынан:

Жусуп Баласагындын батасы:

О, Кудай, ак пейилиңди арттыра көр,

Жамы журт момундарга

        теңчилик бер!

Кутман элим, өмүрүң узун болсун,

Эл тизгинин кармаган бекем болсун!

Оомийин!

 

Махмут Кашкаринин батасы:

Адам балдары анын кайрымдуулугунан

Жылдыздардай жетик бакыт тапсын

Анын тилеги орундалып,

        ар бир ийгилиги

Ак жүрөк досторун кубантып жүрсүн

Оомийин!

 

Кусейин Карасаевдин батасы:

Мал болсун, баш болсун,

Берекелүү аш болсун,

Узун өмүр жаш болсун,

“Ихи” деген оору болбосун,

“Келе” деген доочу болбосун. Оомийин!

 

Жеңижоктун батасы:

Тогузу болгун жылдыздын!

Туйгуну болгун кыргыздын!

Жетиси болгун жылдыздын!

Жетиги болгун кыргыздын! Оомийин!

 

Сарт акенин батасы:

Узарсаң – кыскарба,

Кайнасаң – муздаба,

Толсоң – бөксөрбө,

Маалын өткөрбө! Оомийин

 

Ч.Айтматовдун мугалимдерге берген батасы:

2007-жылы Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим”повестинин биринчи бетинде “Биздин замандагы мугалимдерге ак бата”деген автордун кол жазмасы менен басылып чыккан. Чыгарманын басылып чыгышы менен 2006-2007-жылдары мугалимдер менен автордун жолугушуусу уюштурулган.

Ч.Айтматовдун көзүнүн тирүүсүндө биздин замандын мугалимдерине берип кеткен ак батасы кабыл болсун  деп тилейм. Кыргыздын ак баталары “жылуу сөздөр” деп аталып, бул “жылуу сөздөрдү” айтканда, адамдын дили жумшарып, денени көшүлтүп салышы, эртеңкиге жакшы үмүт-тилектерди жаратканы менен касиеттүү жана маанилүү.

Кыргызда ак батага болгон ишеним, жоо майданында жекеме-жеке сайышка чыккан баатырлар алтын-күмүш эмес, ак батаны алып чыккан.

Эл башчысына болгон ишенимин “шайлоо белети” менен эмес, көөдөндөн чыгарып, чогулуп берген ак баталары менен белгилешкен.

Кыскартып айтканда, ак баталардын кыргыз турмушундагы, дилиндеги орду өтө омоктуу болуп келген. Себеби кыргыз тилинин сөз кубаты дилине жетип, ак баталарга болгон өзүнчө ишеним калыптанган.

Бата экиге бөлүнөт. Ак бата жана тескери бата болуп. Тескери батадагы (каргыштагы) суук сөздөр адамдын жүрөгүн зыркыратып сөөктөн өтөт.

Касымалы Жантөшевдин “Курманбек” драмасынан Тейитбек хандын келини
Айганышка берген тескери батасын мисал келтирсек. Тейитбек алаканын тескери жайып:

Корундун болот найзасы,

Мага эмес, мага эмес…

Курманбектин жүрөгүн,

Силерге кесир болсун.

Тешсин жаралап.

Кыргыздын кызы күң,

Булак болуп кара кан,

Катыны жесир болсун!..

Агып турсун салаалап!.. Оомийин!

Бул сөздөрдү карасак, кыргыздардын жашоо-турмушунда кандай нарктардын керектигин, эмнелерди баалап турганын, ал эми кандай жоруктардын, кылыктардын жаман экенин, эмнелердин “болбостугун” каалай турганын билип алабыз. Кыргыздын ак баталарынан кандай адам болуунун өлчөм, ченемдери айкын көрүнгөн күзгү сыңары турат.

Ак баталардын дагы бир наркы ал адамдарды мураттуулукка, тилектүү, үмүттүү жашоого алып бара турган мааниге ээ. Ак баталардын деми рухундагы көңдөй жерлерди толтуруп, топук алып, өз мурат-максатына жетүүгө чымыркантууга шык болуп берет.

Ошондуктан баталар кыргыз рухунда кылымдардан бери бек уялап келет.

Баталарга болгон ишеними бекип, “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт”, “Ботонун куну – бир жут, батанын куну – миң жут”, “Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас”, “Атаңдан бото калбасын, бата калсын” деген сыяктуу турмушту корутундулаган макалдарды чыгарышкан.

Кыргыздардын ак баталарынын тарыхы узун болгондой эле тематикалуу, арналуу баталар болгон. Арналуу баталарды азыноолак атап өтсөк: элге бата, эл башчыга бата, баатырга бата, балбанга бата, көчкө бата, конушка бата, үрөөн сепкендеги бата, колго суу куйганда бата, тойго баталар ж.б., кыскартып айтканда атай берсек узун тизме
болот.

Бүгүнкү күндө күн сайын, кадам сайын ааламдашуу, адашуу, рухсуздук тууралуу жар салынып жатса да, кыргыз эли “Манас” эпосунда “түгөнгөн сайын түтөгөн, кырган сайын көбөйгөн” деп айтылгандай, кыргыз элинин көөнөрбөс асыл мурастарын, нарк-насилдерин, рухий-маданий дөөлөттөрүн болуп көрбөгөндөй темп менен терең изилдеп, калктын калың катмарына жеткирүү максатындагы иш-аракеттер аткарылууда. Кыргыз элинин жашоо-шартында ар бир күнүбүз, баскан турганыбыз бата менен коштолгондуктан, баталар илимий көз карашта терең изилдене турган темалардын бири. Сөздүн кудурети – адамда көзгө көрүнбөгөн биоталааны пайда кылып, адам баласынын өнүгүшүнө тийгизген таасири зор болгондуктан, ар бир жаш өспүрүм бата берүү жана бата алуу адебин билүүсү зарыл:

  1. Бата –мааниси терең ыйык сөздөрдөн турат;
  2. Бата – уйкаш сөздөрдөн куралып, ыр түрүндө айтылат;
  3. Бата – улуу муун менен кичүү муундун байланышы;
  4. Бата – бизди курчап турган микродүйнө (аура, биоталаа);
  5. Батаны тыңшап, тыңдап жана батаны түшүнүп кабыл алуу керек;
  6. Бата бергенде, бата алганда баш кийимчен болуу туура болот;
  7. Бата берүү, бата алуу кыргыздын атам замандан бери келе жаткан баалуулугу, каада жөрөлгөсү;
  8. Бата – адам баласынын төрөлгөндөн тартып өмүр бою аң-сезиминде, эс тутумунда ишенген таянычы болгон;
  9. Бата – адам баласынын өмүрүнүн ар бир күнү менен коштолоорун;
  10. Ар бир жаш адам ата-энесинен, өзүнөн улуулардан ак бата алганга шашып, тескери бата алгандан алыс болуу керектигин унутпашыбыз керек.

Кыргыз эли барда сөз кудурети, сөз кубаты болгон ак бата кылымдап жашай берет!

КӨЧМӨН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН СӨЗ КУДУРЕТИ – АК БАТА

Турсунбү Тилекбаева,
А.Токтоналиев атындагы БФЭТтин окутуучусу, мугалим-методист,
Эл агартуунун мыктысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер