ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМ

  • 09.03.2023
  • 0

ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМ

Жаш мугалим Айжан Абдубапова дайыма окуучулар мен класска эшикти ачып киргенде сүйүнүп жатабы, же класстан чыгып кеткендеби деген суроонун үстүнөн ойлонот. Окуучулар мугалимди сүйгөндө гана анын предметине болгон кызыгуусу артат деп эсептегендиктен, ириде окуучулардын жүрөгүнөн орун тапканга аракет кылат.

Айжан Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинде химия сабагынын мугалими. Ал жаңыланууну, жаңы нерселерди үйрөнүүнү жакшы көргөндүктөн, дайыма изденүүнүн үстүндө. Көп кыялданат. Ал кыялдарды ишке ашыруу үчүн максат коюп, убакытты туура пайдаланууга аракет кылат.

— Дайыма план менен иш кылганым үчүн көп нерсеге үлгүрөм. 24 сааттан 30 саат жасап, жашайм. Мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун да орун басарымын. Окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадага даярдайм. Быйыл да окуучум олимпиаданын областтык турунан өтүп, республикалык турга даярданып жатабыз. Мындан сырткары «Креатив» билим берүү комплексинде тренер болуп эмгектенем. Жети дубанды кыдырып, мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча семинар-тренингдерди өтүп келебиз. Айыл жеринде жашагандыктан тандырга нан жабам, очокко тамак бышырам, уй саайм. Мындан арткан убактымды кандидаттык диссертациямды жазууга жумшайм. Кыскасы, адамда каалоо болсо бардык нерсеге үлгүрсө болот, — дейт Айжан.

Айжан үч баланын апасы. Өзү Кара-Суу шаарынын кызы. 1989-жылы 27-июлда төрөлгөн. 2006-жылы Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназия-жатак мектебин аяктап, Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетине бюджеттик негизде өтүп, аны 2011-жылы аяктап, ошол эле жылы магистратурага тапшырган. Ал кичинекей кезинен эле илимге кызыккандыктан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине аспирантурага тапшырып, 2017-жылдан бери “Окутуунун жаңы технологиялары аркылуу 10-11-класстын окуучуларынын өз алдынчалуулугун өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары (химия сабагынын мисалында)” деген темада кандидаттык диссертациянын үстүндө иштөөдө.

ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМ

САБАКТЫ АНГЛИС ТИЛИНДЕ ӨТӨТ

Жаш мугалим иштеген «Жетиген» мектеп-лицейи көп тилдүү билим берүү программасы менен иш алып баргандыктан, химия предмети жарым жүктөм менен англис тилинде өтүлөт. Айжан англис тилин жакшы өздөштүрүп алгандыктан сабакты өзү өтөт. Каникул учурунда убакытты текке кетирбей англис тили курсуна да барып турат. Андан сырткары мектепте химия кружогун уюштуруп алган. Анда кыздарга формулаларды, элементтердин химиялык белгилерин кийизге сайма сайдырып, мончоктор менен иштетет. Эркек балдарга болсо курулуш каражаттарын колдонуу менен көп практикалык жумуштарды жасатат.

  • Окуучулар сабакты эмнеден улам жакшы көрүшөт жана эмне үчүн жек көрүшөт? Негизи тереңирээк карай турган болсок, баары таптакыр башкача болуп чыгат. Сүйүктүү же жек көргөн сабак болбойт. Жакшы көргөн мугалимдин сабагы, же жек көргөн мугалимдин сабагы болот. Окуучулар сабакты сүйбөйт, сабакты түшүндүргөн адамды сүйөт. Сабак жек көрүлбөйт, сабакты берген адамга болгон жек көрүү сабакка болгон сүйүүнү жок кылат. Мугалим класска киргенде окуучуларда сүйүнүч, бактылуулук сезилип турса, ошол класста билим берүү натыйжалуу болот. Сабакта дайыма ар түрдүүлүк болуш керек. Сабагымды жандуу, практикалык иштер менен айкалыштырып өтүүгө аракеттенем. Эң негизгиси окуучуларыма долбоордук иштерди көп жасатам. Долбоордук иш алардын илимге болгон кызыгуусун арттырат, — дейт Айжан.

Каарманыбыз өзүнүн 7-класста окуган кызын да азыртадан эле химия предмети боюнча олимпиадага даярдоодо. Кызы апасынын окуучуларынын ийгиликтерин, даярдангандарын көрүп, химия предметин тандап алган.

ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМ

28 ЖАШЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ БОЛГОН

Айжан окуучуларды стаканга, мугалимдерди суу куюлган идишке салыштырат. Стаканга бир нерсе куюу үчүн идиш өзүн толтуруп турушу керек деп эсептейт. Андыктан өзү дайыма билимин өркүндөтүп, тынымсыз семинар-тренингдерге катышып турат. Учурда Бишкек шаарында өтүп жаткан семинарга катышууда.

Айжан химия боюнча бир катар телесабактарга да тартылган. Кийин өзү Ютуб канал ачып алган. Ал жакта онлайн сабактарды тартып, мугалимдер коомчулугуна сунуштап келет. Андан сырткары бир катар илимий-методикалык китептерди даярдаган. Анын 88 беттен турган химия сабагы боюнча жумушчу дептери (8-класс үчүн), «Химия жомоктор дүйнөсүндө» аттуу жомоктор жыйнагы сыяктуу бир катар эмгектери, илимий макалалары мугалимдер, окуучулар үчүн жакшы булак болуп келет.

Активдүү мугалим бир канча сынактардын да жеңүүчүсү. “Жылдын мыкты мугалими — 2017” кароо сынагынын Ош шаардык этабында баш байгени жеңип алып, алты жыл мурун Билим берүүнүн мыктысы болгон. Өткөн жылы Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличнигин алган. Бир канча Ардак грамоталардын ээси.

ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМ

“ИЙГИЛИКТҮҮ ИНСАНДАРДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ БОЛУУНУ САМАЙМ”

Каарманыбыздын мугалимдик кесипти тандап калышына аны  окуткан химия-биология сабагынын мугалими Атыргуль Мадазимова себепчи болгон.

  • Мен жатак мектепке 8-классымда келгем. Бир күнү химия сабагы болуп калды. Өтө сүрдүү, бирок тыкан, жагымдуу атырынын жыты бар эжей кирип келди. Ошол жытты азыркыга чейин сагынам, издейм. Ал Атыргуль Мадазимова болчу. Эжекем сабакты жан дүйнөсүнөн берилип өтчү. Алгачкы күндөрү андан сүрдөп, суроо берсе жооп бере албай кыйналып жүрдүм. Анын данакерлиги болсо керек, мени бош убактысында китеп, дептерлерди иреттешип койчу деп чакырып, мендеги коркунучту кетирди. Жүрөгүмө кире алды. Бош убактымда эжейим менен сырдашчу болдум. Ошондо мен да ага окшоп химия мугалими болом деп кыялдангам. Эжекемден билим гана албастан, жакшы сапаттарын, эң башкысы тактыкты, жоопкерчиликти, алдыга койгон максатка жетүүнү үйрөндүм. Азыр да эжейимдин ар бир өткөн сабагы көз алдыма тартылып турат. Менин ар бир ийгилигимдин артында ата-энем, үй-бүлөм жана мени окуткан жалпы К.Жакыповдун мугалимдер жамааты турат. Анан студент кезимде педагогикалык практикамды өзүм окуган К.Жакыпов мектебинен өткөм. Ошол практикага барган кезимде химия мугалими Маматалиева Суксур эжейден көп тажрыйба топтодум. Эжейдин «Эт менен челдин ортосундагы мугалим болгондон көрө болбой койгон жакшы» деген сөзү кулагыма дайыма жаңырып турат. Мына ушундай мыкты мугалимдерден сабак алганыма сыймыктанам жана дайыма таазим  кылам. Ар бир ийгиликтүү инсандын артында анын мыкты мугалими болот. Мен да ийгиликтүү инсандардын мыкты мугалими болууну самап, ушул кесипти тандап алдым. Экинчи кесибим — фармацевт. Бирок менин жан дүйнөмө  мугалимдик жакын, — дейт Айжан.

 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ ДООРУН ЖАЙЫЛТКАН МУГАЛИМ

Момонов Зайнидин, “Жетиген” мектеп-лицейин директору:

  • Азыркы учурда билген билимин башка бирөө менен бөлүшүү — чоң эрдик. Билим берүүбүз жаңы кечүү кечип, өзгөрүүнү талап кылып турганда Айжан Алмуратовнадай мугалимдер коомубузга өтө керек. Айжанды ар дайым билим берүүдөгү жаңы усулдарды өздөштүргөн, анын натыйжалуулугун көрүп, билип, жайылтканга ашыккан изденгич мугалим катары билем. Өзүн-өзү изденүү аркылуу практик-педагог кылып тарбиялаган эмгекчилдиги менен башка адистерден айырмаланып турат. Негизи мыкты адистер мектепте чоң байлык. Биздеги дал ошондой байлыктын бирөө ушул Айжан Алмуратовна. Ар жылы окуучуларынын химия боюнча олимпиаданын республикалык баскычына чейин чыгышы мугалимдин талбай иштеген эмгегинин үзүрү. Мектептин окуу маселесин, сапатты көтөрүүнү колго алган, бирге иштеген мугалимдерге адамгерчиликтүү, боорукердик менен мамиле кылат, гуманизмди туу тутуп, «Кыйкырыксыз мектеп» долбоорун ишке ашырып келет.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы Чаткал, Сүлүктү, Араван, Таш-Көмүр, Ноокат, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен райондорунун тоолуу аймактарына барып, мугалимдердин билимин жогорулатуу үчүн семинар өтүп жүргөнүн эрдик деп эсептейм. Буюрса, билим берүүнүн жаңы доору али алдыда. Келечекте билим берүүнүн өнүгүшүнөн Айжандын эмгектерин көрөбүз деп ишенем.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер