ИЙГИЛИКТҮҮ ДИРЕКТОРДУН ОН САПАТЫ

  • 14.01.2021
  • 0

Мектепке директор болгон инсан ишинде ийгилик жаратууну кааласа, ошол татаал жана жооптуу кызматта кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликке жетиш үчүн кызматтык сыноолорго даяр болушу керек Коомчулукта ийгиликтүү директорлорду көрүп, көбүнчө анын себебин сырттан издейбиз. Көп учурда анын тажрыйбасына, илим-билимине, жөндөмүнө карабай, колдогон чөйрөсүнө карап баалайбыз. Бул туура эмес. Ийгиликтин башаты адамдын өзүндө экенин турмуш айгинелеп турат.

”Өзүн башкара алган адам гана дүйнөнү башкарат,” — деген эскиден сөз бар. Урматтуу кесиптешим, ийгилик аракеттен жаралат. Ошол себептен мен айтат элем: «Үйрөнгүн, башкалар уктап атканда. Окугун, башкалар бекерчиликтен зеригип жатканда. Эмгектен, башкалар ойноп жатканда. Кыялдан, башкалар эми ойгонуп жатканда». Өзүңдүн мүнөзүңдө ийгиликтүү жетекчинин он сапатын өнүктүр. Сен директорлук кызматыңда чоң ийгиликтерди багындырууга татыктуусуң! Эсиңде болсун, ийгилик – бул сен!

Системалык ой жүгүртө билүүчүлүк

Системалык ой жүгүртүү ийгиликтүү жетекчинин жеке сапаттарынын негизи болуп саналат. Практикалык иш-аракеттердин жүрүшүндө ойлоно билүү керек. Мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолдорун алдын ала аныктоо зарыл. Системалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ жетекчинин иши дайыма так жана пландуу болуп, максатына жетүү үчүн жеңил жолдор ачылат. Системалык ой жүгүрткөн адам материянын бардык аспектилерин жана таасир этүүчү факторлорду алдын ала чагылдырып турат. Мындай лидер болуп жаткан иштерди сүрөттөгүдөй кылдаттык менен калыптандырат, андагы кемчиликтерди жана так эместиктерди табат, аларды тааныйт, атүгүл аны башкаруучулук компетенциялардын өсүшү үчүн “трамплин” катары колдонот. Ал көзөмөлчүлүктү чебердик менен колдонот жана башкарат, орнотулган башкаруу жана координация тутумуна таянат. Жетекчинин мындай дүйнөлүк ой жүгүртүүсү, алысты көрө билүүсү жана келечекти көрө билүүсү мыкты өнүгүп, негизги тапшырмаларды пландаштырууга жана мектептин ишин туура нукка багыттоого жардам берет.

Чечкиндүүлүк

Бул адам баласынын табиятынан ажырагыс маанилүү сапаты. Инсан кандай гана турмуштук кырдаал болбосун, бардык иш аракетиндеги, кадамдарындагы жана башка ушу сыяктуу күнүмдүк жашоодо кездешкен кыйынчылыктарды, жыргалчылыктарды жана ар тараптуу кырдаалдарды, жагдайларды, тандоолорду бир гана чечкиндүүлүк касиети аркылуу иш жүзүнө ашырат. Мектеп директору үчүн чечкиндүүлүк сапат аба менен суу кандай маанилүү болсо, дал ошондой маанилүү. Мектеп директорунун кабыл алынган чечими ар дайым туура жана чечкиндүү болуусу керек. Себеби, айрым учурларда кабыл алынган чечимдер терс жыйынтыгын берип, иштөөдө кыйынчылыктарды жаратуусу толук мүмкүн. Чечимдер ар дайым туура болушу үчүн мектеп директору билим берүү, эмгекти коргоо жана башка КРнын укуктук нормативдүү актыларын билүүсү зарыл. Мектеп директорунун чечими ар дайым туура кабыл алынып, алдыга коюлган максаттардын ишке ашышына көмөктөшүп, жеңишке жетүүгө алып келиши керек. Чечкиндүү болушу үчүн мектеп директору тайманбас, тобокел, эркин, эрктүү, өзүнө ишенген, максаттарын так, даана коё билген жана эмнени каалап жаткандыгын, жыйынтыгы эмнеге алып келерин алдын ала билип, көрөгөчтүк касиетке ээ болушу парз.

Чыгармачыл ой жүгүртүү

Баштапкы оригиналдуу, инновациялык ыкмалар менен тажрыйбанын артыкчылыктарын айкалыштыра билүү. Альтернативдүү варианттар түшүнүксүз же күмөндүү болгон шарттарда стандарттык эмес башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгуу үчүн чеберчилик, чыгармачылык ой жүгүртүү керек.

Кызматтык мамиле түзө билүү

Ийгиликтүү директор ишинде кызматтык жакшы психологиялык мамиле куруу мейкиндигин түзөт. Алдындагы кызматкерлерден ишенимдүү маалымат алып, аны натыйжалуу баалайт жана иштетет. Ар бир ийгиликүү директор жумуш убактысынын көпчүлүк бөлүгүн баарлашууга коротот. Демек, ал үчүн директордун лидерлик жана кесиптик сапаты маанилүү – бул адамдардын эмоционалдык баалоосуна карабастан, адамдар менен иш алып баруу мүнөзү. Кызматтык мамиле курууда ийгиликтүү директор өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөп турушу керек. Кимдир бирөөгө карата терс мамилеси аны менен жүргүзүлгөн ишкердик мамилелердин мүнөзүнө таасирин тийгизбеши абзел. Ал эми кызматкерге карата оң маанай жигердүүлүктү жогорулатууга кошумча түрткү болот.

Стресске туруштук берүү

Стресстүү кырдаалдар – билим берүү чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Мектепти башкарууда директордун маалыматтык, эмоционалдык, коммуникативдик стресстерге кабылуусу арбын болот. Башкаруу иши директордун ден соолугуна карата көптөгөн тобокелдиктерди жаратат. Эмгектеги стресстер жеке адамдын физикалык жана акыл-эс реакцияларында чыңалып, кесиптик жана жеке деформациялардын пайда болушуна алып келет. Стресс – кыйратуучу механизмдердин бири. Ийгиликти багындырууну каалаган директор нааразычылыкка, бир аз суук кандуулукка туруштук бере алышы керек. Өзүн өзү башкара билүүнү, чыр-чатактарды жана стресстерди жеңип, убактысын, күчүн жана жөндөмүн натыйжалуу пайдаланууну билбегендер жөндөмсүздүк менен чектелишет жана башка адамдарды башкара алышпайт.

Ар дайым өзүн-өзү өнүктүрүү

Ийгиликтүү жетекчинин өзүн-өзү өнүктүрүүсү ийгиликтерди багындыруунун ачкычы деп билүүгө болот. Себеби өзүн өнүктүрө албаган адамдын иши ийгилик алып келбейт. Лидер өзүнүн теориялык билиминин жана практикалык чеберчилигинин деңгээлин, жалпы маданий өсүшүн камсыздап, ар дайым өркүндөтүп туруусу керек. Бул процесс төмөнкү компоненттердин биримдигин өзүнө камтыйт:

— жеке инсандык өнүгүү (жеке өсүү): Жашоонун баардык чөйрөлөрүндө өзүн-өзү өркүндөтүүсү, керектүү инсандык сапаттарды калыптандыруусу адам үчүн өтө маанилүү. Канчалык жакшы сапаттарды өзүндө өздөштүрүп, өркүндөтсө, ошончолук турмуштук жолунда тоскоолдуктарды жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзүн-өзү инсандык өнүктүрүүдө бир катар кыйынчылыктар жаралат. Себеби инсандык өнүктүрүүнү колго алып, окутуп-үйрөтүү ишине эч бир мамлекеттик орган жооп бербейт. Бул мектептерде же университеттерде окуутулган эмес. Өз алдынча өнүгүүнүн натыйжасы гармония жана бакыт экендигин унутпаңыз. Бул сезимдер конкреттүү материалдык буюмдар менен байланыштуу эмес. Алар адам үчүн маанилүү болгон баардык компоненттердин жыйындысынан көз каранды.

— интеллектуалдык өнүгүү: Ийгиликтүү директордун өзүн-өзү өркүндөтүүдө өзгөчө маани бөлүүчү өнүгүү процесси – бул инсандын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу жогорулатуу деп билсек болот. Интеллектуалдык өнүгүү адамдын кызыгууларынан келип чыгат. Интеллектуалдык өнүгүүгө тилдерди үйрөнүү, илимди тереңдетүү, кругозорду кеңейтүү жана маданий деңгээлди көтөрүү кирет. Буга ошондой эле белгисиз нерселерди жана башка интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү билүүнү каалоо да кирет, мисалы телепатия жана экстрасенсордук кабылдоо, телекинез ж.б.у.с.

— кесиптик (квалификациялык) өнүгүү: Эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ийгиликтүү жетекчи алган көндүмдөрүн өнүктүрүп турушу керек. Эмгек рыногу реалдуу чындыкка катуу талаптарды коёт. Өзүңүз билгендей, адам ресурстары – өнүгүүнүн негизи. Мектепте директор канчалык компетенттүү жана кесипкөй болсо, мектептеги иштер ошончолук натыйжалуу болот, бүтүндөй уюштуруу структурасы жакшырат. Жумушчу күчүнүн сапаты — бул кесиптик билим, психофизиологиялык мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы жана тажрыйба. Ийгиликтүү директор ар дайым өз квалификациясын өркүндөтүп турат жана теориялык билими менен практиканы айкалыштырып, мыкты эмгектерди жаратат

— физикалык абалын сактоо (калыбына келтирүү): Физикалык жактан өзүн-өзү өнүктүрүүнү бир гана спорт менен эмес, йога менен алектенип, өркүндөтүүгө да болот. Аны көбүнчө чыгыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү тандап алышат. Башка тажрыйбаларды да колдонуп, физикалык абалды жакшыртууга болот. Мисалы, терапиялык жолдор менен, орозо кармоо же чийки тамактануу диетасы. Бирок физикалык өзүн-өзү өнүктүрүүнүн жолдорун тандап жатканда, бул практикага канчалык даяр экендигиңизди эске алышыңыз керек. Ошондой эле, бир эле учурда бир нече тажрыйбаны колдонуу менен жакшы натыйжаларга ээ болууну унутпаңыз. Спорт менен машыгуу милдеттүү компонент экендигин белгилей кетүү керек.

Кичи пейилдүүлүк

Кичи пейилдик бардык жакшы мүнөздөрдүн ачкычы. Ага ээ болгон адам башка жакшы сапаттарга да ээ болот. Ага ээ боло албаган адам көбүнчө башка сапаттардан да кур калат. Чөйрөсүнө кадыр-баркы билинбегендер кичи пейил табияты менен эртеби-кечпи, эл оозуна алынып, аброю көтөрүлөт. Менменсинген адамдар болсо, коомдон четке сүрүлүп калат. Адамдын адамдыгы анын кичи пейилдиги, бийлик-байлыкка, илим-билимге ээ болгондо өзгөрбөгөндүгү менен айгинеленет. Жогоруда айтылгандардын бири анын көз караштарын жана кыймыл аракеттерин өзгөртүп жиберген болсо, анда ал адамдын кичи пейилдиги, адамдык улуулугу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Адам баласынын менменсингени анын кем акылдыгын жана чийкилигин көрсөтүп турат. Акылдуу жана жан дүйнөсү бай адам ага берилген ооматтардын баарын ийгилик деп билип, ага шүгүр кылат.

Байкоочулук

Байкоонун негизинде адамдын мүнөзүндө кылдаттык жана кыраакылык касиеттери калыптанат. Жогорудагы касиеттер жашоо тажрыйбасында пайда болот. Ийгиликтүү жетекчи болуш үчүн байкоочулук жана кылдаттык өтө маанилүү. Мектеп директорунун ишинде байкоочулук чоң мааниге ээ. Себеби, мектепте тынымсыз жүрүп жаткан баардык кубулуштар (окуучунун билим сапаты, өспүрүмдүн өсүшү, жамааттык маанайлар) ж.б.у.с ар дайым тынымсыз байкоону талап кылат. Директордун педагогикалык байкоосу – кесиптик сапаты. Анын максаты – мектептеги бардык жүрүп жаткан кубулуштарды байкоо, көрүү, ачуу, кызматкерлердин, окуучулардын жүрүм-турумунун анча байкалбаган, бирок маанилүү тышкы белгилерин көрсөтүү жана ошонун негизинде өзүнүн иш-аракеттерин туура чечмелөө, анын абалын туура түшүнүү. Директордун байкоосу ой жүгүртүүнү, кабылдоонун ачыктыгын, кызматкерлерге жана окуучуга көңүл буруу, психологиялык сергектик, боорукердикти камтыйт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, директордун бул сапатты өзү байкап, байкалган “байкоо зоналары” менен “өлүк зоналарга” диагноз коюп, аларды оңдоп, түздөй алат. Байкоочулук мүнөзү жакшы өнүккөн инсан ар дайым жаңылануунун жана мыкты сунуштардын автору болуп, кандай кана татаал көйгөй болбосун чечүү жолдорун табууга дилгир болот. Байкоочулукту өнүктүрүү – бул таанып-билүү мамилесин жана чындыкты жаңылбастан акыйкат кабылдоону калыптандырууда маанилүү маселе.

Стратегиялык көз караштагы мүнөз

Мындай мүнөздөгү жетекчи ар дайым эмнени кааларын жана анын натыйжасы кандай болоорун жакшы билет. Келечекти жакшы пландаштыра билүүсү менен өз идеяларын чындыкка айландыруудан коркпойт. Натыйжага жеткенге чейин же максат өзгөрүлгөнгө чейин тынымсыз күрөшөт. Минималдуу ресурстар менен максаттарга жетүү процесстен максималдуу ырахат алат. Мыкты стратегиялык мүнөздүү жетекчи жакшы байкоо жүргүзүп, анын аркасында ресурстарды жана агымдарды табат. Рельефти жана абалды кандайча колдонууну, ошондой эле кырдаалды өзүнүн муктаждыгына ылайыкташтырууну жакшы билет. Чындыкты кандай болсо ошондой кабылдайт. Иштебеген стратегияларды табуу жана четке кагуу максатында аракеттерин жана стратегияларын талдай билет.

Жоопкерчиликтүүлүк

Жоопкерчилик жетекчинин өздүк адеп-ахлактык парзын жана укуктук нормаларын аткаруусу менен мүнөздөлөт. Жетекчинин жоопкерчилиги кандайдыр бир талаптарды аткарууга жана анын алдында турган милдеттерди ишке ашырууга болгон аң сезимдүү (атайы же ыктыярдуу) жөндөмдүүлүктөрү, моралдык туура жорук-жосун жасоосу, кандайдыр бир натыйжага жетүүсү, ошондой эле, кол алдындагы кызматкерлерге карата жорук-жосундарын кубаттоонун же сындоонун, сыйлоонун же жазалоонун маселелери өңдүү конкреттүү проблемаларды өз кучагына камтыйт. Мектептин директору үчүн жогорудагы адамдык сапаттарга ээ болуп, ар дайым төмөндөгүдөй маанайда иш алып баруусу ийгиликтин жана жеңиштин ачкычы боло алат.

ИЙГИЛИКТҮҮ ДИРЕКТОРДУН  ОН САПАТЫ

Бакыт Алымбеков,
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитация жана лицензиялоо бөлүмүнүн эксперти,
“Ак Чыйыр” билим берүү уюмунун директору.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер