ИЙГИЛИККЕ ЖОЛ «БАЛАЖАНДАН” БАШТАЛАТ

  • 29.01.2021
  • 0

Өткөн жыл COVID-19 пандемиясына байланыштуу эң оор жыл болгонуна карабай, “Балажан” балдар борборунун чыгармачыл балдары үчүн мурдагыдай эле кызыктуу жана пайдалуу болду. “Балажандын” чыгармачыл жамааты балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү багытында республикалык жана эл аралык деңгээлде иш алып барды. Албетте, пандемияга ылайык киргизилген өзгөчө шарттар түзүлгөн пландарды бир аз өзгөрткөнү менен, таптакыр токтото алган жок. Ал шарт, тескерисинче, иш багытын аралыктан билим берүү ыкмасына чукул бурууга түрткү берди.

ИЙГИЛИККЕ ЖОЛ "БАЛАЖАНДАН” БАШТАЛАТ

Аралыктан иштөөнүн артыкчылыктары

Карантин режимине өткөндө, борбордун технологиялык жана кесиптик көйгөйлөрү айкын көрүнүп чыга келди. Технологиялык көйгөйлөр интернеттин жай иштешинен, акысы кымбаттыгынан, жогорку сапаттуу телефондор менен камсыз болбогондугу, ноутбук ж.б. тартыштыгы же таптакыр эле жоктугунан жаралса, кесипкөй адистер маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен иштөө тажрыйбасынын жана билиминин жетишсиздигинен, сабактарды ж.б. түзүүдө интернет ресурстары, ар кандай google-куралдары менен иштей албай кыйынчылыктарга дуушар болушту.

Ушулардын баары сабактардын сапатына терс таасир эткендигинен, педагогдордун арасында видео сабактардын конкурсун жарыялоого туура келди дейт, “Балажан” балдар борборунун методисти Г.Мукамбетова.

– Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген педагогдордун инновациялык компьютердик технологиялар тармагындагы билимин арттыруу жана ошондой эле интернет-ресурстарын өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга жетишүү максатында, “Санарип педагогика” видео сабактарынын конкурсун жарыяладык. Бул конкурс педагогдордун кошумча билим берүү жана чыгармачылык шыктарын аныктоого багытталган. Достук маанайдагы мелдештер ар бир адистин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоого жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоого түрткү берди, — дейт Г.Мукамбетова.

Уюштуруучулардын айтымында, конкурс кошумча билим берген педагогикалык кызматкерлердин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана заманбап билим берүү технологияларын, методикаларын колдонуунун бир ыкмасы болуп калды. Кошумча билим берүүнүн музыкалык искусство, көркөм өнөр, декоративдик-жасалга-колдонмо кол өнөрчүлүгү, билим берүү, тил үйрөтүү, спорт жана ошондой эле бий жана компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү ар түрдүү багыттарды камтыган конкурс апрель айынан октябрь айына чейин жүрүп, ага 500дөй сабак келип түшкөн. Алдыңкы агартуучулардан турган эксперттик кеңеш конкурска кабыл алынган эмгектерди баалап, жеңүүчүлөрдү теманын актуалдуулугу, билим берүүнүн заманбап талаптарына шайкештиги ж.б. бир нече критерийлер боюнча аныктады. Мында материалдын методикалык баалуулугу, алдыңкы билим жана санарип технологияларын ишке киргизүү деңгээли, жазылган үнүнүн, монтаждалган материалдардын сапаты, андан тышкары, окуучулар менен кайтарым байланышы да эске алынган.

Жеңүүчүлөргө дипломдорду жана баалуу белектерди билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев өз колу менен ташпырды.

Адистерге арналган семинарлар, устат сабактар

“Балажан” балдар борборунун маанилүү иш багыттарынын бири – семинарларды, мастер класстарды өткөрүү, педкадрлардын квалификациясын жогорулатуу аркылуу адистерге методикалык жардам көрсөтүү. Бул багытта “Балажандын” методикалык бөлүмү Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте, мектептен сырткары билим берүүчү адистерди онлайн окутуучу материалдарды иштеп чыкты. Өткөн жыл ичинде директорлордун, окуу бөлүм башчыларынын жана методисттердин квалификациясын жогорулатуу, комуз үйрөтүүнүн жаңы методикасы жана технологиясы, мектептен сырткары кошумча билим берүү мекемелеринде көркөм сүрөт искусствосун окутуунун жаңы технологиялары ж.б. онлайн форматында квалификацияны жогорулатуучу беш курс өтүштү. Ага Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан жалпысынан 100 адис катышты. Алар жыйынтыгында нормативдик-укуктук базасы, заманбап педагогикалык технологиялар, социалдашуу, компетенттүүлүк, саламат жашоо боюнча ич ара тесттер аркылуу теориялык билимдерин бекемдешти.

ИЙГИЛИККЕ ЖОЛ "БАЛАЖАНДАН” БАШТАЛАТ

Карантинде балдар катышкан онлайн-конкурстар

Коронавирус тумоо-сун балдар арасында жайылтпоо чараларын көрүү менен бирге, социалдык карым-катнаштан ажырап калган балдарга өздөрүн курчаган көйгөйлөр менен жалгыз калбагандай ыңгайлуу чөйрө түзүп берүү максатында, балдар жана өспүрүмдөр үчүн онлайн-иш-чаралары иштелип чыкты. Алардын бири Улуу Жеңишке арналган “Ата-бабаларыбыздын эрдигин баалайбыз!” деп аталып, анда Мекенди сүйүүгө, эл достугун чыңдоого, улуу муун менен өсүп келаткан муундардын ортосундагы мамилени бекемдөөгө, жарандык-патриоттук сезимдерин өөрчүтүүгө багытталган иш-чаралар камтылды. Анда балдар чыгармачылык изденүү, креативдүүлүк аркылуу өз көз караштарын эркин чагылдыра алышты.

Бул сынакка Кыргызстандагы мектепке чейинки жана мектептен сырткары билим берүү мекемелеринин алты жаштан 18 жашка чейинки 37 миң өнөрлүү балдары катышты. Согуш темасы жеке эле кагаз жүзүндө эмес, обондуу ырлар менен да кеңири чагылдырылып келет, андыктан 3181 бала “вокал” номинациясы боюнча согуш жылдарында жаралган популярдуу ырларды ырдашса, жети миң бала согуш жөнүндө, Жеңиш жөнүндө видеотасмаларды даярдашкан. Андан тышкары, 18 миң бала “Көркөм окууга” катышып, 8819 бала онлайн режиминде өткөн “Өлбөс полк” эстафетасынын катышуучусу катары өздөрүнүн ата-бабаларынын сүрөттөрүн көргөзүшүп, алардын эрдиктери жөнүндө айтып беришти.

Эң көп сандагы балдар катышкан иш-чаранын жеңүүчүлөрү да арбын болот эмеспи, анын жыйынтыгында 248 бала байгелүү орундарга жетишип, 11 миңден ашык бала ар кандай даражадагы дипломдорго ээ болушту.

Баса, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата уюштурулган балдардын эл аралык “Биздин эсибизде” сүрөт сынагына Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан, Белоруссиядан жана Тажикстандан да таланттуу жаштар катышканы өтө жагымдуу жаңылык болуп калды. Ага баардыгы болуп 2000ге жакын сүрөт келип түшкөн. Түрдүү ыкмада тартылган балдардын мыкты сүрөттөрү “Биздин эсибизде” балдардын сүрөттөрүнүн каталогуна киргизилди.

Ошондой эле балдарды кайрымдуулукка үндөгөн “Боорукер мамалак” эстафетасы, “Мен ата-энеме ыраазымын” онлайн-акциясы, “Жүрөгүмдү Кыргызстан” конкурс-викторинасы, “Кыялга кадам” социалдык долбоору ж.б. балдарга билими гана эмес, таалим-тарбиялык мааниси күчтүү мерчемделген иш-чаралар жогорку деңгээлде белгиленди.

Алсак, 1-10-июнда өткөн “Боорукер мамалак” эстафетасынын шарты боюнча ар бир катышуучу өзүнүн бир мүнөттүк видеосунда колуна мамалагын кармап, өзү жасаган бир кайрымдуу иши тууралуу айтып берет да, мамалакты кийинки катышуучуга узатат. Ага баардык аймактардан 253 бала катышкан. Алардын кайрымдуулук кадамдары социалдык желелерде кеңири колдоого ээ болуп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

Социалдык желе демекчи, “Мен ата-энеме ыраазымын!” акциясынын катышуучулары эне-атасына арналган эки ооз жылуу сөзүн кыскача видео тасмага жаздырып алып Instagram, Facebook, YouTube ж.б. желелерге жүктөшкөн. Жүрөкчөнүн түзүлүшүндөгү буюмдарды колдонуу шарты менен тараган акцияга 1910 бала катышты. Анда бала үчүн ата-энелердин орду жана ролу канчалык экендиги таасын байкалып, балдар өздөрүн жарык дүйнөгө жараткан адамдар жөнүндө жакшы ой жүгүртүүсүнө түрткү берди деп ишенгибиз келет.

Жаңы жыл – жаңы үмүттөр

Оор сыноолор менен коштолгон Чычкан жылын “Жаңы жыл – жаңы үмүттөр” деп аталган балдардын республикалык сүрөт сынагы жыйынтыктады. Балдар үйүндө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын атайын жатак-мектептеринде тарбияланып жаткан балдар үчүн уюштурулган сүрөт сынагына 400дөн ашык балдар жана өспүрүмдөр катышты. 130 бала өздөрү тарткан сүрөттөрүн өлкө жетекчилерине, депутаттарга, бизнес адамдарына арнашып, жаңы жылдык белек катары берип жиберишкен.

Коомчулуктун көңүлүн колдоого муктаж балдардын көйгөйлөрүнө бурдуруу идеясы өз максатына жетип, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин
жеке колдоосунда, кат жолдогон бир да бала көңүлдөн тышкары калган жок. Башкача айтканда, ал балдардын баары жаңы жылдык белек катары ноутбук, планшет, телефон алышты.

“Балажан” балдар борборунун чыгармачыл жамааты өздөрүнүн таланттуу, креативдүү балдарынын чыгармачылык табитин гана өнүктүрбөстөн, алардын боорукер, кайрымдуу, мобилдүү жана активдүү жаштардан болуп өсүшүнө салым кошуу үчүн мындан ары да тынымсыз аракеттене беришмекчи.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер