ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

  • 07.12.2020
  • 0

«Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Бишкектеги «Сейтек-Жал» толук эмес орто мектеби жакында жаңы имаратка көчтү. Жаңы имарат үч кабаттуу, аянты 5000 м2.  

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

 

Биз балдар танаписке чыгып, жаңыдан тушкөн аппак карга балдар кубалашып ойноп жаткан учурда бардык. Мектептин сыртынан тарта ичине чейин куунак маанайга бөлөнүп турганын байкадык.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

Директор Арслан Ильяс Арслан бизди тосуп алып, мектептин өзгөчөлүгү жана окуу-тарбиялык жетишкендиктери жөнүндө сыймыктануу менен айтып берип отурду.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

Мектепте реалдуу окуу режими эки жарым ай мурда эле башталган экен. Тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталган шарт түзүлгөндүктөн, жаңы окуу жылы башталгандан көп узабай эле реалдуу режимде окууга уруксат берилген. Биринчиден алтынчы класска чейин 271 окуучу бар. Окутуу орус тилинде, андан сырткары кыргыз, англис жана түрк тилдери окутулат.

Англис тилин окуткан Канададан келген эки мугалим бар. Алардан сырткары англис тилинде окуп жаткан күчтүү студенттер ийримдерде окуучуларга англис тилинде кошумча сабак беришет.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

«Биздин «Сапат» мекемесинин башталгыч мектептер арасында болгон конкурстарда билим жагынан болсо да, спорт жагынан болсо да, кружок жагынан болсо да окуучуларыбыз биринчиликти алып келатышат. Биринчи чейректин жыйынтыгында бешинчи класстарыбыз биринчи орунду алды, алтынчы класстарыбыз төртүнчү орунду алды»,-дейт директор.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

Андан соң класстарды кыдырып, сабактарга күбө болдук. Түштөн кийинки убак болгондуктан, негизинен ийримдеги сабактар болуп жаткан экен. Комуз, шахмат жана башка сабактар өтүлүп жаткан класстарга баш багып, мугалимдер жана окуучу балдар менен баарлаштык.

Балдар эртең менен сегизде мектепке келгенден тартып, кечки төрт жарымга чейин мектепте болуп, бардык сабактарды окуп, тапшырмаларды аткарып, андан сырткары өздөрү кызыккан ийримдерге катышып, өнөр үйрөнүшөт.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

Мектептин жаңы корпусунда бүт ыңгайлуу окуу класстары бар, ошондой эле мектепте конференц жана спорт зал, чоң жана ыңгайлуу ашкана бар, анда үч маал даамдуу жана ден соолукка пайдалуу тамак берилет.

Ар бир класста жогорку квалификациядагы эки мугалим иштейт, бири класс жетекчи болсо, экинчиси анын жардамчысы.

«Биз окуучулардын тарбиясына биринчи кезекте көңүл бурабыз. Ошондуктан биринчиден төртүнчү класска чейин класс жетекчилерден тышкары жардамчы мугалимдер иштейт. Алар университетти бүтүрүп келген стажер мугалимдер десек болот. Алар күчтүү, тажрыйбасы чоң мугалимдерден тарбиялык ишти үйрөнүп,   өз кезегинде тарбиялык иштерде мугалимге жана окуучуларга жардам берет. Мугалимдердин адамгерчилик сапаты бийик болуш керек. Мугалим мектептин ичинде окуучунун атасы да, апасы да. Алар окуучулардын үй тапшырмасын мектептен бүтүрүүгө жардам берет, ата-энеси келгенге чейин күтүп, карап турат»,-дейт Ильяс Арслан.

 

Мектептин Фейсбуктагы баракчасында “Биздин максат: Ден соолугу чың, интеллектуалдык , эмоционалдык жактан күчтүү балдарды тарбиялоо” деп жазылган.

Ийрим сабактарынын максаты – окуучулардын билимин тереңдетүү, чыгармачылык шык-жөндөмдөрүн өнүктүрүү, балдардын эс алуу убактысын пайдалуу уюштуруу.

“Сейтек-Жал” мектеби билим берүүдөгү заманбап тенденция болуп жаткан STEAM билим берүүнү биринчилерден болуп өздөштүрүп жаткан окуу жай катары белгилүү.

Бул программа менен окуган окуучулар математика менен физиканы окугандан тышкары робот техникасын окуп үйрөнүп, өздөрү роботторду конструкция кылышат.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЭЭРИМДИН МЕКТЕБИ

“STEAM азыркы учурда дүйнөдө популярдуу система болуп саналат. Кембриж мектептеринде мисалы биринчи класстан баштап science сабактарын беришет. Биз муну эмнеге киргизип атабыз? S-Science, T-Tehnology, E-Enjinering, A-Arts, M-Mathematics дейбиз. Биздин азыркы балдар Z муундун өкүлдөрү. Алар көзү менен көрмөйүнчө, колу менен кармап көрмөйүнчө көп нерсеге ишенбейт экен, көп нерсени түшүнбөйт экен. Ошондуктан окуучуларга эксперимент катары бүт баарын көрсөтүп, алар баарын жакшы үйрөнсө деп атабыз.  STEAM системасына англис тилинен да көбүрөөк басым жасайбыз. Бул системада ар бир предметтин өзүнчө лабораториясы болот. Технологиянын ичинде биз окуучуларга coding деген программа менен биринчи класстан баштап жазууну үйрөтөбүз”,-дейт Ильяс Арслан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер