ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА БАРЫШАТ

  • 21.06.2023
  • 0

Жыл сайын Кыргызстандан математика, биология, физика, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга зээндүү окуучулар тандалып алынат.  Алар аталган предметтер боюнча өткөрүлгөн улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

 

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА БАРЫШАТ

Кайсы мамлекеттерде сынак өтөт?

Билим берүү жана илим министрлигинин  Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинованын айтымында,  жыл сайын биздин окуучуларыбыз математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышат. Катышуучулар ушул предметтер боюнча улуттук олимпиаданын жыйынтыгы менен аныкталат.

Эл аралык олимпиаданын уюштуруу комитетинин чакыруусу менен Кыргызстандан жалпы 23 окуучу катышат жана аларды жетекчилер коштоп барышат.

Математика боюнча эл аралык олимпиада Япониянын Тиба шаарында 3-июлдан 13-июлга чейин өткөрүлөт. Ага тандалып алынган алты окуучу катышат.

Биологиядан Аль-Айне шаарында (Бириккен Араб Эмираты) 3-июлдан 16-июлга чейин өтчү сынакка төрт окуучу, эки жетекчи барат.

Физика боюнча Токио  шаарында 10-июлдан 17-июлга чейин беш окуучуну эки  жетекчи коштоп барат.

Химия боюнча Цюрих шаарында (Швейцария) 16-июлдан 26-июлга чейин төрт окуучу, эки  жетекчи барат.

Информатикадан Сегед шаарында  (Венгрия)  28-августтан 5-сентябрга чейин болчу сынакка төрт окуучу катышат, аларды эки жетекчи коштоп барат.

Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн эл аралык уюштуруу комитети тарабынан аныкталган атайын взностору бар, ал республикалык бюджеттен төлөнөт, ошондой эле  окуучулардын жана жетекчилердин барып-келишине авиабилеттер республикалык бюджеттен төлөнөт. Ал эми жатакана, тамак-ашы уюштуруу тарабынын милдетинде, — дейт Айнура Кусеинова.

Кимдер баратат?

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын атаандаштыгын өстүрүү жана эл аралык олимпиадага мыктынын мыктысын тандап алуу максатында жыл сайын улуттук олимпиададан алдыңкы орундарды алган окуучулары тандоодон өтүп, март айынан баштап олимпиадалык борборлордо тренерлер эл аралык сынактын талабына жооп бере турган тапшырмалар менен балдарды даярдап башташат. Алардан сырткары өткөн жылы IMO, IBO, IOI, IPhO, IchO боюнча эл аралык олимпиадаларга катышкан жана ийгиликке жетишкен окуучулар дагы олимпиаданын республикалык этабына катышуу менен тандоо туруна бара алышат. Тандоо турунда мыкты көрсөткүчтү берген окуучулар квотага жараша тандалат.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА БАРЫШАТ

Командалар кандай тартипте тандалат?

Эл аралык олимпиадага бара турган командаларды түзүү жана даярдоо республикалык олимпиаданын 4-этабы аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын уюштуруу комитети, методикалык комиссия жана калыстар тобу түзүлөт. Уюштуруу тобунун,  методикалык комиссиянын курамы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Методикалык комиссиянын жана калыстар тобунун курамына эл аралык олимпиадага катышып жүргөн, тажрыйбасы бар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, илимий-педагогикалык институттардын кызматкерлери кирерин айтып коюу парз.

Предметтер боюнча калыстар тобун  министрлик жыл сайын тандоо туруна үч күн калганда бекитет. Жумушчу топтун ар бир мүчөсү компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү, ачыктыкты жана кесиптик этиканын нормаларын сактоого милдеттүү. Эгерде алар кандайдыр бир тартип бузууларга барышса, жумуштан бошотулууга чейин барышат.

Окуучуларды даярдоонун мөөнөтү, орду жана командалардын жетекчилерин, орун басарларын уюштуруу комитети сунуштап, министрлик бекитип берди.

— Тандоо турунун тапшырмалары эл аралык олимпиаданын талаптарына ылайык түзүлөт. Сынак жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Окуучулар бөлүнгөн убакытта берилген тапшырманы аткарып бүтүүгө тийиш. Иштер дароо калыстар тобуна өткөрүлүп берилет. Ар бир тапшырманы балл менен баалашат, — дейт А.Кусеинова.

Жемиштүү жыл

Эл аралык олимпиадаларда ийгиликке жетишип, Кыргызстандын желегин желбиреткен окуучулардан уучубуз кур эмес. Алсак, 2023-жылдын 29-майынан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында Е.Б.Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Фёдор Корнияш – алтын медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев – күмүш медаль, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев – коло медаль алган.

Чындыкты айтып коюу керек, жыл сайын эле эл аралык олимпиадага барган окуучулардын токсон пайыздан ашыгын эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси менен №61 лицейдин окуучулары түзөт. Быйылкы барчулардын тизмесине көз чаптырып көрөлү: Федор Корнияш, Бишкек шаарындагы Е.Якир атындагы  № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей  комплексинин  8-классынын окуучусу, Эльдар Искандеров,   Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин                         11-классынын окуучусу, Айдин Асанкадыров дагы ушул эле лицейдин  9-классынын окуучусу, Нуртилек Дүйшөбаев, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин   11-классынын окуучусу, Тилек Аскербеков, «Силк Роуд Эдюкейшн» Эл аралык мектебинин  12-классынын окуучусу, Ян Бобрус, Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин  7-классынын окуучусу Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) барышат. Аларды «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими, IMPACT тренерлер арасындагы Эл аралык олимпиадасынын алтын медалынын ээси, команданын жетекчиси Махамадхан Ишматов жетектейт. Ал эми Бекжан  Жумабаев  математика боюнча IMO Эл аралык олимпиадасынын коло медалынын ээси, команданын жетекчисинин жардамчысы. 35-Эл аралык информатика боюнча олимпиаданы карап көрсөк, бул сынактын катышуучулары дагы жалаң жеке менчик мектептин окуучулары экен. Тенгиз Беккоёнов —  Жалал-Абад шаарындагы Курманбек Баатыр атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу, Алихан Айдарбеков — Нарын шаарындагы  М.Субакожоев атындагы лицейинин  9-классынын окуучусу, Байтөрө Майрамбеков — Талас шаарындагы “Манас Ата”  лицейинин 10-классынын окуучусу жана Айдар Мундузбаев — Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин                             11-классынын окуучусу. Эң кызыгы бир дагы кыз окуучуну кездештирүүгө болбойт. Бул эмнени билдирет? Табигый, так илимдерге кыздар кызыгышпайбы? Эмне үчүн мамлекеттик мектептердин окуучулары эл аралык олимпиадаларга катыша алышпайт?

Адистердин пикиринде,  мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде базанын начардыгынан жана мыкты мугалимдердин жетишпей жаткандыгында экенин жашырышпайт.

Бирдиктүү даярдоого олимпиадалык борбор керек

Эл аралык олимпиадага бир жерде даярдоочу борбор жоктугунан, ар ким ар кайсы жерде даярдык көрүшөт. Окуучуларды кызыктыруу, олимпиадага даярдоо үчүн чоң эмгек талап кылынаары шексиз. Ошондой эле аларга эл аралык талаптарга жооп берчү шарттарды түзүү зарылдыгы турат. Эл аралык олимпиаданын талабы боюнча тапшырмаларда мектеп программасына кирбеген бөлүмдөр дагы камтылат. Биздин окуучулар ушул жагынан аксап келишкенин жылда эле айтылып жүрөт.

Физика боюнча улуттук команданын жетекчиси, профессор Рая Султаналиеванын айтымында, 2020-жылдан баштап Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Эл аралык олимпиадаларга катышуучуларды тандоо үчүн беш  предмет боюнча Улуттук олимпиада деген аталышта сынак өткөрүлөт.

— Улуттук олимпиадага 8-класстан баштап 11-класстын окуучулары катышат. Быйылкы жылы Улуттук олимпиадага  3294 окуучу катталып, 1-этапка 2998 окуучу катышты,  экинчи этапка 749 окуучу, үчүнчү этапка 73 окуучу өтүп, 4-этаптын жыйынтыгы менен Азия олимпиадасына жана европалык олимпиадага он окуучу тандалды. Алардын ичинен жогорку балл алган беш окуучу  Эл аралык олимпиадага катышууга укук алышты. Алар: Турдукеев Атай — Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-кл. окуучусу; Баратали Бектур — Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы  лицейдин 10-кл. окуучусу; Жусубалиев Сыймык — Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы. лицейдин 10-кл. окуучусу; Абдиев Аскар — А. Молдокулов атындагы  №5 УИТМЛнин 9-кл. окуучусу; Анаралы уулу Эмир — А. Молдокулов атындагы №5 УИТМЛнин 10-кл. окуучусу, — дейт Рая Султаналиева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер