Интеграцияланган окуу китебинин жаңы мууну
- 06.04.2026
- 0
1920-30-жылдардын экинчи жарымына чейин өлкөбүздө комплексттүү программалар колдонулуп, предметтик принцип интеграциялык негизде пайдаланылган. Ал программа табият-адам-эмгек үч бурчтугуна көгөңдөлгөн. Демек, предмет аралык интеграцияга багытталгандыгы баамдалат. Ошондуктан 1924-жылы жарык көргөн И.Арабаевдин “Кыргыз алиппеси” жалпы көлөмү 58 беттен турат, бирок 32-беттен баштап, адабий жана турмуштук маалыматтар берилген. 1928-жылы жарык көргөн Ишенаалы Арабаев менен К.Карасаевдин “Жаңылык” деген “Чоңдор үчүн алиппеси” да 82 беттен туруп, 50 пайыздан ашыгы адабий-маданий ж.б. маалыматтар менен ширелген. Ушундай эле ойду К.Тыныстановдун “Эне тилибиз”, “Жаңы айыл”, Султан Сатыбалды уулу менен И.Арабай уулунун “Биздин мектеп” окуу китептери жөнүндө айтууга упайлар арбын. Кийинчерээк илимдин жана окуу предметтеринин ажырымдалуу процесси ыкчамдаган. Асыресе, өйдөкү окуу китептери кандайдыр бир деңгээлде интеграцияланган окуу китептеринин элементтерин ичине алган окуулуктар болгон десек жаңылышпайбыз.
Өлкөбүздө билим берүү системасы транформацияга учурап, ошого жараша окутуунун методологиясы менен философиясы олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгили менен мейкиндигине кирди. Жогорку окуу жайлардагы билим берүүдөгү дисциплина аралык интеграция – бул билим берүү процессинде ар кандай илимий категориялардын мазмунун, методдорун, түшүнүктөрүн жана изилдөө ыкмаларын өз ара байланыштырып, бирдиктүү системага келтирүүчү дидактикалык стратегия десек туура болот.

Салттуу билим берүү моделинде ар бир предмет өз алдынча жана обочолонгон түрдө окутулат. Мындай ыкма студентке келки-келки, үзүк, тармактуу жана эпизоддук билимди уюштуруу менен берет. Ал эми дисциплина аралык интеграцияда билим системалуу, ырааттуу жана бирдиктүү логикалык тутумда туруп, обьективдүү дүйнөнү комплекстүү, табигый түрдө толук кабылдоону үзүрлүү калыптандырат. Акыйкатта, теория менен практиканын ортосундагы ажырымды бир кыйла азайтат жана кемитет.
Окутууда сабактар аралык айкалыштыруу түшүнүгү азыркы коомдун талаптары менен тыгыз алака-катышта дегеним, бул опаасыз заманда көйгөйлөр бир гана илимдин алкагында чечиле коюушу мүмкүн эместиги барыбызга айкын.
Демек, дисциплина аралык интеграция бир нече илимий концепцияларга жөлөнөөрүн жана таянарын белгилей кетүү абзел. Системалуулук теориясына ылайык, билим – өз ара байланышкан элементтерден турган бирдиктүү туюнтма. Интеграция ошол элементтерди (дисциплиналарды) өз ара байланышта кароого ыңгайлуу жана оңтойлуу.
Конструктивдүү теорияда студент билимди даяр, белен түрүндө албайт, аны аңдоого жана туюнууга өзү катышат. Башкача айтканда, интеграцияланган окутуу студентке ар кандай булактардан алынган маалыматтарды логикалык өңүттөн бириктирип, жалпылаштырып, жаңы билим түзүүгө жана уюштурууга шарт-кырдаалдарды, мүмкүнчүлүктөрдү берет. Компетенттүүлүктүн негизги максаты – жөн гана маалымат жана билим берүү эмес, компетенцияларды “отургузуу”. Интеграция бул процессти камсыз кылат, анткени, сынчыл тааным аналитикалык ой жүгүртүү, көйгөй чечүү, коммуникация тариздүү көндүмдөр бир нече дисциплинанын кесилишинде чиелешинде, тоомунда өнүгөт жана калыпка түшөт. Интердисциплинардуулук теориясында илимдердин чек аралары шарттуу жана жагдайлуу мүнөзгө ээ болот. Реалдуу дүйнөдө экономикалык болобу, социалдык болобу, филологиялык болобу, педагогикалык болобу, айтор, ар кандай факторлор синхрондуу ал-жайга байланыштуу бир эле учурда кыймыл-аракетке жана камылга-даярдыкка келгендигин байкоого болот.
Сомосунан айтканда, дисциплинардык интеграция – бул билим берүүнүн заманбап ооматтуу парадигмасы. Ал билимди системалаштырат, студенттин дүйнө таанымын кеңейтет жана кесиптик компетенцияларын мазмундук- формалык өңүттө тереңдетет. Интеграциясыз заманбап билим берүү мүмкүн эмес, анткени XXI кылымдын көйгөйлөрү менен чакырыктары комплекстүү жана көп толкундуу океан тариздүү болгондуктан, бирдиктүү, толук жана логикалык өңүттө чынжырлашкан чынчыл, акыйкатчыл билим берүү алдыңкы планга чыгат.
Окуу китебиндеги филологиялык окуу дисциплиналарынын синтези, менимче, тил, адабият, лингвистика, маданият таануу, текстология жана башка филологиялык багыттагы предметтердин мазмунун, методдорун жана илимий ыкмаларын өз ара айкалыштырып, бирдиктүү билим берүү системасын түзүү процессин ишке ашыргандыгын канааттануу менен белгилеймин жана филология илимдеринин доктору, профессор Камбаралиева Уулкан айымды (Кыргыз тили жана адабияты: ЖОЖдор үчүн окуу китеби. –Бишкек:Avrasya Press. -366 Б.) бул аталган мартабалуу ийгилиги менен ак дилимден куттуктаймын. Окуу китебинде филологиялык дисциплиналардын синтезинин өйдөкү эмгекте принциптери, методдору, формалары жана уңгулуу багыттары илимий теориялык жана тажрыйбалык жактан мыкты иштелип чыккандыгын алдын ала белгилей кетүү эп.
Окуулуктагы филологиялык окуу дисциплиналарынын тогошуусу – бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн заманбап жана майнаптуу багыты экендигин айкындайт. Ал студенттерге тилди жеке система катары эмес, маданият, ой жүгүртүү жана коммуникация менен тыгыз байланышкан татаал феномен катары кабылдоого кеңири, жайык мүмкүндүк берет. Мындай мамиле жогорку кесипкөй, жалпы дүйнө тааным маданияты аналитикалык-синтетикалык, теориялык-практикалык, образдуу-абстрактуу, логикалык-ассоциативдик баалуулукка ээ адистерди даярдоонун негизги шарттарынын бири экендигин окуу китебинин мазмуну менен композициясы жана пафосу айкындап турат.
Текстке таянуу – бул тилди жана адабиятты окутууда эң натыйжалуу жана ийгиликтүү дидактикалык ыкма. Ал — борбордук түйүн жана үйрөтүүнүн киндиги. Окуу китеби тилдик, коммуникативдик, адабий жана маданий компетенцияларды камырдай жууруп, ийлөө аркылуу өнүктүрөт. Айтмакчы, окуу китебинде отуз бир тексттин илимий дефинициясы, академиялык оозеки кеп менен жазуу формаларынын теориялык жана практикалык өзөктүү, түйүндүү проблемалары жалпылаштырылган. Мисалга, анда текст боюнча маалымат, тексттин планы, тексттин түзүлүшү, анын структуралык-сементикалык белгилери, функциялык-семантикалык типтери, спич, синквейн, функциялык-стилдик бөлүнүшү, аннотация, аспектти, илимий стилдин өзгөчөлүктөрү, түрлөрү, текст-маалымат булагы, академиялык оозеки кеп, Блумдун таксономиясы, суроолор дарагы, академиялык тестин “гамбургер” модели ж.б.
Академиялык жазуу – бул жогорку окуу жайларында билим берүү жана илимий иш жүргүзүүдө колдонулган стандарттуу жазуу стили, ал ойду так, даана, логикалык жактан тыкан жана далилдүү формада жеткирүүгө багытталган парадигма. Бул жазуу формасы студенттердин жана изилдөөчүлөрдүн сапаттуу ой жүгүртүүсүн, илимий далилдүүлүгүн жана коммуникативдик билимин, билгичтигин, көндүмүн өнүктүрүүгө, ошондой эле байытууга жигердүү кызмат кылат.
Ошентип, академиялык жазуу–тилди жана адабиятты окутууда билимди айкындоонун аналитикалык жана сынчыл ойду өнүктүрүүнүн негизги дидактикалык куралы экендиги окуу китебинде ар тараптуу жана терең чечмеленгендиги баарыбызды кубандырат. Ал дисциплина аралык илим таанууга жана окутуунун технологиясына окумуштуу автордун олуттуу салымы деп айта алам.
Бул теориялык түшүнүктөрдүн ар бири кыргыз тилиндеги, адабиятындагы, маданиятындагы баалуу, ширин тексттер жана тексттердин үзүндүлөрү менен өтмө катары ширелип, синтезделип берилген. Мисалга, кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы–көчмөн цивилизациянын классикалык үлгүсү (“Манас” эпосу, “Курманбек” эпосу, “Кожожаш” эпосу, “Карагул ботом” ж.б.), кыргыз элинин орто кылымдардагы илимий жана элдик көркөм-адабий мурастары (Кет Бука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын ж.б.).
XIX-XX кылымдагы социалдык-философиялык, адабий мурастар (Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Молдо Кылыч), совет бийлигинин алгачкы жылдарында кыргыз жергесиндеги социалдык-маданий өзгөрүүлөр (Токтогул Сатылган уулу, Тоголок Молдо, И. Арабаев, К.Тыныстанов), XX кылымда кесипкөй кыргыз адабиятынын жаралышы жана калыптанышы (“Ажар” повести- Уркүнгө коюлган эстелик ж.б.), Улуу Ата Мекендик согуш-кыргыз адабиятында (Ж.Бөкөнбаев “Чептен эрдин күчү бек” ж.б.) Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки кыргыз адабияты (“Сынган кылыч”, “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Саманчынын жолу” ж.б.), XX кылымдын 60-70-жж. кыргыз адабиятынын өзгөчөлүктөрү (“Ак Кеме”, “Эрте жаздагы турналар” ж.б.), XX кылымдын 80-90-жылдары жана XXI кылымдын башталышындагы кыргыз адабияты (“Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” ж.б.). Жогорку негизги кошумча жана түшүндүрмө тесттер студенттердин жандуу баарлашуусуна, көркөм-эстетикалык дүйнө таанымынын алгалашына ылайык адаптацияланган. Студенттер өйдөкү аталган тексттер боюнча ой бөлүшөт, суроолорго жооп берет, диалог курушат жана талкууларды жүргүзүшөт. Ошондой эле, текстке чейинки жана тексттен кийинки суроолордун да маани-маңызы терең жана проблемалуу.
Окуу китебинде текстке таянуу аркылуу тилдин (лексика, грамматика), адабияттын (мазмун, идея, образ, мүнөз) жана маданияттын (тарыхый жана социалдык контекст) керемет дөөлөттөрүн бириктирүү менен үйрөтүүнүн кеңири мүмкүндүктөрү берилген. Акыйкатта, тандалган тексттер студенттердин билим деңгээлине ылайыктуу, мазмуну жана стили боюнча түшүнүктүү, жеткиликтүү экендиги баамга урунат. Ал тексттер жөнөкөйдөн татаалга, кыскадан узунга карай ырааттуу жана максаттуу берилген. Студенттердин логикалык ой жүгүртүүсү жана билими, билгичтиги, көндүмү системалуу, эволюциялуу негизде өнүктүрүлгөндүгү көзгө толумдуу, акыл-эске жугумдуу. Тексттер улуттук нарк-насилге жана адабий, маданий тилдик баалуулуктарды чагылдырууга терең таянгандыгы окурмандарды курсант кылат. Бардык тексттер студенттик аудиторияга ылайык кылдат адаптацияланган жана түйүндүү сөздөр котормолору менен шөкөттөлгөн.
Ырас, студент текст менен иштөөдө пассивдүү, борпоң эмес, активдүү, жигердүү катышуучу болушу ийги, ошого жараша талдоо, кайра айтып берүү, текстке чейинки, тексттен кийинки аппараттар (суроолор, көнүгүүлөр, тапшырмалар ж.б.) көбүнчө эвристикалык жана проблемалык мүнөздө уюштурулуп, чыгармачылык тапшырмаларды аткаруу процесси окуу китебинде баштан аяк системалуу жана комплексттүү берилгендиги толук колдоого арзыйт. Окуулуктагы тексттердин мазмуну, структурасы жана стилистикалык өзгөчөлүктөрү боюнча студенттерге терең талдоого машыгуу менен аналитикалык ой жүгүртүү амалдарын өнүктүрүүгө түздөн-түз багытталган. Чындыгында, текст аркылуу алынган билим реалдуу, практикалык тилдик коммуникацияда, б.а., сүйлөөдө, жазууда, диалог түзүүдө колдонууга мерчемделгендиги менен бул окуу куралынын илимий жана практикалык баалуулуктары оболоп турат.
Текстке таянуу–тилди жана адабиятты окутуунун натыйжалуу жана бирдиктүү ыкмасы экендигин окуу китебиндеги мазмундуу, кызыктуу, маалыматтуу, көркөм тексттерге шай келген өйдөкү принциптер, усулдар, түрлөр айкындап турат. Демек, студенттердин тилдик жана коммуникативдик компетенциясын жогорулатууга, адабий жана маданий дүйнө таанымын өнүктүрүүгө, чыгармачылык жана аналитикалык ой чабытын калыптандырууга, менимче, айтылган эмгек кепилдик бере ала турган бийиктиктер менен тереңдиктерди багындыргандыгын ишенимдүү айта алам.
Аталган окуулукту жазууда академиялык чынчылдыкты, автордук укукту жана жоопкерчиликти, шилтеме берүү маданиятын, обьективдүүлүк менен бейтараптуулук өңдүү өзгөчө илимий адалдыкты кынтыксыз пайдалана билген илимпоздун ички маданиятын белгилей кетүү да ашыкча болбос.
Кыргыз тили, адабияты жана педагогика илимдери бири-бири менен эриш-аркак, жанаша, бир катар, кош бирдиктүү кыймыл-аракетте өнүгүп жаткан таза улуттук илимдердин бири – кыргыз тилин, адабиятын окутуунун теориясы менен технологиясы. Ал өзүнүн турпаты боюнча өтө жаш илимдердин катарына кирсе да, азыр калыптанып, сапаттык өнүгүүнүн жана тереңдөөнүн татаал процесстерин баштарынан кечирүүдө. Ал-күчкө толуп, жетилген, кубаттанган сайын өз чөйрөсүнөн, өз ааламынан ажырымдалып, өз алдынча жаңы бөлүмдөрү, жаңы багыттары пайда болууда. Мына ошондой, өз алдынча илим катарында өзөгү бар багыттардын туундусу – окуу дисциплина аралык интеграция, текст таануу жана академиялык жазуу проблемалары. Бул оригиналдуу изилдөөгө негизделген окуу китебинин актуалдуулугу – коммуникативдик-лингвистикалык, коомдук-эстетикалык аң-сезимдин азыркы учурдагы сапаттык деңгээли жана окутуунун – тарбиялоонун касиеттүү милдеттери менен тыгыз байланыштуу.
Ырас, окуу китебинин фундаменталдуу мазмунун жогорку окуу жайларында интеграциялап окутуу, тексттин теориясы жана практикасы, ошондой эле, академиялык жазуу көйгөйлөрү уюштурган. Бул маалыматтар үч чен-өлчөмдүн, критерийдин негизинде каралгандыгы байкалат.
1. Сүрөткерлердин көркөм тексттери, чындыкты, турмушту сүрөттөөдөгү өзгөчөлүгү.
2. Жалпы тилдик, адабияттык процесстин жана окутуу жараянынын ал-абалы.
3. Ар бир чыгарманын тилдик – көркөмдүк конкреттүү турпаты, курамы, структурасы жана үйрөтүүнүн технологиясы.
Ушул үч критерийге гана негизделгенде тил менен адабиятты интеграциялап окутуунун жеткиликтүү болушу айкындалган. Изилдөөчү тилди жана адабиятты окутууда текстти борбордук булак жана методологиялык- философиялык негиз катарында колдонуу менен, үйрөтүүдө эки чоң проблемага кептелгендигин белгилей кетүү оң.
Биринчиси, тилдик, адабияттык түшүнүктөр жана терминдер жөнүндөгү интерпретациялар дайыма эле бирдей боло бербейт. Ал эми адабий чыгарма жана анын автору жөнүндө ар башка пикир гана эмес, карама-каршы көз караштар, позициялар кездешпей койбойт. Демек, методист- изилдөөчү ар дайым жана туруктуу түрдө чындыкка жакын турушу керек. Бул касиет интеграцияланган окуу китебинде бар.
Экинчиси, бардык эле лингвистикалык-теориялык жана адабий-теориялык терминдер, түшүнүктөр өзүнүн бүткөн, биротоло калыптанган аныктамасына, дефинициясына ээ эмес. Улам жаңыланган тилдик, адабияттык процесске жана улам жаңыдан келген тилчи, адабиятчы муундун чыгармачылыгына байланыштуу тилдин, адабияттын теориялык түшүнүктөрү да өздүк маанисин кеңейтип, кербезденип да, кубулуп да олтурат. Демек, изилдөөчү-окуу китебинин автору ар дайым жана туруктуу түрдө багытын жоготпой, филологиялык окуялардын тынымсыз жүрүп турган процессинин “тамыр” кагышын сезип турушу керек. Бул касиеттер интеграцияланган окуу китебинде бар.
Жогорку окуу жайларында тилди жана адабиятты айкалыштырып окутууда ар түрдүү мазмундагы түшүнүктөр берилгендиктен, аларды үйрөтүүнүн, окутуунун усулу да ошого жараша барабар маанилүү жана конгениалдуу десек болот. Дагы тагыраак айтканда, окуу китебинде жогоруда белгилегендей, тилдик жана адабияттык, педагогикалык фактылар да мол, аларды системалаштыруу да бар, аларды жалпылаштыруу да бар. Дагы тереңирээк айтканда, анда тил илими, адабият илими да бар, анда педагогика да бар, анда дидактика да бар, анда психология илими да бар, анда окутуунун-тарбиялоонун теориясы жана методикасы да бар, анда философия менен логика да бар. Кыскасы, аталган илимдердин мазмундук өз ара интеграциясы, өз ара ылайыкташуусу, өз ара ички гармониясы — дал ушул жаңы муундагы жана жаңы типтеги окуу китебин жараткан. Бул коомдук-педагогикалык зарылдыктын таамай туундусу, бул-аталган теманы изилдөөдө, окуу китебин жазууда ошого гана мүнөздүү, ошого гана типтүү болгон илимий жана окутуу методдорун таба алуунун айкын жаңылыгы.
Ал эми окуу китебинин автору — азаттыктын жылдарында орто мектептердеги, жогорку мектептердеги билим берүүнүн, тарбиялоонун тактикасын гана эмес, стратегиясын аныктоону үзүрлүү өздөштүргөн жана майнаптуу салым кошуп келе жаткан инсандардын бири. Биз барыбыз бүгүн, дал ушул күнү, дал ушул саатта, дал ушул мезгил менен мейкиндиктин тогошуусунда чыгармачылык менен жемиштүү иштеген окумуштууну жигердүү колдоп, мартабасын алгалап, бардыгыбыз үчүн, илим үчүн, өлкөбүз үчүн упай алып келген окуу китебине ооматтуу ийгиликтерди каалаганыбыз ийги. Ак жол сага, интеграцияланган окуу китебинин жаңы мууну!

Н.Ишекеев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корр, — мүчөсү
Комментарийлер