ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

  • 11.02.2022
  • 0

«Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аралыктан окутууда инновациялык ыкмаларды өркүндөтүү» деп аталган жаңы долбоор ишин баштады

Жаңы долбоор

«Таалим-Форум» коомдук фонду, коммерциядан тышкары Бишкектеги уюм, коомдук уюмдардын консорциуму: «Анахита» (Тажикстан) жана NNC (Монголия) менен биргелешип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн аралыктан окутуунун артыкчылыктарын жана инновациялык ыкмаларын табууга багытталган долбоорду ишке ашырууга киришти. Аталган долбоордо мектептер убактылуу жарымы же толук жабылган учурда үч мамлекеттеги аралыктан окутууну уюштуруудагы негизги стратегияларга изилдөөлөрдү жүргүзүү; аралыктан окутууну бирдей камсыз кылууда кездешкен негизги тоскоолдуктар: жашаган аймагына, этникалык азчылыкты жана гендердик теңчиликти аныктоо; аралыктан окутууну уюштурууда колдонулган моделдер, инновациялар жана стратегиялар, теңчилик жана инклюзивдүүлүк маселелерин майнаптуу чечүүнүн жолдору, мугалимдердин жөндөмүн колдоого алуу; билим берүүнүн саясатын жана тажрыйбасын иштеп чыгуу үчүн алдыңкы тажрыйбаларды табуу маселелерине комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Долбоордун негизги максаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын аралыктан окутуу үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу жана инновациялык ыкмаларды өркүндөтүү болуп саналат. Долбоордо мугалимдердин МКТны өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат, онлайн ресурстарга жана санарип түзүлүштөрдү пайдалануусун өркүндөтүүгө, ошондой эле пикир, тажрыйба, билим, методикалар жана көндүмдөр менен алмашууга ачык платформаларды түзүү маселелери каралат. Долбоордун натыйжалары мектептерде аралыктан окутууну натыйжалуу уюштуруудагы кемчиликтерди жоюуга мүмкүнчүлүк ачат, педагогдордун компетенциялары менен көндүмдөрүн бекемдейт, келечекти жана стратегияларды көрө билүү жана түшүнүү, аларды жакшыртат, тереңдетет, ошондой эле аралыктан окутууда узак мөөнөттүү оң өзгөрүүлөрдү, инновациялык моделдерди иштеп чыгууда ийгиликтерди колдойт. Долбоор билимдерди топтойт, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды табат, аралыктан окутууну өркүндөтүү боюнча жалпы сунуштарды иштеп чыгат жана кеңейтет. Үч мамлекетте жүргүзүлгөн изилдөөлөр Борбордук Азиядагы мамлекеттер үчүн актуалдуу болгон аралыктан окутуунун аймактык жана глобалдык натыйжалуу моделдери менен стратегияларын табат.

Долбоордун донорлору

Долбоор GPE/KIX (https://www.gpekix.org/) программасынын алкагында Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун IDRC, Канада (https://idrc.ca/en) колдоосу менен ишке ашырылууда. GPE – бул билим берүүдөгү глобалдык өнөктөштүк (БГӨ), азыркы учурда дүйнө жүзүнүн 76 өлкөсүнүн башын бириктирди. БГӨ мамлекеттердин өз билим берүү системасын кайра өзгөртүүсүнө колдоо көрсөтөт, ал өнөктөштүктүн күчүнө жана кеңдигине таянат. Уникалдуу модель өнөктөш өлкөлөрдүн билим берүүгө жеткиликтүү болушун жакшыртууга жана адилеттүүлүккө жетүүгө жардам берет, ошондой эле жүздөгөн балдар-кыздардын окуудагы ийгиликтерге жетүүсүн колдойт.

БГӨ KIX программасын иштеп чыгып, ишке ашырат, аны англис тилинен которгондо билимдер жана инновациялар менен алмашуу дегенди түшүндүрөт. Программа өнөктөш өлкөлөрдүн тажрыйбасын, инновациялар менен билимдерди бириктирүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып, киреше деңгээли төмөн болгон өлкөлөрдө күчтүү билим берүү системасын түзүүгө жардам берүүгө арналган. Кыргызстан БГӨнүн мүчөсү жана KIX программасына кирет. Биздин өлкөдө KIXтин Улуттук координациялык кеңеши түзүлгөн, ага КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү жана ЮНИСЕФтин, биздин өлкөдө иштеген жана башка эл аралык уюмдардан келген эксперттери кирген. Учурда өнөктөш өлкөлөрдө KIX программасынын 22 долбоору ишке ашырылууда, анын бири «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан Тажикстандын «Анахита» жана Монголиянын «NNC» коомдук уюмдарынын консорциуму тарабынан ишке ашырылууда. Кыргызстан бул долбоор менен Түштүк Судан, Сьерра Леон жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөр менен бирге мектепке чейинки билим берүү программасына катышат. KIX программасынын төрт аймактык борборлору бар (хаб), Кыргызстан EAP хабына (Europe, Asia, Pacific) – Европа, Азия жана Океания өлкөлөрүнө кирет (https://www.gpekix.org/regional-hub/kix-eap).

IDRC – Канадалык Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борбору 1970-жылы Канаданын парламенти тарабынан түзүлгөн. Анын мандаты: «дүйнө жүзүнүн өнүгүп келе жаткан аймактарындагы проблемаларга изилдөө жүргүзүү, демилгелөө, колдоо, шыктандыруу, ошондой эле бул аймактардын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө илимий-техникалык жана башка билимдерди колдонуу жана ыңгайлануу каражаттары». Борбор глобалдык өзгөрүүлөрдүн жүрүшү үчүн изилдөөлөргө жана инновацияларга колдоо көрсөтөт. Борбор кеңеш аркылуу башкарылат, эл аралык өнүгүү министрлиги аркылуу парламентке отчет берет, беш аймактык кеңсеси – Уругвайда, Кенияда, Сенегалда, Иордания жана Индияда бар.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин атынан башкы адис Ольга Брызгалова долбоордун бет ачарында:

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

– Мамлекет элге билим берүүнү жеткиликтүү камсыздашы керек. Алыскы айылдардагы аз сандагы: үч, беш, жети окуучусу бар мектептердин көйгөйлөрүн бир долбоордун алкагында чечүү жетишсиз. Бул ишке дайыма көңүл буруу зарыл.

KIX Улуттук комитетинин координатору Жаңыл Бөкөнбаева:

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

– Биздин мамлекетибиз, Кыргыз Республикасы KIX программасына кирет, ага катышкандардын бардыгынын башын бир максат – билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбалар, демилгелер, билимдер менен алмашуу, инновацияларды өнүктүрүү маселелери бириктирип турат.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Мамбетакунов Уланбек COVID-19 пандемия учурунда мектептер толук жабылган кезде Кыргызстанда жүргүзүлгөн иштер тууралуу токтолуп өттү.

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

– Кырдаал көрсөтүп тургандай, бир нече жылдар бою билим берүү тармагына санариптүү технологияларды киргизүүгө аракет кылып жатканыбызга карабастан, аралыктан окутууга даяр эмес экенбиз. Аралыктан окутуу 2020-жылдын жаз айынан башталды. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин крисизке каршы планы видеосабактарды тартуу боюнча донорлорду таап, алар телекомпаниялардын, университеттердин жана уюлдук операторлордун колдоосунда ишке ашты. Видеосабактарды тартууга мыкты мугалимдер чакырылды. Бул жаңы нерсе болгонуна карабастан, мугалимдер окуу программасынын негизги мазмунун камтыган сабактарды тарттыра алышты. Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу мугалимдер үчүн видеосабактарды жана аралыктан окутуу боюнча методикалык сунуштарды даярдап, сабакта колдонууга ачык ресурстарды жана сайттарды, электрондук китептерди, окуу-методикалык материалдарды, презентациялар менен видео сабактарды сунуш кылды. Кыргыз билим берүү академиясы ата-энелер үчүн телеберүүлөрдү даярдады, анда адистер аралыктан окутууда балдары менен бирге окуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып беришкен. Бир катар кемчиликтер да табылган, алар: мугалимдердин методикалык даярдыгынын начардыгы, мектептердин техникалар менен аз камсыз болушу, интернетке кошулуу проблемасы жана башкалар. Азыркы кезде мугалимдерди МКТны колдонууга үйрөтүүнүн масштабын кеңейтүү, онлайн режимде иштөөгө, ата-энелер менен бирге окутууга, кайтарым байланыш жүргүзүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, бардык мектептерди интернет байланышына кошуу иштери жүрүп жатат. КББА жаңы долбоорду колдоого даяр жана анын максат-милдеттерине жетишине ийгилик каалайт.

Билим алууга ар бир бала укуктуу, бирок дүйнө жүзүндө кездешкен проблемалардын кесепетинен балдардын айрым топтору үчүн сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөрдө бардыгына бирдей жеткиликтүү билим берүүнү камсыздоонун шарттары менен саясатында орун алган боштуктарды дагы кеңейтти. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жөнүндө БУУнун 2021-жыл үчүн берилген отчетунда COVID-19 билим берүү тармагында 20 жыл бою жетишкен ийгиликтерди жок кылды деп билдирилген. 2020-жылы 1-класстан 8-класска чейинки 100 миллиондон көп окуучунун окуу көндүмдөрү минималдуу деңгээлге жетпей калгандыгын белгилеген.

Пандемия дүйнө жүзүндөгү бардык окуу жайлардын жабылышына жана аралыктан окутууга өтүүсүнө себеп болду. Бул учурда маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуу окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да маанилүү болду. Аралыктан окутууда натыйжалуу окутууну камсыздоо үчүн интернетке кошулган техникалык каражаттардын болушу (компьютердин, ноутбуктун же смартфондун) өтө зарыл.

Кыргызстандагы мектептердеги аралыктан окутуу тажрыйбасына көпчүлүк начар деп баа берген. Өзгөчө алыс жайгашкан аймактардагы жакыр үй-бүлөдөгү балдар көбүрөөк жапа чегишти, анын себептери: интернеттин жоктугу же начар тартышы, мугалимдер менен окуучуларда смартфон жана ноутбук болбогондуктан сабак толук өтүлгөн эмес. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, бүткүл дүйнө жүзүндөгү билим берүүнү санариптештирүү доорунда МКТны (маалыматтык-компьютердик технологияларды) колдонуунун жана аралыктан окуунун артыкчылыктарын түшүнүү маанилүү болуп саналат. Аралыктан окутуудагы алгачкы тажрыйба – өткөндөн сабак алуу жана билим берүү системасында натыйжалуу стратегияны иштеп чыгуу. Бул тажрыйбалар учурдун шартына жооп берип, технологиялык өнүгүүлөрдүн талабына шайкеш келиши шарт.

Долбоордун эл аралык эксперти, ЮНЕСКОнун Жогорку билим берүү институтунун башкы талдоочусу Эмма Сабзалиева:

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

– Долбоордун жыйынтыктары глобалдык натыйжа берет, бул аймакта жүргүзүлгөн тажрыйба жана практика тууралуу дүйнө жүзү тааныша аларына ишенем. COVID-19 бүткүл дүйнөдөгү билим берүүнү жана мектеп окуучуларына таасирин тийгизгени бардыгына белгилүү. 2020-жылдын апрель айында дүйнө жүзү боюнча 70%дан ашык мектеп жабылып, ага 1.5 миллиард окуучу кабылды. Биз бүгүнкү күндө да пандемиянын таасирин сезип жатабыз. Бирок балдардын ар түрдүү топторуна ар башкача таасирлер жаралды десек да болот. Ооба, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мектептер ар түрдүү коммуникациялык платформаларды пайдалануу менен кырдаалдан ийгиликтүү чыга алышты. Балдардын 50% интернети жок, гаджети жок кантип окушту? Жарык өчүрүлгөн аймактарда жашаган балдар эмне болду? Интернет байланышы — бул билим берүүнүн теңсиздигинин бир гана көрсөткүчү. Аны ар түрдүү өлкөлөрдөн эле эмес, бир өлкөдө жашаган балдардын ар түрдүү топторунан байкоого болот. 2/3 өлкөдө аялдарга караганда эркектер интернетти көп колдонушат. 17 миллион кыз мектепти уланта албастыгы аныкталган. Дискриминация кыздар менен гана чектелбейт. Алыскы аймактардагы балдардын, этникалык жана тилдик азчылык, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер, качкындар лагериндеги балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жакшырбай эле, начарлап жаткандыгы аныкталган. Бул биздин балдарыбыз менен неберелерибизге, үй-бүлөбүз жана өлкөбүз үчүн каалай турган келечек эмес. Билим берүүдөгү дискриминация маселелери ар түрдүү деңгээлдердеги аракеттерди талап кылат. Өзгөрүүлөр улуттук билим берүү саясатында жана мектептеги жаңы педагогикалык ыкмаларда жүргүзүлүшү зарыл. Жаңы билимдерди иштеп чыгуу, саясатты жана практикаларды жаңыртуу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү маанилүү. Бул тармакта инновациялардын башталышы эң сонун кабар. Үч мамлекеттин консорциуму ишке ашырып жаткан жаңы долбоор аралыктан окутуудагы инновацияларды таба баштады, глобалдык келечегин эске алуу менен аймактарда изилдөө жүргүзүүнү жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктады. Бардыгыбыз биргелешип аралыктан окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу менен билим берүүнү жана бүтүндөй социалдык акыбалды жакшырта аларыбызга ишенем.

Долбоорду ишке ашыруучу уюмдар

«Таалим-Форум» коомдук фонду Кыргызстан (жетектөөчү мекеме), «Nomadic Nature Conservation» (Монголия), «Анахита» (Тажикстан) коомдук фонддору менен биргелешип «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда аралыктан окутуунун инновациялык ыкмаларын өркүндөтүү, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана билим алууда теңсиздикти азайтуу мүмкүнчүлүктөрү» аттуу долбоорду ишке ашырууда.

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

«ТААЛИМ-ФОРУМ» коомдук фонду, Кыргызстан (http://www.taalimforum.kg/) 2007-жылдан баштап билим берүүдөгү сабак аралык ыкмаларды, окутуунун инновациялык методдорун жайылтуу иштерин жүргүзүп келет. Мындан тышкары, биомаданий ар түрдүүлүктүн баалуулуктарын, этно жана эко-билим берүүнү, мектепке чейинки жана мектепте окуган балдарга арналган кыргыз тилиндеги китептерди, мугалимдер үчүн колдонмолорду иштеп чыгуу жана басып чыгаруу иштерин жүргүзүп, методикалык жардам көрсөтүү үчүн мугалимдердин формалдуу эмес тармагын түзүп, балдар үчүн китептерди кыргыз тилине которуу жана басып чыгарууда, ошондой эле ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүүдө, КР
Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен башталгыч класстын окуучулары үчүн iBilim.kg мультимедиалык программасын иштеп чыккан.

NOMADIC NATURE CONSERVATION (NNC), МОНГОЛИЯ (https://nnc-mongolia.org/). Уюмдун ишмердүүлүгү Монголиядагы айылдык мектептерди жана жамааттарды колдоого багытталган. Айыл жергесиндеги окуучулардын билимге жеткиликтүү болушуна, теңсиздикти азайтууга арналган. NNC топтогон тажрыйба, айылдык инновациялык билим берүү программалары улуттук деңгээлде кеңейтилип, мамлекеттик деңгээлде таанылган.

«АНАХИТА» уюму, ТАЖИКСТАН (http://boghiumed.com/) жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары, аялдар комитеттери менен уникалдуу салттуу маданий мурастарды жана тилди сактоо боюнча билим берүү жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш жүргүзөт. Билим берүү министрлиги, Маданият министрлиги жана Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта иштейт.

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ МЕЗГИЛИ

Долбоордун расмий бет ачары

Долбоордун бет ачары 14-октябрда Бишкек шаарында өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен, Кыргыз билим берүү академиясынан, Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунан, KIX Улуттук комитетинен, билим берүү мекемелеринен, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан, мектептерден өкүлдөр, билим берүү тармагынын эксперттери, ПИЛ изилдөө компаниясынын адистери катышты. Монголия жана Тажикстандагы консорциумдун мүчөлөрү жана кеңешчилери, ошондой эле KIX программасынын улуу кызматкери Сангай Джамтшо бет ачарга онлайн режимде катышты.

Долбоордун жетекчиси Жылдыз Доолбекова, «Таалим-Форум» коомдук фондунун директору Алмагүл Осмонова жана «ПИЛ Ресёч» компаниясынын илимий кызматкери Гүлнара Ибраева жүргүзүлө турган изилдөөнүн максаты, милдеттери, компоненттери жана стратегиялары менен тааныштырышты. Бет ачардан кийин аралыктан окутуу тууралуу жандуу талкуулар өттү, анда кемчиликтер жана алгылыктуу жагдайлар, аз камсыз болгон топтор үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү, жүргүзүлө турган изилдөөлөргө жана анын методологияларына берилген сунуштар каралды. Иш-чара ой-пикирлер менен алмашууга, кызматташтык түзүүгө, кызыкчылыгы бар тараптар менен өнөктөштөр үчүн эң мыкты аянтчага айланды.

Долбоордун расмий бет ачарлары Монголия жана Тажикстанда да өттү.

Монголиядагы долбоордун бет ачары 2021-жылдын 27-октябрында Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү окуу жайларынын, коомдук уюмдардын, Улан-Батор шаарындагы мектептердин мугалимдери менен ата-энелеринин катышуусунда өткөрүлдү, Кыргызстан жана Тажикстандагы консорциумдун мүчөлөрү жана кеңешчилери иш-чарага онлайн катышты.

Бет ачарда катышуучулар Монголиядагы аралыктан окутуунун учурдагы абалы, эпидемиянын билим берүүгө тийгизген таасири, инновациялар жана чечүүгө зарыл болгон келечектеги проблемалар тууралуу талкуулашты.

Монголия мамлекеттик педагогикалык университетинин аралыктан билим берүү бөлүмүнүн башчысы Л.Мунхтуя онлайн окутууну жакшыртуу үчүн иштелип чыккан программалар, орто мектептердин мугалимдерине МКТны өздөштүрүүгө жардам катары уюштурулган иш-аракеттер тууралуу айтып берди. Орто мектептердин мугалимдери өздөрү кездешкен проблемаларга токтолуп, теле жана онлайн сабактарга катыша албаган окуучулар үчүн түзүлгөн окуу программаларын иштеп чыгууга канчалык аракеттер жүргүзүлгөндүгүн айтып беришти. Катышуучулар азыркы учурдагы аралыктан окутуунун акыбалын, алгылыктуу жана кемчиликтүү жактарды талкуулашты, ошондой эле калк жашаган алыскы аймактардагы жана этникалык азчылыктагы балдарга билим берүүнүн жеткиликтүү болушун жакшыртуу үчүн эмне кылуу зарыл экендигин талкууга алышты.

Декабрь айында бет ачар Душанбе шаарында, Тажикстанда өткөрүлдү.

Долбоордун бет ачарын консорциумдун дагы бир мүчөсү «Анахита» коомдук уюму Тажик Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүүнү өнүктүрүү институтунун, Окуу-ресурстук борборунун, Билим берүү кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун,
ЮНИСЕФтин жана Тажикстандагы KIX Улуттук комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрдү. Кыргызстан менен Монголиядагы долбоордун кеңешчилери жана командалары иш-чарага онлайн катышты.

KIX Улуттук комитетинин координатору Шодибек Кодиров KIXтин демилгеси менен тааныштырып, KIX программасынын максатын жана аймактагы өнүгүүсүн, жетишкендиктерин түшүндүрүп берди. Долбоордун кеңешчиси Джовидшо Джураев изилдөөнүн методологиясы, иш-чаралар, күтүлүүчү натыйжалары тууралуу тааныштырды. Консорциумду жетектөөчү уюм «Таалим-Форум» коомдук фондунун директору Алмагүл Осмонова өлкөдөгү пандемия учурунда аралыктан окутууда пайдаланылган «iBilim» мультимедиалык комплекси тууралуу тааныштырды. Аталган онлайн билим берүү материалдары «Таалим-Форум» коомдук фонду жана Кыргызстандагы тажрыйбалуу мугалимдер менен МТ адистери тарабынан иштелип чыккан.

Бет ачарда ТРнын
ББжИМнин МКТ борбору Тажикстандын билим берүү системасында долбоорду ишке ашыруу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер