ИНФОРМАЦИЯЛЫК-КОММУНИКАЦИЯЛЫК КОМПЕТЕНТҮҮЛҮК МУГАЛИМДИН ЖАЛПЫ КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ ТҮЗҮҮЧҮСҮ КАТАРЫ

  • 12.05.2021
  • 0

Ибрагимов Ж.У. профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеплицейинин информатика мугалими

Коомдун азыркы өнүгүүсү билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн жаңы ыкмаларды талап кылат. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты» билим берүүнүн жыйынтыгын баалоодо бир гана билим деңгээлин аныктоого эмес, алган билимин иш жүзүндө колдоно билүүгө дагы,  өзгөчө кырдаалдарда алган билимин жетекчиликке алууга дагы, окуучулардын “компетенция” жана “компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө дагы багытталган.

Биздин макаланын негизи болуп “компетенция”, “компетенттүүлүк” түшүнүктөрү саналат. Компетенция жана компетентүүлүктүн жаратылышы, абалы, түзүүчүлөрү жана компетенциянын механизмдери жөнүндө суроолор актуалдуулугун уланта берет жана илимий талаш-тартыштардын предмети болуп келет.

Жогорудагы түшүнүктөрдү жалпылаштыруу, бир нече негиздер боюнча жүргүзүлөт: “компетенттүүлүк” жана “компетенция” базалык түшүнүктөрүн жана алардын өз-ара байланышын аныктап алуу; “кесиптик компетенттүүлүк” түшүнүгү; “кесиптик-педагогикалык компетентүүлүктүн” түзүүчүлөрү; “профессионалдык” жана “компетентүүлүк” түшүнүктөрүнүн катышы; информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүк түшүнүгү.

Илимий-педагогикалык адабиятта “компетенция” жана “компетенттүүлүк” түшүнүктөрүн аныктоого арналган жумуштар көп. Энциклопедиялык, словардык, ошондой эле ар кандай автордук макалаларды кайталабастан, бизге эң белгилүү дүйнөлүк энциклопедия Википедияга (wikipedia.org) токтолсок, компетенция (латын тилинен competentia “макулдук”, competere “дал келүү, туура келүү” дегенди билдирет) —  билимге жана тажрыйбага ээ болгон кимдир бирөөнүн жакшы билген суроолорунун айлампасы. Кандайдыр бир тармактагы компетенттүү адам, ошол тармакка алгылыктуу баа берүү жөндөмүнө жана натыйжалуу иш-аракет жүргүзүү жөндөмүнө ээ. Жалпы менен жекени бөлүп кароо үчүн көп учурда синонимдүү колдонулган “компетенция” жана “компетенттүүлүк” түшүнүктөрүн бөлүп карайбыз: компетенция – белгилүү бир чөйрөдөгү предметтерге жана процесстерге жана аларга карата сапаттуу натыйжалуу ишмердүүлүк үчүн керек болгон өз ара байланышкан жеке сапаттардын (билиминин, билгичтиктеринин, тажрыйбасынын, ишмердүүлүгүнүн жолдорунун) топтомун камтыйт. Компетентүүлүк – адамдын жеке өзүнүн ага жана ишмердүүлүк предметине карата болгон мамилесин камтыган тийиштүү компетенттүүлүктөргө ээ болуусу.

Жогорудагы аныктамалардан кийин бул түшүнүктөрдү төмөндөгүдөй кылып ажыратып алабыз: компетенцияны, адамды даярдоого кээ бир ыйгарылган, алдын ала талап кылынган талаптар. Ал эми компетенттүүлүктү болсо, анын калыптанган жеке сапаттары катары түшүнсө болот.

Эми, “Кесиптик компетенттүүлүк” (КК) – бул адистин жөндөмдүүлүгү жана алган билимин, тажрыйбасын кесиптик ишмердүүлүгүнүн реалдуу шарттарында ишке ашырууга даярдыгы катары аныктасак болот.

ККда адамдын толук касиеттери бар, алар өзүнүн кесиптик деңгээлин гана жогорулатууга багытталбастан, үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүү жана өз алдынча өнүгүүгө да багытталган. КК адистин кесиптик ишмердүүлүгүндөгү ийгилигинин  фактору катары жооп берген кесиптиик-жекече мүнөздөмөсү.

Ошентип, кесиптик компетенттүүлүк, компетенцияга карата бир катар жекече мүнөздөрдү өнүктүрүүнү сунуштайт. Компетенттүүлүк түшүнүгү бир гана акыл-эстүүлүк жана ыкчам-технологиялуулукту түзгөндөрдү камтыбастан, мотвациялык, этикалык, социалдык жана жүрүм-турум түзүүчүлөрүн да камтыйт. Башкача айтканда, компетенттүүлүк, дайыма бир адамдын жеке сапаттары менен кооздолот.

Кесиптик компетенттүүлүктүн толугураак аныктамасы Л.Н.Захарова, В.В.Соколова, В.М.Соколовдор тарабынан берилген: баалуулук багыттарын, жаратылыштагы, коомдогу ориентацияны, адамдардын, өзүнүн руханий тажрыйбасын өркүндөтүү аркылуу, практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу аркылуу, социалдык жагымдуу, же жок дегенде алгылыктуу өзүн-өзү түшүнүү … ”.

Педагогикалык билим берүү теориясында «кесиптик компетенттүүлүк» түшүнүгү мугалимге карата кесипкөйлүк менен аныкталган талаптардын жыйындысын билдирет жана «квалификациялык мүнөздөмөлөр», «инсандык профессионалдыгы», «кесиптик даярдык», «кесипкөйлүк» (сыяктуу) сөздөр менен колдонулат ( Е.И.Рогов, Н.В.Кузьмина, О.М.Шиян ж.б.).

Л.М. Митина, кесиптик-педагогикалык компетенттүүлүктү мындай түшүндүрөт: бир гана активдүү контекстте эмес, мугалимдин бүтүндөй ишинин контекстинде, башкача айтканда, мугалимдин педагогикалык компетенттүүлүгү менен бир предметтик билимди, методиканы жана дидактиканы окутууну, ошондой эле педагогикалык баарлашуунун көндүмдөрүн (маданиятын) гармониялуу айкалыштыруу » [115].

Башка изилдөөчүлөр кесиптик-педагогикалык компетенттүүлүктү жогорку сапаттагы психологиялык-педагогикалык даярдык менен шартталган инсандык сапаттардын жыйындысы катары түшүнүшөт жана “кесиптик педагогикалык” ишмердүүлүктүн өзүн-өзү уюштуруу деңгээлин жогорулатат дешет.

Ушул кезге чейин жалпы эле мугалимдин компетенттүүлүгү жөнүндө маселе илимде бирдиктүү чечиле элек болгондуктан, бизге бул түшүнүктү «кесипкөйлүк» түшүнүгүнө байланыштырып карап чыгуу керек окшойт, анткени алардын чектери так белгиленген эмес.

Илимпоздордун кесипкөйлүк түшүнүгүнө ар кандай маани беришкен, ага ылайык кесипкөйлүк адамдын инсандык касиети. Ошентип, В.И. Бакштановский чыныгы кесипкөйлүк адеп-ахлактык мааниге ээ — милдетти түшүнүү, жоопкерчиликти сезүү, кесиптик иштин жогорку социалдык максатын түшүнүү жана бизнестин ийгилиги деп эсептейт. Жана адеп-ахлактык сапаттар, бул жеке адамдын сырткы көрүнүшү… И.Д.Багаева  кесипкөйлүктү анын жарандык жетилгендигинин, жоопкерчилигинин жана милдетинин ишке ашышына байланыштуу ишмердүүлүктө калыптанган инсандын ажырагыс касиети катары аныктайт. А.А.Бодалеванын ою боюнча кесипкөйлүк — инсанды өнүктүрүүдөгү эң жогорку чекит.

Ошентип, белгилүү бир жеке сапаттарга ээ болгон кесиптик аткаруунун жогорку деңгээлинин биригиши — бул кесипкөйлүк.

Системалык квалификацияны жогорулатуу позициясынан алганда, мугалимдердин кесипкөйлүгү предметтик-методикалык, психологиялык-педагогикалык жана информациялык-коммуникациялык технологиялардын компоненттерин камтыган компетенттүүлүктүн синтези катары каралат.

Окуу-методикалык колдонмолордо «информациялык компетенттүүлүк» жана «компьютердик компетенттүүлүк» деген түшүнүктөр көп колдонулат. Информациялык компетенттүүлүк түшүнүгү маалыматты алуу, аны иштеп чыгуу, өзү жана башка колдонуучулар үчүн ыңгайлуу формада берүү, алынган маалыматты түшүнгөндүгүн көрсөтүү, жыйынтык чыгарууга жана чечим кабыл алуу жөндөмдөрүнө байланыштуу. Өз кезегинде, компьютердик компетенттүүлүк окуучунун алынган маалыматты иштеп чыгуу үчүн ар кандай программалык каражаттарды колдонууга даярдыгын аныктайт.

Окуучуну информациялык коомдогу жашоого даярдап, анда ар кандай информация менен иштөө көндүмдөрүн гана эмес, ошондой эле ушул информацияны иштеп чыгуу үчүн заманбап информациялык технологияларды колдоно билүүнү калыптандыруу керек. Демек, жогоруда айтылган эки түшүнүктүн негизинде «информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүк» түшүнүгүн калыптандырууга болот. Аны окуучунун информациялык технологиялар аркылуу информацияны издөө жана иштетүү жөндөмү деп эсептесе болот, бул информацияга сын көз менен карайт жана ушунун негизинде кандайдыр бир жыйынтыкка келип, чечим кабыл алат.

Бүгүнкү күндө информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүк түшүнүгү бирдиктүү аныкталган эмес. Илимпоздор бул түшүнүктү чечүүдө ар кандай акценттерди жасашат. Ошондуктан, ушул макалада «информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүк» же кыскача көнүмүш адатта колдонулуп жүргөн «ИКТ компетенттүүлүк» түшүнүктөрүн карап чыгабыз.

Акыркы мезгилде профессордук-окутуучулук курамдын ИКТ компетенттүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.  О.Н.Шилова жана М.Б.Лебедевдер ИКТ компетенттүүлүгү адамдын информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен билим берүү, тиричилик, кесиптик милдеттерин чечүү жөндөмү деп аныктайт.

ИКТ жаатындагы мугалимдердин компетенттүүлүгүн Л.Н.Горбунова жана А.М.Семибратовдор “мугалимдин өз кесиптик ишмердүүлүгүндө ушул технологияларды өз алдынча жана жоопкерчиликтүү колдонууга даярдыгы жана жөндөмдүүлүгү” деп эсептешет.

Ошентип, мугалимдин ИКТ компетенциясына ылайык, өзүнүн предметтик ишинде информациялык-коммуникациялык технологияларды өз алдынча колдонууга даярдыгы жана жөндөмдүүлүгү менен көрүнгөн инсандык сапатын билдиребиз. Мугалимдин ИКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу процесси дайыма өнүгүү үстүндө болушу керек.

И.А. Зимняя «информациялык технологиялар жаатындагы компетенттүүлүк» түшүнүгүн баса белгилейт. Ага төмөнкүлөр кирет: информацияны кабыл алуу, иштеп чыгуу, аралыкка берүү; информацияны трансформациялоо (окуу, жазып алуу); жалпыга маалымдоо каражаттары, мультимедиялык технологиялар; компьютердик сабаттуулук; электрондук чөйрө, интернет технологияларына ээлик кылуу.

Ошентип, информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүк — бул адамдын интегративдик сапаты, бул информацияны тандоо, өздөштүрүү, иштеп чыгуу, трансформациялоо жана генерациялоо процесстеринин предметке мүнөздүү билимдин өзгөчө түрүнө айлануусунун натыйжасы компьютердин жардамы менен иштин ар кандай чөйрөлөрүндө оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу, божомолдоо жана ишке ашыруу, анын ичинде маалыматтык коммуникациялык технологиялар багытындагы ИКТ — компетенттүүлүк.

Изилдөөнүн алкагында эң актуалдуу информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүк — заманбап билим берүүнүн максаттарынын негизги артыкчылыктарынын бири, ж.о.э. аралыктан окутууну уюштурууда эң жогорку талаптардын маанилүүсү.

2019-жылы дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн пандемия болуп, ковид-19 вирусунун жайылуусун алдын алуу максатында, билим берүү процесси республика боюнча онлайн режимге өттү. Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирге окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан алып кетүү максатка ылайык болду. Орто мектепте иштеген педагогикалык кызматкерлердин курамы, жаш мугалимдерден тартып, пенсия курагындагы эже-агайлар болгондуктан, ар биринин жаш өзгөчөлүгүнө, окуткан предметинине жана кабыл алуусуна ылайыктап, информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонууну үйрөтүп жаттык. Ар бир предметник мугалим өзүнүн сабагынын максатына жетиши үчүн теманы жеткиликтүү кылып ачып берүүнүн аракетин көрөт. Презентация жасай турган болсо оюндагыдай жыйынтыкка келиши үчүн компьютерде иштөөнү, анын ичинде MS PowerPoint менен иштөөнү жогорку деңгээлде өздөштүрүшүн талап кылат.

Педагогикалык кызматкердин талабына ылайык, презентация жасаганды мыкты билген мугалимдерге видео сабак жасаганды үйрөтүүнүн үстүндө иш алып бардык. Предметтин өзгөчөлүгүнө карап, башка-башка программаларды окуп, өздөштүрүп, практика жүзүндө колдонуп, жасаган аудио, видео, презентацияларын онлайн сабакта кеңири колдонуп, окутууну жогорку деңгээлде алып барышты.

Жетекчиликтин демилгеси менен, SunRav системасында ар бир мугалим, өзүнүн электрондук китебин иштеп чыкты. Анда, окуу планы боюнча бекитилген темалардын мазмуну, ар бир темага презентация, аудио, видео сабактар жана эң негизгиси, компьютердик тестирлөө камтылган. Электрондук китептин максаты, окуучунун өз алдынча билим алуусуна шарт түзүү. Тактап айтканда, окуучу китептен материалдарды окуйт, презентация, видео сабактарды көрүп, билимин өркүндөтөт, аягында, теманы канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгү боюнча компьютердик тесттен өзүн сынайт. Анын жыйынтыгында начар жыйынтык чыгып калса, кайрадан теманы кайталап, керек болсо жаттап, тесттен кайра өтүү менен окуучу билимди өздөштүрөт. Жасалган аракеттердин бардыгы окуучуларды өз алдынча билим алуусуна электрондук окуу материалдарын түзүү аркылуу жетишүү милдетин мугалимдер кайсы деңгээлде болбосун уюштура алышты. Кыргыз педагогикасынын улуу башчысы академик, И.Б.Бекбоев айткандай: “Мугалимдин эң жогорку жетишкендиги – бул окуучуну өз алдынча иштөөгө үйрөткөндүгү”.

Пандемия учурунда окуучулар үйдөн эле отуруп, мугалимдердин түзгөн электрондук китептерин колдонууга да шарт түздүк. КыргызТелеком менен биргелешип 15ГБ эс бөлдүрүп, сайт ачып, бардык предметтер боюнча китептерди чейректерге бөлүп, тиешелүү чейректерди жайгаштырып турдук.

Убакыттын өтүшү менен талаптар жогорулап, графикалык интерфейси жагымдуу, интерактивдүү тапшырмалары өтө көп болгон Якласс информациялык системасына өттүк. Мектеп директору М.У.Касымалиевдин эмгеги менен минималдуу баа менен ар бир окуучуга лицензия алып, бонус катары мугалимдерге да лицения алып, даярдаган электрондук китептерди якласска киргизип, окуучулардын аралыктан билимдерин өркүндөтүүлөрүнө дагы да кеңири шарт түздүк. Ал шартты түзүүдө педагогикалык кызматкерлер информациялык технологияларды колдонуунун жогорку деңгээлин көрсөтүштү.

Ошентип, иш жүзүндө информациялык, кесиптик мааниге ээ жана социалдык-маданий багыттагы компетенциялардын жыйындысы «мугалимдин информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүгү» деген түшүнүктү түзөт.

Мугалимдин негизги компетенттүүлүгү анын информациялык технологиялардын жардамы менен кесиптик багытталган милдеттерди чечүү жөндөмү менен аныкталат, б.а. мугалимдин күнүмдүк турмушундагы чыныгы кырдаалдарда келип чыккан жана анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу: техникалык каражаттарды пайдалануунун конкреттүү көндүмдөрүнө ээ болуу; информацияны ар кандай булактардан алуу, жеткиликтүү формада берүү жана натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү; информацияны аналитикалык иштетүүнүн негиздерин билүү; ар кандай информациялар менен иштөө мүмкүнчүлүгү; алардын предметтик чөйрөсүндөгү информация агымдарынын өзгөчөлүктөрүн билүү; информацияны Интернетке сунуштоо мүмкүнчүлүгү.

ИКТ – компетенттүүлүктү тандап алган окутуу технологиясын колдонуудан баштап, ар бир окуучунун өнүгүүсүн, педагогикалык тутумду иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылган тиешелүү билим берүү чөйрөсүн түзүүдөн баштап, уюштурулган билим берүү процессинин натыйжалуулугун камсыз кылат. Алардын структурасында элементтердин бири-бири менен байланышкан эки тобу бар: биринчиси педагогикалык милдетти аныктайт жана түзөт (окуучулар, билим берүүнүн максаты жана мазмуну), экинчиси педагогикалык технологияны (окутуу процесстери, уюштурулушу жана каражаттары) түзөт.

Ар кандай иш-аракет «максат коюу» баскычынан башталат, максатты жана ага жетүү жолдорун аныктайт жана жеке, кесиптик жактан маанилүү натыйжаны алуу менен аяктайт, бул максатка, өзүн өзү сыйлоого жана көзкарандысыз эксперттердин жактыруусуна дал келет . Эгерде дал келсе — калыптанган компетенттүүлүк жөнүндө сүйлөшсөк болот эгер чыныгы натыйжа дал келбесе же берилгенден олуттуу айырмаланса, алар адистин компетенттүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө айтышат.

Ар бир кызматкер өзү аткарган жумуш ушул кесиптик иштин акыркы натыйжасына коюлган талаптарга жооп берген деңгээлде компетенттүү.

Ошентип, мугалимдин информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүгү — бул жаңы билим берүүчү информациялык чөйрөдө кесиптик-педагогикалык ишмердүүлүктө натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берген компетенттүүлүктү уюштуруунун өзгөчө түрү.

Бөлүшүү

Комментарийлер