Илимди бакпаса, экономика өнүкпөйт
- 27.04.2026
- 0
Кыргызстандагы илимдин өнүгүү абалы, натыйжалуулугу жана келечекке стратегиялык ой жүгүртүү проблемаларын козгоп, окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп олтурам.
Бул макаланын жазылышына себепкер болуп, Кыргыз Республикасынын президентине Улуттук доклад даярдоо муктаждыгы эсептелген болчу. Ал эми сандар менен фактыларды төмөнкү булактардан алдык:
- Дуйнөлүк банк;
- UNESCOнун статистикалык институту;
- эларалык статистикалык илимий-аналитикалык отчетторунан;
- Улуттук Статком;
- илимий мекемелердин эксперттик макалаларынан.
Анализ мерчеми (динамика) 2000–2025-жылдарды камтыйт.
Ошондой эле эл аралык салыштыруу ыкмасы дагы колдонулду (КМШ, ОЭСР, Азиялык аналитикалык институттар). Колдонмо каражат катары илимдин институционалдык жана кадрлар боюнча параметрлери пайдаланылды.
Мамлекеттин өнүгүү системасындагы илимдин орду
Кыргыз Республикасында илим үч орчундуу функцияны аткарат:
- Интеллектуалдык эгемендик;
- Технологиялык-экономикалык көз карандысыздык;
- Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн илимий негиздөө.
Албетте, уюткулуу система түзгөн институт болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы эсептелет. Бул илим ордосу азыр КР Конституциясына ылайык жана “КРнын Илим жөнүндө Мыйзамына” ылайык, КР Президентине түздөн-түз караштуу башкы илимий мекеме. КР УИА фундаменталдуу изилдөөлөр менен илимий багыттагы институттарды жана ЖОЖдордогу илимий изилдөөлөрдүн башын бириктирип координациялайт.
Илимдин макроэкономикалык көрсөткүчтөрү мындай:
Төмөндө кургак цифраларга көңүл буралы.
Айрым өлкөлөрдөгү ЖДПдан илимге жумшалган чыгымдардын пайызы
Таблица 1.

Айта кетүү керек, Дүйнөлүк Банктын көрсөткүчтөрүнө таянсак, Кыргызстанда акыркы 4-5 жылда экономикабыз мурунку 30 жылдык сенектиктен чыгып, позитивдүү өнүгүү тенденциясына кирди. Ошол эле убакта, Жалпы Дүң Продукттан илимий өнүгүүгө багытталган каражат болгону 0,058–0,06% түзүп келүүдө. Бул деген өнүккөн өлкөлөрдүн илимди калктын жан башына финансылоо деңгээлинен 15 эседен 50 эсеге дейре төмөн дегенди билдирет.
Суроо келип чыгат: ушундай бечаралык менен кантип илимди өнүктүрүүгө болот, анан канткенде илим экономиканын өсүшүно оң таасир тийгизе алат?
Өткөн 2025—жылы Улуттук илимдер академиясына илимий изилдөөлөргө багыштап бөлүнгөн республикалык бюджет эсебинен 641,3 млн сом болуп, 2024-жылдагыдан көбүрөөк болгон. Бирок абсолюттук сандан пайыздык санга которгон кезде, бул көрсөткүч итке минген абалды чагылдырып турат (таблицаны караңыз)
Тарыхый динамика (Кыргызстан)
Таблица 2

Аналитикалык тыянак: Кыргызстандын экономикасынын илимий интенсивдүүлүгү соңку 35 жыл аралыгында уламдан-улам төмөндөө шартына дуушар болуп калган. Эгерде ИДПнын өсүшүн эске алсак, өсүү динамикасы эч өзгөргөн эмес. Мисалы, ошол эле инфляциялык коэффициент илимге жумшалуучу сумманы жокко чыгарып, пайыздык катыштыктарды 0,06 – 0,07 % алып келип жатат. Ошол пайыз жок дегенде 1% болгондо, илимге 1,2-1,3 миллиард сомдук инвестиция келмек.
Жарандардын жекелей башына алганда илимге жумшалган чыгым (R&D – изилдөө жана өнүгүү коэффициенти) башка мамлекеттер менен салыштырганда өтө чоң айырманы берип жатат.
Таблица 3

Тыянак: Кыргызстан ар бир жарандын жеке башына жумшалган илимий инвестиция жаатында дүйнөдөгү эң сараң мамлекеттердин катарына кирет. Ушул себептүү илимдин өнүгүүсу жогоруда мисал келтирилген мамлекеттерге салыштырганда өлкөбүздө өтө начар абалда экенин көрө алабыз. Эгерде илимге мамлекет тарабынан тийиштүү каржылык мамиле болбосо, ал мамлекет өзү кантип өнүгөт?
Илимдин кадр потенциалы бизде кандай?
Илимпоздордун катыштык саны (же илимдин кадр потенциалы)

Аналитикалык белгилей кетүүчү ой: 1990-жылдардан баштап фундаменталдык жана прикладдык илимди институционалдык жалган трансформациядан өткөрүп, талкалоочу аракеттерден кийин өлкөдө илимий кадр потенциалы төмөндөөгө учурап, илимий жана технологиялык өнүгүүгө өкмөт кошкөңүл мамиле кылган. Акыркы 3-4 жылда гана экономикадагы коррупциялык формадагы сенек башкаруу жоюлуп келе жатат. Ошого карабастан, илимди каржылоо дагы деле өтө жармач акыбалда турганын моюнга алышка туура келет.
Илимий изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгуулардын ИДПга болгон катышы боюнча
ИДПнын 2025 жана 2026-жылдардагы илим үчүн бөлүнгөн үлүшү азырынча тактала элек (Улуттук Статкомдун кашаңдыгы: бир дагы заманбап маалымат ала албайсың). Бирок Research and development expenditure (% of GDP) эл аралык байкоочулардын берген маалыматына таянсак, жогоруда айтылган илимий изилдөө мекемелерине бөлүнгөн 2023-2026-жылдардагы 0,05-0,06% ЮНЕСКО менен Дүйнөлүк Банктын расмий статистикасына туура келет. Ошол эле тенденция былтыркы КРдын ИДП 1,9 – 2,05 триллион сомго жеткенине карабастан сакталууда.
Таблица 5

Карыбек Байбосун, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президентинин окумуштуу катчысы, философия илимдеринин кандидаты.
Комментарийлер