ИЛИМ КҮНҮ КАНДАЙЧА БЕЛГИЛЕНИП КАЛГАН?

  • 19.11.2021
  • 0

ХХ кылымдын шартында, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө «либералдык» жана «социалисттик» түзүлүштөгү эки чоң идеологиялык лагерге бөлүнүп турган учурда илим саясий-социалдык атаандаштык көрүнүштөрдүн аркасы менен кыска убакытта дүркүрөп өстү… Бирок, илимдин болуп көрбөгөндөй алга умтулушу объективдүү-субъективдүү себептерден улам ошол кылымдын жетимишинчи жылдарында эле солгундай баштаптыр… Кандай болгон күндө дагы, дүйнөлүк деңгээлде алганда, илимдеги жетишкендиктер ошол капиталисттик жана социалисттик түзүлүштөр күчүндө турган мезгилде болгон экен.

Көп узабай эле, Кыргызстанга Эгемендик доор келди. Биз отуз жылдан ашык мезгилден бери эркиндик доорунда жашап жатабыз. Ошол отуз жылдык тарыхыбыздын алкагында өлкөбүз саясий-экономикалык, социалдык кризистерди башынан кечирип, илим тармагы дагы өзүнүн дурус жана буруш жактары менен эволюциялык жылышын башынан өткөрдү. Керек болсо, өлкөнүн отуз жылдык эгемен тарыхында илимге болгон камкордук, талаптар ойдогудай болгон жок: жада калса, илимий интеллигенциянын кесиптик күнү белгиленбей келди. Илим күнүнүн белгиленип калышынын өзүнүн тарыхый окуясы бар. 1997-жылы 9-январда «Кыргыз Туусу» гезитине академик А.Акматалиевдин «Илим күнү керекпи?» деп, коомчулукка собол таштаган макаласы жарыяланат. Анда, академик  А.Акматалиев оюн так билгизип: «…Ачык жана баса айтканда, илим күнү майрамдоо үчүн керек эмес, өлкөбүздүн көз карандысыздык шартында республикабыздын илиминин өнүгүүсүнө камкордук кылуу үчүн керек», — деп баса белгилейт. Ошол макалада академиктин козгогон негизги идеясы – улуу муун түптөп кеткен илим көчүн кичүү муун улай турганына кам көрүп, келечек муундарды илим жолуна багыттап, «ар бир кызматкер үчүн «Илим» күнү Эверест, Эльбурс, Хан-Теңири чокуларындай бийик сезилиши керек жана анын «бороон-чапкынына», «ызгаарына», «тар жол, тайгак кечүүсүнө» туруштук бере турган муунду тарбиялашыбыз керек» — деп, олуттуу маселени кабыргасынан койгон… Аталган макаладагы академик А.Акматалиевдин илим күнү жөнүндөгү идеясы ошол мезгилдеги КР УИАнын президенти, академик Ж.Жээнбаевге жагып калып, ал киши учурунда өлкөнүн президенти А.Акаевге макаланы көрсөтүп, илим күнүн белгилөө боюнча сунушун айткан экен. Бул сунуш мамлекет башчысы тарабынан колдоо таап, 2002-жылы 14-январда премьер-министр Н.Танаев 10-ноябрды «Илим күнү» катары белгилөө тууралуу Өкмөттүн токтомуна кол койгон. (Көрсө, кийин белгилүү болгондой, 10-ноябрь – А.Акаевдин туулган күнү экен)

10-ноябрь – илим күнү: бул күндү белгилөөнү коомчулук бара-бара салтка айландырып келе жатат. Бул жылы илим күнүнө карата «Азаттык» үналгысы ЖАКтын жетекчиси Б.Тыналиева, профессор Т.Батыралиев жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жаш окумуштуусу Руслан Адилдин катышуусунда «Эски системага тушалган илим» аталган талкуу-маек уюштурду. Анда илимдин азыркы абалы жөнүндө кызыктуу ойлор айтылды. Керек болсо, маек берген адамдардын пикирлерин бири-бирине салыштырып карасак, өтө эле контрасттуу жооптор болгонун байкаса болот. Мисалы, ЖАКтын жетекчиси учурда илим өз нугунда өнүгүп жатканын баяндагысы келген. Ал эми,Т.Батыралиев Кыргызстандагы илимди таптакыр эле жокко чыгарып, дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштардан артта калганын баса белгилеген. Жаш окумуштуу Руслан Адил улуттук илимди колдогусу келет. Бирок, отуз жылдын ичиндеги илимдин уңкул-чуңкулу жөнүндөгү маселелерди козгоп, узак сөз кылып олтурбайлы. Гуманитардык илимге келгенде, жаш окумуштуу Руслан Адил айткандай, гуманитардык илимдерге келгенде ар бир өлкөнүн өзүнүкү да. Мисалы, кыргыз тили, адабияты боюнча жазылган эмгектер өзүбүзгө керек, демек, гуманитардык илим тармагындагы изилдөөлөр мурда илимде колдонулбаган жаңы фактылар, архивдик документтер менен толукталып, жаңы деңгээлдеги эмгектер пайда болуп жатканын байкаса болот…

Жыйынтыгында, дагы бир айта турган нерсе, кыргыз илими эски системанын тушагынан чыга албай жаткан кезде, дүйнөлүк коомчулук жаңы формациялык доордун босогосун аттап өтүп, технологиялык доордо жашап жатса, бирок ал доордун жалпы системасы али да бүдөмүк, белгисиз болуп турса, анда кыргыз илиминин келечектеги тагдыры кандай болору бардыгыбызды түйшөлтүп, ойлонто турган көйгөйгө айланып отурат.

Рысбек Эшматов.
КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы
Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери

 

Бөлүшүү

Комментарийлер