ИННОВАЦИЯЛАР ЖОЛУНДАГЫ ЗАМАНБАП ИНСТИТУТ
- 03.10.2025
- 0
Кечээ эле илим-билимге суусаган кыргыз кыздарынын жогорку билим уясы болуп келген, миңдеген мугалим адистерди окутуп, тарбиялап мектептерге, турмушка аттандырган педагогикалык институт, бүгүнкү И. Арабаев атындагы университет байсалдуу жолду басып, 80 жылдык мааракесине келип отурат. Соңку эки-үч жылдын ичинде университет ректор Абдраева Айгүл Төлөковнанын жетекчилиги алдында инновациялык өнүгүү жолунда дагы жемиштүү жаңы кадамдарды жасады.
Университеттин курамында университеттин аброюн көтөрүп, анын атын чыгарган заманбап институттар бар. Ошондой алдыңкы институттардын бири Магрифа Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүүү институту болуп эсептелет. Бул институт адегенде 1997-жылы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту болуп түзүлгөн. Институт профессор Магрифа Рахимованын демилгеси менен негизделген.
Бул окуу жай университеттин структуралык бөлүгү катары жаңыдан эгемендүүлүк алган республикабыздын социалдык-педагогикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн уюштурулган болучу.
Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтун ачылышынын алдында Кыргызстандагы билим берүүдө жүрүп жаткан процесстер узак убакыт бою талдоого алынып, анда республиканын улуттук-территориялык өзгөчөлүктөрү, демографиялык жана социалдык-экономикалык жагдайлар эске алынган эле.
Кошумча кесиптик билим берүү институтунун негиздөөчүсү педагогика илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Рахимова Магрифа Рахимовна 1997-жылдан 2000-жылга чейин институттун директору кызматын аркалаган.
Анын жетекчилигинин астында институтта адистерге кошумча адистик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу программасы республикада алдыңкылардан болуп ишке ашырыла баштаган. Профессор М. Рахимова институтту түптөө ишинин башында болуп, анын өркүндөп-өсүшүнө чоң салымын кошкон жана анда иштөөгө көптөгөн илимий кадрларды даярдап, жогорку квалификациядагы адистерди тарта алган.
2000-жылдан өмүрүнүн акырына чейин институттун профессор-консультанты катары эмгектенген. Анын жетекчилиги астында институттун профессордук-окутуучулар курамы сапаттык көрсөткүчү боюнча университетте жогорку деңгээлди түзгөн.
Улуу педагог М. Рахимованын учурунда кесиптик терең билим алган, окутуунун жаңы технологиялары менен куралданып, педагогикалык квалификациясы жогорулаган жүздөгөн адистер уядан учуп чыккан.
2001-жылдан баштап Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директору болуп педагогика илимдеринин доктору, профессор Акиева Гульдана Салморбековна эмгектенип келген. Бул жылдар ичинде институт ишин улантып, республикада көптөгөн адистердин квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого чоң салымын кошту.
Гүлдана Салморбекованын жетекчилиги астында университет тарыхында алгачкы жолу институт Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен төмөнкү магистратуралык программалар боюнча лицензия алган: Билим берүүдөгү менеджмент, Лингвистика жана Педагогика.
Ошондой эле профессор Акиева Гүлдана Салморбекованын жемиштүү жетекчилигинин натыйжасында институт заманбап маалыматтык жана материалдык-техникалык базага ээ болуп, 3 компьютердик класс менен электрондук доскалар орнотулган окуу аудиториялары университетте алгачкылардан болуп пайдаланууга берилген.
2003-жылы Кыргызстандагы жети жогорку окуу жайдын ичинен тендер аркылуу АБР KGZ 1555 (SF) долбоорун жалпы суммасы 6,5 млн сомго утуп алып, мектеп директорлорунун жана мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар өткөрүлгөн. Бул гана эмес, мындан тышкары, ЮНИСЕФ, «Глобалдык билим берүү» программасы жана Улуу Британиядагы «Балдарды сактап калгыла» фондунун колдоосу менен инклюзивдүү билим берүү тажрыйбасы алгачкылардан болуп республиканынын аймактарына жайылтылган.
Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде 2023-жылдын 30-майындагы ректордун №01-8/335 буйругуна ылайык, М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту болуп өзгөртүлүп, п.и.к., доцент Усенгазиева Гульнара Сабыркуловна директор болуп дайындалган.
Г.С. Усенгазиеванын да институтка кошкон жетекчилик салымы салмактуу.
Институт негизделгенден тарта профессордук-окутуучулук курамды төмөнкүдөй абройлуу окумуштуулар жана тажрыйбалуу мугалимдер түзүп келген. т.и.д., проф. Э.Ж. Маанаев, т.и.д., проф. Т.А. Абдырахманов, т.и.д., проф. О.Э. Капалбаев, п.и.д., проф. Т. В. Панкова, ф.и.к., доц. В. И. Озмитель, п.и.к., доц. К. Аттокурова, психол.и. к., доц. Т.А. Коңурбаев, ф.и.к., доц. Э. С. Сабитова, п.и.д., проф. А.К. Чалданбаева, ф.и.к., проф.м.а. Садыкбек кызы Жайна, п.и.к., проф. М.М. Эсенгулова, п.и.к., доц. Ч.Т. Омурканова, п.и.д., проф.м.а. Р.Т. Сулайманова, п.и.к., доц. И.Н. Чжен, б.и.к., доц. Н.Б. Тюмонбаева, п.и.к., доц. А.М. Аликова, п.и.к., доц. Г.И. Ажыманбетова, доц. м.а., Б.С. Садырова, филос.и.д., проф. М.М. Амердинова, т.и.к., доц. м.а. Ж. Байдилдеев, п.и.к., доц. Н.А. Суходубова., ф.и.к., доц. К.О. Кулалиева, философ.и.к., доц. Самыйканов А.Т., доц. м.а., К.С. Кыдыкбаева, ага окут К.Ж. Бакова, ага окут Н.Ж. Садыкова, ага окут. Т.Н. Абылкасымова жана башкалар.

Инститтун түзүмдүк курамын педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы, табигый-математикалык билимдер кафедрасы, инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору түзөт. Бүгүнкү күндө институттун профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү 62,16%.
Институт төмөнкүдөй кесиптик билим берүү программалары боюнча иш алып барат: Педагогика багыты, профили: «Башталгыч билим берүү», «Мектепке чейинки билим берүү», «Логопедия»; Филологиялык билим берүү багыты, профили: «Кыргыз тили жана адабияты», “Орус тили жана адабияты”; Социалдык иштер багыты, профили: “Социалдык иш”; Социалдык-экономикалык билим берүү багыты, профили: «Тарых»; Менеджмент багыты, профили: «Мекеменин менеджменти»; Китепкана таануу жана документ таануу багыты, профили: Китепканалык жана маалыматтык иш; Табигый-илимий билим берүү багыты, профили: “Биология“, “География”; Физика-математикалык билим берүү багыты, профили: “Математика”, “Информатика”; Көркөм билим берүү багыты, профили: “Көркөм өнөр искусствосу”.
Кошумча кесиптик билим берүү, окуу формасы дистанттык билим технологиясын колдонуу менен жүргүзүлөт: Жогорку мектептин педагогикасы багыты; Жогорку китепкана мектеби, Жалпы билим берүү программалары, Орто мектептердин жалпы билим берүү дисциплиналарынын кошумча курстары (Кыргызстан тарыхы, дүйнө тарыхы, математика, химия, биология, орус жана кыргыз тили).
2025-2026 жаны окуу жылынан баштап Зайниев Раушанбек Акимович директор болуп дайындалды. Тажрыйбалуу жетекчи демилгелерди көтөрүп, ишке активдүү киришип жатат. Ректорубуз Абдраева Айгүл Төлөковнаны жалпы жетекчилиги алдында институтубуз Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун, билим берүү мыйзамынын жана билим берүүнүн жаңы стандартынын алкагында жогорку кесиптик билим берүүнүн мазмунун жана технологиясын жаңылоодо, дүйнөлүк жана улуттук баалуулуктарды өздөштүргөн мекенчил адистерди даярдоодо жаңы ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз.
Г.С. Акиева, педагогика илимдерини доктору, профессор
Р.А. Зайниев, тарыхый илимдеринин кандидаты, профессордун м.а.
Э.С.Сабитова, филология илимдеринин кандидаты, доцент
Комментарийлер