«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» – МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ ДЕМ, ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК
- 28.08.2025
- 0
2025-жылдын 14–21-август күндөрү Москва шаарында өткөн «Евразиялык өзгөрүү» эл аралык педагогикалык форуму менин кесиптик жана жеке жашоомдо өчпөс из калтырды. Бул форумга Кыргызстандын атынан «Жылдын мыкты мугалими – 2025» катары катышуу чоң сыймык жана жоопкерчилик болду. Ал жерде билим берүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын өз көзүм менен көрүп, ар кыл өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен баалуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алдым.

Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөдү. Бул аянтча мугалимдерди, адистерди бириктирип, билим берүүнүн философиясынан баштап, заманбап технологияларына чейин ар тараптуу маселелерди камтыды.


Айрыкча, «Театралдык тимбилдинг» машыгуулары мага унутулгус таасир калтырды. Биз сахнада ар кандай образдарды жараттык. Мен чымчыктын ролун аткарып, сахнанын адамдын ички дүйнөсүн ачып көрсөтүүдө кандай күчтүү жана таасирдүү курал экенине дагы бир жолу ынандым. Бул көнүгүүлөр чыгармачылыкты, ишенимди жана командалык духту чыңдады.


Форумдун алкагында белгилүү педагогдордун лекциялары өзгөчө баалуу болду. Алсак, В.Ф. Луговая – практикалык көнүгүүлөрү жана мугалимдин эмоционалдык абалы боюнча сунуштары менен катышуучулардын көңүлүн бурду. Ал эми А.О. Вялых жана Н.В. Вощилова – мугалимдин ички дүйнөсү, өзүн-өзү колдоо жана түйшүктү жеңүү темалары боюнча терең баян беришти. Ошондой эле Е.В. Замашнюк жана Е.Ф. Войлокова – жаңы муундардын өзгөчөлүктөрүнө ылайык окутуунун заманбап ыкмаларын көрсөтүштү.
Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган бул форум мугалимдерди заманбап билим берүү методикасы менен тааныштырды, кесибибизге болгон сүйүүбүздү бекемдеди жана чыныгы адис мугалимдер менен пикир алмашууга жол ачты. Форум мага төмөнкүдөй таасир берди: командалык иштөө, чыгармачылык, сабырдуулук жана адаптация көндүмдөрү күчөдү; чыгармачыл ой жүгүртүүгө жана жаңы багыттарды издөөгө шыктандырды; мугалимдик кесипке болгон ишенимимди арттырды.
Ар бир лекция, иш-чара жана практикалык тапшырма мага жаңы ой-пикирлерди ачып берди. Айрым учурларда кубанычтан көзүмө жаш алдым – бул сыймык жана шыктануунун белгиси болду. Өзгөчө сахнадагы ролумду аткарганда жүрөгүмдө терең сезимдер ойгонду. Форум мага кайрадан: «Эмне үчүн мен мугалим болдум?» – деген маанилүү суроого жооп берди.

«Евразиялык өзгөрүү» – бул жөн гана форум эмес. Бул жүрөктөн жүрөккө өткөн байланышка, мугалимдердин өнүгүүсүнө, шыктануусуна жана кесибине болгон ишенимин бекемдөөгө арналган зор аянтча. Ал мага жаңы дем, жаңы максат жана жаңы көз караш тартуулады. Эми алган билимимди кесиптештерим менен бөлүшүп, окуучуларымды келечекке шыктандыруу үчүн колдонууга бел байладым.

Бул күндөр менин мугалимдик өмүр тарыхымда алтын тамгалар менен жазылып калды.
Айта кетчү нерсе, “Евразиялык өзгөрүү” форуму келээрки жылы да өтөт. Ошондуктан, урматтуу кесиптештер, талыкпай эмгектенип, ийгиликтерди жаратууга умтулалы! Анткени ар бир жетишкендик – мындай чоң аянтчаларга жол ачып, өлкөбүздүн билим берүү тармагын дүйнөгө таанытууга өбөлгө болот.
Аида БАЯЛИЕВА, №80 Ш.Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин химия мугалими, “Жылдын мыкты мугалими – 2025”, Бишкек шаары
Комментарийлер