ЕВРАЗИЯ БИРДИКТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИ

  • 20.08.2025
  • 0

Жаңы демилге

Эсиңерде бар чыгар, Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү демилгесин РФ Президенти Владимир Путин да, КР Президенти Садыр Жапаров дагы колдогон. Ошондон улам, жакында мамлекеттер аралык жумушчу топ тарабынан Бишкек шаарында “Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: алгачкы кадам – Кыргызстан жана Россия” аттуу стратегиялык билим берүү сессиясы өткөрүлдү. Анын алкагында бирдиктүү билим берүү айдыңынын келечеги, анын курамына кире турган мамлекеттердин даярдыгы, алар менен алакалашуу жаатында кеңири сөз жүрдү. Мындай ири, өзөктүү, арымдуу жана кыйла келечектүү демилгенин дал ушу Россия менен Кыргыстандан башталып жатканынын сыры эмнеде? Эмесе, ошого учкай назар салалы…

Эл аралык деңгээлде же мамлекеттер аралык кызматташтык алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү негиздеринин жана түпкүлүктүү багыттарынын бири болуп саналган билим берүү жана учур талабы жаатындагы маселелердин байма-бай талкууланып, заманбап жаңычыл демилгелердин көтөрүлүп  жатышы – жарпты жазар жакшылыктын жышааны.

Кезинде омоктуу грек ойчулу Папандреу мырза минтип айткан экен: «Өлкөң бай болуп, элиң билимсиз болсо – жаман. Өлкөң бай болуп, элиң билимдүү болсо – жакшы. Өлкөң жарды болуп, элиң билимдүү болсо – ага деле аргасыз чыдоого болот. Ал эми өлкөң жарды болуп, элиң билимсиз болсо – андан өткөн кордук жок!». 

Кандай гана таасын сөз! Бул накыл кеп алигиче баштапкы маанисин жоготкон жок. Ал айрыкча Кыргызстандын агартуу тармагынын азыркы абалын астыртан каңкуулап тургансыйт. Кара тумоо караӊгылык капшабына кабылбайлы десек, ар бир кыргыз жараны азыртан илим-билим деӊгээлин көтөрүү, адамдык акыл-парасат көрөӊгөсүн көбөйтүү аракетин жасашы керек.

Билим берүү – эң ири тармак, тагыраак айтканда, Кыргызстандын калкы 7,35 млн адамды түзсө, билим берүү тармагына 1 млн 600 миңден ашуун адам тартылган. Азыр Бул – зор күч. Ошондон улам, азыркы учурда агартуу тармагынын кайсы багытын карабаӊыз, иштиктүү кайра курумдар жүрүп жатканы таасын байкалат.

Мына, өткөн жылы улуттук агартуу тармагынын түзүлгөнүнө туура 100 жыл толду. Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөн 1924-жылы калкыбыздын 3-4 пайызга жакын катмары сабаттуу болсо, Кыргыз ССРи түзүлгөн 1936-жылы ал көрсөткүч 58 пайызга жеткен, ал эми эгемендикке ээ болгон жылдары калкыбыздын сабаттуу катмары 98 пайыздан ашкан. Эл аралык стандарттан алганда, бул дурус эле көрсөткүч. Бирок, билим берүү сапатына келгенде, келечекте эске ала турган олуттуу кемчиликтер менен айрым мүчүлүштүктөр жок эмес.

Буюрса, ушу тапта балдардын жеткелең билим жана татыктуу таалим-тарбия алсуусуна, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачылгансып турат.

Президентибиз Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу жөнүндөгү жарлыгы чыккан. Бул доктринаны Эгемен Кыргызстандын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан статегиялык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук уӊгу жолу катары карасак болот. Уӊгужол дүйнөлүк деӊгээлдеги бийиктикке умтулган көөнө улуттук демдин өзөктүү жолу деген эле кеп. Ал алдынала баш багыты так аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумунан турат.

Чынын айтыш керек, буга чейин улуттук идеология жаатында мындай мамлекеттик деӊгээлдеги ири документ болгон эмес. Аны Кыргызстандын, анын ичинде жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот. Улуттук уӊгужолдун башкы өзгөчөлүгү ушу: барыдан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели катары эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча билим берүүнүн заманбап жаӊы моделине трансформациялоо маселесине басым жасалган.

Ушу тапта Уӊгужол өнөлгөлүү өнүгүү жолу, дүйнөлүк бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жолу болуп калды. Буга элибиздин нукура асыл баалуулуктары, көөнө нарк-насил таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы, улуттук улуу дымагы, жигердүү деми олуттуу омок болду десек жаӊылбайбыз. Башкы максат мамлекеттик бийлик менен жарандык институттардын ишин бир нукка салып, келечекте билимдүү, таалим-тарбиялуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу аркылуу күч-кубаттуу кыргыз мамлекетин куруу болуп саналат.

Залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов кезинде: «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз – дүйнө бизди өзгөртөт» деп таасын-так аныктама берген экен. Анысы кандай, «Алтын Казык» программасы бүтүндөй өлкөнүн билим берүү тармагын окутуунун заманбап үлгүсүнө транформациялоо кадамына жол ачты. Биз нукура улуттук билим берүү моделине өтүп жатабыз. Дегеле, адам баласы адегенде чыйыр салат, ал даӊгыр жолго айланат, даӊыр жол канжолго жолго кошулат, азыр анын баары Уӊгужолду беттеген чагы.

«Алтын Казык» мамлекеттик программасында бүткүл өлкө жарандарын, анын ичинде ата-энелер менен мугалимдер жамаатын, алтургай мектеп босогосун жаӊыдан аттаган балакайларыбызга чейин тынчсыздандырган бир катар арты туюк, алды күдүк суроо-сопкуттарга кыйла так жооп берилген. Анда балдарга билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия иши куштун кош канатындай эриш-аркак жүрүшү керек экени баса белгиленди.

Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин (ЕБББМ) түзүү идеясын РФ Президенти Владимир Путин да, КР Президенти Садыр Жапаров дагы колдогон. Эми ал идея заманбап демилге катары жарыяланып отурат.

Жакында Бишкек шаарында “Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: алгачкы кадам – Кыргызстан жана Россия” аттуу билим берүү сессиясы өттү. Эл аралык жаңы демилгенин алкагында бирдиктүү стратегиялык билим берүү айдыңынын келечеги, анын курамына кире турган мамлекеттер менен алакалашуу жаатында кеңири сөз жүрдү. Мындай ири, өзөктүү, арымдуу жана кыйла келечектүү демилге дал ушу Россия менен Кыргыстандан башталууда.

Эксперттердин айтымында, Евразиялык жаӊы демилгеге биринчи кезекте ЕАЭБ курамындагы бир катар мамлекеттер кошулат экен. Андан тышкары, Евразия чөлкөмүндө жайгашкан айрым өлкөлөр да тартылышы мүмкүн. Демек, Россия менен Кыргызстан жакын арада болочок мүчө-мамлекеттер үчүн бирдиктүү платформа долбоорун иштеп чыгуусу кажет.

Албетте, мындай демилге эки мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлүп, алардын такай көзөмөлүндө тургандыктан, ырааттуу жүзөгө аша турганына эч күмөнүбүз жок. Анын үстүнө, Кыргызстандын агартуу тармагы “Алтын Казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык окутуу тутумуна трансформацияланып, жаңы билим берүү моделине өтүп жаткан чак. Бул жерде билим берүүнүн нукура улуттук билим берүү стандарты жөнүндө сөз жүрүүдө.

Арабызда “Азыр сингапурдук билим берүү моделине өтүп жатабыз” деп тамтаңдаган айрым аткаминерлер да толтура. Жок, андай эмес, Кыргызстан – эгемен өлкө, өзүнүн артыкчылыктуу багыттары так аныкталган. Ырас, буга чейин далай ирет жаңылдык-жаздык, алтургай кимдир бирөөлөрдү туурап көрдүк, дагы бирөөлөрдүн жетегинде жүрдүк дегендей… Кыскасы, “Баары барда – уста жок, Уста барда – темир жок, Темир барда – көмүр жок, Көмүр барда – көңүл жок” замандар капшабы деле башыбыздан өткөнсүдү. Бара-бара көзүбүз ачылды. Биздин алдыбызда эл ишенимин кайтарып алуу милдети турат.

Азыр алдыңкы окутуу усулдарынын негизинде билим берүүнүн нукура улуттук үлгүсү иштелип чыгып, этап-этабы менен киргизилүүдө. Анда кыргыздын улуттук өзчөлүктөрү, нукура руханий баалуулуктар, тарыхый жана маданий дөөлөттөр эске алынды. Ал эми мезгил сынынан өтпөгөн айрым мүчүлүштүктөрдү маал-маалы менен оңдо-түзөп туруу жагы да унутта калган жок. Ошондуктан, жогорудагы айың кептердин ортосунда асман-жердей айырма бар. Муну эгерим эстен чыгарбаш керек.

Өткөндө КР Президенти Садыр Жапаров бир аптанын ичинде РФ Президенти Владимир Путин менен эки жолу жолугушту. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эки жана көп тараптуу келишимдер бар. Кыргызстан ШКУ, КМШ, КМШ ПА, ЖККУ, ЕАЭБ сындуу бир катар эл аралык уюмдарга мүчө. Эң башкысы – Кыргызстан менен Россия бири-бирин стратегиялык өнөктөш мамлекет катары тааныйт. Демек, жакын санаалаш катары пикир алыша турган маанилүү жана маңыздуу маселелер арбын. Албетте, анын ичинде агартуу маселелери унутта калган жок.

РФ Президенти Владимир Путин Билим берүү министрлеринин эл аралык форумунун катышуучуларына кайрылуусунда улуттук иденттүүлүктү сактоо үчүн, бүтүндөй маданияттар менен каада-салттардын ар түрдүүлүгүн коргоо үчүн кызмат кылууга тийиш экенин баса белгиледи. Анын айтымында, өлкөлөр билим берүүнүн жетимдүүлүгү жана татыктуу деңгээлин камсыз кылуу аракети менен биригишкен:

ЕВРАЗИЯ БИРДИКТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ  МЕЙКИНДИГИ

«Это ключевое, фундаментальное условие социальной справедливости, сокращения бедности и неравенства, роста доходов, качества жизни граждан наших стран. Нам вместе нужно искать ответы на сложные, большие вызовы, с которыми сталкиваются все национальные системы образования, учитывать глобальные тенденции, в том числе стремительное и повсеместное распространение цифровых технологий и моделей искусственного интеллекта. Они уже серьезно меняют образовательный процесс, ускоряют трансформацию рынка труда, появление новых профессий. Школа должна не только давать самые передовые знания и компетенции, но и просвещать, воспитывать, помогать молодому человеку обрести прочную ценностную опору в жизни, состояться как гармоничная личность. Убеждены в том, что свободный, равноправный доступ к знаниям, технологиям, научным достижениям – это один из главных факторов устойчивого развития, формирования более справедливого и безопасного многополярного мира. Поэтому поддерживаем стремление стран глобального Востока и Юга к участию в совместных образовательных проектах и рассчитываем на взаимовыгодное сотрудничество…”

Ал эми РФ Мамдумасынын депутаты, «Евразия» уюмунун төрайымы Алена Аршинованын айтымында, жумушчу топтун алгачкы жыйындары өткөрүлүп, эки демилгечи-өлкөнүн билим берүү тутумдарын жандандыруу, окутуу стандарттарын жакындаштыруу, мугалимдерди эки тараптуу алмашуу жөрөлгөсүн калыптандыруу сындуу бир катар кечиктирилгис чаралар көтөрүлгөн. Өзгөчө эки элдин тарыхый жана маданий дөөлөттөрүн, руханий баалуулуктарын иликтөө жана агартуу тутумунун программасына киргизүү маселеси жумушчу топ тарабынан жапырт колдоого ээ болууда.

“Биз евразиялык мектептер кыймылын жандандыруу, тарыхый, маданий, ыктыярчылык, студенттик, педагогикалык байланыштарды чыңдоо жаатындагы бирдиктүү кыймылдарды түзүү боюнча макулдашууга жетиштик. Эки өлкөнүн агартуу тармактары үчүн бирдиктүү “Россия жана Кыргызстан: Биздин каармандар!” аталышындагы класстык сааттар мерчемделүүдө. Буюрса, ал келерки окуу жылынан тарта өтүлө баштайт. Жакында Бишкек шаарында өткөн Стратегиялык билим берүү сессиясы дагы мына ошол чаралардын алкагында өткөрүлдү”, — дейт ал.

Мындай демилге эки мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлүп, алардын такай көзөмөлүндө тургандыктан, ырааттуу жүзөгө аша турганына эч күмөнүбүз жок. Анын үстөнө, Кыргызстан менен Россиянын өз ара байланышынын тарыхый тамыры тереңде жатат жана кыйла бекем. Андан тышкары, Кыргызстандын агартуу тармагы “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык окутуу тутумуна трансформацияланып, жаңы билим берүү стандартына өтүп жаткан чак.

Биз келечекте Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигине билим берүү моделдери ар башка мамлекеттер да кошуларын жадымдан чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан, биргелешкен изилдөө лабораториясын түзүү маселеси бекеринен козголуп жатпаган чыгар.

Маселен, РФ Агартуу министрлигине караштуу Окутуунун мазмуну жана усулдары институтунун директору Максим Костенко бардык улуттук окутуу усулдарын иликтей турган лаборатория түзүү зарылчылыгын айтат. “Бирдиктүү мейкиндиктин алкагында билим берүү стандарттарын жакындаштыруу зарыл. Айрыкча мектептик стандарттар кылдат иликтенип, алгылыктуу сунуштамаларды алмашуу тариздерин иштеп чыгуу зарыл. Мында билим берүүнүн сапатын баалоо жана пландаштыруу, окуу мазмунун жаңыртуу чаралары камтылууга тийиш”, — дейт ал.

Ал бара-бара мектеп программаларын өз ара шайкеш келтирүү зарылчылыгын белгилөө менен бирге, айрыкча тарых жана адабият сындуу гуманитардык багыттагы сабактар эл биримдигинин, руханий баалуулуктардын, көөнөргүс дөөлөттөрдүн сакталышына түрткү бере турганын кошумчалады.

Ошентип, агартуу тармагы жалпы адамзаттын, анын ичинде арбир мамлекеттик түзүлүштүн негизги тиреги боло турган келечек муундун, алардын түркүн-түс руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-насилин, салт-санаасын, маданий дөөлөттөрүн сактоо үчүн, жаш муундардын ар тараптуу шайкеш өсүп-жетилүүсү үчүн кызмат кылууга тийиш. Дал ушулар эриш-аркак жуурулуша алганда, нечен кылымдар кыйырынан муундан-муунга таберик болуп келаткан ата-баба тарых-таржымалы, салт-санаасы, акыл-парасаты, адеп-актыгы келечекке ак кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат.

Акыркы мезгилде өлкөбүздүн агартуу тармагына өзгөчө көңүл бурула баштаганы – жакшы жөрөлгө. Биз мындай саамалык бара-бара ырааттуу жөрөлгөгө айланса деп тилейбиз.

Мына, жакында РФ Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетти. Эми РФ Президенти Владимир Путин ушул жылдын ноябрь айында расмий иш сапар менен келери белгилүү болду. Иш-чара жүрүшүндө эки мамлекет башчысы өз позицияларын дагы бир ирет такташып, орус-кыргыз кызматташтык мамилелерин жөнгө сала турган бир катар документтерге кол коюлары бышык. Демек, эки тарап тең кошумча милдеттенмелерди алат. Андан тышкары, көптөн бери сөз жүрүп келаткан Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндиги жаатында кеп козголору – турган нерсе. 

 

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер