ЭТНОПЕДАГОГИКАНЫН ЭНЕСИ ЭЛЕ

  • 03.02.2022
  • 0

Ушул жылдын 24-январында ардагер педагог, “Умай Эне-Кут Ордо“ коомдук фондунун төрайымы Салима Жороева 77 жаш курагында акка моюн сунду.

ЭТНОПЕДАГОГИКАНЫН ЭНЕСИ ЭЛЕ

Салима эже менен мен 2005-жылы башкы редакторубуз Кубат Чекировдун тапшырмасы боюнча маектешүүгө барып, таанышып калгам. Ошондон бери кол үзүшпөй кабарлашып жүрдүк. Экөөбүздүн жолугушуубузга ар дайым Салима эженин түгөнбөгөн түмөн идеялары себепкер болоор эле. Аны биз ар дайым сунуш-ойлору кайнап ташып, аларды ишке ашырууга, өзүнүн билгени, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө ашыгып жүргөн, кыргыздын салт-санаа, үрп-адаты, эне тили темасында эң жакшы билген мыкты адис деп билчүбүз.

Салима Жороева өмүрүнүн акыркы жылдары бир нече долбоорлор менен жигердүү иштеди. Алардын ар бирин өз баласындай бапестеп караар эле. Өзү негиздеген “Умай Эне-Кут Ордо” коомдук фондусунун долбоорлорунун бири “Эне-бала жана бешик ыры” долбоору учурда жер-жерлерде кеңири тарап, жемишин берип жатканына былтыр күздө Каракөл шаарына барганда өзүбүз күбө болгонбуз. Улуттук каада-салт, улуттук өнөр дегенде эт-бетинен кетип чуркап, ары толкунданып, ары сыймыктанып сүйлөгөндө, оозунан бал шекер сөздөрү тамып, сыйкырдуу дүйнөгө аралашкандай, айланадагыларды унутуп калаар эле. Айрыкча, өнөрлүү жаштарга акыл-насааттарын айтып, алдыга сүрөп, колдоп жүргөнүн жакшы билем. Аны Салима эже менен жакын жүрүп, анын кеп-кеңешин угуп калгандар калп айттыра койбос, мен өзүм эле бир топ долбоорлорун гезит бетине чагылдырып жүрдүм.

Алардын бири 2010-жылы март айында Салима эже жетектеген фонд жарыялаган “Бешик ыры” сынагы болду. Аталган сынактын катышуучуларынын мыкты ырлары жазуучулар жана композиторлордон турган калыстар тобунун чечими менен тандалып, ал ырларга обон жазылып, чебер аткаруучулардын аткаруусунда сыналгыдан көрсөтүлгөн.

ЭТНОПЕДАГОГИКАНЫН ЭНЕСИ ЭЛЕ

Ал тээ мөңгүдөн агып келип тараган булак суусундай биздин көкүрөгүбүздө жашап келаткан этнопедагогиканын бир бутагы – бешик ырында бөбөктүн аң-сезимин өстүргөн өзгөчө касиети бар экендигин, баланын жөндөмүн, акыл-эсин өнүктүрүп тарбиялоодо анын таасири чоң экендигин жана так ошол бешик ыры аркылуу наристенин табият менен гармониялуу жашоосуна жол ачыларын көп айтаар эле. Айрыкча, элибиздин маданиятына таандык бардык баалуулуктарды: каада-салт, адеп, уят, намыс, атуулдук сезимдерди, каныбыздагы касиеттерди ойготкон баатырдык, эр-азаматтык сапаттарды курчуткан иш-чараларды, кароо-сынактарды уюштурууга басым жасап, өмүрүнүн акырына чейин чарчабай-чаалыкпай кийинки муундун камын көрүп келди. Эже өз баласындай аздектеген долбоорлорунун алкагында жыл сайын “Бешик ыры бакыт чакырат”, “Энелер бешик терметсе”, “Энелерге таазим”, “Эне ыйык”, “Талантка таазим” ж.б. аталыштагы концерттерди өткөрүп жүрдү. Ал концерттерге жети дубандан жүздөн ашык өнөрлүү энелер катышып, жаштарга өрнөк болушту.

Салттуу педагогиканын күйөрманы, тубаса педагог Салима Жороеванын максаты – элге үлгү болуучу мыкты энелердин тобун түзүп, алардын өнөрлөрүн таанытуу жана жайылтуу эле. Ушул максатта Энелер ордосун, Энелер мектебин уюштуруп, чыгармачыл мугалимдердин эмгектерин иликтеп, этнопедагогика жаатындагы мыкты окумуштуулардын илимий жазуулары менен мектепти, мугалимдерди азыктандырууну колго алсак деген изги тилеги бар эле. Салима эже жаңы төрөлгөн наристеден тартып, бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайларда билим алган жаштарга чейин этнопедагогиканын үрөнүн сээп, өндүрүүнү жатса-турса кыялданып жашады.

Салима эжем ар нерсеге энедей боорукер мамиле жасаар эле. Айрыкча, эл ичиндеги унутта калган таланттардын юбилейлерин, эскерүү кечелерин өткөрүүгө басым жасап турарын байкачумун. Эженин уулу Акжолдон алган кол жазмаларын, аткарган иштеринин тизмесин карап отуруп, ушул оюм бекемделди. Элдик талант Кудайберген Темировдун, таланттуу обончу-композитор Бекболот Абдраимовдун, КР эл артисти, таланттуу аткаруучу Эрмек Мойдуновдун, коомдук ишмер, акын-котормочу Шайык Жамансариевдин ж.б. көптөгөн өнөрлүү адамдардын концерттерин уюштуруу демилгеси менен чыгып, далайлардын ак батасына арзыган. Өмүрү өрнөк инсандар менен мектеп окуучуларынын жолугушууларын, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн илимий конференцияларды уюштуруп, жаш муундардын ар тараптуу калыптануусуна кам көрүп турчу.

ЭТНОПЕДАГОГИКАНЫН ЭНЕСИ ЭЛЕ

Уулу Акжол Жороев менен

Улам бир идеяларды ойлоп таап, энергиясы, билим-тажрыйбасы дайрадай толкундап агып турган
Салима эжени көргөндө, ушул эжем заманынан эрте жаралган адам болсо керек, балким кечирээк жаралса, азыркыдай мүмкүнчүлүктөр менен тоодой иштерди аткармак деп ойлоп койчумун.

Менин кесиптешим, белгилүү адабиятчы Жолдош Турдубаев Салима Жороеваны билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген ардагер педагог катары жакшы билерин, ал пенсияга чыкса дагы коомдук иштерге, мектеп турмушуна активдүү аралашып, жарандык, энелик вазийпасын мугалим катары бекем кармаган мекенчил адам катары унутулбай сакталып калаарын айтат.

– Салима эже менен аңгемелешип калганда, өзү союздун тушунда министрликте иштеп жүргөн кезин көп эскерээр эле. Ошондо кайсы райондо канча мектеп, мугалим бар экендигин гана билбестен, кайсы мугалимдин даярдык деңгээли кандай экендигин, кимиси эмнеге жөндөмдүү, өсүш потенциалы кандай экендигин иликтеп билгенге милдеттүү болчубуз, азыр тилекке каршы, андай көрүнүш байкалбайт деп кейип калчу. Айрыкча азыркы маалыматтык-технология өнүккөн заманда райондогу кадрлар менен карым-катнаш түзүү алда канча жеңил болсо да, ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатышат, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн аткарган иштери чар-жайыт болгондугу үчүн билим-тарбияда өксүктөр көп орун алып жатканы ошондон деп, мурунку учур менен салыштырып, акыл-насааттарын айткандан тажачу эмес, — деп эскерет ал.

Салима Жороева өзү жетектеген “Умай Эне-Кут Ордо” коомдук фондунун алдыга койгон максаттары өтө арбын эмес беле, ал мага бир жолукканда, жети дубанга фонддун бөлүмдөрүн ачып, жооптуу адистерди бекиткендигин, ар бир райондон бирден бала бакча, бирден мектепти белгилеп, 77 бала бакча, 77 мектеп жана тогуз жогорку окуу жайы камтылган долбоордун негизинде этнопедагогиканы жана салттуу музыканы жайылтуучу тогуз түрдүү ийрим уюштурууну колго алып жатабыз деп кубанып айтканы эсимде. Ал өзүнүн идеясы аркылуу кыргыз элинин каны-жанынан жаралган баалуу, өлбөс-өчпөс маданиятын жаштарыбыз улап кетсе деп кыялданчу.

Салима эженин жазган кол жазмаларын барактап отуруп, анын эмгеги текке кетпесе экен, ал өзү кыялдангандай, энелер бешик терметип, бешик ырын угуп чоңойгон наристелер билимдүү, сабаттуу, эр жүрөк, мекенчил болушса экен деп ойлодум. Өзүңүз сээп кеткен үрөн жаштардын жүрөгүндө өнүп чыгып, сиз каалагандай, сиз тилегендей түшүм берсе экен деп тиледим…

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер