ЭМГЕКЧИЛ УСТАТ

  • 11.02.2022
  • 0

2022-жылдын 1-январында математиканы окутуунун методикасы тармагы боюнча белгилүү адис, Ош гуманитардык педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинин «Математика жана менеджмент» кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Сапарбек МАДРАИМОВ 75 жашка толду.

Сапарбек Мадраимович педагогикалык ишмердигин 1969-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетинин «Математика мугалими» адистигин аяктагандан кийин алгачкы эмгек чыйырын Ош облусунун Жаңы-Жол районунун (азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы району) Кош-Дөбө орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенүү менен баштаган. Ал мектепте 1969-1972-жылдары иштеген. 1972-1975-жылдары райондун борборундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте эмгек жолун улаган. Ошол эле учурда райондук билим берүү бөлүмүндө математика боюнча методикалык кеңештин төрагасы милдетин да аткарып келген.

Мектептеги педагогикалык ишмердиги анын мугалимдик кесипке кызыгуусун ого бетер арттырды, математиканы окутуу боюнча баа жеткис тажрыйба топтоого мүмкүндүк түздү. Мына ошентип, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш адисте математиканы окутуунун методикасы боюнча көптөгөн идеялар жаралды. Мектепте топтогон педагогикалык тажрыйбалары анын идеяларын ишке ашыруунун жолдорун издөөгө түрткү болду.

1975-жылы С.Мадраимов Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) физика-математика факультетинин математиканы окутуунун методикасы кафедрасына окутуучулук кызматка келет. Аталган кафедрада 1975-1998-жылдары окутуучу, ага окутуучу, доценттик кызматтарында эмгектенет.

1978-жылы Кыргыз ССРинин педагогикалык илим-изилдөө институтунун аспирантурасында окуйт.

1998-жылы Ош жогорку колледжинин чакыруусу боюнча педагогика факультетинин деканы кызматын аркалай баштайт. 2000-2006-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окуу иштери боюнча проректору, илимий иштер боюнча проректору, табият таануу-математика факультетинин деканы болуп үзүрлүү эмгек өтөдү.

Тажрыйбалуу адис билимин өз алдынча өркүндөтүү максатында Киевдеги М.Горький атындагы (1978), Могилевдеги А.А.Кулешов атындагы (1983), Москвадагы В.И.Ленин атындагы (1985, 1987) педагогикалык университеттеринин квалификацияны жогорулатуу курстарында окуган.

СССРдин педагогикалык илимдер академиясынын окутуунун каражаттары жана методдору илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор В.Гусевдин жетекчилигинде «Толук эмес орто мектепте геометрияны окутуу процессинде чыгармачылык мүнөздөгү өз алдынча иштерди уюштуруу» аттуу теманын үстүндө илимий изилдөө ишин жүргүзөт. Аталган тема боюнча диссертациясын 1991-жылы Москва дагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык университетте ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болот.

Агайыбыздын негизги илимий багыттарынын чөйрөсү математиканы окутуунун теориясы жана методикасы, болочок математика мугалимдерин даярдоо, математиканы окутуунун маданий жана тарыхый чөйрөсүн калыптандыруу менен байланышкан. Диссертациялык ишинин материалдарынын негизинде көптөгөн илимий-методикалык макалалар, окуу куралдары, окуу-методикалык колдонмолору жарык көргөн. Ал 100дөн ашуун илимий-методикалык эмгектердин автору. Алардын ичинен “Геометриялык маселелерди чыгаруу” (1999), “Математика боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү” (2006), “Интегралдык эсептөөлөр” (2012), “10-класстын алгебра жана анализдин башталышы окуу куралындагы маселелердин чыгарылыштары” (2013), “11-класстын алгебра жана анализдин башталышы окуу куралындагы маселелердин чыгарылыштары” (2014), “Орто мектептин математикасын окутууда анын тарыхынан пайдалануу” (2015), “7-9-класстардын геометриясы боюнча дидактикалык материалдар”(2017), “Алгебра. 9-класс” (2017), “Математикалык маселелерди чыгаруунун практикуму” (2021) ж.б. ушул сыяктуу окуу-методикалык колдонмолору жана окуу куралдары өлкөбүздүн жогорку, орто кесиптик окуу жайларында жана мектептеринде ийгиликтүү колдонулуп келет. Автордун окуу-методикалык колдонмолору окутуу практикасында анын методикалык идеяларын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк түздү.

Сапарбек Мадраимович Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ар түрдүү структураларынын жетекчи кызматтарында өзүнүн иш билги жетекчи, мыкты уюштуруучу экендигин далилдеди. Ал педагогика факультетинин ачылышынын демилгечиси, түптөөчүлөрүнүн бири жана биринчи деканы болгон. ОГПИ түзүлгөн учурда негизги структураларды жетектеген. Агайыбыз бул окуу жайдын окуу иштери, илимий иштери боюнча проректору катары илимий, окуу-тарбиялык жана коомдук уюштуруучулук жемиштүү ишмердиги менен окуу жайдын түптөлүшүнө, калыптанышына жана өнүгүүсүнө бараандуу салым кошо алды.

С.Мадраимов көптөгөн жылдардан бери Ош шаарынын мектептеринде жана Ош облустук билим берүү институтунда математика мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча активдүү методикалык иштерди аткарып келет. Ал бир нече муундагы математик мугалимдерди жана ЖОЖ окутуучуларын даярдоого татыктуу үлүшүн кошту. Кесиптештери жана окуучулары агайыбызды ар дайым терең урматтайт жана сыйлашат.

Агайыбыздын кесипкөйлүгү бир нече жолу сыйлыктар менен белгиленген: Ош шаардык мэриясынын, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамоталары”, ОГПИнин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Билим берүү жана илим профсоюздук кыймылынын мыктысы төш белгилери ж.б.

Агай, сиздин ак ниеттүүлүгүңүз, тазалыгыңыз, адилеттүүлүгүңүз, түздүгүңүз, калыстыгыңыз жана ар кандай көрүнүштөргө кайдыгер карабагандыгыңыз Сиздин окуучуларыңыз үчүн жүрүм-турумдун жана адептүүлүктүн эталону болуп эсептелет. Ар түрдүү маселелер боюнча баалуу кеп-кеңештериңиз жана акыл-насааттарыңыз ар кандай оор кырдаалдарда жакшы менен жамандын арасындагы чекти аныктоого үлгү катары кызмат кылып келет. Демек, бул сиздин акылмандыгыңыз.

Ушул жылы сиз кутман курак 75 жашка толуп отурасыз. Бул курак сиз үчүн тек гана өмүр кечирүүнүн жылдары эмес, өзүн-өзү тынымсыз өнүктүрүүнүн жана өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жемиштүү пайдалануунун натыйжасында билимдерди өздөштүрүүнүн, тажрыйба топтоонун, өлкөбүздүн билим берүү тармагына зор салым кошуунун мезгили болду. Талбас эмгегиңиздин арты менен эл арасында сый-урматка ээ болуп отурасыз. Ардактуу педагогикалык кесипти аркалап, кыргыз элине опол тоодой кызмат кылдыңыз жана ушул тапта да миңдеген болочок адистерге заманбап таалим-тарбия берип келесиз. “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”, — деп элибиз айткандай, дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп, ак эмгегиңиздин үзүрүн көрүп, көптөгөн шакирттерди тарбиялап, жакындарыңыздын маңдайында ар дайым бар болуңуз.

Урматтуу Сапарбек Мадраимович! Сизди кутман курагыңыз – 75 жылдык мааракеңиз менен чын дилден куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, узак жемиштүү чыгармачылык ийгиликтер жана бактылуу карылык каалайбыз! Сизге – белгилүү чыгаан педагогго, эмгекчил устатыбызга, сиздин жөнөкөй адамдык асыл сапаттарыңызга терең урматтоо менен таазим этебиз.

К. Байгазиев,
Ош МУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин математикалык дисциплиналарынын циклдык комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
А. Оморов,
РМСУнун Оштогу филиалынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер