ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: КЕМЧИЛИКТЕР ЖОЮЛУП, АРЫЗДАР КАНААТТАНДЫРЫЛДЫ

  • 08.04.2021
  • 0

2021-2022-окуу жылына карата 1-класстарга балдарды кабыл алуу «Мектепке электрондук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу 15-февралдан бери жүрүп жатат. Айрым мектептер каттоо башталаары менен толуп калган болсо,  кээ биринде дагы деле бош орундар бар. 6-апрелге карата 14853 билдирме түшүп, 1-класска 10866 бала кабыл алынды.

Каттоо жаңы башталганда системада кемчиликтер болуп, ал  ата-энелердин нааразычылыгын жаратып, социалдык тармактарда чоң талкууга айланган. Өзгөчө Бишкек шаарындагы статустуу мектептерде каттоо башталган күнү  таң эрте эле орундардын калбай калгандыгы, айрым мектептердин тизмеде жоктугу коомчулукта шек жаратып, бир топ ызы-чуу болду. Бул жаатта 15-февралдан ушул күнгө чейин Бишкек шаары боюнча эле жети жүздөй арыз түштү.

Албетте, иш жүргөн жерде мүчүлүштүктөр болбой койбойт. Аларды жоюу жана ата-энелердин арызын канааттандыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына караган төрт райондо атайын комиссия түзүлүп, ар бир арызды оң жагына чечип берүүгө аракеттер көрүлдү. Арыздардын аягы азыр деле суюла элек.

  • Ар бир арыз комиссия тарабынан жеке каралып, кандайдыр бир себептер менен каттала албай калгандардын маселелери чечилип жатат. Ата-энелер каалаган мектеп толуп калган болсо, жакынкы аралыктагы мектептер сунушталууда. Кезекке туруп, бирок документтерин алып келбей койгондордун орундары бошогон учурлар да бар. Андайда атайын комиссияга кайрылып, кезек күтүп тургандар ошол орундарга сунушталат. Мектептерге орундар Өкмөттүн жарлыгына ылайык бөлүштүрүлгөн. Алдын ала жергиликтүү бийлик тарабынан ошол аймакта жашаган, 1-класска бара турган балдардын эсеби алынып, ошого жараша каралды. Мисалы, бир мектептин тегерегинде 1-класска бара турган 47 бала бар болсо, ал мектепке башка райондон да келип окуй тургандар эске алынып,  алтымыштан ашык орун бөлүндү.  Эмне болгону белгисиз, балким ички миграциянын кесепетиби же, же ата-энелер өз убагында жергиликтүү бийликке баласы биринчи класска бара тургандыгы жөнүндө билдирбей коюшканбы, айтор, райондордо берилген маалыматтан көп балдар жашай тургандыгы анык болду. Билгендер кезекке түнкү саат он экиден баштап турду. Ошондуктан айрым мектептер 5-10 мүнөттүн ичинде толуп калды, — дейт Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Данияр Абдуазизов.

Данияр Абдуазизовдун айтымында, кийинки жылы дагы ушундай көйгөйгө кабылбаш үчүн «Мектепке электрондук каттоо» тутумун Мамлекеттик каттоо кызматы менен туташтыруу керек. Анткени  райондук билим берүү бөлүмдөрүндө түзүлгөн комиссияга келип түшкөн ар бир арыздын ээси  чын эле алып келген маалымкатта жазылган даректе катталганын же катталбаганын аныктагандан кийин гана каралууда. Себеби биринчи кезекте ошол райондо жашаган балдар катталууга тийиш. Бул портал  Мамлекеттик каттоо кызматы менен байланганда, минтип ар бир арызды текшерип убара болушмак эмес. Ал автоматтык түрдө базадан чыгып калмак.

Бишкекте миграция көп болгондуктан 15-февралдагы маалымат менен 20-августтагы маалымат башка болуп калышы да ыктымал. Ошондуктан квоталарды бөлүштүрүүдө ушул маселени дагы эске алуу зарыл.

Ал эми эртең менен эле статустуу мектептерде орундар калбай калгандыгынын дагы бир себеби, мурун балдарын каттап жүргөн ата-энелер башкалар уктап жатканда, түнкү он экиде эле катталууга үлгүрүп калышты. Шашпай эртең менен катталам, же эртең деле күн бар дегендер, минтип азабын тартып калышты.

2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларынын мектептеринде жүргүзүлүп жатат.

 

“БАЛА БАКЧАГА ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК” РЕСПУБЛИКАГА ЖАЙЫЛТЫЛАТ 

“Бала бакчага электрондук кезек” системасы дагы Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Ата районунда үч жылдан бери иштеп жатат. Быйыл бул тизмеге Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Токмок шаарлары да кирди. Жакынкы күндөрдө Талас, Каракол шаарларын дагы кошууга даярдыктар көрүлүүдө.

Мектептерден айырмаланып, бала бакчаларга катталууда жашаган жеринен маалымкат талап кылынбайт. Башкача айтканда, ата-энелер жашаган районуна карабастан каалаган бала бакчаны тандап алып, эркин каттала алат. Бош орундар боюнча маалыматты  порталдан карап алса болот. Ал төрт бөлүктөн турат. Арыз берүү бөлүмүндө ата-энелер арыз берип, жаңы катталышат. Экинчи бөлүгү арыздын статусун текшерүүгө арналган. Үчүнчүсүндө балдар бакчасынын профили деп турат, ошол жактан районго, же шаарга кирип, каалаган бала бакчаны тандап алып, кайсы группада канча бала бар, кайсы жерде бош орун бар, кайсы жерде кезекте киши аз экендигин көрүп алууга болот.

Катталып жатканда ата-энелер электрондук почтасын туура жазууну эстеринен чыгарбашы керек. Себеби көп проблемалар ушундан келип чыгат.

  • Ата-энелер арыз берип жатканда электрондук почтасын туура эмес жазып алышат же катталгандан кийин алмаштырып салышат. Алар ушул жагына сак болушу керек. Себеби кезек жеткенде кайсы почта жазылса, кат ошол почтага барат. Ата-эне болсо аны көрбөй калышы же эски почтасына барышы мүмкүн. 14 күндүн ичинде тийиштүү документин алып барбаса, анын орду күйүп кетет. Көпчүлүк муну жакшы түшүнбөй, нааразылык ушундан келип чыгууда. Бизге келген арыздардын көбү ушул маселеге байланышкан. Дагы бир эскерте кетүүчү жагдай, кезекке туруп жатканда портал эмнени сураса ошону жүктөшү керек. Мисалы, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн сураган жерге гүлдүн же тоонун сүрөтүн тиркеп койгондор да бар. Андайлардын эки-үч жыл күткөнүнө карабастан кезеги жокко чыгарылат. Бекер эле кезеги күйүп кетет. Анан ата-энелер аны түшүнбөй, күнөөлүүнү башка жактан издешет, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова.

Дагы бир ата-энелердин эсине сала кетүүчү жагдай, эгерде экинчи же үчүнчү баласын кезекке тургуза турган болсо,  ата-энелер үчүн кирүү деген бөлүмдөгү жеке кабинетине мурунку баласын каттаганда берилген жеке логин, паролу менен кирип кезекке тура берет. Эгерде жашаган жери, телефон номери өзгөрсө, электрондук почтасы алмашса, сөзсүз түрдө ушул жакка кирип, өзүнүн малыматтарын алмаштырып коюшу керек.

Айрым функциялар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Ата-энелер документтерин жүктөп жатканда бир жерин туура эмес толтуруп алган болсо, анда билим берүү бөлүмдөрү ата-энелердин арызынын негизинде гана оңдоп, тууралап беришет. Башка жеке жактар ага кире да, оңдой да, жылдыра да албайт.

Ата-энелер кезекке турганда дагы бир көңүл бура турган нерсе бар. Мисалы, бир бала бакчага жүз биринчи же жүз отузунчу болуп катталышы мүмкүн. Бирок ал бала өзүнүн курагындагы гана тайпаларга талапкер болот. Ал жакта жыйырманчы же он бешинчи болушу ыктымал. Муну система өзү автоматтык түрдө эсептейт. Адам фактору аралашпайт. Ушул жагын дагы ата-энелер жакшы түшүнбөй, кезегибиз жеткенче балабыз мектепке барып калат экен деп нааразы боло беришет.

Бир ата-эне бир эле учурда эки башка бала бакчага кезекке тура албайт. Себеби бул система бир бала бакчага катталары менен тиркелген документтердин баарын өзүнө белгилеп алат да, экинчи жакка катталууга жол бербейт.

Тилекке каршы, ата-энелер балам кичинекей деп  өз убагында кезекке турбай коюшат. Негизи бала төрөлүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алганда эле кезекке туруп коюу керек. Бала үч жашка чыкканча кезеги да жетип калат. Проблема да болбойт.

Бул электрондук кезек системасынын жакшы жери — статистикалык маалыматтардын негизинде алдын ала пландоого ыңгайлуу. Анткени бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 137 миңден ашык мектепке чейинки курактагы бала бар болсо, анын ичинен 32500 гана бала бакчага барат. Бул дагы жүз миңден ашык баланы бала бакчага жайгаштыруу зарыл дегенди көрсөтүп турат. Ушул системанын негизинде анализделип, кайсы жерге канча бала бакча куруш керектиги мэрия тарабынан   көзөмөлгө алынса жакшы болот. Бул жакта кайсы участокто эл көп жайгашкан, кайсы жер балдар бакчасына өтө муктаж экендигин, кайсы жерде муктаждык аз экендигин так көрсөтүп турат, — дейт Нурзида Абабакировна.

Анын үстүнө бала бакчаларда тайпадагы балдардын саны акырындык менен кыскартылып, мамлекеттик стандартка ылайык келтирилүүдө. Мурун бир тайпада алтымыштан ашык балага уруксат берилсе, азыр 30 баладан ашпашы керек болот.

Бул электрондук кезек тутуму үч жылдан бери пилоттук негизде иштеп келе жатат. Учурда  жумушчу топ тарабынан анын кемчиликтери жана артыкчылыктары анализделүүдө. Жакынкы арада жобонун акыркы варианты жалпы талкууга коюлат. Андан соң Өкмөткө сунушталып, колдоо тапса, жалпы  республикага жайылтылат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер