ЭЛ АРАЛЫК СЫНАК: ЖАШ КАДРЛАРДЫН ЖАҢЫ ТОЛКУНУ

  • 22.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу жөнүндө Жарлыгын жана “Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында Ж.Баласагын атындагы КУУ  “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту менен биргеликте 2026-жылдын март–апрель айларында студенттер арасында «Мен мугалим болом!» эл аралык сынагын өткөрдү. Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Баш байгени Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусунун 2-курсунун студенти Эленора Эргешова жеңип алды. Ал  Smart-TV, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен сыйланды.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАК: ЖАШ КАДРЛАРДЫН ЖАҢЫ ТОЛКУНУ

Жаратмандыкка карай жол

«Мен мугалим болом — 2026» аталыштагы сынак быйыл бешинчи жолу өттү. Буга чейин сынак республикалык гана деңгээлде өтүп келсе, бешинчисинде ал эл аралык сынакка айланды.

Сынактын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо менен замандын чакырыктарына жооп бере алган жаңы муундун болочок мугалимдеринин кесипке болгон сүйүүсүн тереңдетүү, педагогдук компетенттүүлүгүн, уюштуруучулук жана усулдук чеберчилигин өнүктүрүү, жаратмандык сезимдерин калыптандыруу, чыгармачылык жигердүүлүгүн арттыруу аркылуу педагогикалык кесиптин аброюн көтөрүүнү көздөйт.  Эл аралык сынак 2026-жылдын 18-мартынан 10-апрелине чейин эки тур менен өткөрүлдү.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАК: ЖАШ КАДРЛАРДЫН ЖАҢЫ ТОЛКУНУ

— Сынактын милдети — студенттердин креативдүүлүгүн өстүрүү менен практика жүзүндө окуу, тарбиялык, класстан тышкаркы иштердин формаларын жана методдорун өздөштүрүүсүнө жана чыгармачылык активдүүлүгүн калыптандыруу, педагогикалык практиканы уюштуруунун мазмунун жакшыртуу,   студенттердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу жана чыгармачыл, демилгелүү жаштарды колдоо, билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана инновациялык окутуу ыкмаларын аныктоо жана жайылтуу. Сынакка Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын педагогикалык багыттагы 2-4-курстун студенттери катышты. Катышуучу студент ”Мен мугалим болом” деген темада эссе жазьш, уюштуруу тобуна 16-марттан 27-мартка чейин тапшырышты.  Тапшырылган эссенин негизинде жеңүүчү деп табылган 19 студент финалга жолдомо алды. Жолдомо алган студент сынакка даярдаган методисти менен бирдикте катышты. Финалга чыккандар ачык сабак өтүштү, — дейт уюштуруу комитетинин жетекчиси, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, «Мугалим» илимий педагогикалык журналынын башкы редактору, п.и.д., профессор Р. Сулайманова.

Сынактын кийинки этабында  «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолунун алкагында чыгармачылык тапшырма берилди. Бул турда конкурсанттар өздөрүнүн талантын, чыгармачылыгын көрсөтүштү. Финалисттер элдик жана эстрадалык ыр аткаруу,  манас же элдик дастандардан айтуу, музыкалык аспаптарда ойноо, улуттук же заманбап бий, сахналаштырылган сценка аткаруу (монолог ж.б.), ырды көркөм окуу жана кол өнөрчүлүгү боюнча да күч сынашып, мыктынын мыктылары алдыга суурулуп чыгышты.

“Мен мугалим болом! — 2026”  сынагы төрт тур менен өткөрүлдү: “Мен мугалим болом!” темасында эссе жазуу; өзүн кеңири тааныштырган видеопрезентация; ачык сабак өтүү жана өнөр таймашы.

Келечектеги педагогдордун эл аралык таймашы

Быйылкы сынакка Кыргызстан менен Казакстандан жалпы 60 студент катышты. Алматы жана Астана шаарындагы жогорку окуу жайлардан келген студенттер дагы мыкты даярдыгы менен калыстар тобунун купулуна толушту.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАК: ЖАШ КАДРЛАРДЫН ЖАҢЫ ТОЛКУНУ

— Сынактын биринчи турунда студенттер эссе жазуу менен катышса, ошолордун ичинен 19 студент кийинки турга өтүштү. Бул турда катышуучулар өзүн-өзү презентациялаган видеолорун жөнөтүшкөн, аны дагы калыстар тобу калыс баалап, кийинки турга 12 студентти тандап алышты. Эки өлкөнүн 12 студенти ачык сабак сынагында алар тааныбаган класстарга кирип, өздөрүнүн 30 мүнөттүк сабагын өтүштү. Эң акыркы этапта конкурсанттар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, таймаштын жыйынтыгы чыгарылды. Студенттердин кызыгуусу өтө күчтүү, уучубуз кур эмес экен. Келечекте мыкты педагогдор даярдалып жатканын жалпы калыстар тобу айтышты. Калыстар тобунун курамына мектептеги алдыңкы мугалимдер жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү кирген. Сынактын экинчи финалдык турундагы ачык сабактар Бишкек шаарынын А.Осмонов атындагы N68 жалпы орто билим берүү мектебинин базасында өттү, — дейт Рахат Сулайманова.

Ачык сабактан кийин калыстар тобунун мүчөсү, №68 мектептин башталгыч классынын мугалими Чынара Султанова өз оюн ортого салды. Ал өтүлгөн сынак өтө кызыктуу жана  жандуу өткөнүн белгиледи.

— Бул сынакта мугалимдик кесипти тандап алган жаштар ар кайсы предметтер боюнча катышты. Мени жаштардын келечекте мугалим болуп иштейм деген ойлору бар экенине, мугалимдиктен качпай  келип аткандыгы кубандырды.  Сынактын салмактуулугу — биздин республикадан сырткары коңшу Казакстандан студенттер келип, катышкандыгы болду. Өзүнүн кесибин сүйгөн, билимдүү жаштар даярдалып жатканы кубандырды.  Көпчүлүк элдин ичинде калыптанып  калган баягы эптеп-септеп, акчага эле даярдайт деген нерсени сынак жокко чыгарганына күбө болдук. Ачык сабак өткөн студенттердин  иштерин, аракеттерин көрүп жүрөк сүйүндү. Ачык сабактарга токтоло кетсем, өзгөчө жакканы  — англис тилинен сабак өткөн студент Элеонора Эргешова болду. Сабагы жандуу, өзүнүн дагы энергиясы ашып-ташып турган кыз экен. Бир мүнөттү дагы текке кетирбей, балдарды өзүнө тарта билгени, мамилеси, сүйлөгөнү, баскан-турганы, үнү, дикциясы мугалимдикке  ылайык келген студент экен. Калыстар тобу баарыбыз кубанып, карап эле отургандай мугалим болчудай экен дедик. Мугалимдикти тандап келген  эркек балдар да бар экен. Ушул жагы баарыбызды сүйүндүрдү. Анткени акыркы жылдары мугалимдикке эркек балдар келбей эле калган. Мектепте агайлар жокко эсе. Ратбеков Ринат окуу жайды бүтө элек кезинде эле азыркы талап боюнча сингапур методдорун пайдаланып, 5F модели менен физикадан сабак өттү.  Балдарга абдан кызыктуу болду. Практика жүзүндө теорияны далилдеп, андан ары балдар менен дагы жаңы технологияны пайдаланып, платформа аркылуу балдарды сабакка кызыктыра алды. Салмактуу сүйлөп балдарды өзүнө тарта билген студент экен. Келечекте  жакшы мугалим чыгат деген ойдо калдык. Ошондой эле Өмүралиев Тилеген деген бала кыргыз тили сабагынан өзүн көрсөтө алды. Мугалим болууга төп келген баланын сабагы да кызыктырбай койгон жок. Даяр кадр келатканын көрдүк. Ошондой эле информатика сабагынан Алматыдан келген Жауказын Тлектез кызынын сабагы жогорку деңгээлде өттү. Жагымдуу маанай тартуулаган, бир дем менен сабакты өткөнү кайдигер калтырган жок. Ала-Тоо университетинен Худайберди Даяна деген студент башталгыч класстар боюнча сабак берди. Негизи орус класстарга сабак берчү экен. Бирок ошого карабай кыргыз класстарына сабак өтүп, балдарды дагы кызыктырып, теманы ачып берди. Балдарга эсеп чыгаруунун эки жолун көрсөтүп, бир заматта үйрөтүп койду. Мугалимдикти сүйүп келген жаштардын көп болушун каалайт элем. Мектеп мугалимсиз калбайт экен. Биздин келечегибиз бар экен, — деди Чынара Султанова.

Бешинчисинде эл аралыкка айланган сынак

Сынакка республиканын бардык аймактары камтылды жана жалпы 17 окуу жайдын студенттери катышты. Алар: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту, физика, кыргыз филология, биология факультеттери; Кызыл-Кыя институту, Нарын педагогикалык институттары), Казак улуттук аялдар педагогикалык университети, А.К.Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институту  (Астана шаары), И.Арабаев атындагы КМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту, Кыргыз-Турк “Манас” университети, ОшМУ, ОшМПУ, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, МУА «Ала-Тоо»,  Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Эл аралык Кувейт университети, Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университети, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту, Азия инновациялык   колледжи.

Жыйынтыкта мыктылар чыкты

2026-жылдын 21-апрелинде финалисттер өз өнөрлөрүн тартуулап, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар баалуу белектер жана сыйлыктар менен сыйланышты. Баш байгени Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусунун 2-курсунун студенти Эленора Эргешова жеңип алды. Ал  Smart-TV, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен сыйланды. Негизги орундар (Караоке колонкасы, Ардак грамота жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен  сыйланышты):

1-орунга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетинин студенти Ринат Ратбеков чыкса, 2-орунду Ош мамлекеттик университетинен келген Атыргүл Үмөталиева камсыздады. Ал эми  3-орунга Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинен келген конок кыз  (Алматы) Жауказын Тлектез кызы чыкты. Мындан сырткары  «Мыкты ачык сабак» номинациясы боюнча К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Айжамал Жумабекова менен Ала-Тоо Эл аралык университетинен келген Даяна Худайберди сыйланды. Ошондой эле  «Мыкты өнөрпоз» номинациясына Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусунун студенти Айчүрөк Бердикулова,  Адина Тилекбаева (Эл аралык Кувейт университети) менен Адина Майрамбек кызы (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту) татыктуу болушту.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАК: ЖАШ КАДРЛАРДЫН ЖАҢЫ ТОЛКУНУ

«Мыкты видео-презентация» номинация боюнча алдыга чыккандар: Адина Артисбек кызы (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту), Нурайым Жумабек кызы (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Нарын кампусу).

Сынакка студенттерди даярдоодо активдүү эмгектенген методисттерге жана иш-чараны уюштурууда эмгектенген уюштуруучуларга дагы «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын төш белгиси жана ректордун ыраазычылык каты ыйгарылды.

Бул иш-чарага бардык баалуу сыйлыктар Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан каржыланып, ошондой эле университеттин кесиптик бирлик комитети башкы демөөрчү болду.

Андан соң уюштуруучулар, калыстар тобу жана катышуучулар эстелик катары биргелешип сүрөткө түшүштү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер