ЭҢСЕЙМ СЕНИ МЕКТЕБИМ, ОКУУЧУЛУК КЕЗДЕРИМ!
- 28.05.2021
- 0
Эхх, алтындай болгон классташтарым, баарыңарды жакшы көрөм, сагындым! Убакыт учкан куштай экенине эми ынандым, буюрса, жолугуунун алдындабыз, насип этсин ошол күндөрдү, Жаратканым! Ар бириң ушул эскерүүнү окуп жатып, артта калган балалык, аруу сезим, миң кыял, эч нерседен бейкапар, таттуу көз ирмемдерге кайрыласыңар деп ишенем.
Биз бүт дүйнөнү сүрдөткөн зор мамлекет болгон Советтер Союзу тарап, Кыргызстан эңсеген эгемендикке жеткен жылы мектепти аяктап, жаңы доордун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн катарына кирип калбадыкпы. Ал кезде Рыбачье, азыркы Балыкчы шаарында “Кыргызстандын 50 жылдыгы” атындагы №5 кыргыз-орус тилдүү орто мектебинде “А” класста окудук. Азыр бул мектепке атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилгенин сыймыктануу менен айта алам.
Жеке өзүм “А” класста окуганыма абдан ыраазымын. Анткени биз дайыма лидер болуп, кандай гана мектептик иш-чара болбосун, биринчиликти эч кимге бергенибиз жок. Ошол “А” тамгасын тааныткан Роза Жүндүбаева эжекебизди кантип унутабыз. Билимге жол ачып, өзүбүзгө таалим-тарбия көрсөтүп, адептүүлүккө үйрөткөнү жана ушундай даражага жеткиргени эжекебиздин биздин келечекке кошкон салымы.
Ортоңку жана жогорку класстарда химия, биологиядан сабак берген, жапжаш, ажарлуу, баарыбызга бирдей мамиле жасап, ар бирибизди түшүнө билген, назик жана мээримдүү Жамиля Султаналиева класс жетекчи болду. Жамиля эжекебиз жалпы класстык сааттан тышкары кыздарды чогултуп алып, акыл-насаатын айтып, өзүнүн жеке көз карашы менен бөлүшкөн жагдайлар эсимде. “Кыздар, силер боенбой койсоңор деле сулуусуңар, азыркы балалык чагыңар өзү эле сулуу” дегенин кийин ойлосом, абдан туура экен.
Негизи эле жакшы убакта окуп, мыкты мугалимдерден билим, тарбия алыптырбыз. Мектептин кызыкчылыгын жан дили менен коргогон мектеп директору Валентина Петровна, кийинчерээк Парахат Газибаевна, баардык нерсеге калыс караган завуч Эрнис Качаганович, өз кыргыз тилибизди, кыргыз адабиятындагы акын, жазуучулардын чыгармачылык жолдорун терең баалаганды үйрөтүп, кайсыл жерде болбосун маданияттуу болууга үндөгөн Калбүбү Байтикова сыяктуу эжей-агайларыбыз кандай гана мыкты педагогдор эле. Орус тил жана адабиятын эң жогорку деңгээлде алып барган, өтө принципиалдуу Фатима Кашымбековна эжейибиздин сабагында класстын ичи жымжырт болуп, анын чымчып сүйлөп, тамашалаган сөздөрүнөн кайра жанданып, кызыгыбыз тарачу эмес. Ар кайсы предметтер боюнча шаардык олимпиадаларда да биздин окуучулардын билими абдан жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келген. Бул да болсо ошол убакта мугалимдерибиздин күчтүүлүгүн далилдеп, мектебибиздин алдыңкы катарда болгонунан кабар берет.
Кантсе да сонун мезгилге туш келиптир окуучулук кезибиз, биз сыймыктана турган нерселер – октябрят, пионер, комсомол болгонубузда. Галстук тагынып, баарыбыз бирдей форма-фартук кийгенибизде. Ошол кездеги Буратино лимонадынын, ооздо ээриген балмуздактын азыркыларга салыштырып болбос өзгөчө даамы менен жыты таттуу балалыгыбызды эске түшүрбөй койбойт. Башталгыч класстарда жай келген сайын походко чыгабыз деп Кызыл-Саздын жаратылышына жөнөп калчу элек. Жаныбызга алганыбыз бышырылган жумуртка, буркураган помидор-бадыраң жана атактуу “Буратино”. Кийинчерээк, ботаника, музыка, бий, адабият кружокторуна катышып, мектептен чыкчу эмеспиз. Анын жыйынтыгы – өзүбүздүн шаардагы “Заря” аттуу клубда спектакль коюп, көрүүчүлөрдүн алкышына татыганыбыз.
1-май, 9-май, 7-ноябрь кызыл даталуу күндөрдө майрамга даярданып, түнү бою уктабай өз колубуз менен түстүү кагаздардан гүл жасап, атайын форма тиктирип, эртеси толкундануу менен параддан өткөнүбүз айрыкча эсте калды деп ойлойм. Дене тарбия мугалими Александр Куртынин болсо ой-боюбузга койбой, чарчаганыбызга карабай, кроссторду аягына чейин чуркатаар эле. Биз окуп жүргөн мезгилде кыздар-балдарда ыйман бар экен, мугалимдерге каяша айткандан тартынып, үйдө болсо ата-эненин айткандарын толугу менен аткарбасак да, ийменип тураар элек. Мен уктап калып, же дагы ушу сыяктуу себептер менен сабакка барбай калсам, бүт нерседен кур калгандай ыйлаганымды эстегенде күлкүм келет, анткени мектепти баарынан жогору коер элем.
Курбулар өз ара сүйлөшкүсү келгенде азыркыдай жазышпай, ар биринин үйүнө барып, болбосо үй телефону аркылуу, телефону жоктор көчөдөгү будкадан эки тыйын салып байланышмай эмес беле. Андай майда тыйындарды атайын коюлган аппаратка салып, стакандан газдалган суусундук да ичип калбадыкпы. Ии баса, ошол мезгилде Индия фильмдери өтө популярдуу болуп, өзүбүздүн “Ысык-Көл” кинотеатрыбызда дээрлик жума сайын коюлуп тураар эле. Индия киносунун фанаттары муну окуганда бир жылмайып алса керек, себеби бирин калтырбай көргөндөр көп болгонбуз десем жаңылбайм.
Практикант эжебизден да көп жакшы нерселерди үйрөндүк, ар кандай конкурстарда ал эжебиз бизди катуу даярдап, биз болсо параллель окуган класстарды жеңип чыгып, “А” класска уюштуруучулук жөндөмү жогору эже туш келиптир деп чын жүрөктөн сүйүнгөн элек. Убактысы бүтүп, кайра окуусуна кайтаарында кетиргибиз келбей, ыйлаганыбызчы. Кийин ал эжебиз менен кат алышып да турбадыкпы. Кыскасы, балалык учурубуздагы бирде жашытып, бирде кубанткан көз ирмемдер, ар түркүн кыялдар, сагынып эстеген окуучулук күндөрүбүздү айтып отурсак ары кызыктуу, ары кол жеткис. Алма-Атага үч күнгө экскурсияга барганыбыз эле өзүнчө узун жомок. Алардын баарын буюрса, жолукканда бирге отуруп, чер жазышып чогуу эстейлик, кымбаттуу классташтарым!
Ошондой эле 1991-жылкы баардык бүтүрүүчүлөрдү 30 жылдык юбилейи менен, убагында аларды окутуп, алпештеп таалим-тарбия берген асылзат мугалимдерибизди 11 “А” класстын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бар болгула, эжей-агайлар! Бар бололу, классташтар!
Рита ТЫНАЕВА (Жумакунова)
Комментарийлер