ДОСУМДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ
- 15.05.2025
- 0
Досум Токторбек экөөбүз 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине биринчи жолу тапшырганда таанышканбыз. Таанышканда эле досум жүзүнөн нур чачыраган, жагымдуу үнү, орундуу кеп сөздөрү менен купулума толгон эле.
Ошол абитуриент кезибизде эле ортобузда чыныгы достук мамилебиз башталган болучу. Ал жылы экөөбүз конкурстан кулап, окууга өтпөй калдык. Мен өзүмдүн туулуп өскөн Тогуз-Торо районунун Арал айылыма кеттим. Досум Токторбек Фрунзе шаарында «печенье» чыгарган фабрикада иштеп калды.
1973-жылы кайрадан экөөбүз кайра бир тапшырып, Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине конкурстан тизменин эң алдынкы ондугуна кирип өтүп кеттик. Ошондогу экөөбүздүн сүйүнгөнүбүздү эч ким билбесе керек.
Ошентип, Бишкек шаарынын четиндги алыс эмес «Маевка» айылына мал сарайына жайгашып, пияз терип иштеп калдык. Пияз терген талаада курсташтар менен жакындан таанышуу менен өтүп жатты. Эртеден кечке пияз теребиз. 1-курска өтүп, ушул жерде иштеп жатканда ого бетер «жылдызыбыз келишкен» экен. Чыгармачылык багытында экөөбүз ар дайым бири-бирибиз менен ой пикирлер жана талкуу-талашты чогуу бөлүшүп, ортодогу достук мамилебиз ого бетер ширелише баштады. Биз солдаттардай болуп жатып, сөзмөр студенттер ар кандай күлкүлүү окуяларды, тамашаларды айтып, көнүлдөр көтөрүнкү каткырык-күлкү менен коштолот.
Биз экөөбүз «дос көтөрөт көңүлдү» дегендей кеч курун эс алып жатканда студент балдардын көңүлүн көтөрүп, ого бетер күлкүлүү аурага бөлөп, аларды күлдүрүп «Айтыш» жасап төкмөлүк менен алардын чарчоолорун жоготор элек. Алар биз экөөбүздү сүрөп турушаар эле.
Ошентип биздин ортодогу достук мамилелерибиз кийинчээрек үй-бүлөлүк кезибизде да уланып, башкача айтканда үй-бүлө ортосунда да уланып кетти. Анткени менин өмүрлүк жолдошум Салима менен анын өмүрлүк жолдошу Жаңыл экөө классташтардан болчу. Ого бетер достугубузду булар айрылгыс кылып бириктирген эле. Мен өмүрлүк жолдошум Салимага үйлөнгөндө, анын үйүнөн жакын досторум, айрыкча Жумакун досум таң атканча гитара чертип ырдап, көңүлдү көтөрүп шатыра шатман узатышып, курсташ дос Акиммырзанын «жигулиси» менен Токторбек досум өзү күйөө жолдош болуп Тогуз-Торого айылым Аралга жеткирип келип кеткен эле.
«Дос бол сырын билип, көңүлүн ал кыялын билип» деп, айтылгандай сыр жашырышпаган кыял жоругубуз бирдей эч ажырагыс достордон элек.
Токомдун кыялы кадимки эле жаш баладай таза, кыялкеч, терең ойлуу, көңүлдү көтөргөн өзгөчө энергиялары бар болуп, сөздү айтып баштаганда эле эмнегедир күлкүлүү окуяга айлантып жиберчү эле.
Досум Токомдун илимий иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, көздөгөн максатына жетмейинче жаны жай албаган, мээнеткеч, аракети өтө күчтүү эле. Ошол себептүү досум Токо Университетти бүтөрү менен ийне менен кудук казган илимге баш оту менен бой урган болучу.
Университеттин тарых факультетинде окуганда экзаменеге даярданып жатканда ал менин окуп жатканымды аңдып, мен анын окуп жатканын аңдып, бири бирибизди аңдышып атаандашып окуйт элек. Экөөбүз атаандашып борбордук газеталар: «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш», «Мугалимдер газетасы» газеталарына макалаларды байма бай жазып турар элек. Ал экөөбүз жакшы окуп «жогорулатылган» стипендия алып окуйт элек.
Ошентип 1978-жылы Университеттин тарых факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, досум Токо мугалим болуп иштеп калды. Мен дагы тарых кафедрада калмакмын, бирок өзүмдүн каалоом менен айылыма карыган ата-энемди багам деп кеттим. Кийин Тогуз-Торо районунда партиялык, советтик, профсоюздук, чарбалык, билим берүү тармактарга өтүп иштеп, үзүрлүү эмгектенип ардактуу пенсияга чыктым.
Токторбек экөөбүз чынында «сындашкан эмес, сырдашкан» кыйбас дос элек. Сырын мага эч жашырбай айтар эле. Биринчи жолу Университетте мугалим болуп иштеп жатканда мен Фрунзеге командировкага барып, ага жолугуп жашаган квартирасында түнү бою сыр чечишип сүйлөштүк. Эртеси эртең менен мени ээрчитип, студенттерге дарс окуган сабагына катыштырды. Чынында анын окуган дарсы терең мазмундуу жана кызыктуу окулгандыктан оозунан чыккан сөздү, терең аңдай студенттери жазып жатышты.
Досум Токомдун билиминин тереңдигине, ойчулдугуна, эрудициясына, бир окуяга баш оту менен кирип ачык, так ийне жибине чейин түшүндүрүп айтып бергенине таң берээр элем.
Кийинчерээк да Университетте кафедра башчы, декан, кабыл алуу комиссиянын катчысы болуп иштеп жүргөнүндө да мени өзүнө кошуп алып, иштеген жерине алып барып жетине албай көрсөтүп турчу.
Досум Током жөнүндө эскерүүмдү уланта берсем өзүнчө бир китеп болот. Ошондой эскерүүгө татыктуу, кыргыз элине унутулгус илимий эмгектерин, окуу китептерин берип кетүүгө үлгүргөн, ашкере адамкерчиликтүү, улууга-ини, кичүүгө-ага, студенттеринин, аспиранттарынын сүйкүмдүү агайы, асылкеч, айкөл досум Токторбек болчу. Биздин достугубузду бут курс билет эле.
Асылган оору алмайын, шум ажал досумду пайгамбар жашында башка дүйнөгө алып кеткенин курсташ агам, тарых илиминин доктору, профессор Т.Кененсариев телефондон айтып угузганда, ага ишенбей жан дүйнөм эңшериле коштошуу, топурак салуу үчүн алыскы Тогуз-Торо районунан түндөп олтуруп, шоферумду улам кичинеден эс алдырып уктатып жүрүп олтуруп Бишкекке үйүнө эртең мененки саат 8-00гө барганда котологон калың элди көрүп, өзү өлөрүн алдын ала билип, кимдер аза күтүү митингди алып барарын, кимдер сүйлөй турганын өз колу менен кагазга жазып кеткенине мен өзүм күбө болдум. Митингди өзү жазып кеткени боюнча Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директору, доктор, профессор А.Асанканов алып барды.
Ошончолук көп элдин алдында «Манас жана Ч.Айтматов академиясынын» Президентинин орун басары тарых илиминин доктору, профессор Т.Кененсариев сүйлөп жатып, алыскы Тогуз-Тородон жан кыйбас досу Таалайбек келип олтурат, деген сөзү чыныгы акыреттик достугубузду эл алдында айгинелген эле.
Ошентип, маркум акыркы башка дүйнөгө айрылып, арабыздан бөлүп кеткен досум Токторбектин кадыр баркынын жогорулугуна өз көзүм менен күбө болгом.
Токо досум жаркын элесиң түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.
Досуң Таалайбек
Комментарийлер