ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО СЫНАГЫ. ЭКИНЧИ АЙЛАМПА

  • 06.10.2022
  • 0

Өлкө президенти Садыр Жапаров мектеп директорлорун сынактын негизинде тандоо тууралуу жарлыкка быйыл 12-июлда кол койгону белгилүү. Бул жарлык кандай жагдайда жаралды, тандоонун биринчи жана экинчи айлампалары кандай жыйынтыктарды көрсөттү, ушуга кыскача  токтоло кетели.

Президенттин жогорудагы жарлыгы баарынан мурун биздин коомдо «заманбап башкаруу көндүмдөрүнө ээ, иш билги директорлор жетекчиликке келсе, мектептеги окуучулардын билим сапаты жогорулап,  мугалимдердин кесипкөйлүгү өйдөлөйт беле» деген үзүлбөгөн үмүттү жаратты.

Мурда кандай эле?  Эгемендиктин отуз жылында биздин өлкөдө беш президент, отуздан ашуун премьер-министр алмашканы менен, мектепте отуз, жыйырма жылдан бери бир орунда жылбай иштеп келген кол тийбес мектеп директорлору аз эмес санда болду.

Албетте, алардын арасында ичинде өз ишин мыкты билгени, мектепти ар тараптан өнүктүрө алган алдыңкысы да учурабай койбойт. Ушундай тажрыйбалуу жетекчилердин өрнөгүн алып калуу үчүн директорлорду конкурстук негизде тандоо тууралуу жобого өзгөртүү киргизилип, пенсия жашындагы директорлорго да сынакка катышууга уруксат берилди.

Ошентип, президенттин жогорудагы жарлыгына ылайык бир мектепте беш жылдан ашык иштеп келген миңге чукул директорлор кызматтан алынды.

Бул жооптуу ишти аткаруу Улуттук тест борборунун кызматкерлерине жүктөлүп, алар конкурстук тандоону эки турда уюштурду. Биринчи турда мектепте кеминде жети жылдык иш-тажрыйбасы  бар талапкерлер жободогу талаптарга ылайык өз документтерин онлайн жүктөөгө тийиш болчу.

Улуттук тест борборунун адистеринин айтымында, айрым талапкерлердин санарип көндүмдөрүнүн чабалдыгынан улам ушул жөнөкөй жумуш бир топко аксады. Мисалы, мектепте жетекчи болуп беш-он жылдап иштеп эле жүргөн талапкерлер документти өздөрү жөнөтпөстөн, бул жооптуу ишти башка бирөөгө тапшырып, же башка бирөөнүн почтасын пайдаланып, натыйжада комиссияда суроолор жаралганда, талапкер менен кайтарым байланыш үзгүлтүккө учурады.

Ушундай түшүнбөстүктөр менен коштолгон  тандоо иши август айына барып, өлкө боюнча башталды. Бирок алгачкы пилоттук тандоо июль айынын этегинде Таласта өтүп, анда төрт талапкердин ичинен 60 босоголук пайыздан жогору балл алган Айгүл Орозалиева жеңүүчү деп табылган болчу.

Биз  бул жагымдуу жаңылыкты «Кут Билимдин» окурмандарына өз убагында жеткиргенбиз.  Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу тест аркылуу тандалып алынган талапкерди телефон аркылуу  куттуктаганым эсимде.  Ошондо таң калганым, өзүнүн жеңишине жеңүүчү жүрөк жарыла кубанган эмес. Тескерисинче, анын жообу мени ойго салган эле. «Компьютер менин билимимди гана текшерди, ал эми иш жүзүндө мектепти жетектеп кете аламбы, муну эми убакыт көрсөтөт» деп жооп берген ал.
Азыр Айгүл айымдын ийгиликтүү иштеп жатканында эч шегим жок. Анткени, баарлашып отуруп, маектешимдин теориялык билими, даярдыгы, тажрыйбасы, жана эң башкысы жоопкерчилик сезими жетик экенин байкагам.
Анткен менен, биз бардык эле талапкерлер тандоо ишине жоопкерчилик менен мамиле кылды дегенден алыспыз. Бир тобунун документтери толук болбой, мектепти өнүктүрүү планы баш-аягы жок түзүлүп калгандыктан, биринчи турдан өтпөй калганы, биздин жогорудагы оюбузду бекемдеп турат.
Арасында тандоо сынагынан өтүп алып, «мен өз күчүмдү эле сынап көрөйүн дегем» деп директорлуктан баш тарткандар, эң көп балл топтоп, тесттен ийгиликтүү өткөнү менен экинчи орунда калган мурунку директорго өз ордун берерин айтып, Тест борборунун адистерин убара кылгандар да учурабай койбоду. Эң эле кызыгы, алар кийинки күнү Улуттук тест борборуна кайрадан телефон чалып, «өзүм иштейм, мени туш тараптан кысымга алышты» деп даттанганы сынактын уюштуруучуларына түшүнүксүз болду.
Тандоодогу мына ушундай кемчиликтерден улам Жалал-Абадда 11-августта өткөн сынактын жыйынтыгы менен 46 мектепке жаңы жетекчи араң  тандалып, облуста дагы 112 орун бош калды. Мектеп директорлугу үчүн сынакка Жалал-Абаддан 220 талапкер катышкан болсо, алардын 61и босого баллды топтогон. Бир мектепке талапкерлигин койгон бир нече жаран тесттен өтсө, эң жогору упай алганы жетекчиликке тандалды.
13-августта Ош мамлекеттик университетинде Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлүп,  541 жаран документтерин тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтерин толук тапшырбай, экинчи баскычына өтпөй калган.
Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырып,
88 талапкер босого жана андан жогору балл алган.  Бул катышуучулардын 25% түздү.
Мектеп директорлугу үчүн сынакта Ош шаарында 11, Бишкекте 42 билим берүү мекемесине жетекчи дайындалды. Ошто тестирлөөгө 31  талапкер катышып, 14ү босого баллды топтогон. Борбор калаада мектеп жетекчилиги үчүн конкурска 129 жаран катышкан.
Тестирлөөнүн биринчи айлампасында республика боюнча жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы менен облустардагы 966 бош орундун 413үнө жаңы жетекчилер тандалды. Учурда экинчи айлампада  553  бош орунга сынак жүрүүдө.
27-сентябрда Чүй жана Талас облустарындагы мектептердин директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.
Талас облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 109 талапкер документ жиберип, андан 96 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган.
Талас мамлекеттик университетинде өткөн тестирлөөгө жалпы 93 адам катышып, 3 талапкер сынакка келген жок. Жыйынтыгында 45 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 43,2%ын түзөт.
Ал эми Чүй облусу боюнча II айлампага 180 адам документ жиберген. Анын ичинен 26 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Мындан улам 154 адам тестке катышуу укугуна ээ болуп, анын ичинен 146 адам тестке катышып, 8 талапкер сынакка катышпады. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 71 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 48,6% ын түзөт.
30-сентябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.
Ысык-Көл облусунда II айлампага катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. 33 талапкер документтердин толук пакетин тапшырбаганы  үчүн тестке катышуу укугу берилген жок. Сынакта 39 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 42,8%ын түзөт. Ал эми Нарын облусу боюнча тестирлөөнүн II айлампасына 76 адам документ жиберген. Анын ичинен 20 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Ошондуктан,  56 адам тестке катышуу укугун алган. Нарын мамлекеттик университетинин башкы имаратында өткөн тестирлөөгө 50 талапкер катышып, алтоо тестке келген эмес.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 64% ын түзөт.

Улуттук тест борборунун адистеринин маалыматы боюнча буга чейинки тестирлөөдө өтпөй калган талапкерлер да кайрадан катыша алат.

Директорлук үчүн ат салышуу албетте Бишкек шаарында курч мүнөздө өттү. Анткени ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултуу фактылары эгемендүүлүк күнүнөн бери карай борбор калаада башка аймактарга салыштырмалуу арбын учурады. Элиталык деп эсептелген окуу-материалдык базасы мыкты билим берүү уюмдары да борбор шаарда көбүрөөк экени баарына маалым.  Жылына ЖРТда жоон топ Алтын сертификат ээлерин өлкөгө таанытып жаткан айтылуу Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексине ким директор болуп келет деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Конкурстук тандоого караманча каршы чыккан, кийин паракорчулук үчүн кармалып, үй камагына чыккан  мурунку директорду тестирлөөнүн жыйынтыгы менен талапкерлердин арасынан эң көп балл алган физика-математика илимдеринин доктору Усекеев Эрмек опоңой алмаштырды.

Мурдатан майнаптуу иштеп келген Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Атаева Сайрагүл менен №70 мектеп-гимназиясынын директору Джунушева Чолпон сынакта тиешелүү балл топтоп, өз ордунда калды.

Ал эми директорлук кызматта узак жылдар иштеп келген Светлана Керимкулова, Канымжан Оморова, Замира Токтогулованын ордуна тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча №67 мектеп-гимназиясына Джумалиева Нургүл, №68 мектеп-гимназиясына Рыспаева Чолпон, №55 жалпы билим берүү орто мектебине Садырова Асел жетекчи болуп дайындалды.

Ак-Өргө конушундагы Ж.Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү орто мектебине  Рысбекова Дилбара тестирлөөнүн аркасында жетекчи болуп келди. Бул мектепти буга чейин ак эмгегинин акыбети аркылуу Эмгек сиңирген мугалим наамына жеткен мыкты педагог Динара Иманалиева жетектеп жүргөн эле.

Быйыл эле окуткан окуучуларынан жана алардын ата-энелеринен кысым көрүп, интернетте талкуу жараткан Аламүдүн районунун Лебединовка №1 мектебинин тарых мугалими Садырбаева Жылдыз тестирлөөнүн жыйынтыгы менен борбордогу №38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексине директор болуп дайындалды. Бул быйылкы тандоонун эң чоң жаңылыгы болду.

Учурда биринчи сынактын жыйынтыгынан кийин Ошто 6, Бишкекте 20 орун бош турат.

Билим берүү адистери, коомчулук өкүлдөрү мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо боюнча Жобонун өзүндө так эместиктер бар экенин айтышууда. Мисалы, кээ бир жерлерде бир орунга ат салышкан  беш-алты талапкер босого баллынан өткөн учурлар бар. Жобого ылайык булардын эң көп балл топтогону директор болуп дайындалууда. Калганынын тагдыры кандай болот, бул жагы бүдөмүк.

Сынактан өтпөй калгандар кайра-кайра документ тапшыра бергени да түшүнүксүз.

Ошентсе да, мектеп директорлорду конкурстук негизде тандоо кадамдары туура багытта кетип баратканын моюнга алып, анын ийгилигине азыртан ишенип, демилгени колдон келишинче колдоп туралы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер