ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО — МЕКТЕП РЕФОРМАСЫНЫН МААНИЛҮҮ ЖЕҢИШИ

  • 26.12.2022
  • 0

Мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо азыркы мектеп реформасынын эң бир урунттуу окуясы болуп калды.

ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО — МЕКТЕП РЕФОРМАСЫНЫН МААНИЛҮҮ ЖЕҢИШИ

Эсиңиздерде болсо керек, Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тартып элдин, жалпы коомчулуктун эңсегени, ойлогону мектеп директорлорун дайындоонун, шайлоонун ачыктыгы болчу. Анткени өлкөдө эл өкүлдөрү болушкан депутаттар, жада калса президенттер революция жолу менен болсо да алмашканы менен, Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда он, жыйырма жылдап бир орунда жылбай башкарган мектеп жетекчилери бар эле. Албетте алардын арасында иштин көзүн билген, ата-энелер, мугалимдер жамааттарын жаратман иштерге багыттай алган нукура лидерлер да жок эмес экенин акыйкаттык үчүн айта кетели. Анткен менен бир эле жетекчинин бир орунда отурушу билим берүүдө бир топ көйгөйлөрдү жаратты.

Жеке башкаруу, өзүм билемдик мектепте түзүлгөн ата-энелер комитеттеринин, Байкоочу кеңештин формалдуу иштешине, ата-энелерден, демөөрчүлөрдөн түшкөн акчаларды ысырапсыз коротууга, отчеттуулуктун жоктугуна алып келди. Буга кошул-ташыл борбордогу элиталык деп аталган мектеп, гимназияларда ата-энелерден топтолгон эсепсиз акчаларга​ нааразы болгон тараптар мектеп, класс фонддоруна, күзөт кызматына, ар кандай майрам, салтанаттарга делип топтолгон акчалардын кайда коротулуп жатканы тууралуу жүйөлүү суроолорду коюшту.

Мына ушундай шартта Садыр Жапаров баштаган бийлик билим берүү тармагында отуз жылдан бери топтолуп келген бул көйгөйдү чечүүгө мажбур болду.
Буга чейин, тагыраак айтканда, 2022-жылдын апрель айынан баштап мугалимдердин жана бир топ бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маянасы эки-үч эсе көбөйгөн эле. Бул чаралар албетте, мектептеги билим сапатын жогорулатууга өбөлгө болбой койбоду. Татыктуу маяна мугалимдердин, мектеп жетекчилеринин ишке болгон мамилесин оң жагына өзгөрттү десек болот. Мындай шартта албетте мектеп жетекчилерине болгон талап дагы күчөп, алардын коом алдындагы жоопкерчилиги бир кыйла жогорулады.

Арийне министрликтин мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо кадамдарында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок коомдун алдыңкы өкүлдөрү, жалпы коомчулук министрликтин бул демилгесин колдоого алды.
Билим берүү боюнча эксперт, укук коргоочу Анара Дауталиева башка кызматтарда мөөнөт болгон сыяктуу эле директорлор үчүн да кызматтын убактысын аныктоо керек, директорлорду дайындоо коррупциялык схема болуп калган, өздөрүнө өздөрү баа берип, аккредитациядан өткөрөт деген чочулоосун билдирген болчу.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов​ Кыргызстанда орто мектептердин директорлорун президент дагы алмаштыра албагандай кырдаал жаралып калганына бушайман болуп, муну тез арада чечүү​ Билим берүү министрлигинин түздөн түз милдети экенин ачык айткан.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев мектептер айрым директорлор үчүн бизнес болуп калганын, бул көйгөйдөн арылуу үчүн билим берүү кодексин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

— Министрдин укугун калыбына келтирүү зарыл. Ал өзүнүн колунда механизм болсо иштейт. Билим берүү кодекси болушу керек. Азыр бизде мектепке чейинки, жалпы базалык, баштапкы кесиптик билим берүү, илим боюнча мыйзамдар бар. Ал эми жалпы билим берүү кодекси жок, — деп көрсөткөн профессор.

Коомдук ишмер Абдывахаб Нурбаев ​ мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо мектеп жамаатына ​ күтүүсүз бирөөнүн директор болуп келип калуусуна бөгөт коёт деген пикирин билдирген.

— Конкурс ачык-айкын болсо, мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү системасын оңдобосок, экономика жана башка тармактарды өнүктүрүү оор, — деп түз айткан Нурбаев.

Билим берүү тармагын эки ирет жетектеген​ профессор, педагогика илимдеринин доктору И. С. Болжурова бул меселе чындыгында эбак бышып жетилгенин, мектеп директорлорун тандоо конкурсун тыкыр уюштуруу керектигин белгилеген болчу.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, педагог Дүйшөн Султанкулов татыктуу мектеп директорун тандап алууга жалгыз тесттик суроолор жетишсиз деген оюн айткан. Ал тест түрүндөгү тандоого оозеки маектешүүнү кошууну сунуштаган.
Билим берүү жана илим министрлиги коомдогу түрдүү пикирлерди эске алып, мектеп директорлорун тандоонун компьютердик тест жолун ылайык таап, бул ишти зор уюшкандыкта үч айлампа менен өткөрдү.

Директорлук үчүн ат салышуу элиталык деп эсептелген окуу-материалдык базасы мыкты билим берүү уюмдары көбүрөөк Бишкек шаарында өзгөчө курч өттү. ЖРТ жыйынтыгында эң көп​ Алтын сертификат ээлерин даярдап келген айтылуу Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексине талапкерлердин арасынан эң көп балл алган физика-математика илимдеринин доктору, кезинде ушул билим берүү мекемесин аяктаган Усекеев Эрмек директор болуп дайындалды. Мурдатан ийгиликтүү иштеп келген Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору Атаева Сайрагүл менен №70 мектеп-гимназиясынын директору Джунушева Чолпон сынакта жетиштүү балл топтоп, өз ордунда калды.

Ал эми директорлук кызматта узак жылдар бою иштеген Светлана Керимкулованын ордуна №67 мектеп-гимназиясына Джумалиева Нургүл,​ Канымжан Оморованын ордуна​ №68 мектеп-гимназиясына Рыспаева Чолпон, Замира Токтогулованын ордуна №55 жалпы билим берүү орто мектебине Садырова Асел тестирлөөнүн жыйынтыгында жетекчи болуп дайындалды.

ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО — МЕКТЕП РЕФОРМАСЫНЫН МААНИЛҮҮ ЖЕҢИШИ

Быйыл эле окуткан окуучуларынан жана алардын ата-энелеринен кысым көрүп, интернетте талкуу жараткан Аламүдүн районунун Лебединовка №1 мектебинин тарых мугалими Садырбаева Жылдыз тестирлөөнүн жыйынтыгы менен борбордогу №38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексине директор болуп дайындалды. Бул быйылкы тандоонун эң чоң жаңылыгы болду.

Сынакта беш-алты талапкер босого баллынан өткөн учурлар да кездешпей койбоду. Бирок ар кандай пикирлерге карабай министрлик мурдатан бекитилген жобону өзгөртүүсүз калтырды.

— Биздеги Жобо боюнча мындай учурларда экинчи орунду ээлеген талапкерлер бош орунга автоматтык түрдө дайындала алышпайт. Ал мектепке жаңы конкурс жарыяланат, — деп жооп берди Улуттук тест борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинова ошондогу кырдаал боюнча.

Чындыгында эле мына ошол окуядан соң жеңүүчү талапкерден кийинки орунда калган Чолпонбек Тиленбаев борборубуздагы №26 француз тилин тереңдетип үйрөтүүчү гимназия-комплекске, Жеңиш уулу Азим №21 жалпы билим берүү мектебине кийинки айлампада директор болуп дайындалды.
Азыр алар камчы салдырбай эмгектенип жатышат.

ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО — МЕКТЕП РЕФОРМАСЫНЫН МААНИЛҮҮ ЖЕҢИШИ

Сынактан өтүп алып, бир ай иштеп-иштебей жаңы орундан баш тарткан жетекчилер да болду.

— Мен Алай районундагы «Көлдүк» башталгыч мектебинде бир жарым ай директор болуп иштедим. Анан турмуш шартыма байланыштуу өз арызым менен кызматтан кеттим. Анткени мурдагы мектепте англис тил мугалими болуп жогорку класстарда иштегем. Башталгыч мектепте англис тили болгону төрт эле саат экен. Өз предметимди, өз окуучуларымды кыя албадым, — деди Шайдулла кызы Таалайгүл өз чечими тууралуу.

Министрликтин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова айрым аймактарда аз болсо да азыркы мамлекеттик мааниси зор өнөктүктө түшүнбөстүктөр учураганын белгилейт.

— Айрым райондордо жаш адистер тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, мурунку директордун пайдасына өз ордунан баш тарткан учурлар болду. Аламүдүн районунда башка айылдык талапкерди «мурунку директорубуз өзү иштейт» деп мугалимдер жамааты, ата-энелер киргизбей коюшкан. Бул фактылар боюнча биз Улуттук коопсуздук кызматына кайрылдык, — деди Айнура Сүйүндүковна.

Ошентсе да мунун баары министрлик баштаган демилгеге көлөкө түшүрө алган жок. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун үчүнчү айлампасын жарыялап, Ысык-Көл облусу боюнча 17, Нарын облусунда 10,​ Чүй облусунда 59, Талас облусунда 14,​ Жалал-Абад облусунда 105,​ Ош облусунда 101 бош орун бардыгы кабарланды.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы №2632/1 буйругу менен Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бардык жарыяланган бош орундарга тандоо дээрлик аяктап калганын айтууда.
“Бирок директор беш жыл иштеген мектептерде жетекчилердин орундары дагы эле бошоп жатат. Андыктан бул үзгүлтүксүз процесс деп айтууга болот. Орун бошотулган соң сынак жарыялана бермекчи”, — деп кошумчалашты ведомстводон.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер