ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: ЭРЕЖЕ БААРЫНА БИРДЕЙ

  • 27.07.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги  мектеп директорлорун сынак жолу менен тандоо эрежеси бардык талапкерлерге бирдей экенин билдирүүдө. Ал эми мурда жакшы иштеп, ийгиликтерди багындырып келген мектеп директорлору кокус конкурстан өтпөй калса, башка кызматтар сунушталат. Бул тууралуу министр А.Бейшеналиев расмий билдирди.

Жаңы окуу жылы миңге жакын мектепте сынактан татыктуу тандалып келген директорлор менен башталмакчы. Директорду конкурстук тандоо механизми нечен жылдан жедеп эскирип бүткөн административдик-коррупциялык өнөкөт системаны жоюп, стратегиялык көз караштагы кесипкөй заманбап менеджерлерди алып келет деген ишеним чоң. Билим берүү тармагында масштабдуу жана комплекстүү реформалар башталганын прогрессивдүү коомчулук, агартуу тармагы, алдыңкы интеллигенция колдоого алууда.

Президенттин Жарлыгы боюнча жалпы беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматынан бошоп, алардын ордуна жаңы жетекчилер конкурстук негизде дайындалышы керек. Билим берүү жана илим министрлиги бул эреже боюнча 966 мектепте жетекчилик алмашыларын билдирген. Конкурстун жобосу бекип жарыяланып, министрлик директорлордун бошогон кызмат орундарына биринчи конкурсту жарыялады.

Арийне, жаңы деп эле жакшы иштеп, ийгилик жаратып келген жетекчилер такыр эле четке сүрүлүп калабы деген күдүк суроолор да чыкпай койгон жок. Өлкө боюнча “мектептин күлү менен чыгып, оту менен кирген” андай алдыңкы жетекчилер шаар жеринде да, элетте да арбын. Кесипкөй кадрлардын эмгегине көз жумуп коюуга болбой тургандыгын белгилеп, көптөн бери бир мектепте иштеп, ийгилик жараткан жетекчилер кетсе, ал мектептин келечеги кандай болор экен деген кооптонуулар да болууда. Министрликтин жетекчилери өз кезегинде конкурстук тартип бардыгына бирдей экенин белгилеп, ошол эле учурда билим берүүгө эмгеги сиңген тажрыйбалуу жетекчилерге адилеттүү мамиле болорун, алардын эмгеги эске алынарын айтууда.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: ЭРЕЖЕ БААРЫНА БИРДЕЙ

“Буга чейин абдан жакшы иштеп, бирок конкурска катышпай же өтпөй калган мектеп директорлорунун эмгегин эске алабыз. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, Кыргыз билим берүү академиясына, республикалык квалификацияны жогорулатуу институтуна, министрликтеги бош орундарга чакырабыз. Эгер сунушту кабыл алса иштейт”, — деди А.Бейшеналиев.

“Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе, сынак аркылуу директордун аброюн же директорго болгон ишеничти түшүрүү эмес, жөн гана директорлордун жаш курагына карабай, конкурстун критерийлерине дал келген талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү”, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Мамбетакунов.

Бышып жетилген маселе

Коомдук ишмер, билим берүү тармагынын күңгөй-тескейин жакшы билген эксперт, экс-министр Ишенгүл БОЛЖУРОВА директорлорду сынак жолу менен тандоону колдой турганын билдирди.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: ЭРЕЖЕ БААРЫНА БИРДЕЙ

Ишенгүл Болжурова, мурдагы билим берүү жана илим министри, педагогика илимдеринин доктору, профессор, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер.

— “Директорлорду конкурстан өткөрүү ыкмасын мен да колдойм. Анткени билим берүү тармагын реформалоо, мектеп директорлорун ротациялоо жөнүндө көп жылдан бери сөз болуп келаткан. Кээ бир директорлор 30-40 жылдап иштеп, түшпөс хан болуп калган. Ошол эле учурда алар жетектеген мектептин окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларды кой, республикалык деңгээлде ийгилик жарата алышкан жок. Мен билгенден өзгөчө Бишкектин директорлору министрликти да тоотпой, борбор шаарга гана баш ийебиз деген учурлар да болгон. Азыр министр жүргүзүп жаткан реформа туура деп эсептейм, мамлекеттин алдында баарыбыздын жоопкерчилигибиз бирдей. Иштеп келген жана иштеп жаткан директорлордун көбү тест, IT технологиялары, жаңы окуу методикалары сыяктуу көптөгөн талаптарга жооп бербейт.

Мен социалдык желелерден кээ бир ата-энелердин мектеп директорлорун колдоо боюнча акцияларды уюштуруп жатышканы тууралуу маалыматтарды окуп калып жатам. Мамлекеттик окуу жай болгондон кийин баардыгыбыз мамлекеттин мыйзамдарына бирдей баш ийишибиз керек. Ошончолук эле каалап жатышса, менчик мектеп ачып иштешсин. Бул өздөрүн эң кыйынбыз деп эсептегендердин баарына тиешелүү. Мен иштеп турган учурда көптөгөн ата-энелер ошол эле мектептер жөнүндө ар түрдүү маанидеги маалыматтарды айтып, даттанып келген көп фактылар болгон. Менимче, тигил же бул мектеп директорун иш ордунда сактап калуу демилгеси ошол директордун өзүнө гана таандык. Эгерде биз билим берүү тармагында өнүгүү, реформа болушун кааласак, министр жүргүзүп жаткан реформага бут тосууларды токтотушубуз керек”.

 

ЭССЕ О РЕФОРМЕ ОБРАЗОВАНИЯ

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: ЭРЕЖЕ БААРЫНА БИРДЕЙ

Зайнидин КУРМАНОВ, профессор, доктор исторических наук, экс-спикер Жогорку Кеңеша. 

“Первым серьезным реформатором в области образования была министр образования Чынара Жакыпова, избранная по конкурсу. Сколько тогда воплей и проклятий стояло, не сосчитать. Вузы тогда успели реформировать и спасти высшее образование, которое дышало на ладан из-за коррупции и советскости. На эту реформу потребовалось большое политическое мужество тогдашнего правительства. На школу не хватило времени, министр ушел в отставку, когда вузами стали называться профтехучилища в колхозах. Есть такая особенность у нас перегибать палку. Уже тогда становилось ясно, что надо реформировать и школьное образование. Приняли соответствующий пакет законов, но глубже дело не пошло. Произошли лишь внешние, косметические изменения. Появились гимназии, колледжи, частные школы и сады… И как следовало ожидать, государственная школа из-за хронического недофинансирования и утечки хороших кадров упала на дно.

Новый министр образования мне напоминает сейчас Ч. Жакыпову, делает большие усилия, чтобы реформировать систему образования, сделать ее целостной и концептуальной, думающей, конкурентоспособной, доступной для простых и талантливых. Эта сфера во всех странах является провальной, а должность министра образования, как правило, дают представителям оппозиции, чтобы они провалились. Новый министр, человек новой формации, получил великолепное образование за границей, говорит на нескольких иностранных языках, доктор исторических наук, профессор. Ему дан карт-бланш. С ним связаны многие надежды и ожидания прогрессивной общественности. На его стороне политическая воля правительства. Хотя до этого с реформами в сфере образования власть прежде не торопилась. Ведь система помогала ей на выборах собрать любые голоса. Из-за этого многие реформы у нас находятся в загашнике. А кое-где даже не начинались. А реформы требуют жертв, хороших знаний, смелости и решительности, без этого не бывает. Реформы это всегда прилив свежих сил, умов, подходов, это консенсус между опытом и азартом, энергией молодых, это поиск новых путей, механизмов и концепций… Иначе, никогда не будет долгожданных перемен. Достойного образования и хорошей жизни. Надо и нужно уметь жертвовать удобным и привычным, старым и отживающим. Чтобы идти в ногу со временем! Когда мы наконец научимся видеть дальше своего носа? Отличать зерна от плевел?”

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер