ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ…

  • 12.11.2020
  • 0

Бүтүндөй өмүрүн агартуу ишине арнаган Гүлсүн Усенова көзүнүн тирүүсүндө жалпы журттун, ата-энелердин, мугалимдер жамаатынын, билим-тарбия берген окуучуларынын эң бийик сый-урматына татыган нукура педагог, көрөгөч жетекчи эле.

ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ...

 

Адатта адам баласы эң бир мыкты сапаттарды ата-энесинен алат эмеспи.
Атактуу, даңктуу мугалим, мыкты, көрөгөч жетекчи Гүлсүн Усенованын агартуудагы ийгилик жолунун башатында да ата-энеси турду.

«Менин апам мугалим болуп иштечү. Илгери мектепти бүткөн алдыңкы окуучулар кайра эле сабак берчү эмес беле! Апамдын таасири болдубу, айтор үйдөн улуу эжем экөөбүз мугалимдик кесипти аркаладык» деп жазат Гүлсүн эже апасы тууралуу.

ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ...

Жаштайынан тирикарак, тилбилги, уюштургуч сапатка ээ Гүлсүн эже ынтымактуу, ырыс-кешиктүү үй-бүлөдөгү бир уул, беш кыздын үчүнчүсү болчу. Анын адам, инсан, жетекчи катары калыптануусунда атасы Тураталынын таасири эбегейсиз болду. Атасы Тураталы акенин  Орто Азиядагы эң чоң базарлардын бири — Кара-Суу базарын түптөгөнү, ал кишинин масштабын, ордун таамай көрсөтүп турат.

Гүлсүн эже мына ушундай эмгеги менен элге таанылган адамдардын үй-бүлөсүндө өсүп жетилди.

1974-жылы Кара-Суу шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебин аяктаган соң, эмгек жолун шаардагы мамлекеттик банкта эсепчи болуп иштөөдөн баштаган.

1980-жылы Орусиянын Курск мамлекеттик педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктап, «орус тили жана адабияты мугалими», «тарбиялык иштер боюнча усулчу» адистигине ээ болот.

1980-1992-жылдары Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасында мугалим, ал эми 2001-2010- жылдары Ош айыл чарба техникумунда директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, Ош айыл чарба институтунун деканы, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ал эми 2010-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кара-Суу шаарындагы №66 В.И. Ленин атындагы орто мектепти жетектеди.

Гүлсүн Тураталиевнанын жетекчилик уюштуруучулук жөндөмү ушул мектепте даана көрүндү. Өзү бир кезде билим алган мектепке директор болуп дайындалган тушта, шаардагы бул билим очогу эң кейиштүү абалда болчу.
Гүлсүн эже ошол бүлүнгөндү бүтөдү, тез арада ата-энелердин, коомчулуктун, демөөрчүлөрдүн жардамы менен, анан албетте райондук билим берүү бөлүмүнүн чоң ишенимине таянып, мектепти ичи-тышы заман талабына айкалышкан билим очогуна айлантты.

ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ...
Мектептин материалдык-техникалык базасы менен катар мугалимдердин кесиптик даярдыгына, окуу- тарбия ишинин сапатына өзгөчө маани бергендиктен, шаардагы В.И.Лениндин ысымын алып жүргөн орус тилдүү мектеп көп өтпөй райондун эң алдыңкы билим-тарбия мекемеси катары таанылды.
Ленин мектебинин атагы алыска угулуп, иш-билги директордун тажрыйбасы жалпы район, облус, республика деңгээлинде жайылтылды.
Мурда мектепти айланып өткөн ата-энелер эми уул-кызын бир гана Ленин мектебине жетелеп келип жатты.
Албетте, мында мектептин заманбап окуу технологиялары, ар бир класстын интерактивдүү доска менен жабдылышы, мында эмгектенген агай-эжейлердин кесипкөйлүгү чоң ролду ойноду деңизчи, бирок директордун ар бир ата-энеге, окуучуга, мугалимге жасаган адамгерчилик мамилеси магнит сымал баарын өзүнө тартып турганын айтпай кетпесек болбойт.

Гүлсүн эже дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынын тушунда да, билек түрүп, тыным билбей иштеди.

Быйылкы окуу жылында 1-класстарга 11 классты кабыл алып, алардын гигиена жана социалдык аралык талаптарын сактоо менен коопсуз билим алуусуна баардык зарыл шарттарды түзүп берди.

Биринчи класстарда 1-сентябрдан тарта кадимки режимде окуу башталганда, өзү мектепке таң эртең келип, башталгыч класс мугалимдери менен биргеликте ар бир баланын дене табын өлчөө, класстарды топторго бөлүп окутуу иштерине баш-көз болду.

Бирок, ушинтип аруу тилек балдарды, ак жүрөк мугалимдерди калкалаганы менен өзүнүн ден соолугуна маани бербеди.
Ойлогонго да убакыт жок болчу!
Күн сайын балдардын күлкүсүнө толгон мектеп, кыйын кырдаалдагы билим берүү иши, саат эмес, мүнөт сайын чечүүнү талап кылган маселелер …
Ооба, Гүлсүн эже агартуу ишине жүрөгүн арнады, бирок жабышкан илдет мугалимдердин мугалимин аябады…
Оор жоготуу бүтүндөй Кара-Суу элин ыйлатты.

«Гүлсүн Тураталиевна улууну сыйлаган, кичүүнү ызааттаган, өз кесибин сүйгөн кесипкөй инсан эле. Жаркын элеси кесиптештер арасында түбөлүккө сакталат» (Муратов Таалайбек, Алыкулов атындагы орто мектебинин директору)

«Гүлсүн Тураталиевна чыныгы педагог, мыкты жетекчи болгон. Мектебин жана окуучуларын чын дилден сүйгөнүн анын ар бир жасаган иштеринде көрүп-билип жүргөнбүз». (Кочкарова З.М,  №84 А.Парпиев атындагы орто мектебинин директору)

«Мен Гүлсүн  эжекенин  атын  алыстан  угуп, кантип мектебин көрүп  чыгат  экенмин  деп  эңсечүмүн. Кийин директор болуп калганда, эжекенин  мектебине  барып, жасаган иштерин  көрүп, окуткан окуучуларынын ийгиликтерине күбө болуп, аябай  суктандым. Жетекчи болсом,  ушул  эжекедей  болуп  иштешим  керек деп, өзүмө максат койгонмун. Мектепте 3000 окуучу  тарбияланат, баары  ушундай  тартиптүү, мугалимдери андан өткөн ийкемдүү экен. Мектептин  алдыңкы  мектеп аталышы эжекенин  күч аракети  менен  болду. Жетекчи  эмгекчил, билимдүү, кичипейил  болсо, көп ийгиликтер  жаралат тура. Аттиң арман! Арабыздан  эрте  кетти! Аз  жашады, бирок өтө көп иштерди  аткарып, өзүн чыныгы  мугалим катары  көрсөтүп кетти» (Кокочорова  Фарида, №101 К.А.Момбекова мектебинин директору)

«Гүлсүн Тураталиевнаны лидер аял, чыныгы педагог, мыкты жетекчи катары баалайт элек. «Адамдын жылдызы анын жөнөкөйлүүлүгүндө»- деген сөз эжекеге таандык десек жаңылышпайбыз.
Гүлсүн Тураталиевнадан кеңеш сурасаң, кеңешин аябайт эле. Өзү да кеңеш сурагандан тартынчу эмес.
Эжекенин ишин баалайт элек. Гүлсүн Тураталиевнанын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат» (Жанболотова Гүлмайрам, №76 «Эркин Кыргызстан» орто мектебинин директору).

ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ...

«Гүлсүн Тураталиевна өз кесибинин чебери, алдыңкы мектеп жетекчиси катары баарыбызга үлгү болчу. Окуучулардын ар тараптуу билим алуусуна, мектептин  материалдык-техникалык базасын чыңдоодо өзүнүн чыгаан жетекчи экенин көрсөтө алды. Заманбап технологияларды колдонуу менен райондук семинарларды жогорку деңгээлде  уюштуруп, тажрыйбасын, кесиптештери менен бөлүштү. Мыкты уюштуруучу, жетекчи Гүлсүн эжекенин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат» (Исираилова Давлат, Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебинин директору)

«Гүлсүн Тураталиевна өз ишин мыкты билген, уюштургуч, келечекти көрө билген жетекчи катары бардык күчүн балдардын мыкты инсан болуп калыптануусуна арнап, өзү эмгектенген мектепти алга сүрөп, ар кандай иш чараларга активдүү катышып, демөөрчүлөр менен тыгыз иш алып барып, эң алдыңкы мектептердин катарын толуктаган көч башы эле. Аттиң, бири кем дүйнө, дагы канчалаган иш пландары аткарылбай, мектеби да, коллективи да, окуучулары да томсоруп, жетекчисин жоктоп турушат» (Маданова Айсулуу,  №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектептин директору)

«Гүлсүн Тураталиевна мугалимдик сапаты бийик, алысты көрө билген, өз кесибин жанындай көргөн, мыкты инсан болгон. Эжекени дайыма сыймыктануу менен эскеребиз. Жайы жаннатта болсун»! (Гаффарова Жумагүл, №108 Т.Шамырбек уулу мектебинин директору)

ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ...

«Ак эмгек жерде калбайт» дегендей, Гүлсүн Тураталиевнанын агартуудагы, ошондой эле жаштар, аялдар кыймылдарындагы каарман эмгеги татыктуу бааланды.
Ал ВЛКСМдын XlX съездинин, Кыргызстан ЛКСМдын XXI съездинин, Кыргызстан мугалимдеринин VI съездинин делегаты, Кыргызстан ЛКСМ БКнын мүчөсү болуп шайланган.
Билим берүү ишинин мыкты уюштуруучусу Гүлсүн Усенова СССР Агартуу министрлигинин, Кыргызстан Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн отличниги», «Ардактуу мугалим», «Ыйык тил», «Даткайым» төш белгиси менен сыйланган. Устат педагог «Ага мугалим» даражасынын ээси болгон.
2017-жылы Гүлсүн Тураталиевна «Кыргыз туусу» басма үйү тарабынан «Кыргыздын кыраан кыздары» номинациясынын жеңүүчүсү болуп табылат.

ДАҢАЗАЛУУ АТАНЫН СЫЙМЫКТУУ КЫЗЫ БОЛЧУ...

Гүлсүн Тураталиевна жумушта эле эмес, үйүндө да мыкты эне, жароокер жар болчу. Жолдошу англис тил мугалими Арзиев Махаматрахим экөө бир уул, бир кызга татыктуу тарбия беришти.
Уулу Майрамбек Орусияда билим алса, кызы бажы тармагында эмгектенет.

Кыргыздын кыраан кызы, билим берүү тармагынын мыкты уюштуруучусу, көрөгөч жетекчи, таланттуу педагог Гүлсүн Усенова тууралуу бүгүнкү эскерүүнү Зияда Ортикованын төмөнкү аза ыры менен аяктасак.

Атагы алыска жеткен,
Эмгегин баары билишкен.
Жүзүнөн нуру төгүлгөн,
Өз ишин мыкты жүргүзгөн.
Токтоо мүнөз  кайратын,
Курманжан деп билчү элек.
Көлдөй терең  акылын,
Каныкей деп билчү элек.
Басса-турса баарысы,
Жарашат эле кийгени.
Туу тутуп сизди жашоодо,
,,Кумирим”деп билчү элек.
Кайратыңыз, күчүңүз,
Сайкалдай эле сүрүңүз.
Жүзгө чыксаңыз болмок,
Төгүлдү колдон гүлүбүз…
Бүгүн Ленин мектеби
Окуучу, мугалимдери
Бүткүл ата-энелери,
Жада калса мектептин
Устундары, дубалы
Доскалары, парталары
Жада калса дарактары
Жалбырагын төгүп-төгүп
Ыйлап турган убагы…
Токтоду күндүр-түндүр
,,Мектеп” деп соккон жүрөк
Ден соолук болбосо да,
,,Ишим” деп соккон жүрөк.
Сиздей мыкты жетекчи
Кылымда бир төрөлөт!

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер