“ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ ШАКЕКЧЕДЕН АРТТА КАЛБАШЫБЫЗ КЕРЕК”

  • 02.03.2023
  • 0

Мамлекеттик билим берүү стандарты —  негизги билим берүүнүн багытын аныктоочу документ.  Буга ылайык ар бир предмет боюнча предметтик стандарттар иштелип чыгышы керек. Үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан тарта предметтик стандарттардын мазмунун жаңылатуу боюнча онлайн форматта талкуу жүрүп жатат. Кыргыз билим берүү академиясынын адистери предметтик стандарттардын мазмунун мугалимдерге түшүндүрүп, онлайн-конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришүүдө. Кайсы класстын предметтик стандартына өзгөрүүлөр кирди, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынганбы, 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн билим сапатын баалаган PISA – 2025 иликтөөгө кандай даярдыктар көрүлүп жатканы боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү АШЫМБАЕВАны кепке тарттык.

 “ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ ШАКЕКЧЕДЕН АРТТА КАЛБАШЫБЫЗ КЕРЕК”

— Токтобүбү Абасовна, предметтик стандарттар боюнча жумушчу топ иштегенине бир топ болуп калды. Жыйынтыгы кандай болуп жатат? Жаңыланууга кадам ташталдыбы?

— Жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты 2022-жылдын июль айында токтом менен бекиген.  Бул документ компетенттүүлүккө багытталган, т.а. окуучу келечекте кайсы  кесипти өздөштүрбөсүн, мектеп партасынан маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чече  билүү компетенттүүлүктөрүн жана ушулардын негизинде предметтик компетенттүүлүккө ээ болушу керек. Предметтик стандарт окуу китебин, окуу программасын ирээтке келтирет. Жумушчу топ азыр башталгыч класстын стандартын  иштеп бүтүштү. Эми 5-11-класска чейин предметтик стандартты иштеп жатышат. Натыйжалуу жыйынтыкты көрүү үчүн жумушчу топко  кандай жаңылануу, эмне деген өзгөрүүлөрдү киргизүү  керек деп Сапат, кыргыз-швед, Билимкана, Келечек MIT  жеке мектептердеги  STEM багытындагы предметтерди англис тилинде сабак берген мугалимдерди коштук. Алар Оксфорддун, Кембридждин окуу программаларын жакшы билишет. Ошолордун окуу китептери менен балдарды окутушат. Ошол себептен биз аларга окуу китептеринин бүгүнкү мазмундук абалын анализдеп берүүнү экинчи тапшырма катары бердик. Канчалык деңгээлде дүйнөдөгү мыкты деп таанылган окуу китептерден биздики эмнеси менен айырмаланат, эмнени берет экенбиз  деген анализди жакынкы күндөрү карап көрөбүз.

— Бул эмнеге керек?

— Биринчиден, азыркы окуу программасы канчалык деңгээлде майнап чыгарып жатканын, дүйнөлүк программалар менен шайкеш келет же келбесин анализдеп көрүү үчүн. Себеби биз өз алдынча мамлекет болсок дагы, дүйнөлүк алкакта билим берүү системасы келечекти көздөй кадам жасайт. Дүйнөдөгү жаңы талаптарды, чакырыктарды, өзгөрүүлөрдү эске алуу менен программа дайыма өзгөрүп, жаңыланып туруш керек. Жаңы министр да маанилүү багыттарды аныктады. Ошонун үстүнөн иш жүрөт.

— Билим берүүдөгү Эстониянын модели эске алынабы?

— Жалгыз эле Эстониянын эмес,  Финляндия, Корея, Малайзия, Япония мамлекеттеринин тажрыйбасын карап көрдүк. Анткени 15 жаштагы окуучуларга өткөргөн PISA изилдөөлөргө өлчөгөндө ушул мамлекеттер алдыңкы орундарды көрсөтүп жатат.

Эстонияда көп тилдүү программа боюнча абдан жакшы иш алып барышат. Экинчиден, Эстонияда балдарга берилип жаткан сабактын көлөмү, жүктөмү өтө аз. Ошол эле учурда билим берүү деңгээли өтө жогору. Эстониянын ийгиликке жеткен тажрыйбасы биз үчүн маанилүү.

Предметтик стандарттарды иштөөдө Базистик окуу планын 860 саатка азайтууну карап жатабыз. Сааттарды азайтсак, балдардын өнүктүрүү багытына көңүл бөлсөк, мейли спорт жааты болобу, же болбосо эстетикалык , же кайсы бир предметти терендетип окутуп, профилдик багытка басым жасоо идеялары бар.

 “ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ ШАКЕКЧЕДЕН АРТТА КАЛБАШЫБЫЗ КЕРЕК”

Демек, биз алдыңкы өлкөлөр эмнеси менен айырмаланып, мыкты болуп жатат, эмне деген жакшы программалык өзгөчөлүктөр бар экенин карап, ошол багытта иштерди алып барышыбыз керек. Салыштырганда эмнеден аксап жатканыбыз көрүнүп калат. Биз советтик системадан алыстап кете албай жатабыз. Көптөгөн мугалимдер советтик системада алган билим деңгээли менен калган, өзгөргүсү келбей жаткандар да болушу мүмкүн. Бирок биз дүйнөлүк билим берүү шакекчеден артта калбашыбыз керек. Биздин балдар дүйнөдөгү балдардан кем эмес, акыл-эси, дүйнө таанымы, кабыл алуусу боюнча мыкты, таланттуу, зирек балдар бар. Болгону мугалим предметти жеткиликтүү кылып бериш үчүн дүйнөлүк программалардан кем эмес программаларды, окуу китептерди даярдап, ошого жараша окуучуларды окутушубуз керек. Ал үчүн педагогдорубуз дагы тиешелүү билим деңгээлдерин жогорулатып турушу зарыл. Предметтик стандарт иштелип чыккан соң аны Билим берүү жана илим министрлиги бекитип бергенден кийин тиешелүү окуу-методикалык комплекс иштелип чыгат.

— Ал эмнеден турат?

— Ал окуучуга керектүү китептен, мугалимге керектүү методикалык колдонмодон, окуучунун жумушчу дептерчесинен турат. Ошонун баары комплекстүү иштелип, мугалим дагы ошол стандарттын алкагында чеберчилигин жогорулатуу курстан окуп, даяр болсо ийгилик күттүрбөй келет.

— Башталгыч класстын стандартына эмне өзгөчөлүктөр кирди?

— Мисалы үчүн, компетенттүүлүк багытында. Ал жерде үч деңгээл менен берилип жатат. Репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү. Алсак, маалыматтык жактан бала маалыматты жөн эле ала бербестен, аны колдоно билүүнү, анализдей алууну, социалдык жактан көндүмдөрдү, бөлүшө, колдоно, чөйрө менен алака түзүүнү, өзүн-өзү таануусун билгенди билиши керек. Ошондо дүйнөлүк алкакта балдарды компетенттүү, келечекке даяр инсан кылып даярдайбыз.

— Дагы бир орчундуу маселе, мектепте сегиз жыл бою англис тили, кыргыз тили окутулат, тилекке каршы, жыйынтыгында окуучу сүйлөп чыкпайт. Стандартта тилди окутууда жаңылануу киргизилдиби?

— Биринчиден, англис тили сабак катары эмес, англис тилинде башка предметтерди окутуу боюнча жеке мектептер ушул багытта иш алып барышат. Англис тили – бул үйрөнүүнүн куралы. Ал эми предметти англис тилинде окутсак, бала ошол предметти кабыл алуу аркылуу тилди сиңирип алат. Дүйнө жүзү англис тилинде окуп, билим алып жатат. Мындай мүмкүнчүлүктү балдарга көбүрөөк түзүп берүүгө шарт түзүлөт. Бул бир топ этапты  камтыган процесс. Азыр бизде англис тилинде предметтерди сабак бере алган кадр жок. Мисалы үчүн,  дүйнө жүзүндө STEM предметтердин  (химия, физика, математика, информатика, биология)  материалдары окшош.

Айыл жеринде орус тилине өтө муктаж болсо, шаарда кыргыз тилине муктаждык бар. Себеби кыргыз балдарыбыз эле кыргызча так сүйлөбөй, оюн так айталбай жаткан көйгөй жок эмес.

Биринчи жолу Мамлекеттик билим берүү стандартына тил билүү деңгээлдик талаптары кирген, буга чейин предметтик стандарттардын ичине эле болчу. Демек, милдеттүү түрдө мугалимдер ошол деңгээлде окуучуларды чыгарыш керек.

— Айтмакчы, жогоруда айтып өттүңүз PISAнын жыйынтыгы менен айрым өлкөлөр лидер аталганын. Бизде PISA – 2025 даярдык кандай жүрүп жатат?

— Даярбыз деп айтуу кыйын, бирок даярдануу үчүн бир топ кадамдар жасалып жатат. Биринчиден, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, PISAга багытталган тапшырмаларды иштеп чыгуу, жумасына бир жолу сөзсүз түрдө онлайн   окутууларды дагы уюштуруп жатабыз. PISA адамдын жашоого даярдыгын аныктап жатат, т.а. көндүмдөрдү канчалык деңгээлде колдоно алат, предметтик аралыктык байланышты канчалык деңгээлде билет, алган билимин жашоодо кандай пайдалана алат? Ушуга эле багытталган. Биринчи кезекте мугалимдерди даярдоо жүрүп жатат. Республикадагы  90 минден ашуун мугалимди бир учурда даярдоо мүмкүн эмес. Ошон үчүн математика, окуп түшүнүү жана табигый илимдер багытындагы предметтерге көбүрөөк басым жасап жатабыз. Экинчиден, азыркы 6-класстар 2025-жылы 15 жашка толот. Азыр ошол окуучулар менен бир нече көндүмдөр калыптаныш үчүн иштер жүрүп жатат. Окуучулар PISAга шайкеш келген тапшырмаларды аткарып жатышат. Алгачкы тест өткөргөндө алар кадимки эле түрдүү тесттерди аткарышты. Экинчиден, алар компьютердик тесттен өтүшү керек. Ошон үчүн мектептерде мүмкүнчүлүгүнө жараша майдын аягында тестке 70% окуучу катышат. Буга чейин 6-класстардан эки жолу тесттен өткөрүп, жыйынтыгын райондук билим берүү бөлүмдөрү өздөрү карап, андан соң биз карайбыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер