COVID-19: САК БОЛ!

  • 02.11.2021
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу жана COVID-19 боюнча алдын алуу чаралары» долбоорунун алкагында пилоттук мектептердин арасында өткөн маалыматтык жуманын жыйынтыктары боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды.

COVID-19: САК БОЛ!

Маалыматка таянсак, конкурска баардыгы болуп 30 материал (7 мектеп сценарийи, 15 класстык саат, окуучулардын 19 видеролиги) келип түшкөн. Курамына КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясынын, ошондой эле КР Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлдөрү кирген калыстар тобу конкурстук иштердин ичинен мыкты материалдарды тандады.

COVID-19: САК БОЛ!

Маселен, «COVID’дин алдын алуу боюнча маалыматтык жуманын мыкты сценарийи» боюнча 1-орунга Ош шаарындагы  №48 орто мектеп чыкса, 2-орунду борбор калаадагы Г. Гмайнер атындагы УВК жана 3-орунду

№71 мектеп багындырышты. Бул номинацияда мектептердин ичинен алдыга суурулуп чыккан жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарды, т.а. интерактивдүү доска, телевизор, принтер, минипроектор, класс үчүн санариптик бурч менен сыйланышты. Ал эми «COVID’дин алдын алуу боюнча класстык сааттын мыкты сценарийи» боюнча кыргыз тилинде материалдарын жөнөткөн Алымбекова Назира  (Г. Гмайнер атындагы ОТК) 1-орунду камсыздады.  2-орунга  Холида Худайбердиева (№ 48 орто мектеп) чыкты, ал эми 3-орунга Саида Махмудова (№ 77 орто мектеп) татыктуу деп табылды. «COVID’дин алдын алуу боюнча класстык сааттын мыкты сценарийи» боюнча орус тилинде жонөткөн Джилгелдиева А.Д. (№71 орто мектеп-интернаты) 1-орунга чыкса, 2-орунга Субочева Людмила («Илим Ош» окуу-тарбия комплекси) чыкты. Ал эми 3-орунга экөө чыгышты: Тулпарбекова А.Т. (№89 орто мектеп) жана Имаш кызы Майрам (№ 48 орто мектеп). «Класстык сааттын мыкты сценарийи» номинациясында мугалимдердин жана окуучулардын ичинен жеңүүчүлөр ноутбук, планшет жана телефон алышты. Ошондой эле «COVID’дин алдын алуу боюнча мыкты видеоролик» жөнөткөн окуучулар 1-орунга Абдилакимов Саид («Илим Ош» ОК), 2-орунга Зарипов Жапарсадык (Г. Гмайнер атындагы УВК),  3-орун Алижанов Хамза (№ 48 орто мектеп), 4 —  9-«а» класс (№ 48 орто мектеп),    5 — 1-«в» класс (№ 15 орто мектеп) жана 6 — 6-«а» класс Асан, Усон, Эсен (№ 48 орто мектеп). Бул номинациядагы мыкты иштери үчүн окуучуларга смарт сааттар тапшырылды.

COVID-19: САК БОЛ!

— Ошондой эле долбоордун алкагында ар бир мектепке препараттардын жылдык запасы бар аптечкалар тапшырылды. Жакынкы мезгилде электрондук-билим берүү платформасы расмий түрдө ишке киргизилет. Баардык колдонулган материалдар, методикалар жана конкурстук иштер долбоордун иштеп чыгуулары көп сандагы окутуучуларга жеткиликтүү болушу үчүн кыргыз тилине которуу менен электрондук-билим берүү платформасында жарыяланат. «Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу жана COVID-19 боюнча алдын алуу чаралары» долбоору ЮНЕСКОнун (Париж) катышуу программасынын колдоосу менен, КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жатат, — дейт фонддун директорунун орун басары Роза Кайыкова.

COVID-19: САК БОЛ!

COVID-19: САК БОЛ!

COVID-19: САК БОЛ!

COVID-19: САК БОЛ!

Айтмакчы, иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын директорунун орун басары Роза Кайыкова, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын программалык адиси Нурзат Жээмбаева, ошондой эле долбоордун пилоттук мектептеринин директорлору жана өкүлдөрү катышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер