ЧОҢ АТАМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ!

  • 05.05.2025
  • 0

Немистер Советтер өлкөсүнө жүзү каралык менен кол салганда фашисттик Германиянын армиясы менен бүткүл дүйнөдөгү ак ниет элдердей эле кыргыз элинин эр жүрөк уулдары да жан аябай салгылашып, улуу жеңишти камсыз кылууга зор салымдарын кошушкан. Ошондой уулдардын бири менин чоң атам Алай районунун Күн-Элек айылынын тургуну Мамыров Абдылда эле.

ЧОҢ АТАМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ!

Чоң атам Алай районунун Күн-Элек айылында 1923-жылы туулган. Ошол мезгилдеги Согонду, Мурдаш, Күн-Элек айылдарын бириктирген Буденный орто мектебин 1940-жылы “эң жакшы” деген баалар менен аяктайт. Билим берүү кызматкерлери жетишпегендиктен, ошол мезгилдеги бийик тоо арасында жайгашкан Бүлөлү айылындагы Каганович баштооч мектебине мугалимдикке дайындашат.

1941-жылы июнь айында билимин өркүндөтүүгө ынтызарланып, Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырганы келген чоң атам: «…Согуш!!! Немистик фашисттер  мекенибизге кол салыптыр!» -деген суук кабарды угат.

Аскер бөлүмүнө барып, согушка барууну суранат. Бирок дароо эле аскерге албай кайрадан мугалимдик кесибин улантууга жөнөтөт. Эр азаматтар күргүштөп майданга сапар тартып жатканда, арыз үстүнө арыз жазды. Арызы 1942-жылы февраль айында гана  канааттандырылып, жаш бөбөктөр менен коштошуп, батыш тараптагы кан майданга аттанат.

Тездетилген аскердик беш айлык атайын даярдыктан өтүп, кенже лейтенант наамы менен 230-аткычтар дивизиясына взводдун командири болду.

Мына асмандан жарылган бомбалар. Жер астын-үстүн аңтарылып, кирпик-көздү жанып өткөн октор, оттор. … Окопторго улам бекине калып, душманга оттуу бөгөттү түзгөн жоокерлер. Чабуул!…Ураалаган бийик үндөр жер жарып, кайраттары ташкындаган жоокерлер гитлердик канкорлор менен беттеше калганда, кан суудай агып, талаа каңырсык жыттанат.

Мындай согуштук күндөр кайталанып жатты… Далай азаматтар мекен, эл, жаштардын келечеги үчүн өмүрлөрүн курман кылышты.

Мутайс темир жол станциясын немистерден бошотуу чоң атам жетектеген взводго тапшырылат: «Фашисттик желдеттер менен эки күн удаасы менен катуу согуштук. Станцияны немистер бирде бизден тартып алып, бирде немистерден биз тартып алып, ал колдон колго өтүп, толуктоо келип, экинчи күнү көз байланганда биздин жоокерлер “ураалаган” айгай салышып, жоону көздөй качырдык. Бат эле душмандарды сүрүп салдык. Атышуу далайга басылбады. Таң сөгүлө баштады. Аскерлер көз ирмебей душмандар качырып сала берет деген ойдо сак турду. Кыбыр эткен жан билинбеди. Көрсө жоо чегинген экен» — деп эскерчү чоң атам.

Мында эрдик көрсөткөн бир катар жоокерлер  орден, медалдар менен сыйланышып, чоң атама биринчи даражадагы “Улуу Ата Мекендик согуш” ордени ыйгарылып, согуштагы эң алгачкы кубанычтуу да, кайратына кайрат кошкон сыйлыгы берилет.

Немистер өздөрүнүн техника жана аскер күчү жагынан болгон артыкчылыгына чиренип, дале болсо чакчарылып турган эле. 1943-жылдын ноябрь айынын аяк чени. Баскынчылардын чабуулун кандай гана болбосун токтотуп, Подольский шаарын бошотуу боюнча Жогорку команданын буйругу 230-аткычтар дивизиясына берилген.

Жаан аралаш кар жаап, кечки сыдырымда жер тоңуп, шинелдер колдоюп, өтүктөн суу өтүп, буттарды какшатат. Жер тоң. Окоп казылбайт. Күн-түн кармаш. Оор салгылашуу эки күнгө созулат. Аябай куралданган фашисттик желдеттердин бир нече жолку чабуулунун мизин кайтарышып, алга жылып отурушуп, акыры шаардан душмандарды кууп чыгышат.

Ушул салгылашууда чоң атам оор жарадар болуп, жолдошторунан адашып калган экен. Санитарлар таап алышып, кол чанага салып, госпиталга алып келишиптир. Шаарды бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн 3-даражадагы “Даңк” ордени ыйгарылат. Аскердик госпиталдан үч айга жакын дарылангандан кийин оор жараатынан
улам 1943-жылдын февраль айынын аягында согуштан бошотулат.

Туулуп өскөн айылына келгенден кийин Алай районундагы партиялык комитетке жооптуу кызматкер, андан кийин райондук аскер комиссариатынын паспорт столунун башчысы болуп иштеген. Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, 1948-жылдан баштап, Кара-Суу районундагы Кызыл–Суу айылындагы мектепке мугалим болуп орношот. Ошондон бери Эркин-Тоо Жаны-Кайрат, Кашка-Суу Алай районундагы Мурдаш, Күн-Элек мектептеринде мугалим,, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп, үлгүлүү эмгек өтөдү.

Билинбеген мезгилди санай келсек, өзү жашаган 72 жашынын 45 жылын мугалимдик кесипке арнаган. Чоң апам Кошбаева Алина экөөсү 11 уул-кыздын ата-энеси болушкан. Уул-кыздарынын бардыгы жогорку билим алышып, түрдүү кесипти аркалашууда.

Ардактуу эс алууга чыккандан кийин, өмүрүнүн акырына чейин, чоң атам айылдын аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “За отвагу”, “Жуков атындагы” медалдары жана “Улуу жеңиштин 20, 30, 40, 50 жылдык юбилейлик медалдары менен сыйланып, бир нече Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланып, “Эмгек ардагери”, “Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги” төш белгилерине татыктуу
болгон. Коомдук иштерге активдүү катышкан. Бир нече жолу айылдык, райондук кеңештерге депутаттыка шайланган.

Ок менен оттун ортосунда жүрүп, фашисттерди талкалап, согушта жетишкен жеңишке салымын кошуп, урпактарына асыл из калтырган чоң атамдын жашап өткөн өмүрүнө миң ирет таазим кылам жана сыймыктанам.

МАМЫРОВ Чыңгыз,
Алай району, Күн-Элек айылы, №35 Сатар Карыев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер