ҮЧ КҮН БОЮ УКТАБАЙ ТАҢДЫ АТЫРДЫК..

  • 07.05.2021
  • 0
Бир жамандыктын артынан миң жакшылык келет…

1999-жылдагы Баткен окуясынан кийин өрүкзарлуу жаңы облус түзүлгөн эле. Андан соң көктөн тилегенибиз жерден табылды.
Баткен мамлекеттик университети түптөлдү. Сүлүктүдө, Кызыл-Кыяда БатМУнун филиалдары ачылды. Илим-билимге ынтызар жаштардын бактысы ачылды. Мен дал ушул университетке караштуу Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институттун филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктадым.
Темирди кызуусунда согоюн, кеп кезеги келгенде айтпасам болбойт, БатМУ мен үчүн Каирдин Аль-Азхар, Париждин Сарбонна, Лондондун Оксфорд университеттеринен бийик турат!

ҮЧ КҮН БОЮ УКТАБАЙ ТАҢДЫ АТЫРДЫК..

Эми күндүн башкы темасына кайтайын. 2021-жылдын апрель айынын аягында болгон каргашалуу коогалаң чечилбеген бир топ маселелердин башын кылтыйтты. Көрсө, Баткен облусуна өзгөчө макам(статус) берүү керектигин мамлекет жана коомчулук терең түшүндү. Бир аз кечиксе да…
Баткен облусу Өзбекстан менен Тажикстандын айрым аймактары менен чектешип турат. Бир тууган өзбек жана тажик коңшуларыбыз менен ондогон кылымдардан бери карай карым-катнаш, алыш-бериш кылып келебиз. Тутунган динибиз бир. Ата-бабаларыбыздын мазары да, базары да, кайнаган казаны да бир кездерде чогуу болгон.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын тамыры, келип чыгыш тарыхы тээ тереңде жатат. Кокон хандыгынын тушундагы туура эмес саясат, андан кийинки падышалык Орусиянын одоно жүргүзүлгөн аймактык реформасы, СССРдин саясий-административдик айдыңдагы ката кадамдары, эгемендүүлүк жылдарынын башында чечилбеген делимитация, демаркация​ иштери ушул чыр-чатактын чыгуусуна алып келди. Шарактап кайнаган​ суу, буркурап ойногон буу кара чайдөштүн калың капкагын асманга ыргытып жиберди.
Пендеден жашырсак да, Кудайды алдай албайбыз. Сыртыбыздан жасалма дос, ичибизден чыныгы душман сыяктуу көрүнүп калдык.
Баткен районундагы суу талашын токтотуунун жолун мына минтип , түштөн кийин таап олтурабыз: Сууну дүйшөмбү күнү кыргыздар пайдаланышсын. Шейшемби күнү тажик туугандар эгин-тегинин, бак-дарагын сугарышсын.
Шаршембиде ак калпак элибиз суу ичсин.Ушул ыкманы салтка айландырсак, кыргыз-тажик достугу бекемделет.
Лейлектеги суу тартыштыгын да ушинтип чечсек болот. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө суу саясатын жүргүзүүнү үйрөтөлү.
Лейлектеги олдоксон окуялар жүрөгүмдү оорутту. Карапайым калктын өрттөлгөн үйлөрү, кыйраган там-ташы көргөн адамдын көзүнөн жаш эмес, кан актырат!
Максат айылында балдар бакчасы менен мектеп өрттөлдү. Билим берүү мекемелерин өрттөгөндөр ата-энелердин тарбиясын алышты бекен?!? Аларга кандай мугалимдер таалим беришкен?
Деги биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Орто кылымдарга таандык жапайы караңгылыктан айрым замандаштарыбыз качан арылышат?
Окко учкан окуучунун эмне күнөөсү бар эле? Ал байкуш кыздын бул жашоо менен эң эле эрте коштошкондугу өкүндүрөт!

ҮЧ КҮН БОЮ УКТАБАЙ ТАҢДЫ АТЫРДЫК..

Жергиликтүү тургундардын тынч, коопсуз жайларга, алысыраак айыл-кыштактарга, Сүлүктү, Исфана шаарларына убактылуу көчүрүлгөндүгү мамлекет тарабынан жасалган эң туура чечим болду. Андай болбогондо, көптөгөн адамдардын өмүрүнө коркунучтар туулмак.
Мен жашаган Ак-Суу айыл аймагында деле кырдаал оор болду.Үч күн бою уктабай таңды атырдык. Үч-Төбө деген жерден тажик аскерлеринин карааны күндүзү карарып, түнкүсүн өчүп-жанып көрүнүп турду.
Мамлекет башчыбыздын ок чыгарбоо тууралуу аракети, жоокерлерибиздин коргонуу тактикасын бекем кармануусу кыргыз элинин деңиздей сабырдуулугун, тоодой токтоолугун дүйнө жүзүнө көрсөттү.
Бул күндөр да өтөт. Көңүлдөргө аппак кар жаап, кайгынын изи басылат.Чыр-чатактар дээрлик токтоп, чек аралар эки элдин каалоосуна жараша оң жактуу чечилет. Коңшулаш, канатташ калктардын достугу кайра башынан уланат. Мурдагыдай ак дасторкон четинде олтурабыз.

Тайир Аширбай,
Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер