«БОРБОРДУН АЧЫЛЫШЫНА САЛЫМ КОШКОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ»

  • 18.04.2025
  • 0

Ишенгүл БОЛЖУРОВА, мамлекеттик жана коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

— Ишенгүл Садыковна,  Орусиянын борборуна жасаган билим сапарыңыз  тууралуу биздин окурмандарга азыноолак  айтып берсеңиз?

— Жакшы болот. Өзүңөр билгендей, мен Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин Ардактуу докторумун, ошондой эле ММЛУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөсүмүн. Илгертен келе жаткан традицияга ылайык Ардактуу профессорлор, Ардактуу докторлор жылына бир жолу барып, конок лекция окушу керек, «эки иштен бир иш» деп барып келдим.

"БОРБОРДУН АЧЫЛЫШЫНА САЛЫМ КОШКОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ"

— Москвада канча күн болдуңуз?

—  Бир он күндөй болдум. Быйыл мурунку Морис Торез атындагы чет тилдер институтуна, азыркы Москва мамлекеттик лингвистикалык университетке 95 жыл болот. Ушул зор датага карата  ал окуу жайда эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

— 95 жыл толсо, анда окуу жайдын тарыхы бай экен?

— Албетте, университеттин басып өткөн жолу абдан кызыктуу. Ал тууралуу өзүнчө сөз кылууга арзыйт.  2000-жылдардан тартып ММЛУ КМШ өлкөлөрүндөгү гуманитардык билимдин борборуна айланды. КМШда  биринчи болуп ММЛУда гуманитардык багыттагы базалык уюм ачылган. 90-жылдардан баштап бардык эле мурунку советтик республикаларда өз тарыхына, тилине, маданиятына кызыгуу башталды. Ар бир мурунку советтик республикаларда  улуттук идентификация жагынан иштер кызуу жүрдү. Бирок союз таркаган соң экономика алсырап, байланыштар үзүлүп, завод-фабрикалар токтоп, колхоз-совхоздор тарады, ички жана тышкы миграция күчөдү.

Ошол учурда тил маселеси өтө курч маселеге айланды. Бул жылдары ар бир республикалардын акылдуу адамдары башкалардын тилин, тарыхын, маданиятын сыйлоо маселесин туура нукта чечүүгө багыт беришти. Ошондой акылгөй адамдардын бири деп мен ММЛУнун ректору Ирина Ивановна Халееваны айтат элем. Ошол кишинин өтүнүчү менен ММЛУда КМШ мамлекеттеринин тилин, маданиятын окуп- үйрөнөлү, бириктирейли деген ниетте 2000-жылы КМШ мамлекеттеринин тили жана маданияты боюнча базалык уюм түзгөнбүз. Ошондон бери 25 жыл өтүптүр. Мен БГУда ректор болуп турганда Ирина Ивановна менен жакшы мамиледе болдум.  «Кыргыз тилин үйрөнүү жагынан жардам берели» десем, Ирина Ивановна дароо колдоп,  «Азыр биз армян борборун ачып жатабыз, анан силерге көмөктөшөлү» деп, эки бөлмөнү бөлүп берди.  Султан Курманбаев деген абдан жакшы проректор иштечү, тилекке каршы каза болуп калды, Султанга: «Сиздин Москвада досторуңуз болсо керек, ММЛУда кыргыз борборун ачалы» дедим. Ал дароо уюштуруу иштерин колго алды. Бизге Москвадан эки-үч жигит жардам беришти. Үстүнө түндүктү жасашты. Оңдоп-түзөштү. Ошол убакта университетте казак борбору  ачылып жаткан. Аны казак президенти өзү каржылоого алган эле. Ирина Ивановна экөөбүз:  «Казакстанда Нурсултан болсо, Кыргызстанда Султан бар» деп күлүп калчубуз. Ошентип эки-үч адамдын аракети менен  ММЛУда Кыргыз тили жана маданияты борборун ачтык. Бизден кийин тажик, украин, өзбек, казак, молдовандар өз борборлорун түптөштү. Грузиндердин бир кичинекей бөлүмү ачылды. Азыр окуу жайда 8 тил жана маданият борбору иштейт.

— Сиздер түптөгөн борборго деле чейрек кылым болгон окшойт ….

— Туура айтасыз, «Убакыт учкан куш» дегендей, быйыл туптуура 25 жыл болуптур. Москвада мен ушул борбордун мааракесине карата атайын доклад окудум. Ошол борбордо биринчи киргенде эле  жети чакты орус жаштар окуп чыгышты. Алар азыр ар кайсы жерлерде журналист, тилчи болуп элчиликтерде иштеп жүрүшөт. Кийинчерээк Чыңгыз Төрөкуловичти да ушул борборго чакырышкан экен: » Силер ачкан турбайсыңарбы? Кирип барсам, кыргызча кийинген орус кыздар: «Саламатсызбы, Чыңгыз Төрөкулович! деп тосуп алышты» деп мага айткан болчу.

Учурда бул борбор Чыңгыз Айтматовдун ысмын алып жүрөт. Төрт-беш жылдан бери ММЛУ  Айтматов окууларын өткөрүп жатат. Анан Москвада иштеген кыргыз жаштары да ошол борборго байма-бай келип, китеп окуп дегендей, жан дүйнөсүн байытып турушат экен. Мен ушул борбордун ачылышына салым кошконума сыймыктанам.

Баса, 2003-жылы биз Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрдүк. Анда Орусиянын Маданият министри Швыдкой Михаил Ефимович эле.  Мен ага «Сиз Кантта төрөлгөнсүз, кыргыз маданиятынын күндөрүн Чоң театрда өткөрөлү» дедим. Ал бизге зор жардам берди.  Бизге карап, театрдын ондоп-түзөө иштерин жарым айга токтотуп коюшту. Ошентип, 1939-жылы, андан кийин 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын күндөрү үчүнчү ирет 2003-жылы сентябрь-октбябрь айында Чоң театрда болуп өттү.

"БОРБОРДУН АЧЫЛЫШЫНА САЛЫМ КОШКОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ"

— ММЛУдагы эл аралык конференцияга кимдер катышты?

— Конференциянын өзү аябай салтанаттуу түрдө ачылды. Эртең менен саат 11де башталып, саат 16-17ге чейин уланды. Аттуу-баштуу адамдар келип, конференцияны куттуктап сүйлөштү.  КМШнын Башкы секретары Лебедев Сергей Николаевич, Совет Федерациядан Скоковская Людмила Николаевна,  КМШ иштери боюнча Федералдык агенттиктен, Агартуу министрлигинин Жогорку билим берүү бөлүмүнөн, Парламенттер аралык ассамблеядан,  Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Армениянын,  Казакстандын элчиликтеринен өкүлдөр  келишти. Мазмундуу докладдар менен В.Я. Брюсев атындагы мамлекеттик университеттин ректору  Давид Гюрджинян чыгып сүйлөдү.  БГУнун ректору Мирлан Мухтарович Дылдаев,  Пятигорск мамлекеттик университетинин ректору Александр Павлович Горбунов, Беларус университетинин ректору Андрей Дмитриевич Король да куттуктоо сөздөрүн айтышты. Италиялык китеп басып чыгаруучу Сандро Тети, Пушкин атындагы мамлекеттик орус тил  институтунун ректору Гусев Н.В, Орусиянын  ректорлор форумунун төрагасы Ефим Пивовар да сөз алып, өздөрүнүн омоктуу ойлорун ортого салды.

— Эл аралык конференцияда кайсыл темаларда доклад окудуңуз? Катышуучулардын сиздин докладга болгон кызыгуусу зор болгондур?

— ММЛУнун Эл аралык мамилелер жана социалдык илимдер институтунун студенттерине биздин Кыргызстандын дипломатиясынын тарыхы, өлкөбүздүн 8 тышкы иштер министрлеринин тагдыры жөнүндө лекция окудум. Бир маселеге өзгөчө көңүл бурууга туура келди. 90-жылдары бизди тааныбагандар Кыргызстан — Курдистан деп айта башташкан. Ушундай сөздөр көп болгон. Кызым экөөбүз чыгарган китепте көп баалуу маалыматтар камтылган болчу. Ошолордон мисал келтирдим. Союздун убагында бизге байланышы бар эки СССРдин тышкы иштер министрлеринин кантип Кыргызстанга келип иштеп калышканына кайрылдым. Алардын бири — өтө атактуу экономист Дмитрий Трофимович Шепилов. Анын кыйындыгын Хрущев көрө албай, академиктен да чыгарып, Фрунзеге айдаган. Ал киши Хрущев иштен кеткенде гана Москвага кайтып, архивде өз ишин уланткан. Дмитрий Трофимовичтин сырьену чыккан жеринде  кайра иштетиш керек деген идеясын Кытай, Финляндия колдонуп, көп ийгиликтерге жетишкен. Бизде болсо, буга маани беришпеди.

Экинчиси – мурунку тышкы иштер министри  Борис Дмитриевич Панкин. Ал киши Ошто төрөлгөн. Ч.Айтматов менен өтө жакшы мамиледе болгон.

Булардан тышкары, мен студенттерге СССРдин тушунда Кыргызстанга конок болуп келишкен атактуу саясатчылар тууралуу айтып бердим. 1955-жылы Кыргызстанга президент Джон Кеннединин бир тууган иниси Роберт Кеннеди, Американын Жогорку Сотунун мүчөсү Уильям Дуглас, Вьетнамдын президенти Хо-Ши-Мин, Финляндиянын 8-чи президенти Урхо Калева Кекконен келген. Хекконендин эки башка системанын тынчтыкта жанаша жашоосу тууралуу алгы идеясын көбү билишет. Ал алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деп СССР менен мамилесин чыңдаган. Мунун аракетин, жасаган иштерин Финляндиянын 9-чу президенти Мауно Койвисто бүлгүнгө учуратты. Ал Евросоюзга мүчөсү болуу үчүн СССР менен Финляндия ортосундагы достук жана тынчтык жөнүндөгү 1948-жылкы Келишимден баш тарткан. Ал СССРдин урашын да көрүп калды.

Бизге Индиянын кайраттуу премьер-министри Раджив Ганди да келген. Анын чоң атасы  Джавахарлал Неру, апасы Индира Ганди премьер-министр болгон.

—  Москвалык жаштардын биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуусу кандай экен?

— Кийинки лекциям Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналды. Мен көп жылдардан бери Айтматовдун «Жамийласы» кантип атактуулукка жетишкенине кызыгып келем. Өзүмдүн байкоолорумду бир жолу Роза Айтматовага айтсам, ал да туура деп баалады.

1958-жылы Чыңгыз Айтматов Москвада Жогорку адабий курста билим алып жүргөндө,  «Новый мир» журналына  Александр Твардовскийге өзүнүн повестин алып барган. Твардовский  окуп чыгып, «Жамийла» деп оңдоп койгон. Менимче, бул эң туура болгон. Мен Луи Арагонго ушул повесть кандайча жетти экен деп кызыктым. Көрсө 30-жылдары Москва Мария Натонсонду оппортунист, троцкийчи катары Фрунзеге сүргөнгө айдаган экен. Москвада Мария Натонсон Жусуп Абдрахмановду жалындуу акын Маяковскийдин жубайы Лили Брик менен тааныштырган. Бир тарыхый документалдуу фильмде, Маяковскийди акыркы сапарга узатып жатканда, Лили Бриктин жанында Жусуп Абдрахманов турганын көрүүгө болот. Лилия менен Элиза  – бир тууган  эже-сиңдилер. Алардын турмушка чыкканга чейинки фамилиясы — Каган.  Ары сымбаттуу, ары сулуу Элиза француз офицери менен таанышып, Францияга кетип, ал жактан Эльза Триоле деген ысымды алган. Кийин ал атактуу жазуучу Луи Арагонго турмушка чыгып, мыкты котормочу аталып, элге Эли Брик катары белгилүү болот. Менин оюмча, орус тилин жакшы билбеген Луи Арагон жубайынын котормосу аркылуу Айтматовдун «Жамийласын» окуп чыкса керек,  анан «Дүйнөдөгү махабат тууралуу эң мыкты чыгарма» деп баа берген болушу абзел. Ал мезгилде мындай колдоо Айтматовго аба менен суудай зарыл эле. Анткени аны биздин жазуучулар «Согушта жүргөн жолдошун таштап кеткен немени даңктайт» деп катуу сынга алып жатышкан. Ушундан кийин мындай асылуулар тып басылып, Айтматовго 1963-жылы «Повести гор и степей» жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган. Мында албетте, Мухтар Ауэзовдун да колдоосу зор демекчимин.

— Москвадан дагы кандай өзгөрүүлөдү байкай алдыңыз?

— Москвадагы студенттерге Жоомарт
Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» поэмасынын негизинде тартылган фильмди да көрсөттүк. Жаштардын пикири бизди кубандырды. Бир топ суроолорду беришти. Чыгарма бүгүнкү күнгө үндөшүп турганын белгилешти. Москвага көптөн бери бара элек болчумун. Шаардын Москва-Сити бөлүгүндө ультра заманбап үйлөр көз жоосун алат. Москва мэри эски тарыхый имараттарды сактоого да жетиштүү мамиле кылганын байкай алдым. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын көчө боюндагы сан жетпес көрнөктөр эске салып турат.

 

А.АЛИБЕКОВ,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер