“БИЗ ДҮЙНӨНҮ ЖАҢЫРТСАК, ДҮЙНӨ БИЗДИ ЖАҢЫРТАТ!”

  • 20.10.2023
  • 0

“БИЗ ДҮЙНӨНҮ ЖАҢЫРТСАК, ДҮЙНӨ БИЗДИ ЖАҢЫРТАТ!”

Ордо калаадагы маалыматтык коммуникациялар жана технологиялар тармагындагы алдыңкы тажрыйба борбору болуп саналган №98 лицейде «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды жүзөгө ашыруу алкагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» темасындагы» иш-чара өттү. Мааракелик иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, жазуучунун карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова, эл артисти Дарика Жалгасынова баштаган маданият жана адабият ишмерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил саясаты улуттук нарктын ажырагыс бөлүгү болуп саналары, өмүр бою кыргыз тилин мамлекеттик тил кылуу идеясын жолдоп жана колдоп келген Чыңгыз Айтматовдун өрнөктүү өмүр өтөлгөсү менен чыгармачылык жолу, анын улуттук аң-сезимди өнүктүрүү жаатындагы мааниси боюнча кеңири баяндама жасалды.

Катышуучулар дагы ушул эле маселелер жаатында өз ой-пикирлерин билдирүү менен бирге, жаштарга залкар жазуучунун чыгармачылыгынан тиешелүү сабак алуу, кыргыз журтунун чыныгы атуулу катары Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуу тууралуу акыл-насааттарын айтышты.

Баяндаманын жүрүшүндө биздин Айтматов ааламына кайра-кайра кайрылып жатканыбыз бекеринен эмес экени тууралуу кеңири кеп болду. Баяндамачынын айтымында, залкар жазуучунун таберик таштаган чыгармачылык мурасы, азыркы ааламдашуу доорундагы улуттук баалуулуктардын орду тууралуу ой-толгоолору улам жаңы кырынан ачыла берери бышык. Ал бекеринен «Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу» деп бекеринен айтпаса керек.

“БИЗ ДҮЙНӨНҮ ЖАҢЫРТСАК, ДҮЙНӨ БИЗДИ ЖАҢЫРТАТ!”

Ошентип, бүгүн биздин башыбызды Айматов ааламынын кайрадан бириктирип да, бийиктетип да турганы өтө кубанычтуу. Өзүңөр жакшы билесиздер, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы – казылып бүткүс асыл кенч, айтылып бүтпөс улуу дастан, орошон ойдун ордосу. Ал “Жамыйла” повести менен дүйнөлүк адабияттын эшигин ишенимдүү кагып, эл аралык аренага чыккан.

Андан соң Чыңгыз Айтматовдун «Жаныбарым, Гүлсары!» повести дүйнөлүк адабият дүйнөсүнө жаңы идеялык-эстетикалык табылга катары кирип, этаптуу чыгармаларынын бири болуп калды. Андагы айыгышкан карама-каршы күчтөрдүн жаңыча чечмелениши адабиятчылардын көз жаздымында калган жок. Ага улай жарык көргөн «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери да адабиятчыларды эле эмес, кыйла кыйкымчыл окурмандардын да бүйүрүн кызытканы чындык.

Ал эми жазуучунун «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы» романдары залкар жазуучунун дагы бир этаптуу ири чыгармаларынан болуп калды десек жаңылбайбыз. Аларда адам өзүнүн жеке өзгөчөлүгүн, адамдык бийик сапатын, келечекке болгон аруу тилеги менен илгери үмүтүн сактап калуу аракеттерин өз каармандары аркылуу таасын чагылдырып берет, жалпы адамзатты тарыхый эстутумдан ажырабоого чакырат, адамдык парасаттын бийиктигин, аруулугун, нарктуулугун даңазалайт,

Чыңгыз Айтматов өзүнүн баардык чыгармаларында адам баласы өз башына түшкөн ар кандай кыйынчылыктарга туруштук бере албай, өзүнүн адамдык асыл сапатынан ажырап калса, ал акыры өзүнүн ыйык туткан идеалына да кол салуудан кайра тартпаган канкорго айланып тынышы ажеп эмес деген бир тыянакка келет. Ал аны манкурт катары сыпаттаганы бекеринен эмес. Биз муну Айтматов ааламынын башкы философиясы же жалпы чыгармачылыгынын башкы кредосу катары түшүнсөк болот.

Арадан канча мезгил өтсө да, Айтматов ааламы өз маанисин жоготпой, улам жаңы кырынан ачылууда. Чыңгыз Айтматов – адамзаттын көркөм дөөлөт дүйнөсүндө, анын ичинде улуттук адабият айдыңында өтө сейрек жарала турган кубулуш. Азыркы аңкилдек аткан ааламдашуу доору, андагы адамзаттын ээлеген орду жаатында акыл калчап, өз ара пикир алышып туруу баарыбызга пайдалуу нерсе.

Чыңгыз Айтматов – көп кырдуу, миң сырдуу талант. Азыркыдай аңкилдек аткан аңгүдүк заманда залкар жазуучубуздун өрнөктүү өмүрүн пир тутуп, таберик калтырган көркөм дөөлөтүн татыктуу асырап алуу милдети турат. Анткени, Айтматов ааламы анын жеке чыгармачылыгы менен эле чектелбейт. Ал кишини жазуучу, гуманист, философ, саясатчы, дипломат, адам жандүйнөсүнүн билерманы катары кеп кылсак жарашат.

“БИЗ ДҮЙНӨНҮ ЖАҢЫРТСАК, ДҮЙНӨ БИЗДИ ЖАҢЫРТАТ!”

Күндөлүк жашообузда кадыресе кездеше жүргөн, анчейин деле маани берилбеген турмуштук материал Чыңгыз ага сындуу таасын таланттык колуна тийсе, анын акыл-эс туюму аркылуу иштелип чыкса, кандай гана ажайып керемет образдар жараларынө өзүбүз күбө болдук. Жаратмандык өнөрдүн алмустактан жаралган сыйкырдуу касиети ушунда.

Кантсе да, көркөм чыгармачылыктын башкы касиети адамды өз алдынча ой чаргыта билүүгө түрткөндүгүндө турат. Ошон үчүн жазуучу «Канткенде адам уулу улуу болот?» деген түбөлүктүү соболго өмүр бою жооп издеп келбедиби. Ал соболдун жообу бар – ал Айтматовдун өрнөктүү өмүрү менен чыгармачылык жолу. Адам уулу өз Ата Журтуна ак кызмат өтөй билгенде гана улуу болот жана уулу болот!..

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин биздин турмушубуздагы ордуна жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу студенттер тарабынан даярдалган баяндамалар окулду, жазуучунун чыгармаларынан чакан сценкалар көргөзүлдү. Ошондой эле, чакырылган меймандар жаштарды кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп беришти. Студенттер уюштурган иш чара толугу менен өз максатына жетти десек болот.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 12-декабрында дүйнөлүк деңгээлде ой чаргыткан кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 95 жыл толот. Ушул күн Кыргыз улуттук адабиятынын күнү да болуп саналат. Ошондон улам, Кыргызстан аймагындагы, андан тышкары көптөгөн өлкөлөрдө жазуучунун 95 жылдык маарекесине карата жазуучунун өмүр жана чыгармачылык жолуна арналган иш-чаралар өтүүдө.

Кемел Белек,   “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер