БИШКЕКТЕГИ №1 МЕКТЕПТИН АБАЛЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮ ТААНЫШТЫ

  • 20.04.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 жатак-мектептин окуучулары мугалимдерин колдоп митингге чыгышты.  Окуу процессин үзгүлтүккө учуратып, одоно мыйзам бузулганы үчүн Эмгек кодексинин 19-беренеси, 83-беренин 12-пункту менен 43 мугалим жумушунан бошотулду. Ушул жагдай боюнча тиешелүү адистер түшүндүрмө беришти.

БИШКЕКТЕГИ №1 МЕКТЕПТИН АБАЛЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮ ТААНЫШТЫ

Айнура КУСЕИНОВА, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

— Н.Маатканова конкурстун жыйынтыгы боюнча аныкталып, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен дайындалган болчу. Ал тууралуу министрликке чейин бир нече жолу арыздар келген. Бизден да өкүлдөр барып, териштирилип, ал жердеги мыйзам бузуулар аныкталган. Келишпестиктин натыйжасында жамаатты экиге бөлүүгө алып келди. Бул терс көрүнүштүн жыйынтыгын көрдүк. Балдар өз алдынча митингге чыга албайт. Мугалимдер окуучулар үчүн авторитет. Ошондуктан мугалимдер окуучуларга туура түшүндүрүп, бул жолго барбаш керек эле. Ич ара бир нече адамдын келишпестиги үчүн балдар дагы, ата-энелер дагы аралашпашы керек болчу. Мугалимдерди жөн жеринен эле жумуштан албайт. Мыйзам бузууларды ички иштер органынын өкүлдөрү аныкташты.

Сынактын негизинде директорду дайындоо – бул туура кадам. Анткени мурда директолукка жалаң тааныш аркылуу келишчү. Конкурста бардык адамдык факторлор жоюлду. Ушундай кырдаалдардан кийин Жобого өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз. Себеби мугалимдер дагы сынакка катышып, өтүп  жатат. Бирок мугалим болуп иштегени менен административдик тажрыйбасы болбогондон кийин көп учурда кыйналат экен. Азыркы ушул мектептин директору  завуч болуп иштебептир. Негизи директор болом деген адам өзүнө ишенсе, ишти билсе, тажрыйбасы бар болсо, жоопкерчиликти сезсе анан сынакка талапкерлигин коюушу керек эле. Анын артында миндеген ата-энелер, окуучулар турат. Учурда жакшы иштегендери бар, иштей албай өздөрү кеткендери да бар.

Гүлмира АКМАТОВА, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:

— 18-апрелде саат 8.00 чогулуш уюштурдук. Анткени мектепте комплекстүү ишти текшерүү жүргүзүлмөк. Акыркы үч жылы бул мектеп жалаң эле арыз менен келатат.

Чогулуш чынында созулуп кетти, себеби мугалимдер нааразычылыктарын айтып башташты. Эшикке чыкканда балдар даяр плакаттарды алып, линейкага тизилип калышыптыр. Абдан уят сөздөр айтылып жатты. Эң чоң тартип бузуу болду.

Төртүнчү сабак болоордо араң балдарды класска киргиздик. Мыйзам бузуу болгондуктан 43 мугалимди Эмгек кодексинин беренеси менен кетирүү чечими чыгарылды. Мектепте 60 мугалим иштейт. Аябай ызы-чуу салган ата-энелер менен сүйлөшүүлөр болду.

Талайбүбү ЭГЕМБЕРДИЕВА, А.Каниметов атындагы  №1 жатак-мектептин тарых мугалими, профсоюз уюмунун төрайымы:

— 10-апрелде Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери биздин мектепке жазылган арыздын негизинде жетекчиликти текшерүүгө келишкен. 13-апрелде ошол текшерүү боюнча чогулуш болот дегендиктен чогулуп, күтүп турганбыз. Аңгычакты эле Президент Садыр Жапаров мектепке келгени айтылды. Анткени өлкө башчыбыз биздин окуу жайды бүтүп кеткенине байланыштуу, мектеп көзөмөлгө алынып, капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Президент келген учурда мектеп директорубуз Н.Матканованын иштеген ишине нааразы болгон жети адам арызданып чыгып, өлкө башчынын алдына туруп алып, жөнөкөй нерселерди айтып, анын кыжырына тийишкен.  Арызчы жети адам жалпы педжамааттын жүзүн Президентке көрсөтүп койду деп ойлойм. Чындыгында эле директор тестирлөөнүн негизинде келгени менен ишти жакшы жүргүзө алган жок.

14-апрелден баштап Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы түзгөн комиссия келип, “өзүңдүң эркиң менен арыз жаз, жашаган жериңен жумуш таап беребиз, жазбасаң жумушсуз каласың” дешти. Балдарым кичирээк болгондуктан, ойлонбостон эле арыз жазып бердим. Арыз жазгандардын бири бөлүнгөн мектепке барса “болгону төрт саат же ийрим беребиз” дешиптир. Ийримдин бир сааты 180 эле сом. Ага кантип иштейбиз? Мен мектепте 32 жылдан бери иштеп келатам, анын ичинен жатак-мектепте иштегениме 15 жыл болду.

15-апрелден баштап комиссия биздин сабакка катыша башташты. Мен түнү менен уктаган эмесмин. Бирок план боюнча сабак өттүм, балдарым жооп берди. Болгону “сабак бүткөндөн кийин эмнеге анализге келген жоксуң?” дешти. Бул нерсени бизди жумуштан кетирүүнүн жолу деп ойлодук. Келген комиссияга биз айттык “сабак бергенге моралдык жактан даяр эмеспиз. Болгону жыл аягына чейин иштегенге уруксат бергиле, эмгек отпускага чыгып, андан ары жумуш издейли” дедик. Мындай сүйлөшүү 9.20 чейин болду. Сабак бизде 8.30 башталат. Жолугушуудан чыккандан кийин карасак, эшиктин алдында балдар, ата-энелер менен туруп калышыптыр. Сабакка балдарды киргизгенге алыбыз жеткен жок.

18-апрелде мектепке келип, кире алган жокпуз. Себеби шаардык билим берүү башкармалыгынын, 1-Май райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери келип, 43 мугалимди Эмгек кодексинин 19-беренеси, 83-беренин 12-пункту менен тааныштырышты. 19-берене боюнча Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы жетим жатак-мектеби менен бириктирүү экен. “Биз ага каршы эмеспиз. Биз анда мурункудай эле иштей берелик” дедик. Ушул беренелердин негизинде жумуштан бошотууга буйрук чыгарылды. Ал эми биз Эмгек кодексин карап көрсөк,  83-беренин 12-пункту боюнча башка жумушка кире албай калат экенбиз.

Н.Маткановага көп нааразычылыктар болуп жатты. Эки окуу жайды бириктиргенде мугалимдерди жоюп салат деген кеп болгон эмес дегеле. Бул жерде окуучуларды митингге катыштырып, сабакты үзгүлтүккө учураткандары үчүн мыйзам чегинде бошотулду.

Н.Матканова сынактан өтүп келсе дагы, иш алып бара албаганы далилденип калды, андыктан ал жумушунан алынды. Шаарда 67 мектеп жетекчилери сынактан өтүп дайындалган. Анын ичинен 47 жаңы келгендер. 20 мурда иштеп жүрүп, бирок сынактан өткөн. “Жаңы директордун мектеби”, “Жаңы завучтун мектеби” деп ай сайын семинар өтүп, бардык нормативдик документтерди кантип даярдаш керек, кандай болуш керек деп даярдап келатабыз. Бул мектепте күчтүү мугалимдер бар, биз алар менен сыймыктанчубуз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер