Бирдей коэффициент, президенттик компенсация. Мугалимдердин эмгек акысы кантип көбөйдү?
- 27.04.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү тутумунун кызматкерлерине эмгек акыны көбөйтүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин токтомуна кол коюлду. Документке ылайык, агартуу тармагынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 1-апрелден тарта эки эсе жогорулады.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык кабыл алынды. Жарлыкты ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинетинин № 286 токтому кабыл алынды.
Документке ылайык, мугалимдердин эмгек акысы минималдуу базалык ставканы (7040 сом) кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет. Ошондой эле айлык маянага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдөр кошулат. Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлерге 5 миң өлчөмүндө президенттик компенсация каралды.
Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зонада иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөгө кошулбайт жана бир ставкага төлөнөт.
Мугалимдердин эмгек акысын эсептөөдө баарына бирдей коэффициент белгиленди, болгону билим деңгээлине карата гана айырмачылык болот. Орто билими бар мугалимге азыраак, жогорку билими бар же магистр даражасы барларга, албетте, чоңураак коэффициент менен төлөнөт.
Бирдей коэффициент эң маанилүү маселе, анткени социалдык медиада бул темада көптөгөн талаш-талкуулар жүргөнү ырас. Гуманитардык сабактарды окуткан мугалимдер алардын маянасынын коэффициенти СТЕМ мугалимдердикинен төмөн болуп эсептелип жатканын басмырлоо деп аташып, баардыгын тең кароону талап кылып келишти. Эми бул талашка чекит коюлду десек болот.
«Эң өзгөчөлүгү, 2022-жылы табигый так илимдер адистери жетишпей жатканда, бүгүн да жетишпейт, математикалык функционалдык сабаттуулук өтө төмөнкү деңгээлде болгонуна байланыштуу адистерди тартуу максатында 20 пайыздык теңдештирүү коэффициенти коюлган. Мына азыр теңдештирүү коэффициенти баардыгына бирдей кетти», -деди бүгүн Биринчи радионун эфиринен КР агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысына квалификациялык категория үчүн өзүнчө үстөк төлөнөт: жогорку категорияга – 5000 сом, 1-категорияга -3000, 2-категорияга – 2000 с.
Мурдакыдай эле айлык маянага педагогикалык стаж, окумуштуулук даража, ардактуу наам, бийик тоолуу же алыскы аймакта иштегендиги жана өзгөчө иш шарттары үчүн өзүнчө кошумча төлөмдөр белгиленди. Педагогикалык стаж үчүн үстөк 10 пайыздан 30 пайызга чейин. Айыл жеринде иштеген мугалимдерге 1800 сом кошумча төлөнөт. Жалпы типтеги мектеп-интернатта иштеген мугалимдерге маянасына 10% үстөк каралды.
Мугалим жетишпей жаткан шартта директорлорго тийиштүү предметтер боюнча сабак берүүгө уруксат берилди. Мектепке чейинки билим берүүдө – 18 сааттан көп эмес. Жалпы билим берүүчү мектепте, башталгыч кесиптик лицейде, балдар үйлөрүндө 5-11 класстарда аптасына тогуз сааттан, 1-4-класстарда сегиз сааттан көп эмес. Ал эми мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында – 10 сааттан, башталгыч кесиптик лицейде – 10 сааттан ашпашы керек. Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына, мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучуларга дагы тийиштүү түрдө 14, 16, 23 сааттан ашпаган көлөмдө сабак берүүгө болот.
Мындан сырткары, мугалим жетишпеген учурда социалдык педагогдор дагы 5-11-класстарда чектелген сааттар менен сабак бере алышат.
Мектеп мугалимдери менен катар Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо институтунун, республикалык илимий методикалык борбордун, “Туңгуч” онлайн мектебинин, областтык усулдук институттар жана борборлордун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн окуу-усулдук кабинеттеринин жана бул тармакка караштуу бир катар мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин дагы эмгек акысы орточо жүз пайызга жогорулаганын да айта кетүү керек.
Эмгек акынын масштабдуу түрдө жогорулашы улуттук билим берүү заманбап жаңыланып жатканда мугалимдерге дем берүүчү мааниси зор мамлекеттик колдоо, камкордук болуп калды.
Нурлан Кыдыков, «Кут Билим»
КОЛГО КАНЧА ТИЕТ?
Төмөндө Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы даярдаган эмгек акы жогорулаганга чейинки жана андан кийинки мисалдарды келтиребиз.
1) Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу №16 Ж. Турусбеков атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими. Жогорку билимдүү, магистр даражасына ээ, 16 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар, жумасына 19 саат жүктөм менен иштейт, ошондой эле класс жетекчи болуп саналат.
Мурда:
— эсептелген эмгек акы: 33 223,53 сом
— колуна тийгени: 26 644 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 49 964 сом
— президенттик компенсация: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акы: 64 964 сом
— колуна тийгени: 56 771 сом
Өсүш: +30 127 сом
2) Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №10 Кок-Арт орто мектебинин математика мугалими. Ал магистр даражасына ээ, 16 жылдык педагогикалык стажы бар, жумасына 20 саат жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи.
Мурда:
— эсептелген эмгек акысы: 32 640,95 сом
— колуна тийгени: 26 178 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 43 775 сом
— президенттик кошумча төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акысы: 58 775 сом
— колуна тийгени: 51 685 сом
Өсүш: +21754 сом
3) Нарын облусунун Ат-Башы районунун Адыранов атындагы орто мектептин 5-11- класстарынын кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ал магистр даражасына ээ, 13 жылдык педагогикалык стажы бар. Жумасына 17 саат жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи.
Мурда:
— эсептелген эмгек акысы: 42 975,12 сом
— колуна тийгени: 34 445 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 67 917 сом
— президенттик кошумча төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акысы: 82 917 сом
— колуна тийгени: 67 004,4 сом
Өсүш: +32 559 сом
4) Нарын облусунун Ат-Башы районунун Адыранов атындагы орто мектептин 5-11-класстарынын биология мугалими. Ал магистр даражасына ээ, 13 жылдык педагогикалык стажы бар. Жумасына 17 саат жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи.
Мурда:
— эсептелген эмгек акысы: 49 353,69 сом
— колуна тийгени: 39 545 сом
Азыр:
— негизги эмгек акысы: 69 043 сом
— президенттик кошумча төлөм: 15 000 сом
Жыйынтыгында:
— жалпы эсептелген эмгек акысы: 84 043 сом
— колуна тийгени: 67 655,0 сом
Өсүш: +28 110 сом
Мектеп директору буга чейин колуна 18 202 сом алып келсе, эми 41 273 сом ала баштайт.
Директордун орун басары мурда колуна 16 383 сом алса, эми 38 363 сом алат. Мектептин социалдык педагогу мурда 12 511 сом алса, эми 32 168 сом алат.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бала бакча директору буга чейин колуна 23 285 сом алып келсе, эми 56 676 сом ала баштайт. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бала бакчанын тарбиячысы 1,08 ставка менен мурда 23 940 сом алса, эми 48 897 сом алат.
Кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуу устаты 1 ставка менен буга чейин колуна 23 462 сом алып келсе, эми 49 689 сом алат.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча орточо эмгек акы 42 948 сомду түзөт, ал эми билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы жогорулатылгандан кийин 50 551 сомго жетет.
Комментарийлер