“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

  • 11.12.2020
  • 0

“Билимкана” мектеби Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанга да кеңири таанымал алдыңкы мектептердин бири.  Учурда Кыргызстанда 14 мектеби, Казакстанда бир мектеби бар фонддун негиздөөчүсү Төлөндү Тойчубаев жакынкы келечекте ушундай заманбап 30-35 мектеп ачууну максат койгон. “Билимкананын” пайдубалы анын негиздөөчүсү Төлөндү Тойчубаевдин жеке каражатына түптөлгөндүгүн, бул ишти улантууга өздөрүнүн жакын пикирлеш достору колдоо көрсөтүп келаткандыгын айткан “Билимкана” фондунун жетекчиси Эльнура Осмоналиевадан мектептин кандай өзгөчөлүктөрү бар болду экен деп кызыкканыбызда, бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди.

“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

“Улууга урмат, кичүүгө ызаат”

— Мен өзү Аксынын кызымын. 1998-жылы Кербендеги Жунай Мавлянов атындагы мектепти аяктагам. FLEX программасынын алкагында Америкадан билим алгам. Кыргызстандагы Америкалык университеттин журналистика бөлүмүндө билим алып, андан кийин саясий илимдер бөлүмүнө которулгам. Жакында эле кинорежиссура жана сценарист багыты боюнча магистратураны Нью-Йорк университетинен окуп келдим. Жолдошум Төлөндү экөөбүз төрт баланы тарбиялап өстүрүп келатабыз. Жолдошум экөөбүздүн сырт жактан алган билимибиз дүйнөлүк тажрыйбаларды салыштырууга негиз түзөт деп ойлойм. Анткени турмуштан жана окуудан алган тажрыйбаларды иргеп, элеп, биздин балдарга жаккан ыкмаларды өөрчүтүп, жагымсыз көрүнүштөрдү жоюп, аларга түшүнүктүү, кабыл алууга боло турган билим жана тарбия берүү. Тактап айтканда, кыргыз, орус, чыгыш, батыш маданияттарын аралаштырып, бирок биздин балдарга жакканын ишке ашыруу. Биздин мектептин башка мектептерден айырмачылыгы – баланын өзүнө болгон сезимин аздектөөнү, МЕН деген сый-урматын арттырууну демилгелөө. Биринчиси – балага болгон мамилеге маани берүү. Сөз жүзүндө көп айтылганы менен, иш жүзүндө дайыма эле маани бербейбиз. Балдар менен баарлашканда, алар өзүн баласынтпай, туура мамиле жасаганды жакшы көрөөрүн айтышат. Мага айрыкча “Улууга — урмат, кичүүгө – ызаат” мамилеси өтө жакын. Мен билгенден “Билимкананын” балдары мектепке ашыгып келишет. Беш мектепте жатаканасы бар, дем алыш күндөрү балдар үйлөрүнө кеткиси келбейт. Ушунун өзүн көрсөткүч катары бааласак болот.

“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

Ата-эне балага дос болбошу керек

— “Билимканада” баланын окууга эле эмес, башкага да шык-жөндөмдөрүн ачканга аракетттенебиз. Баланын турмуштагы жолу баага гана байланыштуу болбойт, эгерде окууда “беш” деген баага окуса, жашоосу да алдыда болуп, ошого жараша начар окуган  баланын жашоосу ийгиликсиз болуп калат деген жаңылыштык. Адамдар менен мамиле түзө билүүсү, өзүнө ишеними, алдыга койгон максаты анын турмуштагы ийгиликтерине жол ачат. Биз баланын ким экендигин аңдап билишибиз керек. Биз баланын колунан келген нерсеге көңүл бурсак, бала алдыга умтулат, өзүнө ишеним пайда болот. Баладагы бир грамм талантты өөрчүтүп, өстүрүп чыга алсак, максатка жеттик деп эсептейм.

Ата-эне менен иштөө өзүнчө бир тармакты түзөт. Ата-эне менен иштөөчү өзүнчө бир бөлүм ачылышы бекеринен эмес, ата-эне болуу өзүнчө бир жооптуу кызмат экени талашсыз. Биз мектептен калыптандырып жаткан тарбияны үйдө ата-эне талкалабай, бекемдеши кажет. Чындыгында баладан мурда ата-энелер өздөрү да тарбиялоого, жаңы маалыматка муктаж. Муну биздин ата-энелер туура түшүнүп, бизден кеп-кеңеш сурашат. Ушундай муктаждыкты эске алып, ата-энелер менен балдары үчүн тренингдерди өткөрөбүз. Ата-эне өзүнүн баласынын үйдө байкабаган жактарын чогуу тренингге катышканда билет. Канчалык мыкты ата-эне болбосун, ал эч качан баласына дос боло албайт, дос болууга тийиш да эмес. Алар баласынын жакшы дос күтүүсүнө көмөктөшүүсү керек, анткени балага ата-эне, мектептен кийин досторунун таасири күчтүү, баланын ийгилигине досторунун тийгизген таасири 30-40 пайызды түзөт.

“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

Экинчи фактор — бул ата-энелердин балдарына тийиштүү убакыт бөлө албай жаткандыгы. Ата-энеси баласына сен мага милдеттүүсүң деп эч качан айтпашы керек.  Анан кыргызда баласын башка бирөөнүн баласына салыштырган бир сапат бар, бизде “Элдин балдары” деген көз караш жашайт. Андай болгон соң, ал биринчи өзү баласына кандай ата-эне болуп жатам деп өзүнө-өзү суроо берип көрсүн. Баласын кичинесинен баштап окууга кызыктырып, музей-театрларга алып барып, китеп сатып берип, жакшы дос таап берип, өзү дайыма үлгү болууга тийиш. Эгерде ата-эне үйүндө китеп окубаса, үйүндө китепканасы жок болсо, кантип баласын китеп окууга үндөй алат?

Баланы тарбиялап өстүрүүдө ушунун баары предметтик сабактардан да маанилүү факторлор деп эсептейм. Үй-бүлөдө ыңгайлуу шарт болсо, бала өзүнүн камкордукка бөлөнгөнүн сезип-туйса, эч жерден басмырланууга дуушар болбостугун билсе, анын өзүндөгү шык-жөндөмүн ачууга мугалимге да жеңил болот.

Бизде кыргыз, орус, англис тилинен тышкары, баланын тандоосуна жараша түрк, кытай, немис, жапон, француз тилдерин окутабыз. “Билимкананын” мектептери Америка мектеби, Жапония мектеби, Кытай мектеби деп бөлүнгөндүгү менен айырмаланат. Ошол эле учурда алардын баарын кыргыз мектеби бириктирип турат. Биздин окуучулардын 40-50 пайызы башка улуттун өкүлдөрүнүн балдары. Бирок баары “Биз кыргызбыз” деп айтканды жактырышат. Буга мисал, Казакстандагы “Билимкананын” директору Наталья Петровна Ворожбаева Казакстанда жашагандардын баары “Биз казакпыз” деп сүйлөшөөрүн айтат.

“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

Бала жалгыздык көйгөйүнөн жабыркабасын десек…

— Учурда “Билимкананын” 1-6-класстын окуучулары реалдуу режимде окуп жатышат, ал эми жогорку класстын окуучулары консультацияларга келип-кетип турушат. Буга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бир класста 24-25 баладан ашпайт. Пандемия учурунда вотсап, zoom, EduPade, россиялык программалардын, электрондук журналдардын жардамы менен онлайн режимине ирээттүү өтүп кетишти. Мен өзү мугалимдерди консервативдүү деп эсептейм. Бирок алар пандемия учурунда тез өздөштүрүп кетишкенине аябай ыраазы болдум. Ата-энелер мектептердин, мугалимдердин чыныгы абалын көрүштү. Чындыгында жүз пайыз мыкты кадр эч жерде болбойт, дүйнөлүк эң мыкты Гарвардда жана башкаларда да баардыгы кыйын эмес. Эң алдыңкы делген мектептин болгону 60-80% мугалимдер талапка жооп берет, бул чындык. Себеби педагогикалык кадрлар жетишсиз. Биздин балдарга бирок онлайн окуу жакты, окуса болот экен деген пикирлерин билдирип жатышат. Бирок мектеп босогосун жаңы аттаган башталгыч класстын окуучулары онлайн окушу үчүн жаңы программалар жазылууга тийиш, мультфильм катары, интерактивдүү болсо талапка жооп берет деп ойлойм.

Бала он жаштан кийин өзүнө пикирлеш теңтуштары менен сырдашып турууга муктаж. Азыр вотсаптан ж.б. жардамы менен байланыш түзүлүп жатса деле, өспүрүм балдарга өзүнчө сыр бөлүшө алган чөйрө түзүү керек. Мындай чөйрө классташтары, теңтуштары бар мектепте түзүлөт. Азыр дүйнөдө жалгыздык көйгөйүнөн жабыркагандар көп. Адамдар бирөөнү көрүп турбасак, психологиялык жактан ооруга учурайбыз, Балдар деле ошондой, он жаштан жогорку курактагы балдар риск тобуна кирет.

“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

Окутуунун горизонталдуу ыкмасын колдонобуз

— Ата-энелер жаңы жааган кардын үлбүрөгөн назик бүртүктөрүндөй балдарын көндүм окшоштукка салып төрт бурчтукка айландырып, баланын өзүнүн өзгөчөлүктөрүн жоюуга аракеттенгендей сезим калтырат. Биз болсо, “Билимканага” келген баланын өзгөчөлүктөрүн, өз алдынчалуулугун, б.а. уникалдуулугун сактап калгыбыз келет. Мектеп катары балага ошол шартты түзүп берүү аракетиндебиз. Мектеп армия эмес, күч колдонуу, коркутуу жолу эмес, өз ыктыяры, табигый жол менен баланын келечегине жол ачууга умтулабыз. Ата-эне ошону так түшүнгөнү жакшы. Себеби “беш” деген баа койсоң, билсе-билбесе деле коюп жатасыңар, “үч” деген баа койсоң, баламды басмырлап жатасыңар деген ата-энелер бар.

Бала тестирлөөдөн өткөндөн кийин, ата-энелер менен да иш жүргүзөбүз, аларга да тапшырмалар берилет. Биз жалпы чогулуш да өтпөйбүз, ар бир ата-эне менен жеке жолугуп сүйлөшөбүз. Ата-эне баласын башка балдар менен салыштырбашы керек. Баланын өзүнүн ийгиликтери менен гана салыштыруу керек. Мектептеги гранттык программа боюнча алтын, күмүш, коло стипендиябыз бар. Коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулар 500 долларга чейин стипендия алышат. Баланын ийгилигине эмес, аракетине жараша баалайбыз. Кээ бир баланын ийгилиги дароо көрүнбөйт, бирок ал аракеттенип жатат, ошол аракетин көрүп, баалашыбыз керек. Биздин негизги каалообуз – балдардын аракетине карай колдоо көрсөтүү. Кечирээк болсо да, ар бир аракетинин үзүрү сөзсүз көрүнөт, эгерде биз анын аракетин баалабасак, ал аракеттенбей калат.

Балдардын өз алдынча аракеттенүүсүнө жетишүү үчүн бири-бирин окутуу ыкмасын жайылтып жатабыз. Бир класстын балдары бири-бирин окутушуна жетишүүгө кызыгып жатабыз. Мугалим гид, устат катары сырттан карап турат, керек жерден жардамга келет. Анткени бул дүйнөдө болуп жаткан көрүнүш. Мисалы, мугалим балдарга алдын-ала темаларды бөлүштүрүп берет, ал сабак өтүү үчүн презентацияга даярданат. Ошол күнү бала классташтарынын алдына чыгып, айтып берет. Балдар бири-бирине окутуу жолуна түшкөндө, бала элдин алдына чыгып сүйлөгөндү, маалыматты топтоп, структуралап бирөөлөргө айтып бергенди үйрөнөт. Эң негизгиси, балага мугалимди эмес, өзүнүн курбусун уккан кызык. Бул горизонталдуу окутуу ыкмасы.

“БИЛИМКАНАНЫН” БАЛДАРЫ БИЛИМИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ АРНАГЫСЫ КЕЛЕТ

Биз окуткан балдар патриот болушат

Биз жогоруда белгилегендей, “Билимкананын” бир нече мектеби бар. Өзүн “Нарындын келинимин” деп тааныштырган “Билимкана” америкалык мектебинин директору Наталья Петровна Пактын айтымында, миссиясы окшош мектептердин аталышына жараша өзгөчөлүктөрү бар.

— “Билимкана” мектептерине мектепке чейинки даярдоодон баштап, 1-11-класстын окуучулары кабыл алынат. Балдар англис жана кыргыз тилдерин тереңдетип окутуу менен бирге, алардын тандоосу боюнча кошумча чет тилдери жана сөзсүз музыкалык билим окутулат. Биздин башка мектептерден айырмасы – кыргыз тилин үйрөтүүгө басым жасаганыбызда. Менин жолдошум – кыргыз. Балабызды ушул мектепке берели деп кеңешкенде, ал: “Эгерде кыргыз тилин жакшылап үйрөтүшсө, анда макулмун” деген шарт койгон. Ата-энелерде эле эмес, балдарда да патриоттук сезимдер пайда болуп жатканы биз үчүн кубанычтуу, анткени чет өлкөлөрдө окуп жаткан улан-кыздарыбыз менен байланышканыбызда, алар сөзсүз өз мекенине кайтып келип, элине кызмат кылабыз деген ниеттерин билдиришет,-дейт Наталья Петровна.

Ушундай патриоттук духта тарбияланып жаткан Алихан Раимбеков Кант шаарындагы “Билимкананын” жапон мектебинде окуйт. Педагог таенеси Жылдыз Осмонова небересин 1-класска окутаар алдында, бир топ мектептерди сураштырып, акыры ушул “Билимкана” мектебине токтолгонун айтат.

— “Билимканада” балдарды жакшы окутат деген пикирлерди угуп, атайын тандап алганбыз. Азыр неберебиз 4-класста окуйт, мектепти тандоодо жаңылбагандыгыбызды билдик. Алихан да мектебине кубануу менен барат. Пандемия учурунда бизде,  ата-энелерде мугалимдердин дараметин билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Окутуу ыкмалары балага жугумдуу, кызыктуу деп айта алам. Өзгөчө иштеген ата-энелер үчүн ыңгайлуу жагы – мектепке атайын унаа менен алып кетип, кайра алып келишет. Бул баланын коопсуздугун сактоодо да өтө маанилүү эмеспи. Сабактан кийин эртеңки үй тапшырмаларын даярдатышканы да жакшы, себеби ата-энелер ашыкча убакыт, нерв коротушпайт. Алихандын эс тарткандан Жапонияга барам деген балалык кыялын ишке ашырууга көмөктөшүп жаткан мугалимдерине ыраазычылык билдиргим келет, — дейт КЭУнун доценти Жылдыз Бакасовна.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер