«БИЛИМ КЕРБЕНИ» «ЫНТЫМАК КЕРБЕНИНЕ» АЙЛАНГАНДА

  • 09.04.2021
  • 0
«БИЛИМ КЕРБЕНИ» «ЫНТЫМАК КЕРБЕНИНЕ» АЙЛАНГАНДА

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы инновациялык мектепте Түп районунун мугалимдери, мектеп директорлору жана алардын орун басарлары үчүн 2021-жылдын 24-мартында “Компетенттүүлүккө негизделген таалим-тарбия” деп аталган “Билим кербени” өз ишин баштады.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (Республикалык институт), Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясы, Түп райондук билим берүү бөлүмү жана Ысык-Көл облустук билим берүү институту биргеликте уюштуруп, өткөрдү.

Иш-чара “Компетенттүүлүккө негизделген таалим-тарбия” деп аталып, ага 250гө жакын мектеп мугалимдери, директорлору жана алардын орун басарлары катышты. Иш-чаранын жалпы жыйынында Түп районунун акими Бактияр Акимбаев мугалимдердин адистик кесипкөйчүлүгүн жогорулатуу жана тарбия маселесине көңүл буруу учурда өзгөчө актуалдуу экендигин, райондун саясий-экономикалык абалын жакшыртууда мектеп мугалимдери жана администрациясы өзгөчө роль ойной тургандыгын, өлкөбүздүн келечеги түздөн-түз мектеп менен байланышта экендигин жана мындай жөрөлгөнү системалуу түрдө өткөрүп туруу зарылдыгын баса белгиледи. Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Адылбек Такаев Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» №1 жарлыгына кеңири токтолуп, жалпы талкуунун негизинде төмөнкүдөй конкреттүү беш сунушту иш-чарага катышкандардын атынан киргизди:

  1. Тарбиячылардын, техникалык персоналдардын коомчулук, ата-энелер тарабынан сый-урматка ээ болуусу;
  2. Билим берүүнү республикалык бюджеттен толук каржылоону ишке ашыруу;
  3. Жалпы билим берүүчү мектепке чейинки уюмдарда, психолог жана медайым штаттары ачылса;
  4. Типтүү билим берүү имараттары менен камсыз кылуу;
  5. Класстан, мектептен тышкаркы иштерди күчөтүү, аларды каржылоону жакшыртуу жана балдар лагерлеринин санын көбөйтүп, алардын ишин жандандыруу.

Мугалимдердин квалификациясын дайыма жогорулатуу, жаңыча ойлонуп-иштөө керек болуп турган шартта Республикалык институттун кызматкерлеринин келип, компетенттүүлүктөр, аларды деңгээлдер боюнча калыптандыруу, тарбия, сабактын максаттары, календардык-тематикалык план, сабактын план-конспекти сыяктуу маселелерди талкуулап, предметтер боюнча квалификацияны жогорулатып кеткени абдан жакшы иш болду. Курстар практикага негизделип, абдан кызыктуу болду. Буга танапис учурундагы мугалимдердин курстарды жандуу талкуулап, ой бөлүшүп жатканы күбө болду. Курска келгендер мугалимдерге терең ыраазычылыктарын оозеки да, кат түрүндө да билдирип жатышты.

Алымбек Байгашкаев,
А.Коёнкөзов атындагы орто мектептин мугалими

«БИЛИМ КЕРБЕНИ» «ЫНТЫМАК КЕРБЕНИНЕ» АЙЛАНГАНДА

Андан кийин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов “Компетенттүүлүккө негизделген таалим-тарбия” аттуу баяндама-презентация жасап, анда “Билим кербени-3” Республикалык институттун, Түп райондук администрациясынын, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун, жергиликтүү ишкерлердин биргелешкен аракети менен ишке ашкандыгына, иш-чарага келген педагогдордун тамак-ашын Түп райондук билим берүү профсоюздук уюму уюштурганына, “Билим кербени” “Ынтымак кербенине” айланганына, бул чакан көрүнгөн салтанат биргелешип маселе чечүүнүн мыкты үлгүсү болгондугуна токтолуп, андан ары жаңы Тарбия концепциясынын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылды. Тарбия концепциясы катышуучулардын жандуу талкуусуна айланды.

Баяндама-презентациядагы кийинки багыт билим берүүдөгү компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга жана окуу китептердеги материалдарды окуучунун турмушу менен байланыштырууга арналып, буга Эстония мамлекетинин 1-классынын математика китебинен бир нече мисалдарды келтирди. Андан ары мугалимдердин кыскарган, жөнөкөйлөтүлгөн иш кагаздары, календардык-тематикалык планды, сабактын план-конспектин жазуу, сабактын максаттарын коюу маселелери талкууланып, анда эң негизги критерий алардын мугалимдин колдонуусу үчүн ыңгайлуулугу экендигине токтолду.

Баяндама-презентациянын жыйынтыктоочу бөлүгүндө педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча жасалып жаткан иштер, алардын ийкемдүүлүгү, офлайн жана онлайн форматтарды айкалыштырып колдонуу, квалификацияны өз алдынча жогорулатуу жолдору, сааттарды топтоп, тиешелүү көлөмгө жеткенде сертификат алуу жол-жобосу, мында да негизги критерий курстардын педагогдор үчүн ыңгайлуулугу экендиги тууралуу кеңири сөз болуп, бул жааттагы башка мамлекеттердин (Польша, Сингапур, Өзбекстан ж.б.) тажрыйбалары да талкууланды.

Жыйында Түп райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы, Талды-Суу айылынан чыккан Адыл Алдаяров быйылкы жылы М.Элебаев атындагы инновациялык мектепке 100 жыл толо турганын белгилеп, мааракени уюштурууга алдын ала жакшылап даярдануу керектигине кеңири токтолду. Талды-Суу айылынан чыккан коомдук ишмер Качкын Ашымканов да мааракени жогорку деңгээлде белгилөөнүн зарылдыгына катышуучулардын көңүлүн буруп, Талды-Суу айылынан республикага белгилүү инсандар, бир нече министр, эл депуттаттары, алардын ичинде илимдин 47 доктору, кандидаты чыккандыгын белгиледи.

Учурда тарбия маселесине көңүл бурулуп, жаңы Тарбия концепциясы даярдалып жатканы колдоого ала турган жакшы иш. Жаңы концепцияда ата-энелердин милдети так жазылса, Гапыр Мадаминовдун “Ата-энелер мектебин” республикага жайылтуу маселелери каралса жакшы болмок. Ата-энелер көпчүлүк учурда жоопкерчиликти мектепке, мугалимдерге жүктөп салышууда.

Айнагүл Келгенбаева,
В.Кайкин атындагы мектептин директору

«БИЛИМ КЕРБЕНИ» «ЫНТЫМАК КЕРБЕНИНЕ» АЙЛАНГАНДА

М.Элебаев атындагы инновациялык мектептин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өткөрүү маселеси талкууланып, уюштуруу тобуна КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту да кирди.

Жыйындын аягында Республикалык институт М.Элебаев атындагы инновациялык мектепке илимий-методикалык китептерди белекке берди.

“Ынтымак кербенинин” калган бөлүгү мугалимдердин, мектеп администрациясынын квалификациясын жогорулатууга арналып, ал 26-мартка чейин реалдуу режимде улантылды. Андан ары курстар онлайн форматта улантылат да, тиешелүү саат топтолгондон кийин курстун катышуучулары мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды алышат.

Курстар учурда маанилүү болуп жаткан кыргыз тил жана адабияты, математика, технология, көркөм өнөр, музыка, информатика предметтери, менеджмент жана тарбия маселелери боюнча уюштурулду.

Эскерте кетсек, алгачкы жолу «Билим кербени-1, 2» 2019-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлгөн. “Билим кербени-1” республиканын жети дубанында өткөрүлсө, “Билим кербени-2” суроо-талаптарга жараша алыскы Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда болгон.

Өлкөдөгү карантинге байланыштуу токтоп калган иш-чара кайра жанданып, «Билим кербени-3» 2021-жылдын 24-26-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында ийгиликтүү улантылды. Шартка жараша мугалимдердин суроо-талаптарын эске алуу менен, “Билим кербени” мындан ары да республиканын ар кайсы аймактарында өткөрүлө бермекчи.

Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун деректири.
 М.ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер