БИЛИМ БЕРҮҮ ОӉОЛБОСО, КЕЛЕЧЕК БҮДӨМҮК
- 04.10.2022
- 0
Мурдагы министр кармалар алдында Жогорку Кеӊеште билим берүү реформасына багытталган каржы маселеси талкууланган эле… https://www.youtube.com/watch?v=W2FOxnog7zQ
Ушу күнгө чейин далай гранттар жок болду. Чет элдик консультантка ай сайын 20 миң доллар төлөп туруунун зарылдыгы канчалык?..
Дагы эле кайдыгерлик кыла берсек, балдарыбыз тургай, неберелерибиз да татыктуу билим ала албай калабы деп корком…
Мен бул макаламда колдо бар каражатты натыйжалуу жумшап, өзүбүздүн күчүбүз менен билим берүү тармагын жөнгө салуу боюнча ойлорум менен бөлүшкүм келди.
Каражаттан мурда иш билгилик жетишпейт
Ырас, бизде билим берүү тармагына келген жетекчилердин көбү реформа жасайм деп ишке катуу киришишет. Очойгон суммалар каралат анысына. Бирок жемишин көрө элекпиз. Жогорку окуу жайларында дагы деле коррупция күчүндө. Мында эл аралык айрым жогорку окуу жайларды эске албаганда, студенттер сабакка келбей эле сессияларды акча менен бүтүргөн учурлар бар. Дипломдук ишти акчага мугалимдер өздөрү жазып берери жашыруун деле эмес. Бул көйгөйлөрдү жоюуну эмне бизге чет элдик эксперт келип үйрөтүшү керекпи? Өзүбүздүн колубузда турган иш го.
Дегеле ушу диплом жаздыруу Кыргызстандын окуу жайларында өзүнчө бир бизнеске айланган. Диплом жазууну үйрөткөн кыргыз тилинде ушу күнгө чейин бир колдонмо көрө элекмин. Дегеле илимий изилдөө усулдарын окуткан сабак да окуу программаларына киргизилген эмес. Бакалавр программасында да, магистратурада да, аспирантурада да жок. Анан студент, магистрант, аспирант байкуш ар кайсы изилдөөнү, ар кайсы илимий макаланы окуп жатып, туурап, эптеп ишин жазат. Дипломдук, магистрлик иштерди коргоодо айрым тың балдар гана жолун таап абалдан чыгат. Бирок көпчүлүгү кандай теманы изилдегенин, ал теманы эмне үчүн тандап алганын, анын актуалдуулугун, изилдөөдө кандай илимий усулдарды колдонуп, кандай жол менен изилдөө жүргүзгөнүн, кандай жыйынтыктарга келгенин, мунун баары эмнени түшүндүрөрүн түк аңдай албайт. Айтып да бере албайт. Буга студент, магистрант же аспирант күнөөлүү эмес, кептин баары окуу системасынын чабалдыгында.
Илимий ишти тандоого студентке такыр мүмкүнчүлүк берилбейт. Дипломдук иштин темаларынын даяр тизмесин колдоруна карматышат. Ага студент кызыгабы, жокпу, эч кимдин башы оорубайт. Анан байкуш студент жүрө берет темасын түшүнбөй же изилдөө методологиясын билбей. Эң өкүнүчтүүсү, илимде да ушул абал. Кандидаттык, докторлук диссертацияларды жаздырууда дүйнөнү мындай коёлу, өзүбүздүн өлкөдөгү эле ар тармакта жайнап турган көйгөйлөрдү изилдетүү, аларды чечүүнүн жолдорун изилдөөнүн негизинде сунуштоо дээрлик жок. Экономикабыз чабал. Эмнеге чабал? Кантип чыксак болот? Жеңил өнөр жайдын абалы кандай? Мектептерде окуу системасы эмнеден өксүп атат? Аны чечүүнүн кандай жолдорун тапса болот ж.б.у.с. көйгөйлөрдү өзүбүздүн илимпоздор илимий диссертацияларында чечүүгө тийиш эле. Болбосо, турмушка тиешеси жок илимдин кимге кереги бар?
Эми ушул маселелерди чечүүгө да чет элдик адистер керекпи? Ушунчалык чет өлкөлүк экспертке муктаж болуп атсак, ошол өлкөлөрдө илим жаатында иштеп жаткан мекендештерибизди жардамга неге чакырбайбыз? Алар менен эмнеге чогуу актуалдуу долбоорлорду иштебейбиз? Азыр чет өлкөлөрдө методология боюнча илимий борборлордо иштеп жаткан кыргыз адистери бар. Ошолорду неге кызматташууга тартууга болбосун?
Мен бул маселени айрым жогорку окуу жайларынын бөлүм башчы, декан, проректорлоруна айтканымда, эч кандай реакция жасалбайт. “Ооба” деп баш ийкешкени менен, чечкиндүү кадамга бара алгандары өтө аз. Кыскасы, өзү иштеп жаткан окуу жайды өнүктүргүсү келбейт.
Билими тайкы жаштар кылмышка, экстремизмге көбүрөөк азгырылат
Мектептерде билим берүүнүн абалы эгемендик алган 30 жылда абдан эле төмөндөдү. Өлкөнүн экономикалык-социалдык абалы, ата-энелердин миграцияга кетиши, мугалимдердин айлык акысы чеке жылытпаганы буга себеп болду.
Орто билим берүү боюнча ЮНИСЕФтин сайтындагы маалыматтар окуган кишинин зээнин кейитет. Анда мындай деп турат: “Балдардын билим деңгээлинин 2006-жылы жана 2009-жылы өткөрүлгөн Окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программанын (PISA) жыйынтыктары, ошондой эле 2007, 2009, 2014 жана 2017-ж.ж. үчүн окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин Улуттук баалоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстандагы окуучулардын 50%дан ашыгы китеп окуу, математика жана табигый илимдер боюнча базалык деңгээлге жетпейт”.
Билимсиздиктин, сабатсыздыктын натыйжасы өтө эле кооптуу. Анын кесепетин ЮНИСЕФ да белгилеп, кыргызстандык окуучулардын жарымынан көбү коомдун жашоосуна натыйжалуу жана өнүмдүү катышууга жөндөмсүз болорун баса айтыптыр. Бул кайра эле миграциянын, жумушсуздуктун күчөшүнө алып келип, андан да кооптуусу, жаштардын кылмыш жолуна жана экстремизмге азгырылышына себеп болуп жатканын жазат ЮНИСЕФ. https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/%D0%B1%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BC-%D0%B1%D0%B5%D1%80%D2%AF%D2%AF
Акыркы жылдары бул көйгөй азайган жок. Алсак, сабаттуу жазган жаштар азайгандан азайып баратат. Соцтармактан муну күндө көрүп жатабыз. Буга интернет заманында жаш муундун китеп окубай калганы ого бетер кошумча болууда.
Мектептерде жазуу иштерин уюштурууга жакшы көңүл бурулбаганы университетке өткөн студенттерден ачык байкалат. Менимче, мектептерде эссе, иш кагаздарын сабаттуу жазууга үйрөтүү абдан аксайт. Жазуу иштеринин талап-эрежелери тыкан иштелип чыккан эмес. Бул көйгөйдү чечүүнүн деле даяр жолдору бар. Мисалы, чет тилдеринен эл аралык сынактардагы, айталы, TOEFL сыяктуу окуп-түшүнүү, угуп-түшүнүү, жазуу, сүйлөө деңгээлин текшерген тесттердин дапдаяр үлгүлөрү турат. Миң жолу сыноодон өтүп тапталган методиканы эле кыргыз тилине ыңгайлаштырсак, бизди ким кой дейт?..
Заман талабына жооп бербеген окуу китептери
Сөздү эми окуу китептерине бурайын. Билим берүү реформасы мисалдарга мол, көрсөтмө курал катары кызмат кыла турган, жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн камтыган окуу китептерин жазуудан башталышы керек эле. Андай китептерди азырынча биздин балдар көрө элек. Бул маселени чечүү миңдеген мугалими бар өлкө үчүн колдон келе турган эле иш. Окуу китептерин түзүүдө окумуштуулар, предметчи мугалимдер, методисттер, графикалык дизайнерлер чогуу иш алып барышы керек. Окумуштуулар теориясына жооп берсе, предметчилер окуу китебинин тилине жооп берсин, теманын берилишин методисттер колго алса, графикалык дизайнерлер ар бир теманы визуалдаштырып, көзгө көрсөтүп түшүндүрө тургандай жасалгалап, интернеттеги аудио-видеолорго байланган QR коддорду орнотуп беришсин. Албетте, буга чоң каражат керек. Грант, долбоор ж.б. жолдор менен келген каражат окуу китептерин жакшыртууга туура колдонулган жок. Бул иштерде эрк, күжүрмөндүк, жоопкерчиликтүү мамиле жетишпегенсийт.
Баланын ойлогон оюн, баскан кадамын эске алалы
Билим берүүдөгү дагы бир чоң көйгөйдүн бири – баланын жан дүйнөсү, коопсуздугу менен иши болгон системаны курууга такыр эле көңүл бурбай келебиз. Окуучуларга өз укуктарын коргоп, медиа сабаттуулугун өстүрүүнү (айрыкча азыр балдарды интернетке чыгарам деп коркутуп жаткандар бар экенин эске алганда), зомбулуксуз мамиле курууну үйрөтүү турмушта аба менен суудай зарыл эле. Бул көндүмдөр эртеңки күндө аң-сезимдүү коомду, ынтымактуу үй-бүлөнү куруу үчүн бекем пайдубал болмок. Таалим маселесинде чет элдиктердин тажрыйбасынан тышкары өзүбүздүн маданият, менталитет да эске алынышы керек. Себеби улуттук иденттүүлүктү жоготуу же сактап калуу дал ушул маселелерге түздөн түз байланыштуу болот.
Мектептерди реконструкциялоо, заманбап жаңы мектеп имараттарын куруу, жабдууларын жакшыртуу, айрыкча дааратканаларга көңүл буруу зарыл. Башталгыч класстар үчүн өзүнчө ажаткана куруу керек деп ойлойм. Бул менин оюмча, азыркы күндө чоң көйгөй. Биз баланын көзү менен, баланын ар бир баскан кадамы менен, баланын психологиялык өзгөчөлүгү менен билим берүүнүн бардык маселесине мамиле жасаганды деги түшүнө албай койдук. Билгенге бул чоң маданият.
Үзгүлтүксүз окуп үйрөнүү – мугалимдин башкы милдети
Мугалимдерди заманбап билим берүүгө, сынчыл ой жүгүртүүгө негизделген методикага окутуу, директорлорду билим берүүдөгү менеджерлик курсунан өткөрүү – булар үзгүлтүксүз боло турган системдүү жумуш болушу кажет. Отчет үчүн эмес, кесиптик чеберчиликти өстүрүүгө аң-сезимдүү мамиле менен жүргүзүү шарт.
Билим берүү тармагы эң таза тармак болушу абзел. Бул дагы көп жылды талап кылат окшойт.
Өлкөдө билим берүү оңолмоюнча, башка тараптарыбыз ордунан түк козголбойт. Ушул кашкайган чындыкты баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Бирок…
Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты
Комментарийлер