БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ: «АЛТЫН ТҮЙҮН» ФИЛИАЛДАРЫ РЕГИОНДОРДУН КЕЛЕЧЕГИН КАНТИП ӨЗГӨРТҮҮДӨ
- 14.04.2026
- 0
«Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы бүгүнкү күндө өлкө боюнча мектеп окуучуларынын техникалык билим алуусун жана илимий-чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнүн негизги аянтчаларынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө академия жаңы муундагы инженерлерди, изилдөөчүлөрдү жана ойлоп табуучуларды даярдоого багытталган заманбап билим берүү чөйрөсүн ырааттуу түрдө калыптандырууда.

Кыргыз Республикасынын бардык облустарында академиянын иш алып барган жети филиалы бар. Мындай аймактык тармак сапаттуу кошумча билим берүүгө тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, окуучу жаштарды инженердик-техникалык чыгармачылыкка тартууга жана алардын жашаган жерине карабастан илимге жана инновацияга болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Академиянын ишмердүүлүгү STEM-дисциплиналар боюнча билимди тереңдетүү менен гана чектелбестен, окуучулардын практикалык көндүмдөрүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана долбоордук маданиятын өнүктүрүүгө да багытталган. Ийримдер, лабораториялар жана атайын жабдылган кабинеттер аркылуу окуучулар заманбап жабдуулар менен иштеп, өз долбоорлорун ишке ашырып, жогорку технологиялар дүйнөсүнө алгачкы кадамдарын жасашат.
Аймактык филиалдарда жаңы окуу мейкиндиктеринин ачылышы билим берүү инфраструктурасын чыңдоодо жана өлкөнүн өсүп келе жаткан мууну үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө маанилүү этап болуп саналат.
2026-жылдын 8-апрелинде Ысык-Көл филиалында маанилүү иш-чара болуп өттү — шахмат кабинети, FABLAB-лабораториясы жана IT кабинети официалдуу ачылды. Бул региондогу жаш муундун техникалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп эсептелет.
Иш-чарага «Алтын түйүн» академиясынын директору Д.С.Мусина, Каракол шаарынын вице-мэри Э.А.Дюшебаева, өлкөдөгү мектептен тышкаркы уюмдардын жетекчилери, ошондой эле академиянын айрым филиал жетекчилери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жаңыланган материалдык-техникалык база менен таанышып, жаңы окуу кабинеттеринин жабдылыш деңгээлин жогору баалашты.

Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан керектүү инвентарь алынып, филиалдын материалдык-техникалык базасы олуттуу чыңдалды. Жергиликтүү бийликтин көмөгү менен техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн заманбап ноутбуктар, лазердик станок, электроника үчүн комплекттер жана башка жабдуулар сатылып алынды. Кабинеттер толук түрдө окуучулук эмерек жана кеңсе техникасы менен камсыздалып, окуу жана практикалык иш үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Каракол шаарынын мэриясынын өкүлү мындай билим берүү демилгелерин өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, балдар жана өспүрүмдөр арасында инженердик-техникалык багытты өнүктүрүүгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Системалуу иштин уландысы катары аймактардагы ишмердүүлүк кеңейтилип жатат. Ошентип, 2026-жылдын 9-апрелинде академиянын Нарын филиалына жумушчу сапар уюштурулду.
«Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын 2021–2040-жж. ишке ашыруунун алкагында филиалдын уюштуруучулук жана методикалык колдоосу менен Нарын районунун Мин-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы мектепте кошумча билим берүү үчүн физика-математикалык багыттагы эки STEM-кабинети ачылды. Ал эми Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы мектебинде «Теңир-Тоо Өнүктүрүү» фонду тарабынан робототехника кабинети ачылды. Окуучулар техникалык багыттарга жогорку кызыгуу көрсөтүп, ийримдерге активдүү катышып, өз көндүмдөрүн өнүктүрүүгө умтулууда, бул аймактын билим берүү потенциалына оң таасирин тийгизүүдө.
Маанилүү жетишкендиктердин бири — «Келечектин техникалык кесиптери» долбоорунун алкагында грант утуп алуу болду. Бул каражаттарга Нарын филиалы үчүн түстүү принтер, 3D-принтер, LEGO топтомдору жана ноутбук сатып алынды. Ошондой эле микроскоп, телескоп жана керектүү лабораториялык жабдуулар менен камсыздалган биохимия ийрими ачылып, STEM-билим берүүгө комплекстүү мамиле камсыз кылынды.

Мындан тышкары, Россия Федерациясы тарабынан берилген 20 робототехника топтому да чоң салым кошуп, практикалык окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, Нарын филиалынын материалдык-техникалык базасын чыңдады.
Борбордук Азия университети менен кызматташтыкта STEM-биохимия боюнча лабораториялык сабактар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, ал эми теориялык даярдоо сабактары Нарын филиалынын базасында жүргүзүлүүдө. Бул билим менен практиканын натыйжалуу айкалышын камсыз кылат.

«Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча иштерин улантып, балдардын потенциалын ачууга, таланттуу жаштарды колдоого жана өлкөнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган шарттарды түзө берет. Анткени келечек бүгүн башталат жана ал биздин балдарыбыздын колу менен жаралары айдан ачык.
К. Асангазы «КБ»
Комментарийлер