БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НУКУРА ЛИДЕРИ ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА

  • 05.02.2022
  • 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, билим берүүнү башкаруунун дасыккан уюштуруучусу, тарых жана коомдук түзүлүш, ошондой эле педагогиканын теориясы жана тарыхы боюнча белгилүү адис, тарых илимдеринин кандидаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, “Даңк” медалынын жана Казакстандын Бишкектеги элчилигинин “Алтын көпүрө” сыйлыгынын ээси, Тынчтыкты сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк профессорлор ассоциациясынын Кыргызстандагы филиалынын президенти, Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы Ишенгүл Болжурованын педагогикалык, илимий, коомдук, саясий ишмердүүлүгү өзүнүн көп кырдуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

Көрөңгөсү бийик илимпоз 200гө жакын илимий эмгектерден сырткары онго чукул китеп жазды. Айтууга оңой болгону менен бул эмгектерди жаратуу жеңил эмес. Илимге умтулган адам эң биринчиден өжөр болууга тийиш. Койгон максатынан кайтпаган адам гана жеңишке жетет. Биздин бүгүнкү каарман Ишенгүл Болжурова да өзүнүн ийгилик сырын бала кезден калыптанган тырышчаактык, эмгекчилдик сапаттарынан деп билет.

– Өмүрүмдө эң эле мыкты адамдар менен жолугуп иштедим. Өзгөчө жаштыгымда Москвада Ломоносов университетинде кандай гана жогорку лекторийлер болчу эле, ошолор мени инсан, окумуштуу катары таптады. Тырышчаактык жагым атамдын, энемдин тарбиясынан деп ойлойм, — дейт ал бул тууралуу жакында эле берген маегинде.

Ишенгүл Болжурова көп балалуу үй-бүлөдө өсүп-жетилди. Атасы күнү-түнү дебей өжөрлүк менен өзүнө тагылган милдеттерди так жана өз убагында аткарып, өкмөт менен партия кайсы жерге барып иште десе, ошол жердин майын чыгара иштегенин азыр сыймык менен эскерип калат.

– Атама атасынын, чоң атасынын кулакка тартылганы дайыма тоскоол болду. Анын айынан жогорку окуу жайды да бүтө албады. Бирок өзүндөгү тубаса билими, бийик маданияты, курч интуициясы менен көпкө жетишти. Эч качан артка кайткан жок. Алдыны көздөй жүрүп отурду, — деп эскерет атасын Ишенгүл Садыковна.

Атасы эртеден-кечке жумушта жүрсө, үйдөгү балдардын кем-каржысын бүтөгөн апасы эле. Кийин «Баатыр эне» алтын медалын алганда да, апасынын талыкпаган эмгекчилдиги калган жок. Үйдөгү иштерди аткарууда, балдарды багууда апасынын эң жакын жардамчысы — улуу кызы Ишенгүл болчу. Окуунун алдыңкысы катары мектептеги коомдук иштин да башында турду. Атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү көчүп-конуп, мектептин алдыңкы окуучусу Ишенгүл бир топ мектептерди, класстарды аргасыз алмаштырды. Бирок мунун баары анын келечек тагдырына оң таасир берип, лидер катары калыптануусуна жол ачты. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Ишенгүл Болжуровадай бир эмес эки жолудан жогорку жетекчилик кызматта иштеген мамлекеттик ишмер болбоптур. Өзүңүз күбө болуңуз. Эки жолку ректор, эки жолку Билим берүү жана илим министри, эки жолку чет өлкөлөрдөгү биздин элчи жана бир ирет өлкөнүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер-министр!

Башкасын айтпаганда да, Ишенгүл Садыковнанын жетектеп турганда Билим берүү жана илим министрлигинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Эл аралык билим берүү долбоорлору максаттуу иштеп, мектептерде жана жогорку окуу жайларда Байкоочулар кеңештери түзүлдү. Жаңы коомдук уюмдар каржы маселелерине кол кабыш кылып, бир жагы коомдук көзөмөл да жакшы жолго коюлган болчу. Албетте, бул иштердин ийгиликтүү болушунда Ишенгүл Садыковнанын жетекчилик сапаттары чоң роль ойноду. Ал борбордук аппараттагы ар бир кызматкердин, бөлүмдүн, башкармалыктын алдына реалдуу милдеттерди коюп, ошонун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөп турду. Министрликтин борбордук аппараты билим берүү системасынын калган түзүмдөрү үчүн коюлган милдеттерди ишке ашырууда, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууда өзүнчө бир өрнөк болгудай иштеди. Ошондонбу, айтор, ушу күндө да жер-жерлерге чыгып, жергиликтүү жетекчилер менен маектешип калсаң, көбү “Бизде Ишенгүл Болжуровадай билим берүү министри чанда болду!” — деп айтып калышат. Бул, албетте, калетсиз чындык! Калыс баа!

Ишенгүл Садыковна да жетекчи, илимпоз катары ошол калыстыгынан жазган жок. Макала жазса да, маек берсе да билим берүүнүн жетишкендиктерин көрө билип, аздыр-көптүр көйгөйлөрдү жашырбай түз айтып, ошол көйгөйдү чечүүнүн жолдорун сунуштап, ар дайым жана ар убак бүтүндөй билим берүү системасынын локомотиви болгон мектеп мугалимдерине татыктуу баасын берип келет.

– Өзгөчө мугалимдерге рахмат айтышыбыз керек. Ошол кыйын кезде мектепти таштабай, бала тарбиялоо парзын татыктуу аткарып беришти. Алар мурунку даярдык менен мектепти сактап кала алышты. Караңызчы, заводдорду, фабрикаларды, колхоз, совхоздорду ишмерлер сактап кала алган жок. Ал эми билим системасын ошол күжүрмөн агай-эжейлер, педагогдор, менчик ишке кетип калбай, маянасын айлап албаса да, көгөрүп, ички ишеними, жоопкерчилик менен мектептерге барып, колунан келишинче балдарга билим беришти. Ооба, азыр аларды пенсия алдындагы, пенсиядагы мугалимдер деп калышат. Бирок дал ошолор эгемендикти алганы билим берүү системасын төшү менен жаап, колдоп, тайманбастык менен жаштарга болгон билимин берип, тарбиялап жатышты, — дейт Ишенгүл Садыковна «Кут Билимге» берген маегинде.

Учурдагы пандемия Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн зор сыноо болду.

– Айылдык мектептерде, өзгөчө интернети жок, же болбосо бир эле телефону менен телевизору бар үй-бүлөлөрдүн бир баласы окуса, экинчи баласы окубай калды. Ошондуктан азыр биз компетенттүүлүк деп эле жүгүрө бербестен, билимдүү болушу керек дегенге басым жасашыбыз керек. Себеби бир жылдын ичинде балдардын окуганы деле, окубаганы деле класстан класска көчтү. Алардын деңгээли бааланбай калды, — деп профессор пандемиядан жаралган көйгөйлөргө токтолот.

Ишенгүл Садыковнанын калыс пикиринде пандемиядан эң көп запкы тарткандар — булар мигранттардын балдары.

– Пандемия убагында эң чоң зыян тарткандар – мигранттардын балдары болду. 2018-жылы
ЮНИСЕФ менен Улуттук статистикалык комитети изилдөө жүргүзгөн. Алар 2019-жылдын май айында өлкөдө 227 миң бала эне-атасыз калган деген маалымат беришкен. Андан бери да бул сан көбөйдү, — дейт профессор.

Илимпоз катары Ишенгүл Болжурова көп алгылыктуу ойлорду айтып да, өз макалаларында жазып да жүрөт.

– Айыл жаштары, тургундары үчүн кечки курстарды ачып койсо жаманбы? Биз өз убагында “Чоңдорго билим берүү” деген идеяны көтөргөнбүз. Тилекке каршы, ал идеябызды аягына чейин чыгара албай калганбыз. Аны ишке ашыруу азыр да кеч эмес. Себеби азыркы заманда мектептер, өзгөчө айыл жериндегилер, күнү-түнү иштеши керек. Электр жарыгы, жылуулугу деги бар. Каалоочулар кечинде келип компьютерди, тигүүчүлүктү, ширетүүчүлүктү, кол өнөрчүлүктү, устачылыкты, жаңы бир технологияларды үйрөнсө болбойбу? — деп коомчулукка жүйөлүү суроо узатат.

Кайсы бир жылы мен журналист катары көл жээгинде «Балажан» эстетикалык борбору уюштурган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып калдым. Ошондо бул конференцияда жасалган эң кызыктуу докладдардын бири Ишенгүл Болжурованын азыркы жаштарда жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу идеясы болду. Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы изилдөөлөрүнө таянып, окумуштуу-педагог жакынкы аралыкта дүйнө боюнча жумушсуздук күч аларын, муну алдын алыш үчүн жаштарды ийкемдүү көндүмдөргө тарбиялоо, мурдагыдай бир кесип менен чектелип калбастан, жок дегенде бешке жакын кесиптерди өздөштүрүүнү сунуштаган болчу.

Азыркы турмуш чындыгы профессордун ойлорунун тууралыгын көрсөтүп жатат.

– Ишенгүл Садыковнанын балдардын мектептен сырткаркы билим алуусунда да салымы чоң. Ушул тапта Интернет айдыңында жок балдардын мектептен сырткаркы өнүгүүсүнө тиешелүү кеп-кеңештерин угуп, жаңы ыкмаларды үйрөнүп келебиз, — дейт Республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү борборунун директору Д.С.Мусина.

Ишенгүл Болжурованын пикиринде учурдагы мектеп ата-энелердин, коомчулуктун кеңири колдоосуна муктаж.

– Биз баарыбыз эле Финляндияны мисал кылып, Финляндиядай болгубуз келет. Бирок биз андай боло албайбыз. Анткени аларда мамлекеттик мектепте окуган (жеке менчик мектептер өтө аз) ар бир балага бир окуу жылына орточо эсеп менен 12 миң доллардан бөлүнөт. Бизде болсо 300 доллардан эле тиет. Ошондуктан бизде мектепке эне-аталар жардам бериши керек. Алар жардам бербесе, мектеп алдыга жыла албайт, — деп илимпоз ачуу чындыкты жашырбайт.

Ишенгүл Болжурова жогорку окуу жайлардын жетишкендиктерин, алар бетме-бет келген көйгөйлөрдү да ортого салып, ЖОЖдорду өнүктүрүүнүн эң айкын жолу бюджетти ачык-айкын бөлүштүрүү деп эсептейт.

– Мен КУУда ректор болуп турган кезде Урбан университети менен бюджетти ачык-айкын кандай бөлүштүрүү керек деген маселенин үстүндө иштеп, эл аралык эксперттер менен бирге бөлүштүрүп чыкканбыз. Ошондо университеттин бир жылда тапкан кирешеси профессордук-окутуучулук курамга да, жаңы окуу куралдарын алууга да, кабинеттерди ачууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого да жеткен, — дейт коомдук ишмер.

Ишенгүл Болжурова ушу тапта да келечек үчүн билек түрүп иштеп жатат. Жакында эле Жусуп
Абдрахмановдун Персияга барганы тууралуу макала жазып, Кувейт университетинен чыгарды, билим берүү системасынын тарыхы, келечеги жана көйгөйлөрү тууралуу жазды, кызы менен биргеликте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери тууралуу китеп чыгарууга жетишти.

Илимде чарчоону билбеген жоокер болсо, куттуу үйүндө жолдошунун бактылуу жары, балдарынын энеси, неберелеринин сүйүктүү таене, чоң энеси болуп саналат.

– Мындай эне, мындай таене, мындай чоң эне деген сейрек болот. Менин илимдеби, мамлекеттик кызматтабы анча-мынча салымдарым болсо, ошонун жарымы Ишенгүлдүкү. Ишенгүл мага жар болуп бергенине, өтө ыраазымын, бактылуумун, — дейт жолдошу, белгилүү илимпоз, мамлекеттик ишмер Кулубек Бөкөнбаев.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер