БАЙЫРКЫ НАСЫЯТ

  • 16.08.2021
  • 0

Сыр катары сага айтылган сөз — аманат!

Уулум, укканыңды учурмалаба, көргөнүңдү көбүртпө!

Түйүлүүнү чубаба, зарылдык кыспаса, жаңы түйүн жасаба!

Аялымды азгырбасын десең — өзүң да азгырыктардан алыс бол!

  1. Эрте гүлдөп, мөмөсүн кеч төккөн курма шекилденбе, тыт дарагындай болгон оң – ал кеч гүлдөп, бирок, мөмөсүн эрте эле жедирет!
  2. Аз сүйлөп, көп иште. Кыйкырык менен там курулуп бүтө калбайт. Эгер, антсе, эшек экиден тамды күнүнө бүткөрүп турмак. Күчкө салса эле соко жерди тытып ийбейт, антсе төө мойнунан моюнтурук эч түшмөк эмес!
  3. Шаанисиз менен шаңданып шарап ичишкенче, билги жан менен билектешип таш сүйрөгөн артык!
  4. Арамза менен «аңдышып» алкымга куйар аракты бир такыба байкуштун молосуна чач да, басып кет!
  5. Жакшынын жанында —  жоголбойсуң, жамандын жанында болсоң  — оңолбойсуң!
  6. Акылдуу менен болсоң —  акылын аласың, акмакка жолосоң  —  бир балаага каласың!
  7. Таманына таш өтпөгөн өтүгүң турганда тар кыяны тээп өтүп, небереңе чейин жол даярдап ал!
  8. Өз табагыңа кол сал, өзгөнүкүнө көз артпа!
  9. Арамза менен ырыскылаш болбо!
  10. Душманың дуулдап турганда – ичиңен кан өткөндөй болуп, тиш кайраба, мүңкүрөп калганында төбөңдү көккө буруп, табалаба!
  11. Ажаан аялдан алыс бол, мээ чаккан чаңырчаакка жолобо!
  12. Аялдын сулуулугуна азгырылып, жүрөгүңдү төшөбө! Аялдын чыныгы сулуулугу — коңур, коймаарек, жибектей созулган мүнөзүндө, артыкчылыгы – аз, бирок, орундуу сөзүндө!
  13. Душманың карп-курп алдыңдан чыгып, арам ой ойлосо, аны сен амал менен сындыр!
  14. Уулуң күчкө толуп, өзүңдү мазак кыла элегинде, үлбүрөк кезинде жүгөн салып кой!
  15. Калпычынын сөзү тарпты сөөк-саагы менен ылгабай сугунган балта жутаар канаттууну элестетет. Эси жоктор аны элебей кепшейт!
  16. Ата-эненин каргышына калган — өз балдарынан убай көрбөйт!
  17. Жолго кам менен чыгат. Жолдо кайсы душман каяктан карп-курп чыгаарын билбейсиң!
  18. Даракты – жалбырагы, тоону – токою көрктөгөндөй – эркекти балдары менен аялы бүрдөтөт!
  19. Кожоюнум — копол, мен – эптүүмүн деп эч айтпа!
  20. Өзгөлөр моюндабай турса – «мен» деп төш какпа!
  21. Өз ээсин калтырып, сени ээрчий имерчиктеген итти ташка алып кубала!
  22. Бөлүнүп оттогон кой – бөрүнүн оңой олжосу!
  23. Жакынсынып жүрүп бутуңду баскан — кийин ыгыңды алып, желкеңе чыгат!
  24. Акылдууну акылдуу сөз менен акырын таштап, бек ур —  күндүн ысыгында безгеги кармагандай титиресин! Акмактын жонуна таяк ойнотсоң да, оюна ой сала албайсың!..
  25. Чабаганчың акылдуу болсо, аны «андай кыл, мындай кыл» деп үйрөтүп олтурба, сөз жүлгөсүн айт да, жолго сал, кеңкелес болсо — жоболоңду болтурбай, жолго өзүң эле түш!
  26. Кара тер төгүп, темир көтөрүп, таш сүйрөдүм, мунун баары кайнатамдын үйүндө жүргөнгө караганда каакыдай сезилди!..
  27. Адегенде уулуңду өзүңдүн наның, сууң менен сына, сыныңан өтсө — мүлкүңдү тапшыр!
  28. Көөдөн сокур болгончо – көздүн сокур болгону оң!
  29. Алыскы туугандан жакынкы бурадар өтөт. Чырай сулуу эмес, абийир – сулуу! Чырай бүгүн болот, эртең оңот, ал эми, абийирдүүнүн атагы алыска конот!
  30. Бирөөнүн табагындагы каздын майлуу этине караганда өз колуңдагы каздын комсоо бир жилиги – берекелүү. Асман жарган миң канаттуудан колуңда турган бир канаттуу — кундуу!
  31. Көкүрөгүңдө жети калчалган сөздү айт. Ооздон мүдүрүлгөндөн көрө, көөдөндө мүдүрүлүп, тымпыйып калган оң!
  32. Өз досторум кол үзүшүп кетпесин десең – атаңдын досторун да алакага ала жүр!
  33. Бактылуумун дегендин багына кирбе, төрө болуп төш каккандын кызына шынаарлаба!
  34. Өзүңдөн улууну көрсөң, бет маңдай чыксаң – ызааттан айрылба!
  35. Көлчүк көккө илинип, куш канат какпай эле учуп, карга кардай агарып, мурч бал татып калганда – акмакка акыл толук кирет!
  36. Адамдын көзү кудуктун көзүнө окшойт. Экөө тең агытылып турат, тойбойт, толбойт! Топурак шыкалып калганда гана токтолгонун көрөсүң!
  37. Досуңа да ыгы жок көп каттай берсең — шек урдуруп, тажатасың!
  38. Кулагы менен уккусу келбей манчыркаган – кези келсе, мойну буралып калганча тыңшайт!
  39. Жакшылык —  жакшылыкты, жамандык  —  жамандыкты ээрчитет. Бирөөгө аң казган — анысына өзү кулайт!

Ахыкарынын бул ибараттарынын ассирия-вавилон тилинен байыркы арамей тилине которулуп, папируска жазылган ушу бир кертиндисин Египеттин Елефантин аралынан 1906-жылы изилдөөчү О. Робенсон тапкан.

Ахыкары Ассирия падышасы Синахериб (б.э.ч. 705-681-жылдары падыша) дегендин Египетке жиберилген элчиси болгон. Египет фараону аны кабыл алып жатып, ага акырайа: — Силердин Ассириядагы падышаңардын айгыры асанады эле, быяктан бээлер текши кулун салып таштады, аны төлөйсүңөр!.. –деген. «Таштан өтүк ултарып, кумдан шоона эшип кел!..» деп да бир күнү сыноого салган!

Ахыкарынын ибарат сөздөрү Синахериб (б.э.ч. 705-681-ж. падыша) заманынын акыр жагында, же анын уулу Асархаддон (б.э.ч.681-668-ж. падыша) учурунда гана жазылып, папируска түшүрүлүп калышы мүмкұн.

Ахыкарынын кептери б.э.ч. 7-5-кылымдар мерчеминдеги ассириялыктардын тилиндеги түп нускадан 11-12-кылымдар мерчеминде орусчага да которулган. Анын айрымдары булар:

  1. Келжирек менен олтуруп шарап ичишкенче, акылдуу менен аркалашып таш ташы!
  2. Акылдууга аста-аста айтсаң — түшүнөт, акмакты камчыга алсаң да эске киргенин көрбөйсүң!
  3. Көөдөн сокур болгончо — көздүн сокуру жакшы!
  4. Адам үчүн өңү жылмалык эмес, — артына калган жакшы атак артык!
  5. Көктө сызган миң чымчыктан — колуңдагы турган бир чымчык барктуу!

 

Которгон:  Кабылбек Жумабаев, КР УИАсынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун аспиранты.

Шилтеме китеп: Древняя Русь 10-13-веков. «Молодая гвардия»,М.,1990,с. 301.

Котормочудан: Ушул китептен  2020-жылдын 4-майында төртүнчү ирет оңдоп котордум!

Бөлүшүү

Комментарийлер