БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ: BAALOOAPP ТИРКЕМЕСИ

  • 26.11.2021
  • 0

Калыптандыруучу баалоо – мектепте окутуу процессинин негизги бөлүгү, жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талабынын бирөө (64-статья). Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, окутуу процессиндеги калыптандыруучу баалоо жана андагы мугалимдин окуучуга берген кайтарым байланышы окуучунун жетишкендиктерине позитивдүү таасир берет. Ошол эле учурда Кыргызстандагы мугалимдерди сурамжылоо жана сабактарды байкоо мугалимдердин арасында калыптандыруучу баалоону өткөрүүдө жана окуучуларга кайтарым байланыш берүүдө кыйынчылыктарды жаратаары билинди.

Калыптандыруучу баалоо – бул окутуу процессинде  окуучулардын  окуу көндүмү кайсы деңгээлде экендиги тууралуу  мугалимге маанилүү маалымат берип туруучу баалоо болуп саналат; окуучулар кайсы жерде кыйынчылыктарга туш болушууда; ага ылайык таанып-билүү жана окутуу процессин жакшыртуу үчүн окуучу жана мугалим кийинки кандай кадамдарды жасашы керектиги тууралуу маалымат менен камсыз кылат.

Окутуу үчүн баалоону колдонууда мугалимдерди колдоо иретинде, башталгыч класстардын мугалимдерине окуу жана окуп түшүнүү көндүмдөрүн калыптандыруучу баалоону тез жана натыйжалуу колдонуу үчүн USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында BaalooApp тиркемеси иштелип чыкты. BaalooApp – ОС Android[1] түзүлүшүндөгү уюлдук телефондордо иштөөгө ылайыкташкан, башталгыч класстардын окуучуларынын арасында калыптандыруучу баалоону өткөрүүнү камсыз кыла турган программа.

BaalooApp программасына кирген калыптандыруучу баалоонун көпчүлүк куралдары USAIDдин мурдагы долбоорлорунда («Бирге окуйбуз», «Келгиле, окуйбуз») иштелип чыккан, ал эми азыр ал куралдар санариптик форматка которулду. Ошол себептен бул тиркеме баалоону тез гана өткөрүп койбостон, жекече жана топтук жыйынтыктарды алууга, окутуу процессин жана баалана турган окуу көндүмүн жакшыртууга окуучуга да, мугалимдин өзүнө да так, даана жана конструктивдүү кайтарым байланышты берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул тиркеме пилоттук фазаны өтүп, долбоордун кызматкерлери тарабынан толукталып чыкты. 2021-жылдын октябрь айында долбоордун 1687 максаттуу мектебинин 15 000дей башталгыч класстардын мугалимдери дистанттык режимде тиркеме менен таанышып, окутуудан өтүштү. Мындан тышкары 2021-жылдын ноябрь айында 3642 мектеп директорлору, алардын орун басарлары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары долбоордун офлайн -тренингдерине катышып,  бул тиркеме аркылуу мугалимдерге кантип методикалык колдоо көрсөтүүнү үйрөнүштү. Ар бир максаттуу мектеп жана бардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү долбоордун атынан бардык программалар жана ресурстук материалдар жүктөлгөн бирден планшет алышты. Бул планшетти башталгыч класстын мугалимдери BaalooApp тиркемеси аркылуу окуучулардын окуу көндүмдөрүн баалоо үчүн колдоно алышат. Тиркеме Кыргыз билим берүү академиясынын Башталгыч билим берүү лабораториясынын экспертизасынан өтүп, КББАнын Окумуштуулар кеңешинде (2021-жылдын 15-ноябрындагы) бекитилип, башталгыч класстарда колдонууга сунушталды. Тиркеме билим берүү стандартынын баалоо инструментарийлерине жана башталгыч мектептеги окуу көндүмдөрүнө шайкеш келип, ушул көндүмдөрдү жакшыртуу үчүн дайыма колдонуу жакшы натыйжа бере тургандыгы баса белгиленди.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ: BAALOOAPP ТИРКЕМЕСИ

Эмнени баалоо керек?

Программа ирети менен калыптануучу базалык окуу жана окуп түшүнүү көндүмдөрүнүн куралдарынын жыйындысын ар бир класс үчүн сунуштайт:

Тыбышты кабыл алуу – кептеги тыбыштарды таануу жана айырмалай алуу, сөздүн тыбыштык түзүмүн, тыбыштар менен тамгалардын ортосундагы байланышты аныктоо жөндөмдүүлүгү.

Чечмелеп окуу (декодирование) – графикалык белгилерди, тамгаларды, сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, текстти кепке которуп, жазылган текстти таануу (чечмелөө).

Сөз байлыгы – бул окуучунун өзүнүн оозеки жана жазуу кебинде (тилинде) колдонуп, маанисин түшүнө алган сөздөр жыйнагы.

Шар окуу – бул окуучунун жаш курагына жана окуган классына ылайык туура (катасыз), тыныш белгилерин сактап, тездик менен көркөм окуусу.

Окуп түшүнүү – тексттин маанисин толук түшүнүү, аны интерпретациялоо жана окуган текстке өзүнүн мамилесин билдирүү жөндөмдүүлүгү. Бул ортоңку класстарда, окуу жана түшүнүү окутуунун “каражаты” катары каралганда окуучуга ийгилик алып келе турган маанилүү көндүм болуп эсептелет.

Жогоруда аталган көндүмдөрдүн ар бири боюнча ар бир класс үчүн калыптандыруучу баалоонун куралдары сунушталат. Бардыгы 17 курал:

 

КлассЖарым жылдыкОкуунун көндүмдөрКуралдар
111Тыбыштык кабыл алууСөздөгү биринчи тыбышты аныктоо
211Алфавит менен таанышууСөздөгү биринчи тамганы таануу
31 ½Чечмелеп окуу Тааныш сөздөрдү окуу
411Шар окууШар окуу
512Шар окууШар окуу
621Чечмелеп окууЖок (ойлоп тапкан) сөздөрдү окуу
722Сөз байлыгыЧаташтырылган сөздөр
821Шар окууШар окуу
922Окуганын түшүнүүЧыгарманын картасы
103½Сөз байлыгыСинонимди табуу
1132Сөз байлыгыКалтырылган сөздөрдү табуу
1231Шар окууШар окуу
133 2Окуганын түшүнүүЧыгарманын картасы
1441Сөз байлыгыСинонимди табуу
154 2Сөз байлыгыАнтонимди табуу
1641Окуганын түшүнүүЧыгарманын картасы
1742Окуганын түшүнүүСюжеттик сызык

Баалоо кантип жүргүзүлөт жана алынган жыйынтыктар кантип колдонулат.

Мугалим BaalooApp тиркемесин өзүнүн телефонуна жүктөйт (видеонускаманы жана тиркемеге шилтемени okuukeremet.com платформасынан жүктөп алса болот), программага өзүнүн классындагы окуучулардын тизмесин киргизет. Программадагы нускамага таянып мугалим класска жана окуу жылынын жарым жылдыгына ылайык келген тигил же бул окуу көндүмүн баалоонун куралын тандап, калыптандыруучу баалоону жүргүзөт. Калыптандыруучу баалоо баалоонун куралына жараша жекече же класстагы бардык окуучулар менен өткөрүлөт. Мисалы, мугалим шар окуу боюнча баалоону ар бир бала менен жекече өткөрсө, ал эми сөз байлыгы боюнча баалоону класстагы окуучулардын бардыгы менен өткөрө алат. Баалоону өткөрүү үчүн алдын ала керектүү форманы чыгарып алып, окуучуларга жекече иштөө үчүн таратуу керек. Баалоо буткөндөн кийин бул форманы окуучу кайра мугалимге тапшырат. Мугалим ар бир окуучунун жыйынтыгын «туура» же «туура эмес» деген кнопканы басуу менен программага киргизет жана дароо эле жыйынтыктардын анализин алат: окуу көндүмүнүн калыптанышынын деңгээлинин пайыздык катнашы, ошондой эле кайтарым байланыш, башкача айтканда, окуучунун окуу көндүмү кандай, ошого жараша мындан ары бул көндүмдү дагы жакшыртуу үчүн окуучу жана мугалим эмне иштерди аткаруусу керек. Мугалим кайтарым байланышты ар бир окуучуга жекече окуп бериши зарыл. Бааланып жаткан окуу көндүмүнүн деңгээли боюнча окуучулар кандай жыйынтыктарга ээ болгонун, ушул көндүм боюнча кайсы окуучулар төмөнкү же андан да төмөн деңгээлди көрсөтүшкөндүгүн аныктоо керек.

Төмөнкү суроолорго жооп берүү керек:

Кайсы деңгээлдеги окуучулардын саны көп- «Мыктыдабы?», «Жакшыдабы?» «Ортодобу?», «Канааттандыраарлыкпы?» же «?». Эгерде окуучулардын көпчүлүгү орточо же андан төмөн деңгээлде болсо, кийинки сабактарда кандай иш-чараларды өткөрүү керек? Окуу көндүмүнүн деңгээли начар окуучуларды колдоо жана алардын көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн кантип дифференцирлөө (скаффолдинг) иштерин уюштурса болот?

BaalooApp программасында берилген кайтарым байланыш эки бөлүктөн турат: биринчиси окуучуга берилген, ал тырмакчага алынган. Экинчи бөлүгү – ушул окуучунун окуу көндүмүн жакшыртуу үчүн мындан ары кандай иш алып баруу боюнча мугалимге берилген сунуштамалар. Бул сунуштамаларда окуу боюнча стратегиялар боюнча материалдарга шилтеме берилген, бул материалдар ар бир мектепте бар (USAIDдин «Келгиле, окуйбуз», «Окуу керемет!» долбоорлорунун модулдары), Билим жана илим министрлигинин баракчасында бар https://edu.gov.kg/kg/schools/school-books/proekt-usaid-po-razvitiyu-navykov-chteniya-vremya-chitat/, долбоордун он-лайн окутуу платформасында бар https://okuukeremet.com/.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ: BAALOOAPP ТИРКЕМЕСИ

Ошондой эле бул сунуштамаларда окуу көндүмүнүн деңгээлине жараша балдар адабияттарына да шилтемелер берилген. Мындай адабияттар ар бир мектептин китепканасында бар, электрондук форматта Билим берүү жана илим министрлигинин баракчасында https://kitep.edu.gov.kg/kg/catalog/okuukeremet жана эл аралык электрондук Bloom китепканасында https://bloomlibrary.org/kyrgyzstan-OkuuKeremet бар. Ар бир китептин акыркы барагында китептин татаалдыгы/ окурмандык компетенциясына ылайык келген деңгээлдер көрсөтүлгөн. Мисалы, эгерде китеп 3-класстын башталышына ылайык келсе – 3.1., эгерде 3-класстын жогорку деңгээлине ылайык келсе, 3.2. деп белгиленген.

Калыптандыруучу баалоону өткөрүүдө эске алчу нерселер:

— эгерде окуучулар дайыма ушундай жумуштарды дайыма сабактарда колдонушса, аларда тажрыйба пайда болот, кантип иштешти билип калышат. Мисалы, сабактарда окуянын картасын же сюжеттик сызыкты колдонушса баалоо учурунда бул эмне экендигин жакшы билип калышат.

— мугалим окуучунун аткарган ишине баа койбойт, анын жыйынтыгын окуучуга сапаттуу кайтарым берүү үчүн, окуучу өзү кайсы деңгээлде экендигин түшүнүүсү үчүн, сабактарда окутуу процессин жана окутуу ыкмаларын түздөө үчүн колдонот;

— тапшырма аткарылгандан кийин жана окуучунун жыйынтыгы чыккандан кийин мугалим сөзсүз түрдө окуучуга кайтарым байланыш берет (программа берген кайтарым байланышты окуп берет же өз сөзү менен айтып берет), окуучуга жана анын ата-энесине берилген сунуштамалардын аткарылышына байкоо жүргүзөт;

— бир же бир нече окуучу менен өткөрүлгөн калыптандыруучу баалоодон кийинки эки жуманын ичинде мугалим өзү дагы программа берген сунуштамаларды аткарат.

BaalooApp тиркемесин дайыма колдонуу жана андагы сунуштамаларды аткаруу мугалимге окутууну дифференциялоого жана окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга шарт түзөт.

Долбоор BaalooApp тиркемеси боюнча мугалимдерге колдоо көрсөтүп турат, аны сабактарда жана сабактан тышкаркы убактарда колдонуусун байкоо жүргүзөт. Жакынкы арада долбоордун адистери RTI International уюмунун эксперттеринин колдоосу менен ушундай эле тиркемени башталгыч класстардын окуучуларынын математикалык көндүмдөрүн баалоо үчүн иштеп чыгышат, аны 2022-жылы математикага окутуунун ыкмалары тууралуу өтө турган тренингде сунушташат. Бул тиркемени колдонуп жаткандар программаны дайыма синхрондоп, өздөрүнүн телефондорун же мектептин планшеттерин жаңылантып туруулары зарыл ( керектүү терезече ачылышы үчүн оң тараптагы үч чекитти басуу керек).

Окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу максатында баалоонун жыйынтыктарын сабактарда кантип колдонуу керектиги тууралуу райондордо мектептердин базасында тажрыйба алмашуу семинарлары уюштурулат. Бул баалоо окуучуларга жыйынтыктоочу бааларды коюуда же мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоодо колдонулбашы керек. Бирок эгерде мугалим калыптандыруучу баалоону жана заманбап технологияларды колдонуп сабак өтсө, бул анын кесиптик компетенциясынын көрсөткүчү болуп эсептелет.

Азырынча бул тиркеме «Окуу керемет!» долбоорунун максаттуу мектептериндеги мугалимдерге гана жеткиликтүү, бирок келечекте өлкөбүздүн бардык мектептери үчүн бул тиркемеге ачык болот.

BaalooApp тиркемесин колдонуу боюнча суроолор болсо, долбоордун максаттуу мектептери улуттук тренерлерге жана долбоордун техникалык колдоо кызматына кайрылсаңар болот [email protected]

С.Хамзина, USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун директорунун орун басары,
А.Юсупова, окуу боюнча адиси,
Т.Омуралиев, IT менеджери,
Б.Торогельдиева, инклюзия жана
коомчулук менен иштөө адиси

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер