Балдарыбызды эскинин алкагында кармап турууга акыбыз жок!
- 14.01.2025
- 0
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөнүндө 20 жылга чукул мезгилден бери айтылып келди. Ушунун өзү бул кимдир бирөөнүн жеке каалоосунан эмес, мезгил талабынан улам болуп жатканын айгинелейт. Советтик билим берүү системасы өз мезгилинин туундусу болгон жана ал билим берүүдө өз миссиясын жетиштүү аткарды. Андан бери заман таанылгыс өзгөрдү, билимдин муктаждыктары ченемсиз өстү. Бирок биздин билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүү болгон жок.
Мектеп дубалынын ары жагында башка жашоо, ал эми сыртта өнүккөн технология заманы күр-шар өз өкүмүн сүрүп жатат. Биз билимге талап жана муктаждыктар ченемсиз өсүп жаткан шартта балдарыбызды эскинин алкагында кармап турууга акыбыз жок! Билим берүү системасына реформа керек деп байма-бай айтылып келди. Бирок буга чейин ал реформанын жоопкерчилигин моюнга алып, билим берүү системасын жаңылоого эч ким бел байлап, кирише алган жок. Албетте, жаңы иште баары эле жылмакай кетпеши мүмкүн, түшүнүп-түшүнбөгөндөр же түшүнгүсү келбегендер четтен чыгат. Бирок ошолордун баарын түшүнүп-билип туруп, билим берүү тармагындагы эскинин чамгарагын сыйрып алып, доор чакырыгына ылайык жаңы мазмун, жакшы натыйжа алууга бел байлагандардын аракети бүгүнкү күнү эрдикке тете иш.
Азыркы учурда республикабызда билим берүү тармагына терең реформаларды жасап, 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Дегеле 12 жылдык билим берүү темасы коомубуз үчүн жаңылык эмес. Эгерде бул жолу өтпөсөк баары бир кийин кайра эле кайтып келебиз. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине ылайыкташуу, билимдин мазмунун жана сапатын көтөрүү өзүбүздүн кызыкчылыгыбыздагы иш. Бүгүнкүдөй тез өзгөрмөлүү дүйнө шартында жалпы таанылган окуу программаларынын эң алгылыктууларынын бири болуп Кембридж программасы эсептелет. Кыргызстанда Кембридж программасы боюнча табигый илимдер багыты боюнча окуу-методикалык комплекстерди кыргыз жана орус тилине которуп, мектеп окуучуларын жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жасалып жатат. Ошондой эле жергиликтүү авторлордун гуманитардык багыттагы жаңы окуу-методикалык комплекстерин даярдап, басып чыгаруу иши да пландалууда. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси жергиликтүү авторлорду республиканын жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди жазуу боюнча кызматташууга чакырган кулактандыруусун жарыялаган. Билимдин пайдубалын түзгөн мектепте билим берүүнүн мазмунун жана түзүмүн туташ жаңылап, дүйнөлүк билим берүү системасына ылайыкташуу балдарыбыздын дүйнөлүк жамаатташтыкта өзүн ишенимдүү көрсөтө ала тургандай ар тараптуу өсүп-өнүгүүсү үчүн керек. Биз дүйнөлүк өнүгүү процессинен четте кала албайбыз. Билим берүү тармагын реформалоо балдарыбызга мезгил талабына жараша сапаттуу билим берүүгө жетишүү дегендик.
Мектептердин, педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги болуп келген жана мындан ары да болушу мүмкүн. Биз эмес, ресурстарга бай кошуна Казакстан Республикасы да мындан дээрлик 20 жыл мурда 12 жылдык билим берүүгө ушундай эле жетишсиздиктердин шартында өтүп баштаган. Эч ким алдын ала жаркыраган мектептерди жайнатып куруп коюп, анан баштаган эмес. Бул маселелер акырындан чечилчү иш. Азыркы учурда өлкөбүздө жаңы мектептерди куруу иши ырааттуу жүрө баштады. Ошондой эле жаңы муундагы педагогикалык кадрларды даярдоо багытында да иштер башталып жатат. Мисалы, Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжи педагогикалык институт болуп кайра түзүлүп, келечекте башталгыч класстардын мугалимдерин мезгил талабына ылайык даярдоонун көч башы болмокчу.
Бирок жаркыраган жаңы мектепте, жетиштүү даярдыктан өтүп келген мугалим эски программа, эски көндүмдөр, эски окуу адабияттары менен замандын талабына ылайык муунду тарбиялай албайт. Мына ошондуктан азыркы учурда өлкөбүз 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен катар билим берүүнүн мазмунун, түзүмүн жаңылоо ишин батыл баштап жатат. Жаңы талаптарга ылайык мамлекеттик билим берүү стандарты жана ага ылайык предметтик стандарттар да өзгөрөт. Демек, эл аралык билим берүү мейкиндигине ылайыкташкан улуттук билим берүү системабыз түзүлөт. Даярдалып жаткан Маршалл Кавендиш (Сингапур) басмаканасынын табигый илимдер багыты боюнча окуу-методикалык комплекси азыркы биз окуп жаткан окуу китептеринен мазмуну жагынан да, түзүмү жагынан да айырмаланат. Коомчулукта буга чейин эле мектеп программасы оор, айрым предметтерди кыскартып жеңилдетиш керек деген пикирлер айтылып келген. Мына эми ошол жолго түшүп жатабыз. 12 жылдык билимде балдардын мектепти бүтүрүү жаш курагы ошол эле бойдон калат, бирок билим берүү сапатын көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Окуучулар мектепте турмушка керектүү билим алып, атүгүл кандайдыр бир адистик да алып чыгат. Андан ары жогорку билим алууга кызыгуусу болуп, даярдыгы жетсе Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн чар тарабында тоскоолдуксуз билим алууга кең мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ар бирибизде балдарыбыз чет жерлерди көрүп-таанып, илим-билим, жаңы технологиялардын тилинде сүйлөй билсе, өз доорунун адамы болсо деген купуя тилек жок эмес. Ага билим аркылуу гана жете алабыз. Билим берүү жагынан дүйнөдө биринчи орундарда турган Сингапурдун Маршалл Кавендиш басмасынын ОМКларын өзүбүзгө адаптациялап, табигый илимдер багытындагы бардык окуу китептери жаңылануу алдында турат. Бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Окуу материалдары балдарыбызга жугумдуу болсун, жаш курагы жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташы керек деп азыр котормочулардан тышкары канчалаган алдыңкы мугалим-апробаторлор, эксперттер иштеп жатат. Бизде Кембридждин окуу китептерин пайдаланган жеке менчик мектептер бар. Буюрса, эми дүйнөлүк жалпы таанылган окуу китептерин шаар же айыл дебей баары окушат.
Бул окуу китептеринин артыкчылыгы дүйнө жүзүндөгү мыкты билим берүү тажрыйбаларын камтыйт жана глобалдык деңгээлде таанылган стандарттарга негизделген. Окуучуларга дүйнөлүк университеттерге жана эмгек рыногуна даярдануу үчүн сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу материалдары окуучулардын критикалык жана чыгармачыл эркин ой жүгүртүүсүн калыптандырууга багытталган. Сабакта жаттоо эмес, маанисин түшүнүү жана анализдөө көндүмдөрүнө басым жасалат. Биздин учурда теорияга басым жасалып, теорема, аныктамаларды жаттап окудук. Жадатма узун текст, теорема, аныктамаларды жаттоо баланын интеллектуалдык өнүгүүсүнө, тилдик жана логикалык көндүмдөрүнө өбөлгө боло албайт. Кембридж программасы боюнча азыр даярдалып жаткан окуу китептеринде окуучуларга практикалык көнүгүү, тапшырмалары менен теманы жеткиликтүү түшүндүрүүгө басым жасалат. Лабораториялык иштер жана практикалык изилдөөлөр турмушта биз күнүгө колдонуп жүргөн материал-объекттердин, көрүнүштөрдүн мисалында жүрөт. Мугалим менен окуучулардын диалогунда негизги роль окуучуларда. Ар бир окуучу тема боюнча өз ойлорун, байкоолорун, божомолдорун эркин айтып, теманы мугалим менен чогуу талдай алышат. Кыскасы, окуучуга сабактан башка нерсеге алагды болууга жол жок жана сабак жөнөкөй мисалдар жана эркин пикир алышуу форматында болгону үчүн да аларга кызыктуу. Командалык иштөө ыкмаларына каныктырып, балдарга парталашы же классташтары менен кайсы бир теманы талкуулап, анализдөө тапшырмалары, оюндары да бар. Окуучуга чечимди ар тараптуу талдоо менен кабыл алуу, өз алдынча ой жүгүртүү жана стандарттуу эмес чечимдерди табууга үйрөтөт.
Англис тили жана башка окуу-методикалык комплекстери санариптик платформалар жана мультимедиалык материалдар менен толукталган. Кембридж программасы боюнча окуу китептери билим берүүнүн заманбап тенденцияларына төп келип, окуучуларды глобалдык талаптарга даярдайт жана алар эл аралык экзамендерге ийгиликтүү даярдана алышат. Жаңы окуу программасы окуучулардын жекече жоопкерчилигин арттырып, сын көз карашта ой жүгүртүү жана талдоого шыктандырат. Жашоо турмушунда керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жардам берет. Окуу китептеринин артыкчылыктарын курулай сөз менен айта бербей иш жүзүндө көргөнүбүз оң. Ага да буюрса жетебиз. Эң негизгиси биз туура жолдобуз.
Бегим ТУРДАЛИЕВА, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин редактору
Комментарийлер