БАЛДАРДЫ БАҢГИЛИКТЕН САКТАЙЛЫ

  • 27.01.2023
  • 0

БАЛДАРДЫ БАҢГИЛИКТЕН САКТАЙЛЫ

Бишкек шаарынын так борборунда жайгашкан алдыңкы мектептердин биринде окуган Канат апасы каза болгондон бери көңүлү эч нерсеге тартпай, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, түнт болуп кетти. Сабактан да көп калчу болду. Ошентип жүрүп үйүн көздөй кеткен жолдон өзү курактуу балдар менен таанышып, алар менен жакшы болуп кетти. Мени түшүнгөн досторду таптым деп кубанып, өзүнчө дүйнөдө жашап баштагандай боло баштады.  Бир күнү аларды ээрчип бир үйдүн жер төлөсүнө кирди. Ал жакта он чакты бала ортого бир нерсени коюп алып, тегеректеп отурушат. Нары жакта каткырганы, ыйлаганы, бири-бири менен мамилелерин чечип жатканы да бар. Бирөө желим баштыкка салынган бир нерсени карматып, ушуну жыттасаң проблемаңдын баары унутулуп, жыргап эле каласың деди. Анын эмне экенин билбей балдар көрсөтүп бергендей кылып терең дем алып бир-эки жолу жыттагандан кийин акырындап көңүлү ачылып, улам барган сайын башка дүйнөгө кирип бара жаткандай болду.

Эртеси Канат сабакка кеттим деп үйдөн чыгып кайра баякы жертөлөгө барды. Ошентип, Канаттын күндөрү жер төлөдө өтө баштады. Бир күнү жертөлөдөгү балдарды тобу менен милиция кармап кетти.

  • Биринчи эле милиция кызматкери мага телефон чалды. Жетип бардым. Көрсө клей жытташыптыр. Аке-жакелеп жатып ошол эле жерден атасы келгенче Канатты мектепке алып кеттик. Бала менен өзүнчө отуруп, сырдаштым. Көрсө, апасы каза болуп калгандан бери аны менен сүйлөшкөн, кайгысын тең бөлүшкөн киши жок, бугу чыкпай жүрүптүр. Мени кучактап алып буркурап ыйлады. Жакында апасынын кыркы боло турганын, бирок ал жакка баргысы келбей жатканын айтты. Ага колумдан келишинче Таласка апасынын кыркылыгына барышы керектигин түшүндүрдүм. Бала 9-класста окучу. Окуу жылы аяктайын деп калган. Ошол күндөн тартып мектепти бүтүп кеткенче өзүм көзөмөлдөп, тигил балдардын тобунан бөлүп кеткенге аракет кылдым. Атасы анан спорт менен машыккан агасы да билек түрө киришип, жакшы жардам беришти.  Азыр да ошол баланы эстесем ыйлагым келип кетет, — дейт Канат окуган мектептин ошол кездеги тарбия завучу Айнура.

 

БАЛДАРДЫ БАҢГИЛИКТЕН САКТАЙЛЫ

АТА-ЭНЕЛЕР КЫРААКЫ БОЛУШУ КЕРЕК

Тилекке каршы, өспүрүм куракта Канатка окшоп түрдүү себептерден улам жаман жолго түшүп кеткен балдар көп. Адистердин айтымында,  психикасы калыптана элек өспүрүмдөр баңгиге тез берилет. Көпчүлүгү жөн эле кызыкчылык үчүн барат. Алар тыюу салынган нерсени  колдонуп, татып көргүсү келет. Алгач оюн сыяктуу көрүшөт, бирок ага кантип тез эле көнүп кеткенин байкабай да калышат. Балдардын баңги затка азгырылышына турмуш-шарты, чөйрөсү да көп таасир берет. Ата-энеси менен болгон мамилеси да себепкер болгон учурлар кездешет. Андай балдарды өз убагында байкап, түз жолго салып кетпесе, ак-караны аңдай элек курагында өз келечегине өзү балта чаап алышы мүмкүн. Өзгөчө өспүрүм куракта баланын кандай жолдо баратканын ириде ата-энеси байкап турушу керек. Мындайда мектеп мугалимдери да чоң жардамчы болот.

  • Тилекке каршы, биз байкаганды көбүнчө ата-энелер байкабайт. Балдарынын эмне менен алек болуп жатканына кызыкпаган, күнүн эмне кылып өткөрүп жатканын көзөмөлдөбөгөн ата-энелер да бар. Балдардын үй-бүлөлүк абалы көп таасирин тийгизет. Мигранттардын балдары, кароосуз калган балдар көп кирип кетет. Бардык жагы төп келишкен ата-энелердин балдарынан да чыгат. Бирок ошолорду изилдей келгенде ата-энелердин балдарына көп көңүл бурбагандыгынан улам бала ушундай абалга кептелери аныкталган. Ошондуктан ата-энелердин чогулуштарында тобокел топко кирген балдар менен иштөөдө кандай көйгөй жаралса ошол тууралуу ата-энелерге малымат берип турабыз, — дейт Бишкектеги №69 гимназиянын тарбия завучу Рахат Байшериева.

БАЛДАРДЫ БАҢГИЛИКТЕН САКТАЙЛЫ

КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАР

Жылдан жылга баңгизаттын жаңы түрлөрү пайда болууда. Өзгөчө балдар арасында “дарыкана наркоманиясы” модага айланып бара жатканы,  ага керектелүүчү дарылар рецептсиз сатылып жатканы коомчулукту кооптондурууда. Кечээ жакында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдар жана өспүрүмдөр арасындагы баңгичиликтин алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүп, кечиктирилгис чаралар жыйындысын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, бир катар тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди. Тез арада күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмеси кеңейтилип, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу менен өспүрүмдөргө рецептсиз дарыларды берүүгө катуу тыюу салына турганын айтты.

Баңгиликтин алдын алуу үчүн өткөн жылдын август айында Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасы жана 2022–2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы атайын токтом менен бекитилген. Ага ылайык Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бир катар иштер мерчемделип, алардын бир тобу аткарылды. Ириде тамекиге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыктан жапа чеккен балдарды жана өспүрүмдөрдү жалпы орто билим берүүчү мектептин программалары боюнча окутууну уюштуруу жөнүндө; тамеки, баңги жана психотроптук заттарды колдонууга жол берген жашы жете электерди аныктоо үчүн билим берүү мекемелеринде профилактикалык медициналык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө;  билим берүү мекемелеринде «тобокелдик» топту түзүүнүн тартиби жөнүндө нускамалар иштелип чыкты.

1-11-класстардын окуучулары үчүн «Ден соолук маданияты», «Өспүрүмдөрдүн ден соолугу», «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери», «Үй-бүлө жана мектеп бирге» сабактарынын программалары жана модулдары, класс жетекчилер жана тарбия завучтар үчүн “Автоматтык, кумар оюндарынын зыяндуулугу”, “Кумар оюндарынын зыяндуулугун алдын алуу”, “Компьютердин айрым оюндарынын зыяндуулугу” деген темада 5-11-класстар үчүн класстык сааттар иштелди.

«Мыйзамдуулук маданиятын өнүктүрүү жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупциянын коркунучун четтетүүгө багытталган маалыматтык кампанияларды өткөрүү аркылуу жаштардын кылмыштуулугунун жана баңгизаттарды колдонуунун алдын алууну күчөтүү» долбоорун ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги ЕККУ менен кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол койгон. Анын алкагында жалпы билим берүү уюмдарында жана жогорку окуу жайларында кылмыштуулуктун, баңги заттарды колдонуунун, кибер кылмыштуулуктун жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча окуу программалары иштелип чыгып, ишке киргизилет, ошондой эле билим берүү уюмдарынын окутуучулары жана мугалимдери үчүн окуу-методикалык колдонмолор иштелип, окутуу курстары уюштурулат.

2022-2023-окуу  жылы башталгандан бери атайын графиктин  негизинде  балдарды  окууга  тартуу, түнкүсүн көчөдө ээнбаштык менен жүргөн, иштеген жана жагымсыз адаттарга ыктаган балдарды табуу максатында БИИ, мектеп администрациясы класс жетекчилери менен биргеликте  рейддер  уюштурулуп келет.

Укук бузуулар, андагы ата-энелердин жана балдардын өздөрүнүн жоопкерчилиги боюнча лекциялардын топтому, “Кылмыш жана жаза”,  “Наркотикалык заттардын зыяндуулугу”,  “Жүрүм-турум эрежелери”, “Жаман адаттар” “Эрте никеге туруунун алдын алуу ” темасында  лекциялар өтүлдү.

 

СИНТЕТИКАЛЫК БАҢГИЗАТ ӨЗГӨЧӨ КООПТУУ

Адистердин айтымында, синтетикалык баңгизатты негизинен шаар жергесиндеги балдар көп колдонот. Айыл жериндегилер арасында табигый баңгизаттар басымдуулук кылат. Алардын зыяны синтетикалык баңгизатка караганда анчейин кооптуу эмес. Табигый баңгизаттарга көнүү бир кыйла убакытты талап кылса, синтетикалык заттарга адам бат эле көз каранды болуп кетет. Анан да синтетикалык баңгизатты колдонгон учурда адам реалдуулуктан өтө алыстап калат. Мисалы, бирөө кичинекей эле тепкичтен секирип жатам деп ойлоп 9-кабаттан секирип кетиши мүмкүн. Мындай учурлар өзгөчө 2014-2015-жылдары  көп катталган. Дал ушул жылдары Кыргызстанда спайс деп аталган синтетикалык баңгизат чыгып, Интернетте, үйлөрдүн, имараттардын дубалдарында жазуулар ачык эле жарнамаланып баштаган.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер