БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИН БИЛИМ ГАНА АНЫКТАЙТ

  • 11.11.2021
  • 0

Азыркы кезде кимдер гана билим берүүнүн көйгөйлөрүн билишпейт. Өзгөчө биз билим берүү тармагындагы агай-эжелер ал көйгөйлөрдүн бир канчасын санап бере алабыз. А бирок көйгөйлөрдүн маанилүүлөрүн талдап, чечүү механизмдерин сунуштаган, далилдеп ынандырган агай-эжелерибиз аз. Билим берүүнүн көйгөйлөрүн билгенибиз менен ал көйгөйлөрдү чечүүнүн механизмдерине дайым эле маани бербей келебиз. Мугалимдер бул билим берүүдөгү көйгөйлүү абалга көнүп да калышкан. Бир жагы өлкөдөгү бул кырдаал көпчүлүк мугалимдерге жагат. Анткени, эптеп күн өткөрмөй, аз болсо да айлыгын алмай. Жогорку органдар да татыктуу айлык акы бере албаган соў, илгеркидей көзөмөлдөй алышпайт.

Ал эми, билим берүүнүн көйгөйлөрүн ырааттуу чечсек өлкөнү өнүктүрүүгө коюлган көп максаттар турмушка ашпайт беле дегендер да бар. Бирок, айткан кайран сөз. Канткенде да көйгөйлөрдүн мазмун-маўызын тереңизилдөө маанилүү. Албетте, көйгөйлөрдүн сын-сыпаты ар түрдүү. Ал көйгөйлөрдү шарттуу түрдө экиге бөлүп, классификациялап көрсөк да болот. Аларды салыштырмалуу сырткы жана ички көйгөйлөр десек туура болчудай. Анда, мектептин сыртындагы көйгөйлөргө биринчи токтолсок.

Айрым айылдагы, шаардагы үй-бүлөлөр азыркы экономикалык кризиске таарынып, баласынын билим алышына тескери көз карашта болгон ата-энелер да кездешет. Алардын ою: азыркы кезде балдарыбыз төрт амалды аткарууну билип, тамга тааныса болду. Учурда тырышып эмгектенсек эле бакубат жашасак болот экен. Бизге аны турмуш көрсөтүп койду, — дешет. Бу заманда илимпоздордун, жогорку билимдүү мугалимдердин акыбалын көрүп турабыз, көрсө бу рынок заманында тереңбилимдин кереги деле жок турбайбы. Кыскасы, мындай шартта балдарыбыз окуп-чокуп “Сталин” болмок беле деген көз караштагы адамдар бар. Алардын пикири учурдагы кыйынчылыктан, ачуудан чыккан көз караш. Коомдун абалын көрсө да, келечекти ойлобой, өлкөнүн өнүгүүсүнөн түўүлгөндөр. Алар айла жоктон күнүмдүк тиричилик менен чектелгендер. Албетте, алардын учурдагы абалын да түшүнүүгө болот, бирок баланын келечеги кымбат экени дайыма көкүрөктө турганы абзел эмеспи.

Бу адамдар күндөлүк жашоону соода-сатык, чарба менен күн өткөргөн майда соодагер же дыйкан ишкер ата-энелер. Учурда, ал да туура. Бирок, коом өнүккөн сайын жаўы техника, технологиялар рыноктогу атаандаштыкты жаратат, ал майда ишкерлердин санын да азайтат. Келечекте баланын конкуренцияга туруштук бере турган адистиги же өнөрү болбосо, жапайы рынок, майда ишкерлик менен адам алыс бара албайт. Кийин бала да кедейчиликти улантып калатат. Анан жашоо кандай болот? Ошентип, майда ишкерлерди өнүгүп бараткан ири рыноктук система, өндүрүштүк технологиялар жеўип кетээри белгилүү. Айла жок, анан балдарыбыз эртеңжер сыйпалап, тоону карап отуруп калууга туура келет.

Мисалга алсак, шаарда азык-түлүктөрдү базар баасында сатуу менен кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенишкен эки (ФРУНЗЕ, ГЛОБУС) ири соода тармактары НАРОДНЫЙга”, Ош базарына үстөмдүктү жаратып, конкуренцияга апкелди. Ошентип рынок заманындагы конкуренция майда ишкерлерди акырындык менен жеўет. Сапаттуу кызмат көрсөтүүнү, арзан товарды чыгарбаса, рынок эч кимге баш ийбеген ырайымсыз атаандаштык мыйзамдары менен түшүндүрүп коёт. Ошондуктан билим (кесипкөй адистик) менен гана чоңчөйрөгө аралашып, чоңрынокко кирип теңтайлашып жашоого мүмкүн экенин турмуш далилденип жатат. Билимдин күчү ушунда, ал кечирээк байкалат. Ушу кезде жогорку сүрөттөгүдөй үчөөнүн ар бири өз милдеттерин өнөктөшүп аткаргысы жок. Жогорку үч тараптын ортосунда билим берүүнү өнүктүрүү үчүн рыноктук мамиле жок. Биздин чөйрөдө дагы эле эски советтик система менен жашоо өкүм сүрүүдө. Ал учурда алсыз. Мезгил өзгөргөн, заман башка мыйзам менен жашоодо. Азыркы “үчтүктөр союзунун” ортосунда кызыкчылыктар нөлгө барабар. Арийне, алар дагы эле “эмне болсоңошо бол, “Ак-сайдын башы жошо бол” , — деп ичтеринен ар бири кыўылдап ырдап келатышат. Андыктан азыр өлкөбүздөгү билим тармагында өнүгүү эмес, ордунан жылганга кырдаал түзүлө элек. Билим берүүнү өнүктүрүүчү болуп ушул үч күчтүн суммасы эсептелет. Албетте, качан гана алар өнөктөшкөндө өлкөбүздү өнүктүрүүнүн пайдубалы болгон рыноктук экономикалык мамиле өнүгүү жолуна түшкөт. Билим берүү кыймылы алга жылат. Азырынча ал процесс жолго түшкөнчө билим берүүнү өнүктүрүүнүн альтернативдүү варианттары болгон менчик билим берүү мекемелеринин сапаттуу билим беришин көзөмөлдөө билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылышы тийиш. Учурда министрлик менчик билим берүү мекемелерине, түрк лицейлерине лицензия берүү менен гана чектелип жатышат. Түрк лицейлери мектептердеги ар бир класстан окуучулардын каймактарын тандап, топтоп, олимпиадага, ЖРТке сырттан мугалим жалдашып даярдашып жатканын билебиз. Кыскасы менчик мектептерге көз салган эч ким жок, алар көз жаздымда калып, өгөй баланын милдетин аткарышууда. Ал кырдаал же сырттан көзөмөлдүн болбогону мектеп жетекчилерине, мугалимдерге андан жакшы. А ата-энелер болсо кесипкөй болбогондон соңкөзөмөлдөй алышпайт. А тиги мектеп жетекчилиги болсо, “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” принципинде “жыргап” жашап келатышат. Жыйынтыктаганда менчик мектептерде сен мага тийбе, мен сага тийбейин мыйзамы өкүм сүрүүдө. Азырынча сапаттуу билим берүү жөнүндө сөз, тыкыр көзөмөл жок. Бул менчик мектепке тийешелүү сырткы көйгөйлөрдүн чекеси.

Азыркы мезгилде, 1952- жылы тартылган Ф.Решетниковдун сүрөтүндөгү балага койгон терс көз караштар аз болсо да айыл жергесиндеги толук эмес үй-бүлөлөрдө, же шаардагы кембагал жашаган үй-бүлөлөрдө жолугат. Үй-бүлөнү турмуш-шарт кемсинтип турган кезде моралдык, социалдык-экономикалык кырдаал да мектептин сыртындагы көйгөйлөрдүн бир тармагы болуп кала берет. Мындай кырдаалда окуучу сапаттуу билим алмак түгүл мектептен качып, көчөдө калышы да мүмкүн. Буга окшогон жагдайда сырткы көйгөйлөрдүн эсебинен бала чүнчүп ар кандай ишке барышы да ыктымал.

Мектеп ичинде да олуттуу болгон төмөнкүдөй ички көйгөйлөр да кездешет. Эңнегизги билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн ошол ички көйгөйдү чечүү биздин башкы милдетибиз. Алар, бир жагы экономикалык тартыштык заман, экинчи жагы мугалимдик кесипке кокустук менен келген жаштар арасында төмөнкүдөй кырдаал жолугуп калат. Башкача айтканда турмуштук тартыштык туш-туштан басып, жаштарды депрессияга учуратып турган чак. Мындай шартта ички көйгөйлөр, терс психологиялык кырдаалды жаратып, билим берүүнү алсыздандырат.

ЖОЖдордун да мугалимдик кесипти сүйгөн жаштарды тандап алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Анткени, аз айлык алган, коомдо аброю жок мугалимди көргөн окуучу мугалимдик кесипти тандабайт да. Ошондуктан ЖОЖдор педагогдорду кабыл алуу планын толтуруу үчүн орто сары бүтүрүүчүнү кабыл алышат. Ким билет алар эртеңмектепке барса эмне оюнду көрсөтөт.

Биздин ардактуу пенсионер-агай-эжелерибиздин ичинде баланы, коомду, мектепти урматтаган, билим берүүгө жан-дүйнөсү менен берилген алтынга алмашкыс адамдар улгайганына карабай эмгектенип келишет. Алардын катары көп. Мектеп дагы да болсо, аларга таянышат, сыйлашат.

Мугалим сабак убагында педагогикалык тажрыйбанын жетишсиздигинен, өз кесибин, предметин сүйбөгөн учурда же башка себептерден улам окуучунун ортосунда ар кандай карама каршылыкты жаратып алган учурлар да кездешет. Мугалим менен окуучулардын ортосунда мындан да тереңконфликтке учураган мезгилдер да аз болсо да жолугат. Аны республикабыздын ар кайсы райондорундагы интернетке чыккан материалдардан билебиз.

Бул мектеп ичиндеги ички көйгөйлөргө мисал боло алат. Мындан да артык көйгөйлөр ондоп саналат. Мугалим менен окуучулардын ичиндеги конфликтер өтө орчундуу да опурталдуу да маселе. Анткени билимдин натыйжасы мугалимдин адамдык сапатына, мектептеги, класстардагы климатка байланыштуу. Сырткы көйгөйлөрдү чечүү оўой. А бирок, билим берүүдөгү ички көйгөйлөрдү чечүү же класстагы сабактагы билим берүүнү башкарууну гуманисттик маанайда уюштуруу оўой эмес. Ошондуктан мектепке чыгармачыл, өз кесибин сүйгөн, гуманист мугалим зарыл. А эми убагында мугалимди таптап туруу, кызыктыруу үчүн ар тараптан колдоо маанилүү. Ошол эле кезде мектептеги жагымдуу педагогикалык атмосфераны түзүү жана башкаруу үчүн кесипкөй жетекчини талап кылынаары да чындык.

Жогорку көйгөйлөрдү чечүүнүн болжолдуу механизмдери кандай?

Албетте, өлкөбүздөгү саясий-экономикалык кырдаалдын туруксуздугу негизги себеп. Жалпы эле коомубузда өзгөчө билим берүү тармагында рыноктук-экономикалык мамиленин өнүкпөгөндүгү андан да орчундуу маселе. Билим берүүдөгү рыноктук мамиле дегенде жалаңгана соода-сатыкты же Ош базарын түшүнөбүз. А биз болсо, жалпы билим берүүнү өнүктүрүүгө тийешелүү күчтөрдүн (өкмөт, ата-эне, мектеп) өнүгүүгө багытталган мамилесин айтып жатабыз. Рынок деген сөз – бул өнөктөштөр ортосундагы өз ара өнүгүүнү көздөгөн мамиле. Албетте, аны ишке ашыруунун формалары, механизмдери ар түрдүү. Негизинен өнөктөштөрдүн иштеринин натыйжага жете турган өз ара жаратмандык күчтөрдүн аракетиндеги мамиле деп да айтсак болот. Өлкөнү жана билим берүүнү башкарууда синергетиканын принциптери пайдаланылбай келатат. Синергетика дегенибиз – бул өнөктөштөр менен табигый же коомдук процесстерди хаостон алып чыгуу же өнүктүрүү үчүн өз алдынча, эркин уюшулган принциптердин механизмдери. Ал процесс “АДАМ-КООМ-ЖАРАТЫЛЫШ” бүтүндүгүн мүнөздөйт. Албетте, бул чоңфилософиялык түшүнүк. Ал табият илимдериндеги хаостун өзгөрүү-өнүгүү мыйзамдарына таянат. Башкача айтканда мамлекеттик бийлик органдары, ата-эне, мектеп бир бүтүн ошондой организмди түзө албай жаткандыгында. Кыскасы азыр ББ процесси кризисте же хаос абалдабыз. Социалдык процесстерди башкаруунун механизмдерин синергетика практикада далилденген принцип, ыкмаларын пайдаланып, өнүгүүнүн өз алдынча системалуу, туруктуу, өнөктөшүүнү уюштуруубуз мезгил талабы. Ошондуктан билим берүү тармагында да рыноктук-экономикалык мамиленин негиздерин жана синергетиканын уюштуруу принциптерин жолго салуубуз керек. Билим берүүдөгү рыноктук мамиле дегенибиз: билим берүү процессинде кызыкчылыктарды туура уюштуруу менен максаттарды, милдеттерди бөлүштүрүү аны так аткаруу, жоопкерчиликти моюнга алуу механизмдерин иштеп чыгуу жана аны күчөтүү зарылдыгы турат. Ушул эле синергетиканын принциптерин ишке ашыруу жөнүндө И.Пригожин, И.Стенгерс, Г. Хакен, Н.Кондратьев, А.Акаев, В.Садовничийдин өндүрүшкө, социалдык тармактарга тиешелүү болгон далилдүү идеяларын министрликте, КАОдо, РИПКда билим берүү мекемелериндеде пайдалансак болоор эле.

Улуу АРИСТОТЕЛДИН убагында табият илимдеринин башын кошкон “ТАБИЯТ ТААНУУ” предмети (дисциплина) окутулуп келген. Кыскача айтканда эми турмушта да бул БҮТҮНДҮККӨ жетишүү, STEM билим берүү менен өнөктөшүп жашоодо калды. Ал багыт табияттын өзгөрүү, өнүгүү мыйзамы же жашоонун стратегиясы. Педагогика да, ал мыйзам менен өнүгүшү тийиш. Ал эми педагогдордун ыйык милдети билим берүүнү өнөктөшүүгө, бүтүндүккө алып келүү. Анткени, өнүгүүнүн жалпы стратегиялык механизми жалгыз ушул жол менен өнүгөт. Чалкадан түшүп жашоо керемет эмес. Синергетиканын принциби менен билим берүүнүн майданында өнүгүүгө салым кошуу керемет, рахат. Биз ушул кесипти тандаганбыз. Биздин жаштар артын караганда ЖАРАТМАНдын колунан курулган бийик үйлөр, илимдин, билимдин натыйжасы, өндүрүштөгү жетишкендиктер, абийир, адамкерчиликтин туу чокусу көзгө көрүнүп, адилет-акыйкаттыктын, чындык заманынын жылдыздары жанып турса кандай сонун.

 Дүйшөн Султанкулов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиўирген ишмер. Антуан де Сент Экзюпери сыйлыгынын лауреаты, Лондон адабий сыйлыгынын номинанты, Эл аралык жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер